Маектөр

Абдыганы Эркебаев, коомдук ишмер:
"Бул курултай парламентти тарката албайт. Бирок…"
- Абдыганы агай, биринчи сурообузду коомчулукту дүрбөлөңгө салып, түрдүү пикирлерди жаратып жаткан ынтымак курултайынан баштасак. Курултайга кандай адамдар келиши керек? Кандай маселелер көтөрүлүшү керек?
- Курултайдын түпкү мааниси элдик кеңеш, элдик жыйын дегенди түшүндүрөт. Дүйнөдөгү кайсыл элдин тарыхын окуба курултай бар экенинен кабар аласың. Керек болсо библияны окусаңар анда дагы курултай жөнүндө түшүнүк бар. Түрк жана монгол элдери Чыңгызханды хан көтөргөндө элдик жыйын кылып, хан шайлашкан. Кыргызстанда бул жаңылык деле эмес. Болуп келген жана боло берет. Кыргызстан эгемендикти жаңы алган жылдары мен өкмөт башчысынын орун басары болуп турганымда, август айында курултай болуп, уюштуруу комитетинин төрагасы болгом. Кийин бийлик тараптан жергиликтүү жамааттарда курултай деп өткөрүлүп келди. Мамлекеттик деңгээлде маани берилбегени менен оппозиция тараптан жалпы элдин кызыкчылыгын көздөгөн курултайлар дагы болуп жүрдү. Ошондой эле өзгөчө Дастан Сарыгулов биригели деген жакшы демилге, кайрылуулар менен басма сөз каржаттары аркылуу сунушун айтып жүрдү. Конституциянын азыркы редакциясында мурунку салтты колдоп, ар кандай уюмдар курултай өткөрүүгө укугу бар. Элдик пикир жагынан, ал түгүл конституциялык жактан курултай өткөрүүнүн эөөн-теөөнү деле жок. Болгону мурда жогорку деңгээлдеги курултай деп аталчу. Азыр ынтымак курултай деп чакырылып жатат. Мамлекетибиздеги иштерге кайдыгер карабаган жаран катары президенттин элге кайрылуусун дагы угуп, жарлыгын дагы окудум. Башталган иштин уландысы катары бааладым. Бирок, курултайды кандай деңгээлде, кандай форматта, кандай принципте өткөргөнү жатат, кеп ошондо. Ушул жагына келгенде бир топ олуттуу ойлор айтылып келет. Президент өткөрмөкчү болуп жаткан курултай менимче укуктук, мамлекеттик деңгээлде болбой тургандай болуп калды.
- Эмне үчүн?
- Биринчиси, конституциялык жактан канчалык деңгээлде бүгүнкү күнгө шартка ылайык келет? Аны так таразалап карап, мамлекеттик орунттуу маселелерди караган курултай болушу керек эле. Тилекке каршы, гумманитардык, маданий мүнөзгө ээ курултай болуп калгандай. Андагы каралчу маселелердин чөйрөсү, деңгээли өтө эле тар болуп жатат. Ушул жагынан элдин, мамлекеттин тагдырын чече турган маселелер көтөрүлбөйт. Экинчиси, экономикабыз, социалдык абалыбыз жакшырса гана маданият дагы, билим берүү дагы болот. Ошону эске алышыбыз керек. Үчүнчүсү, бул курултай жылына бир гана жолу сунуш иретинде болот. Профессор Хусейин Исаевдин кыргызча дагы, орусча дагы жазган макаласын окудум. Анын жазганына караганда президентке бир канча вариантын сунушташыптыр. Президент тар чөйрөдөгү сунуш иретинде кабыл алынып, каралчу курултайды тандады дептир. Кыскасы, президент оңойураак, жеңилирээк түрүн тандады десек болот.
