Турсунбек Акун, Акыйкатчы:
"Президенттик да, Мамлекеттик да кеңешке каршымын"
- Турсунбек мырза, жакында парламентте жылдык доклад менен чыккан турасыз. Кыргызстанда адам укуктары тууралуу ар кандай кайчы пикирлер бар. Бул маселе менен профессионалдык негизде иштеген адам катары айтсаңыз, акыркы мезгилде бул маселе боюнча кандай тенденцияларды белгилей аласыз?
- Адегенде жетишкендиктерди айта кетейин. Бул жагынан алганда президентибиз, премьер-министрибиз көп жардамдарды беришти. Адам укугун коргой турган институт болгон соң бул жерде иштеп жаткандарга шарт түзүлүш керек. Президенттин указы менен акыйкатчы институтунун кызматкерлеринин айлыгы ЖКнын айлыгына теңелди. Мурда айлык аз болгондуктан кадрлар келип эле кетип калышчу, эми күчтүү кадрлар иштей башташты. Акыйкатчылардын форумун Ысыккөлдө өткөрүп алдык, ага өкмөт жана эл аралык уюмдар чоң жардам беришти. Жаза аткаруу мекемеси өз алдынча болуп түзүлгөндүгү абадан жакшы болду. Президентибиз демилге көтөрүп мыкты долбоорлор үчүн бейөкмөт уюмдарга 50 млн. сом өлчөмүндө грант бериле турган болду.
Бул жетишкендиктерибиз кемчиликтерибизге караганда тилекке каршы аз болуп жатат. Мурун пикет-митинг, демонстрация өткөрүү жеңил болчу. Мурун Конституциялык соттун чечими менен андай иш-чаралар алдын ала эскертип коюу менен гана өтө берчү, азыр атайын уруксаат алмайынча болбойт. Бул артка кеткендик болуп саналат. Украинада, Грузияда мурдагы система боюнча калган. Ал эми бизде Масалиевдин мыйзамы адамдардын тынч чогулуусуна бөгөт болуп калды. Ушул жагы жаман болуп турат.
- Масалиевдин мыйзамы дейсиз, аны "Акжол" колдоп берди да?
- Ооба, "Акжол" колдоп берди. Кийин президентке кайрылып, кол койбоосун сурандык эле, тилекке каршы кол коюлуп калды. Бирок президент анткени менен, демилге көтөрүп ал мыйзамга альтернатива катары башка мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн атайын жумушчу топ түздү. Ал жумушчу топтун башында мен турам, мүчөлөрү болуп президенттик аппараттын өкүлү, өкмөттүн өкүлү жана Исхак Масалиев да бар. Биз ал мыйзамды кайра карап чыгалы деп, бирок кайра айнып, такыр башка мыйзам долбоорун иштеп чыктык. Ага кандай баа беришет деп, Венециялык комиссияга жөнөттүк. Алар аябай жакшы мыйзам деген корутунду беришти. Негизи корутунду мыйзамга берилиши керек эле. А биз алдын ала мыйзамдын долбооруна корутунду алып отурабыз. Ал боюнча атайын семинар уюштурдук эле, Англиядан, Швейцариядан келген адистер аябай күчтүү мыйзам экен деп бааларын беришти. Буюрса жакын арада бул долбоорду парламентке киргизели деп турабыз. Мындан тышкары Петровкадагы, Ноокаттагы окуялар боюнча, кийинки Балыкчыдагы эле адамдардын да камалышы туура эмес болуп калды. Шайлоо деген шайлоо, ал жерде административдик гана чаралар көрүлүшү керек эле. Ал эми кылмыш ишин козгоо аша чапкандык болот, алар бирөөнү өлтүрүшкөн жок, эч кимди талап тоногон жок да. Жеригиликтүү администрацияга барып протест кылышты, анткени шайлоодо акимдер аларга бут тосушту, ошого жинденген эл чыкты да.
