Музмайданда
Тагдыры соттун таразасында
"Кыргыз оппозициясы Жекшенкуловду саясий аренада колдонуп, сары улакка чаап берип, ага алыстан дүрбү салып, тери сыртынан адвокат болгонун ачык айтып коюш керек. Күчтүү адвокат болушса кылдан жип сууругандай сууруп чыгышпайбы"деп Ашар коомунда мүчө болгон таксист байке бир чындыкты чырылдатты. Минтип айтканыңызга себеп бар го деп суроо узатсам, баарысынын жүздөрүн ачып кирди. Көрсө таксит байкенин күйгөнүндөй бар окшойт. "Жекшенкулов жалгыз калды. Калп эле колдоп маек берип, күрөшкөн болуп жатышат.Баарысы кантип Жекшенкуловду сатканын билем" деди. Айтор баарын шалбыратты. Эркиндиги соттун таразасында турганда байкуш Жекшенкуловду бийликке сатылды деп өгөйлөп жаткандарына жол болсун дедик. Аларды сынга алса эле көгөн өлгөндөй болот экен.

Көзү ачылган оппозиция
Шайлоо учурунда көзү ачылбаган оппозициянын азыр көзү умачтай ачылыптыр. Ачылганы ушул, оппозиция жыттанган гезиттердин кадр маселесинен өйдө чечип, калемчилерге чистка баштаптыр. Оппозицияны сындап койгондордун тагдырын гезит ээлери эмес, оппозициянын лидерлери чечип жатышкан өңдүү. Маалымат согушун минтип бекемдейли дегени го. Кызыкчылык келгенде кызыл өтүктү кийгенге маш деңизчи, ал эми саясаты жок турмушта оппозиция жыттанган гезиттерге кол сунуп жардам берген жан жок.

Жылдыз Жолдошова
Куттук айткыбыз келди. Кечээ 2-март күнү беттегенин бербеген,билеги күчтүү эжекебиз эл ортону 50 жаштын тууруна конуп калыптыр. 50 жаштын энергиясындай эмес, 25 жаштын оттой энергиясына ээ экенин айтып коюш керек. Саясатка сайма сая турган айымдардын бири. Бир фонддун түйшүгүн моюнга салып келе жатат. Талыкпады, тескерисинче чыйралды. Кандай маселе болбосун энелик жүрөктүн элегинен өткөрөт. Укугун тели- тепкиге алдырбайт. Майрам алдында элүүнчү жазда кантип куттуктабайлы. Бар болуңуз,сиз салган жол узун, ал жолдун асманы жарык,түнү бейпил, жакшылыгы көп.Ал жакшылык деңиздей кайтып келе турган күн бар…

Округдардагы өкүрүк
Ажодон шанс алган акжолчу депутаттардын чабалдыгынан элге мамлекеттин саясаты жетпей жатат. Мүчөлүк акыны төлөп, эле милдет аткарышкандай. Округ кыдыргандар Алай, Нарынга бармай жок. Болбосо нарындык депутаттар элдин чыныгы үнүн президенттин өкүлүнө ачык айта алышпаса да, көгүчкөн кат жолдошпойбу. Президенттин парламенттеги өкүлү Досаалы мырза социалдык курулуштарды бармак санап бүтүрө албай жатат. Бир жумалап кеткен эл өкүлдөрү окуругдардагы өкүрүктөрдү басып келеби же...

Жоомарт Кадыралиевге эмне жакпайт?
Кистиси менен саясат тарткан Жоомарт агабызга гезиттердин артындагы жарым жарты жылаңач кыздар жакпайт экен. "Бала суроолордон арылгылачы. Ким кантип тамак жейт деп жазбагылачы"деп ымандай сыр кылды. Жоомарт ага, бирөө балч этип какырды деп жазып атып тираждан рекорд койбодубу. Жана сиз күйгөн эл, ошону тытып окуп жатпайбы..

Мадумаров "молчит"
Аркы жээкке да, берки жээкке да даай албай турган кези. Акыркы учурларда ажону сындай калганы менен бийликтен кеткени оппозиция тарапка деле ашыгып чуркап бара алган жок. Чыныгы жүзү чыңырып капталдан чыгып турса, уялгандыр да. Болбосо март айынын этек жагында боло турган эки курултайга карата кадимки журналисттик кызыл тилин тындырбай, ойлорун оргуштатып айтып чыгаары күмөн эмес болчу.

Атамбаевди оппозициядагылар күтүп жатышабы?
Президент жарыя кылган курултайга чейин эле өз курултайыбызды өткөрөбүз деген оппозициянын өкүлдөрүн күттүрүп, орус туугандардан олуттуу кеңеш сурап кеткен Алмаз Атамбаев алигиче келе элек. Баса жатып ал жактан кандай маселе чечип жатканы белгисиз. Ортодо курултай өткөрүүгө бийлик жер бербей жатат дешип, чыгаан оппозиционерлер Атамбаевдин эле Арашан айылына чогулабыз деп турушат. Ажолукка ат салышкандан бери аброю кете түшкөн Алмаз мырза албетте, буга жок дебесе керек. Бирок, айылдаштары үчүн Арашанга көп эл чогулса алды-арты кандай болот деген кооптонуу күч алып турган кези. Анткени Арашан бир эле Атамбаевдики эмес да, жалгыз чечип койгудай. Орусиядан келсе оппозиционер достору менен айылдаштарынын ортосунда калабы…

Үсөнов агынан жарылды
Данияр мырза кечээки өкмөттүн жыйынында "Президент тарифтердин кымбаттаганына байланыштуу калктын аялуу катмарына жөлөк пул берилсин деген Жарлык чыгарган. Тарифтердин кымбаттаганына эки айдын жүзү болсо да, эмнегедир тийиштүү тармак жөлөк пул берген эмес. Президенттин жарлыгын аткарбаганы үчүн Каржы министри тийиштүү жазасын алсын" деп балп этти. Ошондой эле Данияр мырза 6 депутат ушул күнгө чейин декларация толтурбай жатканы үчүн башкы прокурорго кайрылганын айтты. Декларация толтурбагандардын арасында экс депутаттар Кубанычбек Кадыров жана Бактыбек Бешимовдор да бар. Баарынан кызыгы декларация толтуруу мамлекет үчүн маанилүү болсо, анда эмнеге толтурбаган депутаттардын атын толук аташпайт?