Манас аяны

Элибизде "Базары жакын байыбайт, мазары жакын тайыбайт" деп бекеринен айтылып калбаса керек. Ар бир сөз кудурет куну менен турмушка философиялык чоң мааниси бар. Муну коомдогу ар бир инсан түшүнүү менен өмүр кеңсесине пайдалана билсе ашыкча болбостур. Эл журт аралап жүрсөң түркүн окуяларды, болумуштун бир сүртүм боекторун көрөсүң. Оңтойсуз көрүнүштөрдү көрүп зээниң кейип, эрин тиштейсиң. Ал эми ыйык атты алып жүргөн жерлерибизди барктап, касиетин ыктай урмат-ызаат менен кызмат кылып аткандарды көргөндө көңүл көтөрүлө алкыш айткың келет. Кыргыз эли диний эреже, үгүт дабаттарга Караганда, алардан жашы алда канча улуу каада-салт , үрп-адаттарынын жол жобосун турмушта пайдаланылып жашоо кечирип келишкен. Азыноолак болсо да элдик кызматтардын бири катары гезиттерибиздин ар бир санында элибиздин көөнөрбөс улуулуктарын камтыган баалуулуктар туурасында жарыялап турууну тура деп таптык.
Тогуз тоом жолдун ордосу болгон Кочкор аймагындагы Кочкор ата мазарынан келген касиеттүү үй-бүлө бизде мейманда.


Съездбек Калканбеков:
"Ак менен кара тогошкондо
Жер-энени кыргыз башкарат"
- Съездбек мырза, алгачкы сурообузду дүйнө элинин Ала-Тоо жергесине кызыгуусу артып, байма-бай келип кетүүсүнөн баштасак.
Акыркы мезгилде чет жерден келген туугандар ыйык жерлерге барып күн-түн дебей жүрүп калгандарын көрүп жүрөбүз. Мунун себеби эмнеде?
- Менин бутум кайсыл жерди басып турса дүйнө так ошол жерден башталат. Учу кыйыры жеткис узак жол, бул кыргыз жолу. Кыргыз бабам жашаган жерлер Орхон, Эне-Сай сууларынын башат агымдары, Орол-Тоо, Кушпур (Каспий) деңиз ортосунда көз ченеми жеткиз түздүктөр Тянь-Шан, Сары өзөн Чүй, Памир, Алай, Бурганак (Фергана) Самаркант тегерегиндеги жайылма кырка тоолор, бүгүнкү казактар жердеген Көкчө-Тоо, ак-Тоо ойдуңдары, батыш жээги Эдил жайык, (Экатеринбург) Арал деңиз канжыга(Камчатка) чыгыш учу Котон кечүү Үргүлжү (Урумчи).
Адыр-будур Алпы Тоо
Арсайган бийик Ала-Тоо
Ат жалы жоокер түнөгөн
Алп Кыргыз эли өзү Зоо.
Көгөрүп турган көк асман.
Сурданган сулуу Теңир-Тоо.
Дүйнө элинин түбү биригип, Кыргыз ата, Кыргыз энеден (адам ата, обо эне) тараган деген бир бүтүм ойго токтолууга туура келет. Тарых деген миң кырдуу, миң сырдуу, жашоодо мен бир түрүнө кирдим десем болот. өзүм тулуп киндик каным тамган Кочкор жергесинин ыйык мазарына шайыктык жүгүн аркалап келатканыма быйыл он жылдын жүзү болду. Ачыгы, актыкты моюнга алуу ушул болот го деп анча мани берген эмес экемин. Касиеттүү жерлер түркүн кубулуш - окуяларга бай болот. Көрсө жараткан, ата-тегибиздин арбайлары мына ушундай жерлерди белги катарында байырлап, түбөлүк кабар берип жашап келишет экен. Касиетиңден кагылайын Ала-Тоомдун ар бир ташы ыйык, бутубуз басып турган топурагы ыйык, себеби ата-баба, энелерибиздин сөөгү жатат. Кыргыз жерлери эң күчтүү жарык нурлардын уюлу болуп эсептелет. Дүйнө эли издеп жүргөн Шамбаланын сыры так биздин ата мекенибизде катылган. Шамбаланын нурун эмген Эл(шаман илими) дүйнөнү сактап калаарын алда качан билген куу элдер экспедиция түзүлүш болуп. ТОО ташты аралап, таап алабыз деп сагалап жүрүшөт. Канчалык аракеттенсе да. Бөтөн элге ата-бабалар, төшү түктүү жер-эне, Аталар аларга жүзүн ачбайт. 2004 жылы Теңир-Тоого чыгам деп көчкү астында калган алпинистердин ойлоруна жетпей ойрондолушу да чоң себеп. Кан-Теңиринин чокусунда адамзаттын ырыскысы күндүн көлкүлдөп кырк кулак казанда кайнап турат. Кан-Теңир деп аталар дагы ат коюп табынып келишкен. Аалам кабары, кайып аян сабактары кыргыз урпагына гана таандык.