- Анан сиздин укурук кыска болуп жатабы?
- Мисалы Акыйкатчы рекомендациялык мүнөздөгү гана укуктарга ээ. Биздин айткандарыбыз, жасагандарыбыз милдеттүү түрдө аткарылбайт, буга биздин укугубуз жок. "Адам укугу тебеленип жатат, мындай болбош керек" деп коңгуроо гана кага алабыз. Аны президентке, өкмөткө, депутаттарга жана коомчулукка айтабыз. Мисалы, бирөө бир нерсе уурдап жатса биз аны колго чаап кармай албайбыз. "Эй, эл журт, биякта уурулук болуп атат" деп гана айта алабыз. Ал эми ууруну кармай тургандар башка, алар милиция менен прокуратура. Биздин милдет кечигип калбай өз учурунда коңгуроо кагып туруу. Бул биздин алсыздыгыбыз эмес. Омбудсмендин өзүнүн жаратылышы ушундай.
- Акыркы учурларда ММКларда "Турсунбек Акун мурдагыдай болбой, акыйкаттан тайды. Жогору жакка карап түздөнүп калды" деген өңдүү пикирлер көбөйүп бараткандыгы байкалууда. Сиздин азыркы айткандарыңыз боюнча, алар негизсиз, анткени сиз мындан ашык иш кылууга мүмкүн эмес экен да?
- Ошолорду жазып жаткан журналисттердин курч суроолорунан качып атсам бир жөн. Алардын арасында кээлерин мурун мен Акүйдө иштеп турганда кызматтан кетирип койгондорум да бар. Мага ошолор таарынып атат. Менин айтайын дегеним, мен эч кандай өзгөргөн жокмун, өзгөрбөйм дагы. Байлык менен бийлик колдун кири. Өзүмдүн позициямды оппозицияга да, бийликке да ачык айтып жүрө берем. Акаевга деле кошомат кылган эмесмин, Бакиевге да кошомат кылбайм. Бирок президентти сыйлайм, анткени менин бул кызматка келишиме ал кишинин ролу чоң. Бирок сыйласа эле ага чындыкты айтпай калат эмес да. Айтып атам, коңгуроону кагып атам, андан аркысы башкалардын иши. Эгер мен коңгуроону убагында кага албай калсам бир жөн болот эле. Ноокат окуясы боюнча атайын комиссия түзүп, башына Азиза Абдрасулованы шайладык. Фактыларды жеринде болуп топтоп келип, башкы прокурорго, Жогорку соттун төрайымы Алиевага бердик. Эмне болду? Акыры 15-20 жылга кесилгендердин мөөнөттөрүн төрт гана жылга ылдыйлаттык. Аракет кылдык, унчукпай койсок бир жөн. Жекшенкулов менен Исаков боюнча да айтып атам. Булар иштеп турганда кармаш керек болчу.
- Саясый мотив менен камалды дегенге кошуласызбы же?
- Жок, мен саясый мотив деп айта албайм. Анткени Акыйкатчы сот эмес, тергөөчү да эмес. Андыктан алар күнөөлү же күнөөлүү эмес деп айтудан алысмын. Бирок эмне үчүн алар иштеп турганда эле жоопкерчиликке тартпайт? Эмне үчүн министр болуп турганда эле ичип-жегени үчүн иш козгоп кызматтан албайт? Эмне үчүн алар кызматтан кетээри менен кармабайт дагы, алар оппозицияга кошулуп, кыймыл түзүп, бийликти сындап чыккандан кийин гана кармайт? Ушунун өзү шек саноого жол берип атат, саясый куугунтук деп шектенүүгө шарт түзүп атат. Дагы кайталап коеюн, сот болбогондон кийин бир жактуу эч нерсе айта албайм. Бирок мен бир квартира үчүн, болгондо да албаган квартира үчүн ушунча болуп жаткандыгына нааразымын, мына ушуну мен айта алам. Эл да нааразы болуп, шек санап атат. Алардыкы да чын. 65 адамдын өмүрүн кыйган "Боингдин" учкучу 8 жылга кесилди. Анан кантип нааразы болбойсуң. Мен нааразымын, бирок соттун чечими деген соттун чечими. Мен Исаковду актай да, каралай да албайм, бирок кудайды бир караш керек да. Кошоматчылыктын да чеги болушу керек. Мисалы, Бакиев сотторго өзү чыгып Исаковду мынча жылга, Жекшенкуловго мындай жаза, Кадырбековго мынча жыл деп жатат дегенге мен кошулбайм, андай болушу мүмкүн эмес, канча жылдан бери иштеп атам, бир дагы жолу Бакиев же анын атынан бирөө чалган жок. Ал эми Акаевдердин убагында андай нерсе болгон. Азыркы президент соттордун ишине кийлишишпегиле деп турат. Ошол эле учурда соттор өзүлөрү жакшы көрүнүш үчүн жагалданып иш жасап коет.
