Түз байланыш

"Максим Бакиев премьер-министр болбойт"
Белгилүү парапсихолог, психолог, гипнолог Айна Мурзалиеванын маектери гезит бетине жарыялангандан бери чынын айтыш керек редакциянын телефону тынган жок. Окурмандардын кызыгуусу артып жаткандан кийин Айна эже менен окурмандарга көпүрө бололу деп Таро картасы менен төлгө ачтырып, түз байланыш уюштурдук. Өз тагдырларын өлкөбүздүн саясай тагдырын алдын ала билгиси келген жарандарыбыз өтө көп экен. 5 саатка созулган түз байланышта коомчулукка ачык айтпаган да жагдайлар болду. Кичине ал жагына цензура да кылып койдук. Анткени, өздөрүнүн картасын гезит бетине жарыялабай коюшубузду өтүнгөн окурмандар да болду.


Бүбүкан, Бишкек шаарынан:
- Саламатсыздарбы? Жолдошум экөөбүздүн жашаганыбызга 30 жыл болсо дагы чогуу чай ичпейбиз. Мени алакачып үйлөнгөн. Сүйүү болбогондон кийин жашоо деле болбойт экен. Кыйналып жашагандан тажап кеттим. Ушул тапта ажырашып, баарын жыйыштырсамбы деп жаттым эле. Эмне кылсам болот?
Айна: - Мына картаңызды ачып карап жатам. Жолдошуңуз сизге жакшы мамиле жасап, өзүнө имере албаптыр. Эки балалуу болгондо эле ажырашып кетүүгө мүмкүнчүлүктөр болгон экен. Ошондо эле ажырашуу боюнча чечим кабыл алып ажырашып кетсеңиз болмок экен. Бирок, азыр деле ажырашканга кеч эмес. Себеби, экинчи карта жашооңузду жаңырытыңыз деп түшүп жатат. Ажырашарыңыз менен сизден 4 жаштан 6 жашка чейинки улуу адам колуңузду сураарын карталар айтып жатат. Жолдошуүңуз дагы ичинен кыйналып жатат. Бирок, ага кабатырланбай эле коюңуз. Ага эки жакын адамы жардам берет.

Таштанбүбү 51 жашта, Бишкек шаары:
- Алло, түз байланышпы? 2005-жылы авариядан катуу жаракат алдым эле. Дарылангандан кийин дагы жакшы боло албай жатам. Сол колум, сол бутум муздай берет. Жубайым дагы кыйналып кетти. Жумушка чыгып, акча таппасам болбойт экен... Мен баштаган ишим, ден соолугум кандай болот?
Айна: -Белден баштап, ийинге чейинки муундарыңызды дагы бир текшерүүдөн өткөрүп алганыңыз оң. Анткени, жумуштан мурун ден соолук картасы түшүп жатат. Денсоолугуңузга сак болуңуз.Китеп менен аралашкан жумушта иштейсизби?
- Ыр жазам.
Айна:- Сизге акыл менен иштей турган бир топ жакшы сунуштар түшөт. Коркпостон ал ишке аралаша бериңиз. Ишиңиз ийгиликтүү болоорун картага түшүп жатат.

Алмазбек, 43 жашта, Бишкек шаары:
- Саламатсызбы? Айна эже, мени чогуу иштеген бир жигит чоңдорго жамандап коюптур. Жетекчилерим азыр чет мамлекетте жүрүшөт. Ал баланын сөзүнө ишенип, мени кызматымдан кетирип жибербейби. Чынын айтсам ар кайсыны ойлонуап, кыжаалат болуп жатам...
Айна: -Буга чейин сот иштери болду беле? Картага эки сот түшүп жатат.
- Эки жерге сотко берсемби деп жаткам. Сотто берсем утамбы?
Айна: - Кооптонбой эле койсоңуз болот. Ийгилик картасы сиз тарапка түшүп жатат. Сизди ал кишинин сөзүнө ишенип, кызматтан деле албайт. Тескерисинче, ал адамдын айыбы ачылып, кызматтан өзү кетет. Сотко кайрылбай эле чечишип алсаңыз болот.Эгер сотко берсеңиз адилеттик сиз тарапта болот. Сөзсүз жеңип чыгасыз. Кабаатырланбаңыз.

Валя, Бишкек шаары:
- Түз байланышпы? Кызым 25ке чыгып калды. Эне болгондон кийин ар кайсыны ойлоно берет экенсиң. Турмушка чыкпай калган кыздарды көрүп, коркуп кетем. Кызым быйыл турмушка чыгабы?
Айна: -Кызыңыздын аты ким?
- Калбүбү
Айна: - Мурун бирөө колун сурап келгенде баш тартып койдуңар беле?
- Кызыбызга айтпай эле өзүбүз сүйлөшүп баары даяр болгондо айтсак "жигитим бар" деп, кызым макул болбой койгон.
Айна: - Картанын түшкөнүнө караганда ал тараптагылар капа болуп калышкан экен. Кызыңызга сөз тийген. Ошондон улам жолу катуу болуп калган. Тазаланып алышы керек. Антпесе жолу ачылбайт. Азыркы сүйлөшүп жүргөн жигитине турмушка чыгам деп аракет кылганы менен ага дагы турмушка чыкпайт. Жаңы сүйүү түшүп турат. Бирок, жакын арада той болот деген карта көрүнбөй жатат. Кызыңыздын өзүн мага алып келиңизчи. Калганын ошондо сүйлөшөлү.

