Кыргыз Республикасынын Президенти К. С. Бакиевке
Алымбек Датканын урпактарынын атынан жазылган катка жооп
Курманжан Датка эненин 200 жылдык маарекесин татыктуу жана жогорку деңгээлде өткөрүү боюнча 19-май 2008-жылы Республикабыздагы эң ардактуу аксакалдардын Президентке болгон кайрылуусунун (кайрылуу тиркелет) жана Курманжан Датка атындагы кайрымдуулук фондунун 2008-жылы 28-декабрь айында жазган каттын, мындайча айтканда, ушул демилгелердин негизинде Өлкөбүздүн Президенти жана мурунку Прмьер-министр И. Чудинов колдоп, Өкмөттүн 2009-жылдын 10-мартындагы 104-б буйругунун негизинде маарекени өткөрүү боюнча уюштуруу тобу түзүлгөн. Уюштуруу тобун түзүүгө Фонд өкмөттүк эмес уюм болгондуктан кийгилеше албайт.
Ал эми 2009-жылы август айында Комплекске түлөө өткөзгөн мезгилде урпактарын чакырганбыз. Ошондо Сагынбек Исмаилов, Гулбара Исмаилова, ж.б. келишип, урпактарынын атынан жылкы союшуп, элдин батасын алып, ошондой эле Өкмөттүн комиссиясынын курамына кимдер кирээрин тастыкташып, андан кийин көрсөтөөрүн белгилешкен. Бирок кимдир бирөө Датканын урпактары менен биздин Фондду кагыштырып койгонго үлгүрдү, же болбосо алардын жеке кызыкчылыгы барбы, биз түшүнбөдүк. Бул интригаларды ким жасап жатканын аны өзүңүздөр урпактардын жазган каттарынан жыйынтык чыгарсаңар болот.
Азыркы учурда мааракеге арналган эки долбоордун үстүндө иштеп жатабыз. Ыссык-Көлдүн жээгинде салынып жаткан Комплекстин тарыхый объектилерин куруу жана документалдуу фильмди бүтүрүү. Датканын мааракесине даярдыктар жакшы башталды, көптөгөн окумуштуулар, маданий, коомдук ишмерлер, жазуучулар, о.э. республикабыздын жарандары колунан келген жардамдарын көрсөтүп жатышат. Көпчүлүк абройлуу урпактары биздин Фонд менен жакшы мамиледе. Курманжан Датканын урпагы, 105 жашка чыккан Байзакова Курманжан апабыз Талас облусунда жашайт, ушул биз жасап жаткан иштерге батасын берип, 200 жылдык мааракеге кудай буюрса катышаарын билдирүү менен болгон архивдик материалдарын берип жиберди. О.э. калган урпактары да Даткага тийиштүү болгон материалдарын биздин Фондго алып келип жатышат.
Биздин фонд 1995-жылы кыргыз элинин эл акыны, Ленин комсомолунун лауреаты, Токтогул атындагы сыйлыктын ээси Майрамкан Абылкасымова эженин демилгеси менен түзүлгөн, о.э. бүт Кыргызстандын көрүнүктүү ишмер аялдары колдоп, Курманжан Датка Чыгыш элинин татыктуу кыздарынын бири деп, Датканын басып өткөн жолун дүйнө жүзүнө даңазалоо жөнүндө 7 багыт алып, ошонун үстүнөн талыкпастан эмгектенип келе жатабыз.
1. Дүйнөлүк деңгээлдеги Курманжан Датканын элеси түшүрүлгөн почталык марканы көрүнүктүү коомдук ишмер Кубанычбек Жумалиевдин колдоосу менен Беларусь Республикасынан чыгарылып, 2001-жылы Датканын 190 жылдык мааракесине арналып, дүйнө жүзүнө тарап, Кыргызстанда ушундай ханыша бар экени даңазаланган.

