Өткөн жол

Света Турдалиева, жубайы:
"Болгону редактормун, бир машинам бар, мага турмушка чыгасыңбы деди"

Журналисттик чыйырда аты таанымал Эсенбай Калдаровдун дүйнө салганына анча деле көп убакыт боло элек. Ошентсе да жакшы адамдардын артында айтып калаар жакшы кыял-жоругу, сөздөрү калат эмеспи. Арабызда орду жок кесиптешибиз Эсенбай агайдын жубайы Света эже төмөнкүлөрдү эскерип, айтып олтурду.

- Света эже, ар бир адам үчүн анын балалыгы ажайып учур болот эмеспи. Агайдын өткөргөн балалыгы, жаштык кези туурасында бир эле эмес, бир нече жолу уккандырсыз?
- Эсенбайдын бала чагы алыскы Ноокат районунун Көк-Бел айылында өткөн экен. Атасынын мүнөзү кырс адам экен, ал кишинин "Эч жакка барбайсың, менин жанымда кой багасың" дегенине болбой "Мен окуйм" деп шаарга, Фрунзеге келиптир. Кийин мен Эсенбайдан "Бала кезиңде журналист болом деп кыялданчу белең" деп сурасам, "Жок. Мен кинорежиссер болмокмун. Ал учурларда режиссерлор Москвага барып, окушу керек болчу. Менде бара турганга шарт жок болуп, бул жакка эле режиссерлукка тапшырып, бир жыл окуп, калган билимимди университеттин филология тармагынан уланткам" деп калчу. Чынында эле өзү кино жаатына абдан шыктуу болчу, кандай кино көрбөсүн ошол кинодон сөзсүз түрдө жаман жагын таап чыкчу. Кино көрүп бүткөндөн кийин экөөбүз с-зсүз 2-3 сааттай ошол кинону талкуулачубуз.
- Кандай мүнөздөргө ээ эле?
- Кишинин көңүлүн оорутпаган өтө адамкерчиликтүү адам эле. Ар убак чыгармачылыкты баарынан өйдө коюп, жан дили менен аздектеп сүйгөн асыл адам болчу. Азыркы жашап жаткан батирибизге көчүп келгенибизге 4 жыл болду. Биринчи кабатта болгондуктан балкон жасап, балкондун бир бөлүгүн атайын чыгармачылык менен алектене турган бөлмө кылган. "Жазуучулардын баары эле китептерин чогултушуп, үйлөрүнүн бир бөлмөсүн китепкана кылышат экен. Мен дагы ушул бөлмөмдү китепкана кылбасам" деп калчу. Өкүнүчтүүсү ошол тилегинин аягына чыкпай калды. "Эркин тоодо" иштеп жүрүп, ал жактан жумуштан кеткенден кийин бир жылча жумушу жок үйдө отуруп калды. Жумушсуз калганына капаланбастан, кайра чыйралып, "Бир гезит чыгарбасам болбойт" деп, айдап жүргөн бир машинесин сатып, "Эне тил кыргыздын жүрөгүнөн өчүп баратат, мен патриотмун деп куру кыйкырык сала бербей, патриот экенимди иш жүзүндө көрсөтүп, "Эне тил" деген гезит чыгарышым керек" деп, экөөбүз үйдөгү компьютерге программа киргизип, гезиттин биринчи номерин үйдөн чыгарганбыз. Биз чыгарган гезитти тил комиссиясындагылар көрүп, "Ушул гезитиңиз биздин алдыбызда чыксын" деп колдоо көрсөтүшүп, кийин "Кыргыз тили" деп которушуп, акыркы жылдары ошол гезитте иштеп жүрдү. Андан тышкары Чүй Университетинин ректору Мамбеткалиев Султан агайдын кеңешчи болуп иштеди. Чүй Университетинин "Билим бешиги" деген аталыштагы гезитин чыгарам деп, докменттерин каттоодон өткөрүп даярдап койгон. Келечекте "Ден соолук" деген журнал чыгарсам деп калчу.
Реанимацияда жатып алып дагы "Кудай буюрса 4-5 күндөн кийин чыгам, анан гезит чыгарабыз" деп коет. "Жөн туруңузчу, гезит эч жакка качпайт. Кичине ден-соолугуңуз жакшы болсун, андан кийин деле чыгарабыз" дегем. Ооруп жатса деле күлүп-жайнап, барган кишилер менен мурдагысындай эле каткырып, тамашалашып, адамга ооруганын такыр билдирчү эмес. 21-октябрь күнү операцияга кирердин алдында экөөбүз күлүп жайнап эле жакшынакай сүйлөшкөнбүз. Операция деле ийгиликтүү болгон. Андан кийин бир заматта эле жүрөгү токтоп калды. Мен барып кийин сурасам, доктурлар "Операция ийгиликтүү өткөн, биз деле жакшы болду деп сүйүнгөнбүз. Бирок эмне болгонун билбейбиз" деп өздөрү түшүндүрүп бере албай коюшту.
- Жүрөк оорусу менен ооруп жүргөнүнө көп убакыт болду беле?