- Жагалданынын себеби түшүнүктүү да. Эртең кызматыман айрылып калам дейт. Ушул көз карандылыкты жоюш керек да?
- Мисалы жергиликтүү соттор мурун ЖКдан бекитилчү. Биздин жумушчу топ, анын ичинде Бекназаров, Атамбаев бар, жергиликтүү соттор ЖКда эмес, президент беките турган кылып койдук. Муну Бакиев да колдоду. Менимче бул абдан туура болду. Президенттин алдында Сот адилеттиги боюнча улуттук кеңеш түзүлдү. Ушул кеңеш соттордун ишин тескейт, ичип-жегени болсо кызматтан алат.
- Толук көз каранды болуп калып жатпайбы?
- Толук көз каранды болбой эле турат. Парламентитин 90 депутатына 90 жолу көз каранды болгондон көрө бир эле адам болгон жакшы да. 90 депутаттын токсондон тууганы бар. Көз карандылык кайсы бир деңгээлде бар дечи, туура түшүнсүң, бирок бир адамга баш ийген жакшыбы же 90 адамга баш ийген жакшыбы? Бул жерде президент атайын айтат дегенге мен такыр кошулбайм. Кеп башкада. Кеп соттордун өзүндө, алар мыйзам менен гана иш кылсын, фактыны карасын, жок дегенде адамдык сапат деген болуш керек. Антпей атпайбы, жагалданып атышат, себеби алар окууга да пара менен өтүп, эптеп диплом алган, тааныш менен ишке орношуп, жолун таап судья болду да, эми бийликти карап отурат. Ал байкуш өмүр бою көз каранды болуп келатат. Сот деген принципиалдуу, адилеттүү, эч кимге жан тартпашы керек. Ушул сапаттары жок судьяларга туш келип калып жатат. Убагында Куловду бир судья таза экен деп кое берип жибербеди беле. Акаев аны кызматтан алып, Куловду башканын колу менен соттоп койгон. Паракорлук деген адамдар өз укуктарын билбегендиктен келип чыгат. МАИчилер пара алат дейбиз, шоопурлар өзүлөрү эреже бузат анан берет да. Шоопур эрежени сактаса эле МАИчи ала албайт. Баардык нерсе укуктук нигилизмден келип чыгып жатат. Мисалы, биз 2011-жылы БУУнун ?комитетине Кыргызстанды мүчө кылалы деп жатабыз. Антсек бизге көптөгөн гранттар, кредиттер оңой берилет эле.
- Ал үчүн алардын талаптарына да жооп бериш керек да?
- Ооба, митинг-пикеттерге тыюу салынбаш керек, Акыйкатчыга кысым болбой, жакшы шарт түзүлүш керек, ал саясаттан тыш болушу шарт. Биздин мыйзамдын 7-беренесинде "Эгер Акыйкатчынын жылдык доклады ЖКдан өтпөй калса кызматтан кетет" деген жери бар. Бирок 6-беренеде Акыйкатчы толук көз карандысыз институт деп турат. Экөө бир-бирине дал келбейт, мени оңой эле кызматтан кетирип койсо болот. Мен ошол коркунучка карабай ачык эле айтып жатам. Мен муну менен Омбудсмендин толук көз карандысыздыгы камсыздалбагандыгын айтып жатам.