2. 2002-жылы "Тоо жылына" арналып, "Тоо ханышасы Курманжан жана анын мезгили" - деген китеби улуу тарых окумуштуулары В.Плоских, Ж.Жунушалиев, А.Какеев, Т. Кененсариев, Б.Абытов, С. Мамытовдор аркылуу жазылып, ал китеп орус, англис жана кытай тилдерине которулуп, дагы бир ирет дүйнө жүзүнө таралып, Курманжан Датка даңазаланып, азыркы учурда Россия, Кытай, Финляндия, Өзбекстан окумуштуулары Датканын басып өткөн жолун изилдеп жатышат.
3. 2003-жылы мамлекеттүүлүктүн 2200 жылдыгына арнап, Бишкек калаабызда Датканын эстелигин орнотуу демилгесин көтөрүп, көптөгөн интригаларды, тоскоолдуктарды, кайсы бир учурда ошондогу кээ бир бийлик өкүлдөрүнүн кемсинтүүсүн да мага улуу Даткага арналган долбоордун бүтүшү үчүн көтөрүүгө туура келген, ал эми кыргызстандыктардын, экс-Президенттин, КР ЖКнин жана Өкмөттүн колдоосу менен эстелик 2004-жылы гана тургузулган.
4. 2011-жылы Курманжан Датканын 200 жылдык маарекесине арналып, Ысык-Көлдүн жээгине "Курманжан Датка атындагы тарыхый-мемориалдык комплексин" куруу долбоору каралган, бул долбоор Фондубуздун эң бир ири долбоору. Комплекстин аты Курманжан Датка, заты бүт кыргыз элинин тарыхына арналат. Анткени, Курманжан Датка фонду тарыхты, руханий байлыктарды ж.б. улуулукту колдогон уюм. Комплексте салынып жаткан тарыхый музей элибиздин басып өткөн үч доорун камтыйт: 1917-жылга дейре, Совет доорун жана азыркы эгемендүүлүктүн мезгилин. Ошондой эле кыргыз элине эмгеги сиңген 11 тарыхый инсандардын эстелиги орнотулат. Комиссиянын алдын ала чечкен чечими менен төмөнкү инсандарга орнотулат. Барсбек, Махмуд Кашгари, Жусуп Баласагын, Атаке баатыр, Боромбай бий, Калыгул олуя, Ормонхан, Алымбек Датка, Курманжан Датка, Шабдан баатыр, Байтик баатыр. Азыркы учурда Өкмөт тарабынан каржыланып, заказчик Госстройго караштуу үй куруу боюнча башкармалыгы тарабынан курулуш иштери жүрүп жатат.
5. Дагы бир долбоорубуз Датканын 200 жылдыгына арналган, бул Курманжан Датканын басып өткөн жолу боюнча документалдуу жана көркөм фильм тартуу. Бул демилгебизди Республикабыздын Президенти жана Өкмөт колдоого алып, абройлуу комиссия аркылуу сценаристтер, режиссерлор аныкталып, азыркы учурда документалдуу фильм тартууга киришип жатышат.
6. Курманжан Датканын балетин жарыкка чыгаруу. Датканын басып өткөн жолу өтө татаал, ары трагедия коштосо, ары драма, ошону менен бирге эң бир бактылуу күндөрүн балет аркылуу чагылдуруу татаал көрүнүш экен. Бирок, ага карабастан консерваториянын бүтүрүүчүсү бир акттагы балетти көрсөтө алды. Келечекте бул долбоорубуз сөзсүз ишке ашат, себеби музыкасы даяр. Музыкасын көрүнүктүү композитор С. Бактыгулов жазып койгон.
7. Акыркы долбоорубуз келечекте Бишкек шаарында Курманжан Датканын үй музейин куруу. Канчалык бизде тарыхый - маданий борборлорубуз курулса, ошончолук тарыхый эл экенибизди тастыктай алабыз.
