"Ырчылардын баары
особнякта жашабайт"
Адамдагы эң мыкты сапат-жөнөкөйлүүлүк. Калетсиз айтылган сөз. "Сен табиятыңдан кандай болсоң ошондой көрүн" деп айткандай чынгы жүзүңдү көргөзүүнүн эмне уяты бар. Жасалмалуулук акыры бир күнү калкып чыгаары бышык эмеспи. Акыркы күндөрү элдин көзүндө жүргөн шоу-бизнес адамдары бирөөлөрдүн үйүн өзүмдүкү деп гезит беттерине жарыялап, төш кагып жаткан жоруктары туурасындагы маалыматтар коомчулукка тарагандан тартып, эл ичинде ырчыларга болгон ишенбечүүлүктү жаратты. Албетте, эл көзүнө көрүнгөн ырчылыр эмес жөнөкөй карапайым адамлар дагы жакшы, мыкты болуп көрсөткүсү келет. Бирок, ачуу чындык акыры билинерин унутпасак. Гезит беттерине жарыялаганган үйлөрдү көрүп, карапайым калк ырчылардын баарысы эки кабаттуу "особняк" үйлөрдө жашайт го деген түшүнүктө жүрүшкөн. Чынгында эле шоу-бизнестеги адамдар кандай үйдө жашайт деген суроо менен шоу-бизнестин айрым адамдарына кайкайрылып көрдүк…

Гулнур Асанова,
актриса
Турмуштун кейиштүү тагдырларын тасмаларда дээрине жеткире аткарып, элдин көзүнө жаш алдырган талантуу актриса Гулнур Асанова эжелери менен "Джал" кичирайонунда жашайт. Жалгыз бой адам үчүн жакындардын жанында, бир туугандардын кашында болгондон артык бакыт болбосо керек.

Элина Абай кызы,
актриса
Жаңыдан жандана баштаган кыргыз киносунда жылдызы жанып келе жаткан ай чырайлуу ырчы Элина Абай кызы борбор каалабыздагы көп кабатуу үйлөрдүн биринде эжелери менен турат. Актриса кызыбыздын ата-энеси Чоң-Арык айылында жашайт. Бир топ кинолордо мыкты образ жаратууга жетишкен, суйкайган сулуу Элинанын күйөрмандары абдан көп экендиги баарыбызга эле маалым. Арасында чектен чыккандары да жок эмес. Ошондой ашынган күйөрмандарым билип алса, тынчымды албасын дедиби айтор, сулуу кызыбыз борбор каалабыздын кайсы районунда тураарын айтуудан баш тартты.

Ильяз Андаш,
ырчы
Кыргыз эстрадасынын жаш таланттарынын катарын толуктаган ырчы жигитибиз Ильяз Андаш Бишкек шаарынын 6-кичирайонунда эжесинин жеке менчигиндеги 2 бөлмөлүү квартирасында иниси экөөбү жашайт. Аял киши жок үйдө жашаган Ильяз менен иниси үй иштерин катыра жасаса керек.

Эрмек
Нурбаев,
алып баруучу
"Браво" телекөрсөтүүсүнүн экс-алып баруучусу "Тамашоу" лигасынын түзүүчүлөрүнүн бири Эрмек Нурбаев 6-кичирайондо бир бөлмөлүү батирде турат. Эрмек жалгыз турабы же жакындары менен жашайбы аны биз айта албайбыз. Бирөөлөрдүн жеке жашоосуна ашыкча кирише берүү да туура эмес го.


Сапар Сопубеков,
ырчы
Назминин жакын досу, сырдашы болгон ырчы жигитибиз Сапар Сопубеков Бишкек шаарынын кайсы бир районунда батирде турат. Батирге канча акча толойт ал ырчы жигитибиздин жеке сыры. Бирок, баардык шарттары келишкен батирлердин баасы учурда асмандын башын чапчыры баарыбызга эле маалым.


Сьездбек Искеналив,
ырчы
Улуу муундун урматына, кичүү муундун купулуна толгон ары талантуу, ары мукам үндүү эстрада ырчысы Сьездбек Искеналиев жаркылдаган жары менен жеке үйүндө бакытка бөлөнүп, батир акысын беришим керек деген санаадан сырт жашайт. "Катын алсаң, отун ал" деген улуу сөздү унутпаган го сыягы.
Даярдаган Жаркынай КАДЫРКУЛОВА