- Бейөкмөт уюмдар Ноокат окуясын көзүр кылып кармап атат. Айтайын дегеним, мамлекеттик коопсуздук кымбатпы же адам укуктары кымбатпы?
- Айрымдар азыркы бийликти диктатурага ыктап кетти деп да жатышат, демократиядан четтеди дегендер да көп. Бирок бир жакшы жери саясый стабилдүүлүктү камсыздады. Стабилдүүлүк баарынан кымбат, тынчтык болбосо, башкасынын баарынын баркы жок. Кыргызстан тынч өлкө, келечеги кең деп инвесторлор келет. Бирок андай шартка адам укугун бузбай деле жетсе болот. Европада ошондой, ал эми бизде деңгээл башка болуп жатат. Бизде текеберлик көп, оппозицияда, жарандык коомдо да баягылар эле чыгат, калганы баары четтен карап турат. Ар бир адам жеке жоопкерчилигин сезип анан жалпы жоопкерчиликти моюндамайын абал өзгөрбөйт. Бийликти диктатурага биз өзүбүз түртүп жатабыз.
- Жакын арада Конституцияга бир топ өзгөртүүлөр киргени турат. Анын ичинде президенттик кеңешмеге, тагыраагы кайрадан түзүлө турган Мамлекеттик кеңешмеге пикириңиз? Ал жерде президент кокус иштей албай калса, анын милдеттерин экинчи бир адамга убактылуу берүү мүмкүндүгү каралып жатпайбы?
- Мен аны колдой албайм, бул туура эмес нерсе. Дүйнөлүк практика боюнча же прмьерге же спикерге берилиши керек. Бул жерде белгилей кетчү нерсе, президенттик аппараттын балдары адегенде президенттик кеңешме деп туура эмес атап алышкан, алар да жакшы иштеши керек эле. Мына азыр президентти сөзгө калтырып коюшту. Конституциялык сот Президенттик кеңешме болбойт деп чечим чыгарып, Мамлекеттик кеңешме керек дептир. Мамлекеттик кеңеш да болбой калса эмне кылабыз? Реформаны создуктуруп атышпайбы. Эл аралык стандарт деген бар, ачык эле атам. Омбудсмендин принципиалдуу позициясы ушул ө пезиденттик кеңешмеге да, мамлекеттик кеңешмеге да каршымын. Анткени анын баарын эл гана чечиши керек, бир ууч топтун чечип калуусу туура эмес нерсе. Болбосо стабилдүүлүктү жоготуп алабыз, мунун түбү жаман нерсе. Бийликте отургандардан ушинтип мендей болуп кимиси айта алат экен?
Автортаризм деп атышат, Бакиев өзү демократ киши. Ошол демократиянын аркасы менен бийликке келген. Эгер Бакиев революциянын башында турбаганда анын ишке ашаарына көзүм жетпейт болчу. Бакиевдин ордунда мен же Тургуналиев, болбосо Жыпар Жекшеев чыкса эл колдобойт болчу. Биздин авторитет анын деңгээлиндей болгон эмес, жада калса азыр да жете элекпиз. Оппозиция ушуну да мойнуна алгысы келбей атпайбы. Манты жейт дегендерине да ишенбейм, а бирок манты жейби, лагман жейби, жөө басып, элдин башына туруп берди да. Кечирип койсун, бул кошомат эмес, бул чындык.
- Конститциялык соттун чечиминен улам президент шашып атып реформалар чала даярдалып калгандай таасир калтырып атпайбы?
