Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

PRESSKG.COM



PRESSKG.COM

  Учур саясаты

Жаштар парламентаризмине жол ачыш керекпи?
Эгемендик он жылдыкта олуттуу экономикалык жана бийлик ресурстарынын ээлери бардык күч-дараметтерин бириктирип, аларды өлкөнү өнүктүрүү үчүн багыттабай, каражаттарын бири-бири менен каршылашууга сарпташты. Негиздеп айтканда, баары бир кайыкта олтуруп алышып, ар кимиси ар башка тарапка тырмалаңдап сүзүп бараткандай. Соңку мезгилдердеги тең жоопкерчилик менен саясий жана экономикалык ресурстарын бириктирип, бир бийлик партиясын түзүү идеясы бул "кайыкты" кандайдыр бир кыймыл-аракетке келтирип, курсун аныктагандай элес берген. Бул партия кантип да болсо саясий жана экономикалык ресурстарды бириктирүү үчүн "колдо болгон нерселердин" негизинде гана куралгандыктан, ага кирген партиялаштар түпкү кызыкчылыктары бири-бирине карама-каршы келерине карабай, көбүнчөсү муну өзүлөрүнүн жеке же тар чөйрөсүндөгү муктаждыктарын канааттандыруу үчүн гана колдонушууда.
Бул жоруктардын катачылыгы көп эле талкууланууда… Бирок, ушул эле учурда өлкөбүздө 70 жыл бир партиялуу система өкүм жүргүзгөнүн унутпообуз зарыл. Азыркы "жаңы" Кыргызстандын бийлигинде турган адамдардын дээрлик баары Союздун тарбиясын алгандар, андыктан алардын ой жүгүртүүсү ошого жараша болот, аны алеки саатта эле өзгөртүп коюу мүмкүн эмес.
Албетте, алгач эле акылыбызга "карт партократтарды" бардык чечүүчү посттордон шыпырып түшүп, алардын ордуна ой-жүгүртүүсү жаңы, заманбап саясий көз-караштары бар жаш башкаруучуларды коюу келет. Ушул жерде бир мыйзам ченемдүү суроо пайда болот… кайда алар, жаңы жетекчилер? Кайда ошол жаңы элита? Кайда бардык жоопкерчиликти өзүнө ала алуучу, мамлекеттик деңгээлде ойлонуп, чечим кабыл ала алуучу адамдар? Андайлар ЖОК! Мамлекеттик масштабда мындай жаңы элита жок! Саясий кадрларды даярдоочу акыркы система комсомол болчу, анын жок болгонуна 20 жыл болду, а заманга ылайык жаңы эч нерсе түзүлгөн жок. Кайдан тапса болот андайларды?
Коммунисттик режим тууралуу кандай гана айтпайлы, бирок бардык аспекттерди өзүнө камтыган (идеологиядан баштап так прикладдык көндүмдөргө чейин) комсо__мол уюму улуттук менеджерлерди даярдоочу эң таасирдүү мектеп болгонун тана албайбыз. Азыр мындайдын карааны да көрүнбөйт. Бул кейипте дагы 15-20 жылдан кийин мамлекетти башкарууга жөндөмдүү эч ким калбайт.
Кыргызстанда башкарууну колуна ала алуучу акылдуу, таланттуу жаш менеджерлер жетишээрлик деп канчалык чычалап, чыркырабайлы… мунун баары миф.
Бир, эки, беш… мамлекеттин масштабында миң киши - бул болгону тамчы гана. Улуттук менеджерлердин жаңы классы керек, аларды жакынкы мезгилдерде түзүп чыкпасак мамлекеттин өнүгүүсүн мындай кой, өлкө катары сактап калуу чоң суроо астында турат.
А бул классты кайра жаратуу үчүн тандоо, окутуу, ички атаандашуу, реалдуу саясий турмушка аралаштыруу ж.б. элементтерин өзүнө камтыган саясий кадрларды даярдоочу система - жаңы кадрларды бийликке даярдап, профессионалдык тепкичтерде жылдырып туруучу мыйзамдуу бакубат механизм керек.
Бүгүн саясаттагы кадрдык өстүрүү механизми бизнес чөйрөсүнөн таптакыр айырмаланып турат. Бизнесте баары апачык дайын - эгер ишканада сенин жумушуң натыйжалуу болуп жатса, ишкана ээлери сенин ишмердүүлүгүңө (аларга алып келген кирешеңе) кызыкдар болсо, сен оңой эле өсөсүң жана жаңы тепкичке көтөрүлүү мүмкүнчүлүгүң көз көрүнөө.
Саясатта, тилекке каршы, татаалыраак. Бардык чечим кабыл алуучу жерлер ээленген, бир дагы "кресло ээси" сизге "мен жарабай калдым, мени алмаштыргыла" деп айтпайт, ал өз ордунда өлөр өлгөнчө же саясий оппоненттеринин кандайдыр бир интригасынын курмандыгы болмоюнча тырмышып отура берет. Ошондуктан жаштар үчүн өз алдынча өйдө карай жылуу өтө татаал, алар "системага салынбагандыктан" оргу-баргы жүрүп жаткан бюрократиялык система жаңы кадрларды жөн гана четке кагып коюуда.
Так ошондуктан жаңы кадрларды реалдуу бийликке алып келүүчү легитимдүү механизм саясий кадрларды даярдоочу жаңы системанын эң зарыл элементи болуп эсептелет.
Эмне кылуу керек? Эмнеден баштоо керек? Эмне үчүн азыркы саясий партия лөктөрү жаңыларга татыктуу орун бошотуп берүүнү ойлошпойт, жаңы кадрларды даярдап, өстүрүшпөйт?
Ушул эле он жылдыкта саясий партияларда "жаштар канатын" түзүү адаты көнүмүшкө айланды, бирок алардын негизги милдеттери коомдук жерлердеги короо-дубалдарды краскалоо, шайлоолордо баракчаларды жабыштыруу сыяктуу "айдап кел, байлап келден" ашып кете алган жок. Партиялардын жетекчилигине "андан башкалары деле жетиштүү" болуп аткан сыяктуу. Адилеттик үчүн айтып коюубуз керек, дээрлик бардык эле партиялардын "жаш канаттары" ар түрдүү социалдык акцияларды уюштуруудан башка көзгө көрүнөөрлүк иш деле жасай алышкан жок.