Мына жогорудагы биздин фонддун иштеп жаткан долбоорлору боюнча кенен токтоп кеттим. Бул долбоорлордо коммерциялык багыт жок. Коплекстин жери 49 жылга коомдук Фондубузга ижарага берилген. Комплекс элдики. Комплекс бүтүп калса, албетте инвесторлордун же кредиттин жардамы менен, фондубуз кайрымдуулук фонду болгону үчүн колунда бар адамдардын эс алуусунан түшкөн каражаттан, көп балалуу энелер, оорукчан балдар, чыгармачыл инсандар, мугалимдер, журналисттер бир сөз менен айтканда эл үчүн кызмат кылган адамдар эс ала алышат. Ал эми түшкөн каражаттар коомдук иштер үчүн жумшалат.
Ал эми кайрымдуулук иштерибиз боюнча айта кетсек, 15 жылдын ичинде 3000 ден ашуун колунда жок үй-бүлөлөргө ар түрдүү жардам көрсөттүк. 325 өтө татаал оорулар менен ооруган балдардын өмүрүнө өмүр кошо алдык, албетте, кыргызстандыктардын жана ММК дын жардамы менен. ММК аркылуу оорукчан балдарга операция жасоого жардам көрсөтүүнү коомчулукка жеткиребиз. Андан соң коомчулук, жарандар ар бир оорукчан балага өзүнүн колунан келген жардамын беришет. Республикабызда жалгыз биздин Фонд дүйнө жүзүндөгү аброю бар клиникалар менен келишими бар ( А. Н. Бакулев жүрөк оорусу, С. Н. Федоров көз оорусу, Н. Н. Бурденко онкология оорусу ж.б.). Биз жасап жаткан иштер ачык айкын, ММКры аркылуу дайыма коомчулукка эсеби берилип турат.
Эми Датканын урпактарына кайрылсак, биринчиден түздөн-түз урпактары ким деп биз 2001-жылы кайрылганда Жолборс Мырзапаязовду, Чыныбек Абдугапаровду, Жаныбек Адышевди айтышкан. Аларды чакырып, Курманжан Датка энебиздин арбагына куран окутуп, улуу эжелер менен бирге Ж.Нусупова, М.Абылкасымова, Ж.Ташибековалар болуп фондду урпактары сиздерге өткөзүп берели, менин ден соолугума байланыштуу деп сунуш киргиздик. Ошону менен бирге Фонддун офиси, акчасы, эмеректери жоктугун маалымдадык. Бирок урпактары фондду иштете албайбыз, өзүңүз билиңиз, кааласаңыз иштетиңиз, кааласаңыз жаап коюңуз деген акыркы оюн билдиришти. Аларды узаткан соң эжелер: "Кой, Жылдыз, өзүң кыйынчылыктарга карабастан аркалап келе жатасың, мындан ары да аркалай бер эми. Биринчиден Курманжан Датка Кара-Суунун кызы, Жапалак айылында төрөлүп, Мады айылында каза болгон. Сен да Кара-Суунун кызысың, иштет, улуу арбакты козгоп алдык, иштетпесең болбойт, арбактын каарына калып жүрбөйлү" - дешти. Офис жок, баары кымбат, бир тыйын акчабыз жок, компьютер, стол-стулдарыбыз жок. Андан соң биз Өкмөткө кайрылдык, офис маселеси боюнча, кийинчээрек "Достук үйүнөн" бир бөлмө бөлүнүп берилди. Достор, жакшы санаалаштар, бизнесмендер, Курманжан Датканын күйөрмандары бүгүнкү күнгө дейре жардам берип келе жатышат. Бирок ушундай ыплас, пастык менен жазылган ачык каттагы сөздөргө коомчулук албетте ишенбейт. Себеби коомчулук бир четинен Фонд кандай иштерди алып барып жатканын билишсе, экинчиден коомдук ишмер катары менин ким экеними жакшы билишет, мен ушак айтканды билбейм, ким болбосун бетине айткан мүнөзүм бар. Экинчиден, мен Президенттердин атын жамынып сүйлөгөн инсан эмесмин, себеби аз да болсо коомдо өз ордум бар, туруктуу өз позициям бар.
