Проект
Урматтуу окурмандар! "Асман kg" гезити КРнын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер Нурлан Абдыкадыров сунуштап жаткан, келечекте музыкалуу телекомедия болуп тартыла турган "Австралиялык күйөө бала" аттуу чыгарманын гезит долбоорун алдыңыздарга тартуулап турат. Гезит долбоордун максаты кыргыз, казак, өзбектердин белгилүү эстрада жылдыздарынын, ырчыларынын арасынан аталган телекомедиядагы каармандардын ролун аткара ала турган татыктууларды тандап чыгуу. Андыктан ар бир саныбызды кылдаттык менен окуп, кыргыздын алтын казынасында кала турган чыгарма жаралуусун кааласаңыз татыктуу жылдыздарга өз добушуңузду бериңиз. Анүчүн редакциянын 0312 49-49-53 же болбосо мобилдик телефонуңуз аркылуу А1белгисинен кийин боштук таштап, каалаган билдирүүңүздү жазыңыз да 1032 кыска номерине жөнөтүп жибериңиз. Сиздин ар бир билдирүүңүз сиз сүйгөн жылдыз үчүн упай болот. Эмесе, шашылгыла! Кыргыз, казак, өзбектин мен-мен деген шоу-жылдыздарынан тартып, аты таанылып калган жаш ырчыларынын ортосунда жарыш башталды.

"Австралиялык күйөө бала"
(Сериал)
Долбоордун максаты:
Фильмде эл ичинде кеңири тараган, популярдуу 18 ыр колдонулат. Музыкалуу элдик комедия бүгүнкү күндө өтө керек болуп турган жанрлардын бири экендиги талашсыз. Андыктан фильмдин темасы белгилүү эстрада жылдыздарынын оюндары аркылуу ачылып, адамдагы эң бир ыйык сезим болгон сүйүүнү ачуу менен адамдык сапаттардын күнгөй-тескейин кабарлайт.
Тема: Өмүр бою өз сүйүүсүн издөө. Жашоодо биз бардыгыбыз бири-бирибизге жолукпастан өтүп кете беребиз. Тагдыр биз менен ойноп, бизди ар дайым сынайт. А сүйүү ар дайым биздин жаныбызда эле болот же дүйнөнүн башка бир бөлүгүндө кала берет. Бирок, биз ага эртеби-кечпи жолугабыз, анан, ар кандай кырдаалдарга байланыштуу сүйүүбүздү кайрадан жоготуп алабыз. Жогорку күчтөрдүн оюну чексиз - биз өзүбүздүн сүйгөнүбүз үчүн ал шаарга бет алабыз, бул көз ирмемде ал сени көздөй бет алат. Бул жол эч бир түгөнгүстөй сезилет. Бирок, тагдыр бизге өз белегин бергенди да унуткан эмес. Бул аңгемеде миңдеген тоскоолдуктарды жеңип, австралиялык Жорж сүйүктүү Алтынайын табат. Бардыгы өзүбүздөн көз каранды болот эмеспи. Бул биздин акыл жана чыдамкайлыгыбызга байланыштуу. Аягы жок бурулуштарды кантип жеңүү керек? Качан бирөөнү сүйгөндө гана. А сен сүйгөн адам башканы, а башкасы дагы бирөөнү сүйгөндө. Ушинтип көп учурда адамдын сезимдери бири-бири менен эч дал келбейт. Өмүр бою көз таңмай оюнуна окшогон карматпас сүйүүнү издей беребиз.
Чыгармада ата-теги кыргыз, 23-27 жаштагы, англис тилинде сүйлөгөн америкалык Жорж, Роза менен Жоомарт, алардын кызы Алтынай, Жоомарттын экинчи аялы Жандат, кызы Майрам, Жорждун тууганы болгон Бахтияр, анын көзү сокур кызы Анара, айтор, айылдын башкармасы, военкоматтын башчысы, милиция, киномеханик, сатуучу, солдат, ал тургай көп балалуу ата ж.б. бардыгынын бири-бирине байланышкан окуялары чагылдырылат. Айтмакчы, чет өлкөдө каза болгон Жорждун чоң атасынын бир тууганы Адылдын мурас катары калтырып кеткен 5 миллион доллары туурасында да чыгармада кызыктуу сюжеттер бар.

