Кыргызча тактык
беш мүнөт эрте
(Башталышы өткөн сандарда)
Мындай бир өзүмдүн турмушумдагы мисалдардан:
Кыргызстандын атынан чет өлкөлөргө барып, биздин өлкөнүн өкүлү болуп, дүйнөлүк илимий чогулуштарга катышып жүргөн, мен абдан сыйлаган адам - илимдин доктору, аксакал (этиканын эрежесин сактап аты-жөнүн айталбайм) мага дарыланганга келип жүрөт. Бир-эки жолу гана кечигип келбесе ар дайым өз убактысында келип жүрчү. А менин жумушумда ар бир пациент жазылып, белгиленген бир убакытта келишчү. Бир күнү аксакал өз убактысынан 15 мүнөт (ал саат 18.00гө жазылган) эрте келип калды.
- Аба, сиз бүгүн кыргызча келиптирсиз го, - дедим, колундагы сумкасын алып (саламдашкан соң).
- И, эмне үчүн кыргызча, мен эртеле чыкпадым беле? - деп катуу таң калып, саатын карап: - "Саат алты боло элек го? - деди эрте келгенин билгизип.
- Ооба, алты боло элек. Эрте келдиңиз. Дагы 15 мүнөт бар, - деп күлдүм.
- Анда эмнеге кыргызча келдиңиз деп жатасың? - деди мага нааразылана.
- Аба, бизде (биздин жумушта) "кыргызча келүү деген" 5 мүнөт эрте келгенди айтабыз. Сиз, эрте келдиңиз кыргызча. Аба, эмне үчүн биз кечиккенди, уйкучулукту, жалкоолукту, дегеле бүт жаман сапаттарды кыргызча дешибиз керек? Же биз ушунчалык эле начар элбизби? - дедим да өзүмдүн 3000 деген окуучуларымдын белгиленген убакытка "кыргызча келүүгө: 5 мүнөт эрте" көнүшкөнүн айтып бердим.
Ушундай аалым, илимпоз, депутат, искусство чебери, актер, мугалим, молдолордон канча жолу уктум - кыргыздын терс сапаттарын "кыргызча" дешкенин. Албетте, биз бул айтылган инсандарды күнөөлөбөйлү, алар мурдакы "доордун" адамдарынан жуктурушкан. Бирок, бул жаман сапаттарды "кыргызча" дегенибиз динде да туура эмес болуш керек. Теңир кантип эле бир баласын начар жаратып койсун?! Аллах үчүн бардык улуттар бирдей эмеспи?!
Ыйык Кыргызым! Келиңиздерчи мурдатан бүгүнкү күнгө дейре келе жаткан зыяндуу адаттарыбызды, уулуу терс сөздөрүбүздү оңдойлучу. Бир эле адам - кыргыз эгерде жаман көрүнүштөрдү эмес жакшы сапаттарды "кыргызча" дей берсе "периштелер эмне айтсаң омийин дей берет" дегендей акырындап оңоло беребиз. Эгерде 10, 100, 1000, миллиондогон кыргыздар позитивдүү аң-сезимге көтөрүлсө - ыйыктан ыйык кыргыз мамлекетибизди эң эле өнүккөн - Азиянын асман тиреген мамлекетине айланта алабыз!

"Кыргызча келүү: 5 мүнөт эрте"