Төртүнчүсү, аталган курултайга делегаттарды шайлоо принциптерин карасаң ынтымак курултайына шайкеш келбей калды. Дегеним, бийликке түздөн-түз баш ийген адамдар гана келгени жатат. Ошондон пайдаланып, 440 айыл өкмөтүнөн бирден киши келе турган кылып койду. Мурда айыл өкмөттөрдү эл шайласа, азыр андай эмес. Демек, алар өздөрүнө жаккан, айтканынан чыкпаган адамдарды делагат кылып жөнөтүшөт. Андан тышкары дагы 150 кишини президент өзү жеке укугу менен чакыра турган болду. Ал дагы өзүнө жаккан гана адамдарды чакырат. Демек, анча-мынча эмгек мигранттары, 20 чакты дин өкүлдөрү катышат. Өкүнүчтүүсү ынтымак курултайдын өкүлдөрүн шайлоо, эл шайлаган кишилерден болбой жатпайбы. Ынтымак курултай дегенибиз жакшы. Бирок, мындай аталганы менен эл менен бийликти жакындаткан, биримдикке чакырган саясий көз карашы бар оппозиция жана саясий партиялар бар. Ошолордун бирине дагы орун берилген жок. Демек, курултайдын курамы дагы бир жактуу болуп жатат. Талаш-тартыш бийлик менен оппозициядан чыгат. Оппозиция менен саясий партиялар катышпагандан кийин ал эмне деген ынтымак курултай. Бул жагынан дагы, саясий мамлекеттик көз караштан алганда дагы бир жактуу. Чындап эле ынтымакты кааласак, ичти кең салып, баарына калыс, бирдей болуу зарыл. А бизде тескерисинче, шайлоо принциптери да, курамы дагы бир жактуу болуп жатат. Мен кемчиликти ачык айткан адаммын. Учурунда өкмөттүк эмес уюмдарды дагы тарталы, ынтымакка чакыралы деп Кыргызстан элдеринин ассамблеясын түзгөнбүз. Бизди туурап казактар дагы түзгөн. Бул учурунда жакшы механизм болуп берди. Аны Акаев дагы колдонгон. Бакиев да шайлоо учурунда колдонду. Кийин 2007-жылдагы парламенттик шайлоо бир беткей болуп калганын эске алып, коомдук парламент түздүк. Аны түзгөндө конституцияда жок деп чыгышты. Конституция боюнча ар бир адамдын, жарандын курултай өткөргөнгө, уюм түзүүгө укугу бар. Аны эске алышпай коомдук парламентти түзгөнүбүз үчүн мага дагы башкы прокуратура тарабынан эскертүү беришти. Андан көп өтпөй эл менен бийликти жакындатуу, ынтымакка чакыруу максатында бийликке жакын кишилерден коомдук палата түзүлдү. Бирок, коомдук палата бир дагы жарытылуу иш жасай алган жок деп айтаар элем. Аты бар, заты жок болуп калды. Ошондой болсо дагы бюджеттен акча бөлүнүп, айлык алышат. Ушундай эле палата Россияда жакшы иштеп жатат. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда ассамблея, коомдук палата бар. Эми ынтымак курултайы түзүлүп жатат. Үчөөнү бирдей ачып албай, жок эле дегенде бирин натыйжалуу иштетсек болмок.
Жалгыз гана ушундай көрүнүш раматылык түркмөн башынын авторитардык, диктатуралык режиминин учурунда мамлекеттик жана укуктук маселени чечүү үчүн болгон. Биздин ынтымак курултайына салыштырмалуу жогорураак деңгээлде түзүлгөн десек да болот. Ага президент, өкмөт, жергиликтүү башкаруу кызматынын жетекчилери катышып, мамлекеттик, укуктук чоң маселелерди чечишчү. Эл менен кошо бийлик өкүлдөрү катышчу. Бизде болсо, мамлекеттик муниципиалдык кызматтар, депутаттар катыша албайт. Демек, жөн гана өкүлдөр келип, тар чөйрөдө өз маселелерин айтып кетип калышат. Кааласа алардын сунуштары кабыл алынат. Каалабаса кабыл алынбайт. Милдеттендирчү эч кандай мүмкүнчүлүк жок.