Соттор боюнча, тилекке каршы карапайым калк аларды жумуштан ала алышпайт. Бирок сиңдимин, кызыбыздын өлүмүнүн акыйкатын табыш үчүн керек болсо 10 жыл күрөшүүгө даярбыз. Бизге окшоп эч ким жакындарын эрте бирөөнүн күнөөсү менен жоготушпасын. Бирок өлүм бар жерде соодалашкан сотторду азыркы учурда соттор өзү тазалап жатышат, бул акыйкат көрүнүш.
Жөнөкөй элден баштап Өлкөбүздүн башчысы К.Бакиев Фонддун жасап жаткан иштерин билет. Мындай жагдайларга коомчулук да, жетекчилер да ишенишпейт деп ишенем, себеби биз жасап жаткан иштер, алар бир гана коомчулук үчүн жасалып жатат. Кандай гана кырдаал болбосун ак ийилет, бирок сынбайт. Ошондой эле көптөгөн мырза жигиттер Комплекске көз артып, биздин Фонддон тартып алуу үчүн ар түрдүү ыкмаларды колдонушкан, кийин Комплекс элдики болоорун түшүнүшкөн соң, жардамдарын бере башташты. Бүтө элек Комплекске өзү көз артпаган урпактары эле калган болчу. Баарыңыздарга дагы бир ирет айтып коеюн, эсиңерде болсун, бул Комплекс бир гана эл үчүн салынып жатат.
Ал эми Курманжан Датка болсо - фондго, урпактарына, же кыргыз элине эле эмес, бүтүндөй Чыгыш элдерине таандык. Алты ай мурун ачылган "Алымбек Датка жана Алай ханышасынын мурасы"- аттуу коомдук фондуна ийгилик каалайбыз.
Өткөн, азыркы бийликтин доорунда да, оппозиция тарапта же бийлик тарапта эмесмин. Коомдук, калыс ишмер катары бүтүндөй элдин жашоосуна, коомчулукка зыяны тийе турган маселеде өзүмдүн оюму билдирип келгем, дагы да билдире бермекчимин. Датканын 200 жылдык мааракесин өткөрүү демилгеси фондго тийиштүү болгондон кийин, фонд активдүү иштеп, Өкмөт уюштурган уюштуруу тобу менен жогорку деңгээлде өтөөрүнө ишенем. Себеби мындай иштерди фонд же урпактары өз алдынча өткөзө албайт, чоң мааракенин башында Өлкөбүздүн Президенти Курманбек Салиевич турганда, Өкмөт колго алса, эл-журт колдоп берсе ошондо жыйынтык чыгат. Аалы Токомбаев айткандай "Эл эмгектен эскерсин", биздин фонддун жасаган эмгектерин азыркы учурдагы замандаштар күбө катары баалап жатышса, келечек муун биздин эмгектерибизди изилдеп чыгаарына ишенем. Себеби биз жасаган жумуштар майда-чүйдө коммерциялык же саясий жумуштар эмес, алар улуу тарыхый-мурас, маданий, кыргыздын нукура идеологиясын камтыган, өчпөс из калтырган эмгектер экенин эч ким талаша албайт, төгүнгө да чыгара албайт, о.э. эч ким тарых бетинен жазылган китептерди өчүрүп кое алышпайт.
Жообумдун акырында Курманжан Датканын Комплекси курулуп, тасмалары тартылып биздин ири долбоорлорубуз иштелип жатканда, 200 жылдык мааракесинин алгачкы иш -чаралары башталып жаткан учурда, урпактары менен кайым айтышканга менде таптакыр убакыт жок, тескерисинче ушундай улуу иштер башталып жаткан учурда биздин фонд баарыңыздардан жардам күтөбүз. Курманжан Датка энебиздин мааракесин бүт дүйнө жүзү суктана тургандай татыктуу өткөзөлү.
Ал эми биздин Фонд эл үчүн кызмат өтөп жана Курманжан Датканын басып өткөн жолун мындан ары да даңазалай бермекчибиз.

Сиздерди урматтап,
Курманжан Датка Фондунун төрайымы Жылдыз Жолдошова