- Аян сабак, кайып кабар деп айтып калдыңыз. Мындан эмнени түшүнсө болот?
- Адамзат ар бир доор алмашууда көптөгөн өзгөчөлүктөр, сыноолорго, түрдүү жаңы чен өлчөмдөргө кабылып турат. Көзгө көрүнгөн кыймылдарды байкап калу опоңой, көзгө көрүнбөгөн улуу күчтөрдүн кыймыл аракеттерин тактоо татаал. Келинчегим Гүлбайра экөөбүз Эриш аркак ааламдан берилген маалымат сырлары, эң оболу кыргыз эли туурасында зыяратка келгендерге түшүндүрүү, таныштыруу менен иш алып баруудабыз. Дүркүрөгөн техникалык жана ушул күнгө чейинки ыйык китептер Куран, Тоорат, Забур, Инжил чектелген илимдер болот. Биздин элдин духуна өмүр жолуна туура келбейт. Кыргыз жан дүйнөсүндөгү улуу мыйзам менен жашайт. Ал мыйзам Манас чексиз магия деген тоголок сырдуу уюлдан, күмүш түспөлдөнгөн нур аркылуу кыргызга келип, калыптанып, бул кылым кыргыз кылымы деп аталат.
Сырдын боюн жайлаган,
Сыдыра бээ байлаган.
Түтүн сайын кымыз бар,
Түк санак жеткис сыры бар.
Көрбөй туруп көсөм айткан,
Бир мисал Калыгул олуя атабыздын бүгүнкү күндө оозеки айтып кеткени бар.
"Уй пул болоор, Кул бий болоор" Кийинки даткаларыбыз: Жумгалдан Медет, Таластан Ажыбек, Түштүктөн Алымбек, Курманжан. Баардыгы мамлекеттик деңгээлдеги кызматтарын өтөп келишкен.
- Бул кылым кыргыз кылымы деп атап кеттиңиз. Муну менен башка улуттарга сөз тийгизип албайбызбы?
- Башка элдин митайымдык арамзалыгына алданып жүрүп, ушул күнгө чейин тирүүнүн өлүгү, тилдүүнүн дүлөйү болуп келдик. Бүгүн ата тегибиздин арбайлары ыйык жерлерибиздин ээлери тынымсыз кызматта. Ошол себептен кыргыз улут, эл тамыры козголуп жатат. Демек ар бир кыргыз аян менен дем алып жатат дегенди билдирет. Ойгонуунун өзү аян.
- Билишимче коомдогу болуп жаткан кырдаалдар менен толук кабардар көрүнөсүз. көтөрүлүп жаткан уруучулук маселеси барып-барып чоң саясатка айланып кетсе эмне болот.
- Эч качан саясатка айланбайт. Алдыда айтып кетпедимби, ата-тегибиз толук кызматта. Алар баарын көрүп-билип, өздөрү жетекчилик кылышат. Уруучулук козголууда элдин теги жатат. Уруу баш кошуусу улуттун бир түндүккө баш кошуусу деп билем. Кырк уруу кыргыз биригип бир кыргызды түзөт.
- Өз урууңуз жөнүндө эмнелерди айта аласыз?
- Сарыбагыштын сары алтын, сактап кеткен миң алтын. Чоң атабыз Эсенгул Адигине уруусунан Турду деген сынчыны алдырып келип, балдарымдын кимиси белдүү чыгып, эл керегине, жер кемибесине жарайт деп сындаткан экен. Ошондо Сарбагыш атам бешитеги бала болот. Турду сынчы туруп баратканда Сарбагыш бешикти оодарып алдына түшөт. ошондо Турду сынчы балага карап, "эл багаарың, журт башчың береги кудайдын берген белегин экен" деп аттанып кеткен экен.
- Нооруз жөнүндө айтып берсеңиз?
- Бул улустун улуу күнү деп аталат. Карт тарыхыбызда жыл ажыратуу деп белгиленет. Бул күнү жолборс жылы чоң секириги менен башталат. Удаалаш өткөрүлчү курултайлар да ушул күндөргө туш келип отурат. Мына ушул күндөрү тообабызга жанып жараткандан сурана турган күн. Ак-каранын тогошуусу болуп, Ааламда алтын доордун коңгуроосу Манастын урпактарына аталып кагылып, ааламдык бийлик тапшырылат.