- Жүрөгү жаш кезинен эле ооручу экен. 2002-жылы экөөбүз баш коштук. Ошондон кийин деле катуу ооруп жүрдү. Ден соолугунан да чыгармачылыгын артык көрүп, иштеп эле жүрчү. Кийинчерээк оорусу катуулаган сайын врачтарга кайрылып, дарыланып жүрдү. Ошондо деле күндүз кечке иштеп, кечинде гезиттердин баарын алдына жайып алып, уктабай ар бир журналисттин жазган макаласын "Бул мындай жазыптыр" деп талдап чыкчу. Бейтапканадан деле палатага жатып алып, башкаларчылап "Аны жейм, муну жейм" дебей, "Мага гезит керек" деп толтура гезит алдырып алып окуп чыкчу.
- Агай ыр да жазчу эле. Ырларын чогултуп, китеп чыгаруу оюңуздарда барбы?
- Мен чыгармачылыгына деле аралашчу эмесмин. Кийин шкафта турган папкаларын карап көрсөм, эски, мындан 30-40 жыл мурун жазылган, саргайып калган макалалары, ырлары көп экен. Өзү ушунун баарын чогултуп, "Инсандар" деген китеп чыгарам деп жүрчү эле, ойлогон оюуна жетпей калды.
- Агайдын экинчи жубайы экенсиз? Кантип таанышып калдыңыздар эле?
- Мен №52 мектепте орус классты аяктап, Улуттук Университетке тапшырып, ал кезде жумуш табыш кыйын болчу, жумуш таппай жүргөм. Бир күнү эжем мени таанышы Абдиламит Матисаковго ээрчитип барды. Ал кезде Абдиламит Матисаков "Кыргыз Туусунда" башкы редактор болчу. Мени табыштап, "Бул менин сиңдим болот, кыргызча жакшы билбейт, эптеп араңарга кошуп алгыла" деп жумушка киргизген. Ал жакка оператор болуп иштеп кетиш мага кыйын болду. Баардыгы колго жазылган кыргызча материалдар, кол жазмаларды түшүнүп окуй албай кыйналдым. Жумуштан мени көрө албагандар да болду, "Кандай иштесең ошондой иште, кол жазманы түшүнөсүңбү, түшүнбөйсүңбү ал оператордун иши" дегендер да болду. Бир гана Эсенбай "Мага келип тур, жардам берем" деп көп нерсени үйрөттү. Ал киши окуп берет, мен компьютерге терем. Ошентип ортодо бири-бирибизге болгон жылуу мамиле пайда болду. Анын үстүнө кесиптештеримдин арасынан Эсенбай жөнүндө бир жаман сөз уккан жокмун. Ар дайым Эсенбай Калдаров жакшы адам деген жакшы пикирлер айтылчу. Арабыздагы улгайып калган эжелер да "Ой кыздар, Эсенбай бойдок. Каякты карап жүрөсүңөр" деп менин сезимимди ого бетер тутандырып коюшчу. Жаштар чогулуп отуруп калсак, биздин арабызга келип, куудулданып күлдүрүп, биз менен эле жүрө берчү. Кийин "Эркин Тоо"гезитине башкы рекдактор болуп кетти. Бир күнү "Бизге да оператор керек болуп атат. Света бизге келип иштебейсиңби" дегенинен, мен "Редактор А. Матисаков жиберсе барайын" деп А.Матисаковко айтсам, макул болду. Мен да "Эркин Тоого" барып бирге иштеп калдык. Бир күнү эле мага "Менин үйүм жок, оокаттарымдын баардыгы аялымда калган. 4 балам бар, алар да энесинин колунда. Эч нерсем жок, болгону редактормун, анан бир машинем бар. Мага турмушка чыгасыңбы" деген сунушун айтты. Мен 21 жаш кичүү болсом да ойлонуп көрүп, макул дедим. Ошентип баш кошкондон кийин кредитке акча алып, азыркы жашап аткан үйүбүздү сатып алдык. Жакшынакай Амантур деген бир уулдуу болдук. Бирге түтүн булатканыбызга 9 жыл болуптур. 9 жыл мен үчүн бир күндө өтүп кеткендей болду.
Эсенбай мага бир да жолу үнүн бийик көтөрүп катуу айткан жок. Ал турсун мени аяп, түнкүсүн ойготуп, "Ооруп атам, доктурга алып бар" деп айтпай, эртең менен туруп, мени жумушка узатып ийип, анан доктурга барып жүргөн күндөрү болду. Жумушта жүрсөм эле доктурлар чалып, "Эсенбай Калдаровдун жубайы сизби?" дейт. Ооба десем. "Ал киши палатада жатат, келип карагыла" дейт. Келсем чын эле ооруп жаткан болот. Эмне болду десем, "Жүрөгүм кармап калды" дейт. Качан кармады десем, "Түндө саат экиде эле кармаган, сенин уйкуңду бузгум келген жок" дейт. Операция болооордун алдында да балам Амантур экөөбүздү жумушка жиберип ийип, анан тез жардам чакыртып, бейтапканага өзү барыптыр. Баардык эле адамдар ооруп калса, ооруп атам деп ооруганын билгизип коет го. Эсенбайда андай нерсе жок болчу. Ар дайым "Жүрөктү мен башкарам, мен дагы 30 жыл жашайм" деп айтып калаар эле.