Жогоруда айтылгандар "бийликчил партиялардын" анабашында турган "Ак-Жолго" көбүрөөк тиешелүү. "Ак-Жолдун" мүчөлөрүнүн арасында ар түрдүүлөрү бар, баары эле идеологиялык көз караштарынын дал келүүсүнөн кирген эмес партияга: кимдир бирөө бизнесин коргоо үчүн, кимдир бирөө "за кампанию" кирди, а кимдир бирөөлөрдү бүтүндөй ишканалары менен чогуу айдап киришти. Булар партиялык курулуш боюнча "улуттук өзгөчөлүгүбуздүн" айынан болду, аларды көрмөксөнгө салууга болбойт, дыкат талдап, туура жыйынтык чыгаруубуз зарыл.
Партия - бул коомду бардык жетишкендиктери жана кемчиликтери менен кошо чагылдырып турган күзгү.
"Жаш канаттардын" бүгүнкү күндөгү негизги милдеттеринин бири жаштар парламентаризмин калыптандырып, ал аркылуу жаштарды бийлик бутактарына жылдыруу болуусу керек. Ушул кыска формулировканын ичинде көптөгөн багыттар камтылуусу тийиш. Мыкты инженерди даярдоо менен ийлигиктүү саясатчыны өстүрүү - бул бири-биринен асман менен жердей айырмаланып турган нерселер.
Чыныгы саясатчы деген кандай болоорун карап көрөлү. Алгач ага тиешелүү инсандык жана профессионалдык сапаттарды бөлүп карасак:
- Эли-журтуна, Мекенине болгон сүйүү;
- курчап турган чөйрөнү жакшы жагына өзгөртүүгө болгон чыныгы каалоо жана аракет;
- бийик моралдык сапат;
- бийик интеллектуалдык деңгээл;
- кеңири жалпы түшүнүк;
- өз ишине берилүү;
- өнүгүүгө болгон аракет;
- коомдук-саясий чөйрөдө болуп жаткан процесстерди аңдап, түшүнүү, анализдөө жөндөмү жана анын түпкү себептери менен кесепеттеринин өз ара байланышын аныктай алуу жөндөмү;
- оратордук жөндөмү, конструктивдүү талкууну, диалогду алып бара алуу жөндөмү;
- жоопкерчилик;
- командада иштөө жөндөмү;
- …
Тизмени учу-кыйыры жок уланта берсе болот. Бул сапаттардын кээ бирлери туулгандан баштап кошо жаралган, кээ бирлери үй-бүлөдөгү, мектептеги тарбиянын негизинде калыптанат, а бир бөлүгүн адам өзү турмуш агымынан, кандайдыр бир сыноолордон сиңирип алат.
Ушулардын негизинде саясий кадрларды даярдоо системасынын эң алгачкы маанилүү милдети - бул жеке жана профессионалдык сапаттардын базалык курамына ээ жана аларды өнүктүрүп кетүүгө дилгир жаштарды аныктап табуу экенин айтсак болот.
Качан гана мындай атуулдар аныкталып бир командага бириктирилгенде биз баса белгилеп жаткан алардын калыптануусуна жана өсүүсүнө тиешелүү шарттарды түзүү процесси башталат.
Саясатчы болууга ниеттенген адам үчүн зарыл болгон атайын билимдердин, жөндөмдөрдүн жана көндүмдөрдүн курамынын жетишээрлик көптүгүнө байланыштуу даярдоо формасы ар түрдүү болушу мүмкүн.
Атүгүл "объект бышып жетилип" бардык саясий темаларды шыр эле талкуулай ала турган деңгээлге жеткенде да даярдоо процессин аяктады деп эсептөө керек эмес. Анткени ал азырынча саясатчы эмес, болгону саясий жактан сабатту адам гана. А саясатчы болуу үчүн субъект болуусу жана өзүнүн ушу кезге чейинки жыйналган потенциалын иш жүзүндө пайдалануу үчүн реалдуу бийлик укуктарына ээ болуусу керек. Бул жерде биз аны түз эле конкреттүү бийлик бутагына жылдырууну түшүнсөк болот. Жылдыруу механизми ар түрдүү болушу мүмкүн, анын ичинде мисал катары партиялык тизмелерде жаштар үчүн 20-25% квота бөлүүнү айтсак болот… дагы башка көптөгөн жолдору бар.
Буларга кантип жетишүүгө болот? Кантип жыйынтыгында бийликке ууру-кески, коррупционер эмес, чыныгы акылдуу, жөндөмдүү жана жоопкерчиликтүү жаштардын келүүсүнө жетишсе болот?
Жооп бир эле убакта жөнөкөй жана татаал: бизди таңазар албоого жол бербөө үчүн конкуренттик жөндөмдүүлүгүбүз ар тараптан жогору болуусу кажет. Бизге "шашпай тургула балдар, силер азырынча окуп билим алгыла, а бул жагын бизге койгула" деп жолго салбоосу үчүн.
Баары кынтыксыз болот айтууга болбойт албетте. Адашуулар болот, кемчиликтер, аша чабуулар болушу мүмкүн. Бирок иштебеген кишиде гана кемчилик болбойт эмеспи. Системабызды жашартып, модернизациялоо үчүн баарын өз башыбыздан өткөрүүбүз зарыл да.
Кыргызстанда жаштар саясаты эч бир натыйжасыз бойдон келе жатат, жаштар боюнча программалар иш-жүзүндө иштебейт, статистикалык иш-чаралардан башка. Жаш кадрларды даярдоо, аларды реалдуу бийликке тартуу жөнүндө айтпай эле коёлу. Бийлик төбөлдөрүбүздүн жаштар боюнча так стратегиясы да жок атүгүл, клан-клан, топ-топ болуп кырчылдашкандан башка.
Жаш саясий кадрларды даярдоонун 3 элементи - бул тандоо, даярдоо жана бийлик тепкичтери аркылуу жылдыруу. Жарым жыл, бир жылда депутатты даярдап чыгара албайсың, ал миң акылдуу, башы алтын болсо да. Келечектеги саясатчынын калыптанышына керектүү билим, көндүмдөрдү өздөштүрүү үчүн теориялык билимден сырткары реалдуу жумуш аткаруу да талап кылынат.
Өлкөбүздүн башкаруу системасын модернизациялап, тамырына жаңы кан куюп, натыйжалуулугун арттыруу үчүн, биринчиден, жаш саясий кадрларды даярдоо, жылдыруу системасын калыптандыруу зарыл. Мунун дагы бир аталышы жаштар парламентаризми деп айтсак болот (жаштар парламентаризми тууралуу сөздөр алдыда). Экинчиден, коомдук-саясий институттардын бардык тармактарында жаштар үчүн мыйзамдуу түрдө 20-25% квота принцибин киргизүү дагы бир натыйжалуу жолу болмок.