Гүлбайра Шамшиева: касиеттин пири көкжал
- Гүлбайра айым мындай оор кызматты өтөө эмгекти, убакытты талап кылат. Сизде кандай?
- Башында жолдошумдун кызматына кызыккан эмесмин. Жаз айы эле, жаан жаап булуттан таяк кармаган чокчо сакал абышка чыгып, сүр көргөзө токтотту. "Эгер касиетиңди сезип кызматыңды аткарсаң онтогон оорудан айыгып жакшы күнгө жетесиң. Болбосо касиетиңден айрыласың" деди. Ал Кочкор атанын өзү экен. Ошол күндөн тарта бизге аралашып жашап келаткандай сезилет.

- Ыйык жерлер жана касиет туурасында айтып берсеңиз?
- Ыйык деп аталган жерлерибиз ааламдагы уулуу күчтөрдүн ордосу болуп эсептелет.Дүйнөдө кандай гана жаңылыктар болбосун 1-2 күн мурда аталар кадимкидей чогулуп кеңешме өткөрүп, үндөрү угулуп турат. Жер шарындагы үч ордонун бири Сулайман тоо Кочкор ата, Кызыр Акмат (Ясир Арафат) тоосу. Бул үчилтик сырынын бир кыры. Ар бир жердин, элдин, адамдын касиети пири болот. Биздин элдин касиети Көкжал. Башка улуттардын кыргыздарды ит кыргыз деп келекелеп келишкени да ушундан. Кыргыздын канында көкжалдын энергиясы иштеп, сырткы аурасын көкбөрүнүн элесиндеги майда толкундар каптап турат. Ар бир нерсенин пири бар. Койдуку Чолпон ата, тоонун пири Тастар ата, касиеттин пири - Көкжал. Кыргыздын бардык булактарынан Көкжалдын энергиясы агат. Биздин элди 21-кылымда бага турган касиет ушул.

- Кыргыз аялзатына тиешелүү кандай касиеттер бар?
- Кыргыз аялдарынын касиети чоң. Маселен, ааламдын көбүрөөк тапшырмалар жүктөлгөн. Аял эне. Энелер качан гана оймо ойгондо, шырдык шырыганда касиети толук калыптанат. Ийик ийригендеги эле улуулукту карасаң толук сүкүттүн башкаруусунда болосуң. Көкүрөктөгү ой-дилиң менен дүйнөнү кыдырып, көктү карай сызып кетесиң. Эне керемет, аял сулуу, бейиш эненин таманында деген сөздөр кыргыз аялдарынын касиетине карай айтылган.

Даярдаган
Назгүл
ЭСЕНБАЙ кызы