- Президент кантип эле чала болуп калсын деп шаштырсын? Башкалар Бакиевди жамандай беришсин, бирок мен билем, анын даанышмандык жактары бар. Акаев качан өзүн сындагандар менен иштешти эле? Куугунтукка албады беле. А бул оппозициянын баары менен иштешти го. Бирин койбой премьер, спикер, вице-премьер, губернатор, министр кылды. Бабанов эмне деген гана сөздөрдү атчу эмес эле, оозуна ак ит кирип, кара ит чыкчу, кыздардын баары аны сүйүп калган. Акыры иштей албай мыш болуп кетишпедиби, азыр балык болуп олтурушат. Генерал, фронт, канжар болуп атып, азыр Кулов балык болбодубу. Ал үчүн деп убагында чуркап жүргөнүмү аябай өкүнөм, кечирип койсун ушунчалык өкүнөм. Жалгыз гана Суваналиевге ыраазымын, жакшы иштеп, таза кетти. Ошол эле Жекшенкуловду, Исаковду койду. Мени койду эле, Акүйгө олтуруп алып кайра өзүн сындап жүрбөдүмбү, кайра Омбудсмен кылып койду. Жагалданбай эле ачык айтып келатпаймбы. Фамилиясын айтпай эле коеюн, азыр оппозицияда жүргөндөрдүн арасында мурда министр болгондор бар. Мен комиссияда турганда мени киши катары көрүшчү эмес, эми иштери түшкөндө өзгөрүп калышыптыр. Мисалы мен өзгөрбөй эле келатам, кызматтан кеткен күнү деле президентке өмүр бою ыраазымын. Кызматтан кетсе эле Турсунбек Акун оппозицияга кошулат деп ойлошобу, ачык айтайын кетсем эле жамандап калбайм. Азыркы бойдон акты ак, караны кара деп кала берем. Адам кемчиликтерди кызматта турганда айтышы керек. Мен Куловго премьер болуп турганда канча айттым. "Жок айталбайм, сен айт" деп туруп алган, анан бир күнү карасам эле фронт болуп калыптыр. Бир үйдү башкарыш кыйын, балдарың башка, кыздарың таарынат, аялыңды айтпай эле кой, акмагыңды чыгарат, неберелер андан өтөт. Мамлекетти башкаруу чоң искусство, оңой иш эмес. Акаев баарын талкалап туруп качып кеткенде, бул киши кандай мамлекетти колго алды эле? Аны ойлобой эле кет-кет дейбиз, менден башкасынын баары кет деп жүрүштү, анан ошолор эле кайра жалдырап келип иштешти. Бүгүн мени сындап аткандар да жагалданып эле жүрүшчү. Эмне үчүн мендей болуп стабилдүү позицияны кармана алышпайт?
Маектешкен
Урмат ИманалиеВ




Укмуштуунун төөсү жорго
Кыргызстандагы болуп жаткан окуяларга ички факторлор гана таасир бербестен, тышкы факторлордун кайсы бир деңгээлде таасири бар экендиги талашсыз. Ички фактор дегеним - мамлекет башчынын, саясый элитанын дарамети, максаттары. Ал эми тышкы фактор бул дүйнөлүк державалардын Борбор Азияга болгон көз артуусу. Бул багытта АКШ баштаган Батыш өлкөлөрү кашыбызда турган Кытайларга жана желкебизде турган Россияга карагандап алда-канча активдүү аракеттенип жатышат. Буга алардын ресурстары да жетиштүү жана ошондой эле адам укутары, демократия деген чүмбөттөрү да эффективдүү жыйынтык берип, моралдык жактан шердентип турат. Натыйжада алар ар кандай бейөкмөт уюмдардан жардамы менен өзүлөрүнүн саясатын алдыга жылдырып келатканы даана тастыкталып калбады беле.