Дагы бир өкүнгөнүм, чыгашаны азайталы, окшош структураларды, ар кандай бюрократиялык уюмдарды жоелу деген менен кайра алар көбөйүп жаткандай. Дегеним, ынтымак курултайынын жобосунда 750 киши жылына бир гана жолу келип кетет экен. Жылына бир жолу келчү жыйындын төрагасы, орунбасары, катчысы айлык алат экен. Мыйзам боюнча коомдук уюмдарга бюджеттен акча каралбашы керек. Бул жерде мыйзам дагы бузулуп, конституцияга шайкеш келбей жатат. Андыктан аталган курултайдын маңызы, форматы, иштөө принциптери дагы демократиялык жол менен болушун чын дилимден каалайт элем.
- Эгер сиз аталган курултайга барып калсаңыз кандай маселелерди көтөрөт элеңиз?
- Эгер бийлик мени эле эмес, менден башка саясий партияларды, бийлик менен кайчы пикирде жүргөн инсандардын баарына тегиз мамиле жасап, Конституция, мыйзам, Кыргызстан, эл баарыбызга бирдей экенин эске алып чакырса, тар чөйрөдө деле оюбузду айтат элек. Чындап эле чакыруу келип калса качпайм. Акыл-эси жайында адам ал жерге барып, чыр чыгарганды деле каалабайт.
- Курултай болот дегенден баштап депутаттарды дагы курултайдын шылтоосу менен таркатып жиберет деген божомолдор күч болуп жатат. Ошондой болушу мүмкүнбү?
- Президент өзүнүн кайрылуусунда, жарлыгында, жобосунда "мамлекеттик саясый жана укуктук маселелер кирбейт" деди. Ошондуктан депутатар бизди таркатып жиберет деп коркпой деле койсо болот. Бирок, конституциялык өзгөртүүлөрдүн шылтоосу менен рахмат, жакшы иштеп бердиңер, бул жагынан дагы бир жолу аракет кылып көрөлүчү деген сөз менен таркатып дагы коюшу мүмкүн. Бекеринен курултайды нооруз майрамына тушташ койгон жок да. Нооруз майрамы болот. Анан революциянын беш жылдыгы болуп, курултай майрамдык маанайда өтүп, келгендердин баарын таркатып жиберет. Мындайды биз деле учурунда башыбыздан өткөргөнбүз.
- Быйылкы жыл мурас жылы деп жарыяланып, кыргыздын улуулугун, бийиктигин даңазалаган жыл болот көрүнөт. Кыргыздын аздектей, бапестей турган, кийинки муундарга жоготпой өткөрүп бере турган кандай касиеттери бар?
- Кыргыз калкынын башка элдер сыяктуу эле көптөгөн жакшы салттары, касиеттери бар. Сүйүктүү мекенибиз бар. Каада-салттарыбызды жоготпогонубуз жакшы. Бирок, каада-салтыбызды аздектеп, маданияттуу сүйлөгөн менен эле иш бүтпөйт да. Кара жаныңды карч уруп иштешиң керек. Кытай, жапондордой эмгекчил болушубуз керек. Раматылык Салижан Жигитов чыныгы кыргыз улутманы, азаматы эле. Кара жанын карч уруп иштеп, сүйлөй да, жаза да билчү. Жалкоолугубузга кандай күйчү эле. Мен дагы куру сөз менен калтырбай, оюмду бирөөгө таңуулабай эмгек жазып, башкаларга өрнөк болсом экен дейм. Өз үй-бүлөсүндө кыргыздын каада-салтын сактабай, өз элиңдин көркөм өнөрүн, музыкасын аялың, балаң билбесе, кыргыз тилинде сүйлөй алышпаса, анан кантип кыргыздын тили, мурастары деп сүйлөөгө болсун. Бул жерден дагы ишибиз менен сөзүбүз айкалышпай жатпайбы. Ошондой эле жөн эле мурас жылы деген болбойт. Атаганга жараша каражат бөлүш керек.
- Президенттик шайлоодон көп өтпөй эле эмнегедир мураскер деген сөздөр коомчулукта көп айтылып калды. Ага улай эле президент бир жакка кетсе, мамлекетти башкарчу адамды мамлекеттик кеңеш же президенттик кеңеш даярдаш керек деп чыгышты. Буга кандай карайсыз?