(Кийинки санда кыскача
сюжеттер баяндалат)




Ролдорду жана ырларды аткаруу үчүн алдын-ала сунушталган аткаруучулар (Айрым ролдор үчүн ырчылар дагы тандалып жатат. Кошумча маалымдар кылабыз):

Америкалык Жорж - Чынгыз, Айкын, Ома, Нурлан (Казакстан ) Роза - Р.Аманова, О.Токторбаева, У.Тилегенова
Розанын кызы Алтынай - Алтынай, Анжелика, А.Садырова, Гүлзинат, Сабира, Б.Бадыева, Нуржамал.
Алтынайдын атасы Жоомарт - Абилдин, А. Сапаралиев, А.Өзүбеков, К.Бекишев, Б.Шатенов Сыймык.
Жандат (Жоомарттын 2-аялы) - А.Турдалиева, Р.Шакирова, С.Момунбаева.
Майрам (Жоомарттын 2-кызы) - Аида, А.Чалова, Жийдеш, А.Газиева, Селима.
Бахтияр (Жорждун тууганы) - Мерген Турган, А.Өзүбеков, М. Шерматов, ырчы куудул.
Сокур Анара (анын кызы) - А.Токтобекова, К.Тапаева, Селима.
Камнетес Таалай (анын жигити) - Ильяз, Нурбек.
Зарыл (Анаранын агасы, Жанаранын жигити) - М.Атабеков, Ика, Куба Сатаев.
Саламат ("Коммунизмге жол" колхозунун башкармасы) - Г.Тойгонбаева, А.Турдалиева, Г.Сатылганова, К.Эралиева.
Луиза (Анын улуу кызы) - Жылдыз Тутуева, Раллия.
Гутиэри (кичүү кызы) - М. Мураталиева.
Маданият эже (Саламаттын 55 жаштагы апасы) Ж.Муратова, К.Эралиева, Момушева, Шакеева.
Маданияттын жаш кези - ???
Мойдун - Ш.Өтөбаев, А.Аманов, Н.Абдрахманов.
Мойдундун жаш кези - С. Садыралиев, М. Иманбеков, А. Жетигенов.
Жанара (анын кызы) - Аида
Керим (Розанын сүйгөнү, белгилүү ырчы) - Ы. Осмонов, А.Исабаев, Д.Мусаев, Б.Ыбыкеев.
Жаңыл (анын аялы) - О.Токторбаева, Р.Шакирова, Алсеитова, Д.Абдыкадырова.
Керимдин энеси - Т.Бообекова
Аймактык тескөөчү (участковый) Аваз, 50 жашта - М.Токтобаев.
Кызы Айнагүл - Назми, Аида, Гулянда.
Күйөө баласы Жеңиш, военкоматтын башчысы - Б.Борбиев, А.Исабеков, А.Темиров, А.Карымов, А.Салидинов, Кылыч Бекишов, Мамба.
Бектур, демоблизацияланган солдат - Т.Алыбаев.
Милициянын сержанты Сүйүн - Нурбек, Салидинов,Максат, Сүйүн
Ормон Жакшылыков (Маймак айылдык кеңешинин төрагасы) - Ш.Өтөбаев.
Кожомкул, 27 жаштагы уулу - М. Жуманалиев.
Улан, 23 жаштагы уулу - С.Искеналиев.
Шаардык жигит Мамыт - Акайын, Т.Назаров, Т.Алыбаев.
Ильяз (автобустун айдоочусу) - С.Бердибеков, У. Усенов, М. Шерматов.
Асел (аялы) - ????
Уулу Умарбек - Улугбек, Мажит.
Көп балалуу Упай - М.Турган, М.Шерматов, А.Темиров, Азнавур, Рахматулло.
Адат (аялы) - ???(Аткаруучутолук болушу керек)
Архимед, 15 жашар жалгыз уулу - Иса.
Упайдын 10 кызы - ???
Киномеханик Барпы - А.Темиров, С.Бейшекеев, А.Өзүбеков, М.Шерматов.
Индианка - ???
Сатуучу Гүлмира - ???
Калиаскер карыя - ???
Адыл карыя - ???
Семичканы жакшы көргөн Шорпо - Борончу, Нарцис, Жакут, М.Кулуев, Жолдош.
Анын аялы жана беш баласы - ???
"Агым" гезитин сүйүп окуган Күмөн - ???
Бектурдун солдат достору - А. Жетигенов, И.Абдразаков, М.Атабеков, Ислам, Омар,
Артык Саидов, Андаш, Алькамиль.