Өз агасын агалай албаган бирөөнүкүн сагалайт деген сөздө калет жок көрүнөт, кантип Батыштын инструментине айланып калганын байкабай, билип турса да акчага азгырылган адамдарыбыз четтен чыгат. Алардын анабашчысы катары Эдил Байсаловду айтсак жарашчудай. Кыргыз коомчулугунда орус өкмөт башчысы Владмир Путиндин баркы чоң экендиги талашсыз. Эми ошол киши да ачык эле айтып жүррбөйбү "шайлоого байкоочу болумуш болуп келип алып өлкөнүн ички ишине кийлигишип, абалды дестабилизациялаганды токтотуп, мыйзам чегинде, сый мамиледе иш алып баралы" деп, кыраакы чекист кой терисин жамынып койнуна кирип келчү карышкырларды илгиртпей байкап турат.
Швециянын өкмөтүнөн качкын статусун алып Стокгольмдо жашап жаткан Сыргак Абдылдаевдин окуясын билбеген киши жок Кыргызстанда. Кечээ жакында ал киши да кат жолдоптур "Балакеттин баарын билем, бирок айтпайм" деген таризде. Журналист калкынын табияты ушундай - бирдеме биле турган болсо аны айтып жарыя кылмайынча жаны жай албайт. Чыныгы журналисттер толук кандуу маалыматка ээ болмоюн ооз ачпайт, элди бекер дүрбөтпөтй.
Сыргак Абдылдаевдин профессионализминде кеп жок дечи, бирок балээнин башын кылтыйтып коюп, башкысын катып олтурганына жол болсун. Жазган катында "Кыргызстандагы өлгөн депутат, журналисттер ким колдуу болгонун жакшы билем, толук кандуу далилдерим да бар. Ал тургай кийинки кезек кимде экендигин да сезип турам" деген таризде баштап келип эле, аягын тумандатып, айталбайм, айтпай турган себептерим бар" деп кутулуптур. Кайсы себеп болду экен айттырбай аткан? Балким так ошол далилдердин жоктугу, курулай иллюзияга алдырып жыйынтык чыгарып жаткандыгы так кесе айтууга жол бербей жаткандыр? Антпесе Сыргак фактысы колунда турса унчукпай катып жата бере турган жан эмес. Дагы сайып, кетет, мууздап кетет деп айта турган да жерде эмес. Европада жатат. Европа Кыргызстан эмес, караңгыда карайлатып башын жарып кете турган. Европа Кыргызстан эмес, каалаган оюңду каалагандай калчап, жаза тургандай. Сөз эркиндиги деп биз Аша чаап кетпесек, асты Европалыктар антпейт, ар бир тамгасына экиден далил коштотуп жазат.
Адамдардын өлүмү тууралуу айтып жаткан соң, ага кимдир бирөөлөрдү күнөөлүү деп шек санап жаткан соң так кесе эле айтыш керек, фактыңды бетке кармап. Антпе албасаң "баарын билет элем, бирок айтпай эле коеюнчу" деп Майнаке кыздай маалкатпаш керек. Же "сэрлерден" алган акчаны актайын деп эле өз элинин башын айланта берсе жакшыбы?
Абалдан пайдаланайын дегендер да четтен чыгып атат. "Кызымды коркутуп, мени аңдып атышат" деп. Тээ илгерки Акаевдин заманынан бери эле бийликти көзгө сайып сындап келаткан, эми Бакиевине андан ашырып сын таккан Алым Токтомушев айтмакчы "бир-эки атактуу кишиден интервью алып коюп эле" диссидент болуп алгандардын негизги максаты Эдилдин артынан Европалык жашоого жетип алайын деп жүргөндөр болуп жүрбөсүн? Алымга эле эч ким унчукпайт, анткени ал Ала Тоосунан качып барып Европага жашайын деп максат кылган жок.

демди сууткан демилге
Кыргызстан канчадан бери карьералык дипломатка министрлик тизгинди бере элек болчу. ЖОЖдо отурган тееретиктер эле келип калып жүрбөдү беле. Кадырбек Сарбаев келгени коллегалары деле ичтери жылып калгандарын айтып жатышат.