К. Айбашов
Кыргызстан аймак жаштарынын Биримдигинин төрагасы








кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
email • архив • редакция 
18-февраль, 2010-ж.:
1-бет
КУРМАНОВДУН БИЛИНБЕГЕН ТАРЫХЫ
2-бет
Мукар Чолпонбаев, коомдук ишмер:
"Чулгандуу окуяны баштоо үчүн эмес, элдин талаптарын айтуу үчүн чогулуп жатабыз"

3-бет
Музмайданда
Жаңыл Түмөнбаева

4-бет
Сазыкбай Турдумалиев, "Арча" партиясынын лидери, ишкер:
"Кызматка келгенде кимиси Кыргызстанды оңдоду эле?"

5-бет
Журналисттердин коопсуздугун кантип камсыздайбыз?
6-бет
Кыргыз Республикасынын Президенти К. С. Бакиевке
Алымбек Датканын урпактарынын атынан жазылган катка жооп

7-бет
Жаштар парламентаризмине жол ачыш керекпи?
8-бет
"Мой мир"
9-бет
Кыргызча тактык
беш мүнөт эрте

10-бет
"Каскадёр Үсөн Кудайбергеновдун жубайы буту баспай коляскада отурат"
11-бет
о перспективах кыргызко- иранского сотрудничества
12-бет
Тең тайлашкан теннисчилер
13-бет
Садыраалы уулу Жаныш:
"Бакайыр менен кошо элге бак кайрыдым"

14-бет
Капчык аңтарганда
15-бет
"Көзүмө жылдыз көрүндү деп коркпош керек"
16-бет
Саясатта жүргөн кыргыз чиновниктеринин эң сулуусу, сексуалдуусу ким?





Яндекс.Метрика