Реалдуу факт: Кыргыз эли - абдан даанышман элбиз! Таза элбиз! Биздин эл анекдотто айтылгандай жапон, немис, англичан, араб, кытай, америкалыктардын мээсиндей иштетиле берип желип, чирип кеткен эмес, "свежий, иштетиле элек", анан да "эң кымбат мээ".
Кыргызда: "Акты сатпайт" - деп эч качан сүттү, айранды, кымызды сатчу эмес. Соода өнөрү б.з.ч. миң жыл мурда эле болгону тарыхта белгилүү. Айкөл кыргыздар мына болгону 15 жылдан бери гана "акты" сатып калды. Албетте, байыркы кыргыздар соода-сатык менен абдан жакшы алектенишкен. Бирок, сүттү, кымызды, айранды, аталаны, жарманы, максымды, чалапты, курутту, бозону эч качан сатышкан эмес. Бул болсо кыргыз элинин ыймандуулугу эмеспи! Араб элинде, акты эмес Алла Таала тууралуу жазылган ыйык "Куран" китебин да соодалашып Теңирге шек келтиришип, сатып келишкен. Ооба, сооданын да өзүнүн эрежелери бар, бирок Кудай жөнүндө айтылган ыйык сөздөрдү сатып, соода кылуу Теңирге шек келтирүү деп эсептесек жаңылышпайбыз го...
Азыркы күндө ар кандай диндердин түрлөрү - агымдары абдан күч алууда. Ислам дини да жетишээрлик өнүгүп, негизинен 73 түргө бөлүнөт. Кызык! Бир эле китепти - "Куранды" окушкандар 73 түрлүү көз карашта, бири-бирин сындашып ар бири өзүнүн багытын туура көрөт. Христиан дини 666 түргө бөлүнөт. Көз караштары жогорудагыдагыдай эле көрүнүш.
Кыргыздар: "Оо, арабдар таза эл болот" - деп айтышканын көп угасың. Жакшы, мүмкүн арабдар жакшы элдир, бирок ошол эле арабдар кыргыздарды кандай көрүшөт болду экен? Кыргыздар арабдарды биринчи орунга койсо, арабдар бир гана арабдарды биринчи коюшат. Бул ачуу чындык.
Чынын айтсам, арабдар кыргыздардай таза эл болот дегенине мен ишенбейм. Мухаммед пайгамбар келгиче (VI-VII кылымдарда) арабдарда сексуалдык бузулуулар абдан көбөйгөнү белгилүү: атасы менен кызы, агасы менен карындашы болуп, өтө ыпластыкка кирип кетишкенин, андан сырткары аялдарын, кыздарын тирүүлөй көмүшкөн. Ушундай ыпластыкты Мухаммед пайгамбар келип, Курандын жана кылычтын жардамы менен токтоткону ырас.
Ошол эле мезгилде (VI-VII кылымдарда) Улуу Кыргыз империясы өнүгүп-өсүп турган кезинде, касиеттүү кыргыз элинде: "7 атага чейин кыз беришип, кыз алышпайт" деген улуу медицинанын эрежелери болгон. Кыргыздар ошол эле замандарда гендин тазалыгын абдан жакшы түшүнүшкөн экен. Бул болсо кыргыз элинин жогорку руханий деңгээлин көрсөтүп турат!
Бүгүнкү күндө деле араб, тажик, азербайжан, өзбек, уйгур, дунган элдеринде туушкандар бири-бирине үйлөнө беришери анык. Бул болсо гендин, жалпы организмдин бузулушуна алып келери белгилүү эмеспи. Мындай терс көрүнүштөр кээ бир кыргыздарда да учураганы абдан капаландырат. "7 атага чейин кыз алышып, кыз беришпейт!" - деп калтырган ата-бабабыздын ыйык мурастарын бузганыбыз, жаңы төрөлгөн балдардын ден соолугунан көрүнүп жатпайбы.
Кыргыздар 100 пайызга туугандарга үйлөнүшпөшү керек! Эгерде балдарыбыздын дени, гени жана аң-сезими таза болушун кааласак - эч качан туугандарды үйлөндүрүшпөшүбүз зарыл!

Кыргызча баштоо:
5 мүнөт эрте!