- Угушубузга караганда доктурлардан күнөө кетип калыптыр деп жүрүшөт, ошол чынбы?
- Мен ачык эле айтайын, доктурлардан катуу көңүлүм калып калды. Алар адамды алдап эле операция жасатпасаң болбойт, операция болсоң эле жакшы болуп кетесиң деп, эптеп эле операция кылганга аракет кылышат экен. Мен Эсенбайга жакшы эле жүрүчү Казакстанга барып деле көрүнүп келели, Кыргызтанга караганда ал жактын медицинасы өнүккөн десем, "Жок, мен Кыргызтандан эле операция жасатам, алар эмне, кыргыздын хирургдарынан кыйын бекен" деп болбой койгон.
- Кайсы бейтапканадан операция болду?
- Мүчөлөрдү алмаштыруу институтунда болду. Абдраманов Калдарбек деген врач операция жасаган.
- Эсенбай агайдын колу абдан ачык, март адам болчу дешет го?
- Ооба, колундагы болгон нерсесин эч кимден аябаган берешен адам болчу.Тууган, досторуна көп жардам берчү. Кээде ошонун айынан таарынышып калчубуз. Мен аялдык кылып, "Өзүңө жетпей атып бирөөнү эмне кыласың, өзүңдү качан ойлойсуң. Ушинтип эле баарына тарата бересиңби" десем, "Адамдарга бериш керек. Канчалык кайрылышсаң, кудай сага ошончолук берет" деп койчу.
- Бир кездерде УТРКга жумушка орношуп атыптыр деп уктук эле?
- Азыркы "Кыргыз Туусу" гезитинин башкы редактору Кыяз Молдокасымов УТРКны жетектеп турганда кызматка чакырган. Эсенбай макул болуп, иштейин деп атканда Мелис Эшимканов келип калып, "Эсенбай Калдаровду жумушка алып кереги жок, ал А. Акаевдин кадры" деп УТРКга жолотпой койгон.
- Мурунку балдары менен катташчу беле?
- Балдары менен катышып, алардын да түйшүгүн тартып жүрчү. 4 баласын тең буттан тургузду. 50 жаштан өткөндөн кийин небере таттуу болот деген чын турбайбы деп, неберелерин өтө жакшы көрчү.
Амантурдун да оюу менен болчу. "Эсенбай Калдаровдун баласы деп менин атымды алыска таанытат, кеклечекте президент болот, Амантурума ишенем" деп калчу.
- Сизге эмне белек кылчу эле?
- Жылда туулган күнүмө гвоздика гүлүн сатып келчү. Бир күнү эмнеге эле "гвоздика" сатып келе бересиң деп эркелесем, роза сатып келип белек кылган. Ошондон кийин ар дайым роза гүлүн белек кылып жүрдү.
- Шакирттери көп болсо керек, алар менен кандай катышта эле?
- Достору өтө көп болчу. Ошолордун ичинен Абдрахман деген досу менен жакшы катышып жүрчү. Шакирттери раматылык Алмаз Ташиев, Керим Айдаровдор болчу. Шерназар деген журналист шакирти бар, аны ар дайым ээрчитип, жанына алып жүрчү. Бирок анын Эсенбайдын иштерин аткарбай кеткен күндөрү көп болду. Ошентсе да ага ишенип, жанынан чыгарчу эмес. Кафеге куран окутсам, досторунун баары, Абдыганы Эркебаев баш болуп бир топ кыргыздын каймактары келди.
- Ошол достору агайдын атын өчүрбөй алып кете алаарына ишенесизби?
- Жакын досу, Чүй Университетинин ректору, профессор Мамбеткалиев Султан агайга ыраазымын. Жамандыктыкы жаман деп, материалдык жактан колдоо көрсөтүп, бүгүнкү күнгө чейин жардамын аябай келетат. Эсекемди унутпай, Чүй Университетине фонд ачалы, китептерин, сүрөттөрүн ошол жакка коюп, журналисттер күнүндө, жылда жакшы окуган алдыңкы студенттерге Эсенбайдын атынан акчалай сыйлык берип туралы, бүтпөй калган китептерин чыгаралы деп жүрөт. Мен да силердин гезит аркылуу чыгармачыл адамдарга кайрылып кетким келет, эгер мүмкүнчүлүгү бар адамдар болсо, ушул фондго кирип, катталышса.
- Акыркы сапарга айылынан узаттыңыздарбы?
- Каза болгондон кийин эле саат он экиде сөөгүн туулган айылына алып жөнөдүк. Сөөгүн жашырып келгенден кийин көп достору, чогуу иштеген кесиптештери келип, биз коштошпой калдык, бизге кабар бербедиңер деп нааразы болгондору да болду. Мен деле жакын жерге, Бишкекке эле сөөгүн койсок десем, инилери, туугандары болбой, тулуп-өскөн айылына жашырдык.
Маектешкен
Мирлан Алымбаев