Мелис 30 жашта, Ош шаары:
- Жазында митинг, пикеттер болуп ,бийлик аламашат деген сөздөр айтылууда. Чындап эле бийлик алмашабы?
Айна: - Эл арасында андай сөздөр айтыла берет. Бирок, нааразычылык акциялардын уюшула берет. Бирок, чоң ызы-чуу болуп, бийлик деле алмашпайт деген карта түшүп жатат.

Нургазы 30 жашта, Бишкек шаары:
- Айна эже саламатсызбы? Биздин үйлөнгөнүбүзгө 3 жылдан ашып баратат. Бирок, балалуу боло албай жатабыз. Кулак угуп, көз көргөн жердин баарына бардык.. Жыйынтык жок. Балалуу боло алабызбы?
Айна: - Ден соолугуңда бир мандем бар. Сага ден соолук картасы түшүп жатат. Операция болдуң беле?
- Операция болгон эмесмин. Бирок, бруцеиллёз болуп ооруганда операция жасайбыз дегенде жасатпай койгом.
Айна: - Келинчегиңдин ден соолугу чың. Өзүң жакшылып дарылансаң эле балалуу болосуңар. Көп ойлонуп нервиңди корото бербе. Дарыланып бүтөөрүң менен бир-эки айдын ичинде жубайыңдын боюна бүтөт. Картага бир кыз бир уул жана курулуш түшүп жатат. Үй салып жаттың беле?
- Ийи…
Айна: - Ийгиликтин картасы түшүп жатат. Ишиң илгерилеп, итиң чөп жейт. Үйүң ак жолтой үй болот.

Алтынай 25 жашта, Нарын шаары:
- Саламатсызбы? Менин саным 8. Сегиз саны кандай сан. Бул жыл мага кандай жыл болот?
Айна: - Оо, сегиз саны ыйык сан. Ал чексиздиктин саны. Сезиз сандуулар аябай акылдуу келишет. Картада сизди периштелер колдойт. Бул жылы алдыңызга койгон максатыңызга жетесиз. Сиз үчүн ийгиликке, кубанычка, жакшылыкка бай жыл болоору түшүп жатат.

Айнура, Бишкек шаары:
- Текебаев президент болобу?
Айна: - Картаны ачып көрөйүн. Ийгилик картасы түшүп жатат. Быйылкы жылы иши илгерилеп, ташы өйдө кулап турат. Бирок, таажыны башына кийген карта көрүнбөйт.

Мээрим Карыбек кызы 22 жашта,
Бишкек шаары:
- Саламатсызбы? Учурда айрым адамдар "Манас" аяны берилип жатат деген кабарларды айтып жатышат. Ушул нерселерге ишенсек болобу?
Айна: - Албетте, ишенсек болот. Касиети бар адамдарга аяндардын келип тураары чындык.

Канышай 25 жашта, Бишкек шаары:
- Алло, Айна эжеби? 3 жылдай сүйлөшүп жүргөн жигитим жакында мени таштап кетти. Кантип өзүмө кайтарып алсам болот. Мен аны аябай сүйөм. Кайра жолугабызбы?
Айна: - Карта ортоңордо эч кандай чыр-чатак болбогонун, эмне үчүн сенден кеткенин түшүндүрүп, кечирим сурап кеткенин айтып жатат. Ошондой болду беле?
- Ммм...
Айна: - Ал жигит сени чын жүрөгү менен сүйгөн эмес экен. Жөн гана жактырчу тура. Чыныгы сүйүүсүн эми тааптыр. Сен болсо аны менен бирге болуунун жолдорун издеп, аракет жасап жатыптырсың. Убара болбой эле кой. Канча аракет жасасаң да ал сага кайрылып келбейт. Карта жолуңардын башка экенин айтып жатат.

Жоомарт 33 жашта, Бишкек шаары:
- Апрелде Данияр Үсөнөв отставкага кетеби?
Айна: - Картада Данияр Үсөновго азыркы кызматына тең чамалаш башка орун түшүп жатат. Ошол кызматка кетсемби деп өзү да ойлонуп жатат. Бул кишинин жанында кандай кырдаал болсо дагы кеңешин берген, таасирдүү эки киши бар. Ошолордун кеңеши менен азыркы кызматынан жакын арада кетип калышы мүмкүн. Учурда ал киши өз кызматы үчүн эмес, баласына тынчсызданып жатыптыр. Аялы да ооруп жаткан өңдүү. Эмнегедир ушундай карта түшүп жатат.