- Мындай пикирлердин чыгышына президент өзү себепкер болуп, конституцияга өзгөртүү киргизүүгө демилгечи болду. Азыр президенттин бардык жагынан ыйгарым укуктары бар. Конституциялык нормада кудай бетин салбасын, президент ооруп калса же дагы бир жамандык иш болуп кетсе, ордуна деген маселе болуп жатат. Биздин нормада президент мамлекетте жок болсо өкмөт башчысы же парламенттин төрагасы убактылуу башкарып турушу керек. Президенттик кеңешме, мамлекеттик кеңешме даярдаш керек деген болбойт. Конституциялык сотко ырахмат. Кыргызстан эгемендик алгандан бери биринчи жолу президенттин демилгесине шектүү карап, каяша кылып жатат. Демейде президент эмне десе ошону аткарышчу эле. Бу сапар баш тартты.
- Жогоруда коомдук парламент тууралуу айтып өттүңүз. Башында жакшы уюшулуп, сиз төраг болдуңуз эле. Азыр коомдук парламенттин бар, жок экени да билинбей калды. Эмне иш менен алек болуп жатасыздар?
- Ушул маселе боюнча жакында өз оюмду билдирейин деп жүргөн элем. Сурап калдың эми айтып берейин. Эки жыл мурда Акыйкат кыймылы түзүлүп, анын уландысы катары коомдук парламент түзүлгөн. Биринчи жылы жакшы иштеди. Менимче, өз миссиясын, милдетин аткарды. Өткөн жылы чукул шайлоо болуп, саясатчылардын көбү шайлоо менен алек болуп кетти. Кечээ жакында эки жолу жыйын өттү. Ден-соолугума байланыштуу катыша алган жокмун. Терең ишенимимде президенттик шайлоонун эрте болушу, анын жүрүшү, жыйынтыктары, саясий кырдаалды олуттуу өзгөрттү. Мыйзам чегинен чыкпайбыз деген менен радикалдашып кеткендери да, мыйзамды сактагандары, сактабагандары да болду.
- Эмне үчүн оппозицияда деле, бийликте деле көрүнбөй калдыңыз? Эмне иш менен алек болуп жатасыз?
- Мен бир мүнөтүмдү дагы текке кетирбеген адаммын. Мага убакыттан өткөн кымбат нерсе жок. Баардык мамлекеттердин конституциясын, тарыхын окуп жатам. Ошондой эле Манасты, кенже эпосторду кайра башынан окуп, анализдеп, кыргыз элинин тарыхы бүгүн кандай, эртең кандай болуш керек, эмнеге жетиштик, эмнеден өксүдүк деп кыргыздын тарыхын иликтеп жаткан чагым. Анын ичинде экономикасы, маданияты, саясаты бар. Ошондой эле былтыркы жылы 4 көлөмдүү жакшы макала жаздым. Чыңгыз Айтматовдун каза болгонуна кайгырып, баардык чыгармаларын кыргызча-орусчасын кайра башынан салыштырып окуп чыктым. Саясатта анча көрүнбөгөнүмдүн себеби, чукул болгон президенттик шайлоонун кандай болоорун алдын-ала билгенден кийин болбогон ишке аралашкым келген жок. Андан көрө убакытты туура пайдалангым келди.
- Акыркы учурда журналисттер арасында мени сабап кетти, телефон чалып коркутуп жатат деген сөздөр чыгып калды. Бул жагдай журналисттердин арзан пияры эмеспи, кандай дейсиз?
- Ар кимдин жакшы да, жаман да көргөн адамы болот. Жаман көрүп, шыбап жаза берсең ал деле адам да. Жазсаң чаап коюшу ыктымал. Демек, так фактыны жазбастан же бирөөнүн буйрутмасы менен жазып койсоң, артыңдан түшүшү ыктымал. Экинчиси, бийлиги менен байлыгы бар адамдарга тийишсең алар да артыңдан түшүшү мүмкүн. Колуңдан келсе, артыңдан түшкөнгө негиз бербе.

Маектешкен
Чынайым Кутманалиева