Сулуулук - дүйнөнү сактап калабы?

Саясатта жүргөн кыргыз чиновниктеринин эң сулуусу, сексуалдуусу ким?
Майрамкан Маткеримова,
студент:
- Өмүрбек Текебаев мага аябай сулуу көрүнөт. Аябай сулуу го. Кийингенин айт. Таза, тыккан, жарашыктуу. Жанынан дагы жакын көргөм. Колдору да кыздардыккындай назик. Өзгөчө борбойгон эриндерин жактырам. Бою бир аз узунураак болгондо, идеалдуу болмок. Жок, ушундай келбети менен сексуалдуу көрүнөт. Өмүрбек мырзага 10 деген баа берем.

Назира Иманалиева,
студент:
- Адахан Мадумаров саясатта жүргөндөрдүн эң сулуусу жана сексуалдуусу. Ал кишинин кийингени мага аябай жагат. Тыккан, таза, стилдүү кийинет. Бою узун мырзаларды сүйөм. Узун бойлуу эркектердин басканы эле сексуалдуу көрүнөт, ээ. Адахан Мадумаровдун кыймылы эле сексуалдуу. Коңур үнүчү… Туруксуздук жайы бир аз жакпай кетет. Эркек деген сөзгө туруктуу болсо…
Адахан мырзанын келбетине 5 деген баа берем.

Кундуз Орузбаева,
Медициналык академиясында окуйт, 4-курстун студенти:
- Саясатчылардын эң сексуалдуу мырзасы Өмүрбек Бабанов. Балким Өмүрбек мырза кыз болгондо, кара каш, кымча бел азыркы тил менен айтканда "90 60 90" фигуралуу, сулуу болуп, далай жигиттин жүрөгүнө чок салмак. Өмүрбек мырзанын бетиндеги калы эле айымдарды арбап турат. Жылмайганда жүзүнөн нур чачырап, өзгөчө сулуу көрүнүп кетет. Бою узун, булчуңдары чыккан, сулуу… Ммм… Өмүрбек Бабанов "модель" болсо жарашмак.

Аида Нурматова,
Ыссык-Көл областынын Каракол шаарындагы К.Тыныстанов атындагы университеттин 4-курсунун студенти:
- Кыргыз чиновниктеринин ичинен деги эле бардык жагынан төп келген мырза деп Кубанычбек Исабековду эсептейм. Кубанычбек мырзанын спорт менен машыкканын сырткы келбетинен эле билүүгө болот. Себеби, ал кишинин денеси чымыр, булчуңдары спортсмендердикиндей. Булчуңу чыгып турган, чымыр денелүү мырзаларды "обожаю". Анын тазалыгын, маданияттуулугун өзгөчө баалайм.

Азамат Алдашев,
Ата-Түрк Ала-Тоо университетинде 5-курстун студенти:
- Саясатчылардын арасында "роза" гүлгө окшогон ажарлуу, өзгөчө стилдүү, келишкен келбетүү бир айым бар. Динара Ниязалиевага мен эле эмес, далай мырзалар суктанса керек. Динара айымдын басканы, сүйлөгөнү, күлгөнү, керек болосо жини келгени дагы сексуалдуу. Бет түзүлүшү идеалдуу. Динара Ниязалиева сулуу эле эмес, жароокер да жар экени сыртынан эле көрүнүп турат. Келечекте келинчегимди Динара Ниязалиевадай болсо деп кыялданам. Аялзатынын келбетине баа берүү туура эмес го.

Бегимай Чокоева,
студент:
- Ибрагим Жунусовдун "Эриндери борбойгон кыздар сексалдуу болот" деп айтканын бир гезиттен окуп калдым эле. Ал кишинин айтканына таянсак, саясатчылардын эң сексуалдуусу Темир Сариев. Себеби, Темир мырзанын эриндери ачылган кызыл гүлдөй болуп борсоюп турат го. Келбети дагы келишимдүү. Мениче, Темир Сариев спорт менен тынымсыз машыгып турат болуш керек. Башка саясатчылар сыяктуу борпоң эмес, чымыр денелүү, курсагы дагы жок. Курсактуу эркектерди көргүм келбейт. Темир мырзанын келбетине 10 деген баа берсем дагы аздык кылат.





Махабат Алгазиева,
КГУСТА, 4-курстун студенти:
- Кыргыздын айрым кыздары чет элдик кино жылдыздарга суктанып, сулуу дешет. Алардан айрымаланып, мен кыргыздын эле мырзаларына суктанам. Ал эми саясатта жүргөн мырзалардын эң сексуалдуусу, сулуусу, стилдүүсу Ибрагим Жунусов. Ибрагим мырзанын чач жасалгасы сексуалдуу көсөтүп турат. Бирок, мага муруну өзгөчө жагат. Чоң мурундуу эркекетер темпераменттүү болушат деп коёт го. Ибрагим Жунусовдун башынын кыймылдай бергени эле жакпайт. Ошондуктан, 7 деген баа берем.


Даярдаган: Султаналиева Нурайым