Арабдарды ашыкча эле сүйүп жүргөн кыкеңдер үчүн бир болгон окуяны айтып өтпөсөм болбойт. Бул окуяны мен Ислам динин абдан жакшы изилдеп, окуп жүргөн аалымдан уктум эле:
Мындан бир жарым жыл мурда, Египеттен абдан чоң аалым шейх келип кыкеңдер аны коноктошуп, жерге салынган дасторкон үстүндө отурушат. Араб шейхи: Алла Таала, Мухаммед пайгамбар, ыйман, ынсап тууралуу абдан кызыктуу сөздөрүн төгүп берет. Кыргыз молдолору: "Оо, кандай улуу адам менен отурабыз ээ?" - дешип өздөрүнчө сыймыктанышып отурушат. Бир кезде тиги шейх сыртка чыгып келейин деп ордунан турат да, дасторконду (биз үчүн ыйык дасторконду) тепселеп, басып эшикке чыгып кетет. Жана эле аң-таң болуп, сыймыктанып отурушкан кыкеңдердин шейхтин малга окшоп дасторконду тебелеп кеткенин көрүшүп ооздору ачылып күтүүсүздөн "сюрпризге" ээ болушат. Тигил арабдын сүйлөгөнү эмне, кылганы эмне болду? Кыргыздын "Куран" эмес өмүрүндө китеп окубаган жаш баласы деле мындай малчылыкка барбайт да.
Арабдарда дасторкондо отуруу этикасы өтө төмөнкү деңгээлде экенин мен "Куран" китебин жатка билишкен ага-инилеримден угуп жүрөм.
Араб Эмираттарында - телевизорунда 200дөн ашык каналдардын 100дөн ашыгы секс тууралуу экен. Орустун, өзбектин, уйгурдун, ал тургай кыргыздын да (өтө өкүнүчтүү) кыздары Дубайга жыйылышаары белгилүү. Дубайда, дегеле Араб эмираттарында акыркы убакта бузулган кыздардын саны көбөйүүдө. Муну кандай түшүнсө болот? Ушу арабдардын тазалыгыбы?
Кээ бир адамдар айтышат: "Өзбектер кыздарын катуу кармашат" - дешип. Мен Ошто жашап жүргөндө өзбек кыздарынын кылык-жоруктары тууралуу толгон-токой приключениелерди угуп жүргөмүн. Ал тургай өз кызынан балалуу болгон коңшулардын окуяларына да күбө болдум. Өзбектердин жаш эркектери жумушка эрте кетип, үйлөрүнө түнү келишип, үй-бүлөсүнө жакшы көңүл бурушпаган учурлар көп. Келиндери кайнатасынанбы же өзүнүн күйөөсүнөн балалуу болдубу билишпей калышат экен.
Дагы бир жогорудагы улутка тиешелүү мисал: тамак үстүндө отурушуп ата-энесинин, эже-агаларынын, карындаштарынын көзүнчө эркектин жана ургаачынын жыныстык органдарын кошуп сөгүнүшөөрү кызык.
Эми Европалыктардан мисал келтире кетсем: Менин бир жеңем италиялыктар менен иштөөчү. Бир күнү европалыктарды мактап өзүнүн кыкеңдерин жамандап калды: "Европалыктар абдан таза, маданияттуу болушат, ал эми кыкеңдер маданиятка жетише элек деп. Жеңем Англиянын королевасын жана столдогу кашыктардын, вилкалардын кандайча колдонулаары, кайсы тамакты кандай кашык менен жеш керектигин жана 43 түрлүү кашык-вилкалар жөнүндө кеңири айтып берди. Мен угуп жатып ойлонуп кеттим: "Бул англичандар 43 түрлүү кашык менен тамактанышса анда акылмандар айтышмакчы "жашоо үчүн тамактанышпай эле, тамак үчүн жашашат" турбайбы" - деп.
- Жеңе, абдан туура. Жакшы айттыңыз, бирок фильмдерден көп көрөбүз, бул европалыктар тамак үстүндө эмне үчүн чимкирине беришет? Тамак үстүндө чимкиринген деле маданиятсыздык го деп ойлойм. Жанындагы адамдарга жагымдуу болбосо керек. Бизде, кыргыздарда дасторкон үстүндө чимкирбейт го? - деп калдым.
Жеңекеме катуу таасир этти окшойт. Мекенчилдиги ойгонуп кеттиби:
- Медер, туура айтасың бир жолу ошол италиялык жетекчибиз (аял) менен ресторанда беш-алты аял болуп отуруп калдык. Тамактар коюлган, иче баштадык, бир кезде жүз аарчысын алып италянка эжебиз мурдун жаап, катуу бир нече жолу бышкырып, чимкиринип алды да тамагын иче берди. А мен болсо тамагым түшүп, көңүлүм айланып жийиркенип, билдирбей оокатымды иче албай койдум. Дагы бир жолу чоң чогулушта италянка эжебиз микрофондо сүйлөп жатып баякысындай эле чимкиринди эле зал дүркүрөп кетти, - деп жеңем айтып берди.
Тамак үстүндө кайсы кыргыз чимкиринет айтыңызчы? Кайсы жетекчибиз, кайсы депутат микрофондон чимкиринди эле? Ушул чимкиринүү - маданияттуулукпу же...
Кезек орус менен кытай тууганга келди. Алтын кыргызым! Сиз байкадыңыз беле, орус фильмдеринде абдан көп көрүүгө болот. Тамак жеп жатып, оозундагыны чайнап жута электе эле сүйлөй беришет. Ишенбесеңиз бүгүн эле орустун фильмдерин көрүп байкаңыз.
Ал эми кытайлар болсо тамак ичкенде ооздорун жаппай чачыратып ичишет. Менин Акыл аттуу окуучумдун досу бир айдай анын үйүндө конок болду. Гейна аттуу кытайлык жигит: "Акыл, мен кыргызстанга келип тазалыкка жана тамак ичкенде оозумду жаап тамактанганды үйрөндүм", - дептир. Гейнанын айтуусуна караганда кытайлар тамак ичишкенде ооздорун жабышпайт экен. Бул көп эле жерде байкалып жатпайбы.
Ак ниет Кыргызым! Мен бул жогорудагы мисалдарды атайын мисал катары айтып өткүм келди. Мындан начар, сүйлөгөнгө оозуң барбаган кылык-жоруктары да бар бул жогоруда айтылган "цивилизованный элдердин".
Кыргыздардын тазалары - абдан таза болот. Бирок, тазалыкты мамлекеттик деңгээлге көтөрүп алсак биз Кыргыз эли - дүйнө элдерине тазалык боюнча өрнөк боло алат элек. Ал күндөр да келет Кудай буюрса!

(Уландысы кийинки санда)