Айбек 32 жашта, Бишкек шаары:
- Максим Бакиев премьер-министр болобу?
Айна: - Бир секунд күтө туруңуз. Картаны ачып көрөйүн. Максим Бакиев пример-министр болбойт. Азыр анын жаныда кандай кырдаал болсо дагы кеңешин берип турган, акыл кошкон жакшы кызматтарга үндөгөн бир аял, үч эркек киши бар экен. Картага жанындагылар чоң кызматтарга сүрөсө да, Максим Бакив карьерист эмес деп түшүп жатат. Ал үйбүлөгө, апасына жакын бала экен. Премьер- министр болоюн деген деле ниети жок. Максимди премьер-министр болот деп кооптонбой деле койсоңор болот.

Максат 25 жашта, Бишкек шаары:
- Алло. Саламатсыздар? Түз байланышпы?
Айна: -Ооба, сурооңорду бере бергиле.
- Эже, мен бир кыз менен көптөн бери сүйлөшүп жүрөм. Ошол кызга жакында үйлөнөмбү?
Айна: - Бир кыз дейсиң, бирок картага үч кыз түшүп жатпайбы. Үч кыздын бирин тандай албай убараланып жатыпсың. Сен жакшылап ойлонуп көрчү. Максат.
- Ийи. Аны да билип койдуңуз го.
Айна: - Үчөөнү тең жактырат экенсиң. Жүрөгүңдү укпасаң жакында үйлөнбөйсүн.

Айгерим 11- класс, Бишкек шаары:
- Саламатсызбы? Айна эже, мен быйыл окууга ташырайын деп жаттым эле. Өз күчүм менен өтө аламбы?
Айна: - Алдыга умтулган тырышчаак кыз экенсиң . Бирок, өз күчүң менен окууга өтө албайсың го. Бир эркек кишинин жардамы аркылуу өтөөрүң картага түшүп жатат.

Асылкан, Бишкек шаары:
- Алло. Саламатсызбы? Бирөөнүн 7-аялы болуп турмушка чыктым эле. Отубуз күйүшпөй ажырашып кеттик. Кайра турмушка чыгамбы?
Айна: - Картага орган тармагында иштеген жигтке турмушка чыкканың, ал материалдык абалы жакшы аялдын үстүнө кирип алганы түшүп жатат.
- Ийи-ийи...
Айна: - Сен кабатыр болбо. Сага турмуштук карта да түшүп жатат. Кыска убакыттын ичинде кайра эле формачан жигитке турмушка чыгасың.

Айсулуу 28 жашта, Бишкек шаары:
- Турмушка качан чыгам?
Айна: Азыр картаны ачып карай салайын. Айсулуу 1-1,5 жылдын тегерегинде турмуш чыгаарың, жүрөгүңдүн ачкычын тапкан жигит менен 2-3 айдын ичинде таанышарың түшүп жатат.Буйруса ийгилик сен тарапта.

Альбина 18 жашта, Бишкек шаары:
- Канча жашымда турмушка чыгам. Менин жолум жабыкпы? Жолу жабылып турмушка чыкпай жүрөм дегендерди угуп кыжаалат боло берем.
Айна: -Жолум жабыкпы деп туура айттың. Жолуңду ачтырып ал. 24-25 жашыңда турмушка чыгаарың картага түшүп жатат.

Нурзат 25жашта, Бишкек шаары:
- Айна эже, эмнегедир кайын энем менен таптакыр пикирим келишпейт. Экөөбүз тез эле урушуп кетебиз. Бирок, жолдошумду жакшы көрөм. Таарынып шаарга келе бергем. Жолдошумду кыя албай жатам. "Апам менен жашамак белең, мени менен жашайсың, үйгө кеттик" деп күндө келе берет. Кайра барсам кайненем менен дагы урушпайбызбы?
Айна: - Картага кайненеңдин акылмандыгы, айкөлдүгү, түшүп жатат. Баласынын сени жакшы көрөрүн билген, кыраакы эне сени эбак эле кечирип койгон. Мындан кийин бул кыялдарыңды ташташың керек. Эгер жаман адаттарыңды таштабасаң, өзүңө эле кыйын болот. Карталар сени токтоо болсун деп жатышат.

Алмазбек 39 жашта, Бишкек шаары:
- Саламатсызбы? Бул жыл мага кандай жыл болот? Азыр сүйлөшүп жүргөн кызыма үйлөнсөм бактылуу боломбу?
Айна :- Карталар сизди ийгилик курчап турганын ийгиликке жетүү сиздин аракетиңизге көз каранды экенин, сүйлөшүп жүргөн кызыңыз аябай жакшы кыз экенин, кабатырланбай эле үйлөнө берсеңиз болоорун айтып жатат.

Уюштурган:
Жаркынай Кадыркулова

Урматтуу окурмандар бул түз байланыш боюнча пикирлерди, сунуштарды күтөбүз. Эгер Айна эжеге таро картасы менен төлгө ачтыргыңыздар келсе, 0312 49-49-53 номерине телефон чалып, сурооңузду жаздырып койсоңуздар болот. Айна эже жакынкы аралыкта дагы бир жолу түз байланышка келет.