Эми ошол башкы дипломатыбыздын парламент комитетине келип айткан сөздөрүнө караганда Кыргызстандын Афганистанда элчилиги жок экен. Борбор Азия өлкөлөрүнүн баарыныкы бар, биз байкуштуку эле жок тура. Баса эске сала кетчү жагдай, ошол эле Афганисдын биздин өлкөлөдө элчилиги бар. Андыктан акча жок деп актануу уят болот. Антпесе Афганистандын эле акчасы ашып ташып атыптырбы Кыргызстанга элчилик ача тургудай? Же бир Кыргызстан анысын актап ар тараптуу жардам бере ала турган экономикасы өнүккөн өлкө болсочу.
Бу жагынан алганда эки жылдан бери эле элге-журтка жарыя кылып бүтө албай жаткан "Бишкек демилгесин" уялбай кантип көтөрүп чыктык десең? Бул идеяга ылайык Кыргызстан Афганистандагы абалды жөнгө салып, регионалдык коопсузду камсыздоого шарт түзүп бере ала турган аянтчага айлануусу керек эле. Натыйжада кыргыз бийлигинин эл аралык аренада кадыр баркы кыйла жогорулап, кыргыз мамлекети кенен сүйлөп калышы керек эле. Мисалы күнү бүгүнкүгө чейин Тажикстандагы граждандык согушту тынчытууга салган салымы кыргыз дипломатиясынын эрдиги катары айтылып келатат.
А бул ирет андай болуу оорго туруп калчудай. Афганистанда элчилигиңер жок туруп, уялбай кантип демилге көтөрүп атасыңар дебейби? Андыктан эң оболу ооган жергесинде элчилик ачуу маселеси чечилиш керек. Кадырбек Сарбаев да ушул маселе боюнча пландарын айтты. Ага ылайык 12 миллион 957 миң сомду сарптап, Кабулга резиденция ачуу керек экен. Ал эле эмес толук жана ыйгарым укуктуу элчи болууга кандидат да даяр экен. Ал Авазбек Абдразаков. Элчи боло турган мырзанын кандидатурасын депутаттар колдоп беришти. Маселе оң жагына гана чечиле турган болуп калды. Эми болгону аракеттениш гана керек.
Антпесе эл аралык мамилелер студенттерди алмашып окутуу менен гана чектелип калбайт эмеспи. Бүгүнкү күнгө чейин кыргыз тарап ооган студенттерине окуу жайларыбыздан орун бергенибизден башка ооз көптүрүп айта турган эч нерсебиз жок болуп келген.
28-январда Лондондо Афганистан боюнча эл аралык конференция болуп өттү. Ага дүйнөлүк державалардын дипломаттарынан сырткары Афганистандын стабилдүүлүгүнө кызыкдар болгон кыргыз тарап да катышып келди. Биздин министр Кадырбек Сарбаев чыгып сүйлөгөн сөзүндө "Бишкек демилгесине" токтолуп, кенен айтып берди. Демилге жакшы демилге, бирок жана айткандай ооган жергесин жыргатабыз дегенибиз менен ал жерде элчилигибитз жок болуп турса башкалар кантип колдосун? Ошондуктан Кадырбектин Кабулга резиденция ачуу демилгесин колдош керек. Ошондо гана "Бишкек демилгеси" тууралуу кандай айтсак да жарашат.
Конференциянын жүрүшүндө мамлекеттик министр Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Турция, Корея, Франция, Испания өңдүү бир катар өлкөлөрдүн делегация башчылары менен эки тараптуу негизде жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Конференциянын жыйынтыгында коммюнике кабыл алынып, анда Афганистандагы абалга бийликтин жоопкерчилиги жана өлкөдөгү эл аралык курулдуу күчтөрдү чыгаруунун жолдору каралды.


Темирбек Сыдыков