Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

PRESSKG.COM



PRESSKG.COM

  Капчык аңтарганда

Аялга акча карматпаш керекпи?

- Аялга акча карматпаш керек? - деген сөзгө кошуласызбы?
- Сиздин үйдө акчаны ким кармайт?


Роза Абдыраимова,
ЖКнын депутаты:

- Менимче, акчаны аял киши кармаш керек. Себеби, эркектерге салыштырмалуу аялзаты үнөмчүл келет. Үйдөгү керектелүүчү азыктардын бар, жок экенин эркектер биле беришпейт. Аял киши баардык нерсеге жеткирүүнүн жолун ойлойт. Ал эми биздин үйдө акчаны мен кармайм. Аял үйдүн куту деген сөз жөн жерден айтылып калбаса керек.


Гүлнара Дербишова,
ЖКнын депутаты:

- Акчанын баары аялдын колунда болушу керек. Анткени, аялдар үйдөгү кем-карчынын баарын билишет. Эркектер сыркы иштер менен алек болот эмеспи. Анан дагы аялзаты эркектерге караганда бир топ эле үнөмчүл болушат. Эми айрым айымдар бар арабызда, акчаны туура пайдаланганды билбеген. Ошондон улам бул сөз келип чыкса керек деп ойлойм. Биздин үйдө ар ким өз керегине жараша акча кармайт. Сен карма, мен кармайм деп талашпайбыз.


Бакытбек Иманалиев,
ЖКнын депутаты:

- Тескерисинче, акчаны аялга карматыш керек. Аялга бербесең өзүң үйүңө эмне керек экенин билбейсиң да. Күнүгө баштык көтөрүп, дүкөн кыдыруу эркек кишинин иши эмес. Мындай нерселерге менин убактым да жок. Ошондуктан, үйдө акчаны жубайым экөөбүз тең эле кармайбыз. Акча туурасында бизде талаш жок.


Рахатбек Ирсалиев,
экс-депутат:

- Эмнеге аялга акча карматпаш керек? Акчаны аялга эле карматыш керек деп ойлойм. Себеби, үйдө эмне бар, жок экенин балдардын кийим-кечесин аял билет эмеспи. Ошондуктан, аял киши үй-бүлөнүн кызыкчылыгы үчүн, жумшалган каражаттар үчүн акчаны кармашы керек. Биздин үйдө үйгө, бала-чакага, өзүнө керектүү акчаларды жубайым өзү эле кармайт. Ар бир адамдын, ар нерсенин өз орду болот да. Аял кишиге акча карматпаш керек деген сөздү колдобойм.


Эркин Каимов,
ЖКнын пресс-кызматынын башчысы:

- "Кеңешип кескен бармак оорубайт" деген жакшы сөз бар го, кыргызда. Аял менен эркек мен акчаны кармайм, сен кармаба деп трагедия жасабашы керек. Кеңешип эле, жашап жаткан татынакай үй-бүлөлөр көп. Акчаны ким кармаса эле ал "герой" эмес. Ар бир үйдө эркек менен аял өз ордун, милдетин билиши керек.




Токтогул Какчекеев,
саясат таануучу

- Бул суроого бир тараптуу жооп бере албайм. Маданиятуу, тарбиясы жакшы үй-бүлөлөрдө мындай проблема болбойт. Аялзаты үй оокаттарын билишет. Ошондуктан, акчаны аял кишинин колуна бериш керек. Үйдүн башы эркек болсо, куту аял. Аял киши акчаны кармап эле үй-бүлөсүнүн кем-карчын гана камсыздабастан, үйдүн куту, мээримдүү энеси болушу шарт. Биздин үйдө мындай талаш жок. Себеби, ар кимибиз өз ордубузду, милдетибизди жакшы билебиз.









кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
email • архив • редакция 
18-февраль, 2010-ж.:
1-бет
КУРМАНОВДУН БИЛИНБЕГЕН ТАРЫХЫ
2-бет
Мукар Чолпонбаев, коомдук ишмер:
"Чулгандуу окуяны баштоо үчүн эмес, элдин талаптарын айтуу үчүн чогулуп жатабыз"

3-бет
Музмайданда
Жаңыл Түмөнбаева

4-бет
Сазыкбай Турдумалиев, "Арча" партиясынын лидери, ишкер:
"Кызматка келгенде кимиси Кыргызстанды оңдоду эле?"

5-бет
Журналисттердин коопсуздугун кантип камсыздайбыз?
6-бет
Кыргыз Республикасынын Президенти К. С. Бакиевке
Алымбек Датканын урпактарынын атынан жазылган катка жооп

7-бет
Жаштар парламентаризмине жол ачыш керекпи?
8-бет
"Мой мир"
9-бет
Кыргызча тактык
беш мүнөт эрте

10-бет
"Каскадёр Үсөн Кудайбергеновдун жубайы буту баспай коляскада отурат"
11-бет
о перспективах кыргызко- иранского сотрудничества
12-бет
Тең тайлашкан теннисчилер
13-бет
Садыраалы уулу Жаныш:
"Бакайыр менен кошо элге бак кайрыдым"

14-бет
Капчык аңтарганда
15-бет
"Көзүмө жылдыз көрүндү деп коркпош керек"
16-бет
Саясатта жүргөн кыргыз чиновниктеринин эң сулуусу, сексуалдуусу ким?





Яндекс.Метрика