Сырмаек

Чынара Капарова, Улуттук биринчи каналдын баяндамачы-алып баруучусу:
"Мен турмушка чыкпайм, мен жалгыз эмесмин"
(Башталышы 9-бетте)

- Турмуштан көптү көргөн адам катары жооп узатып жатасыз, жаштык-мастык деп коет эмеспи. Жаш кезде катачылыктарга жол бергенсизби?
- Жаштыктын катачылыгы болбосо, токтолгон курактын же карылыктын акылын кайдан бааламакпыз? Көрсө, жаштык-катачылыкка жол берүү үчүн дагы жаралыптыр. Бирок, жашыбыз келгенде, жылмаюу менен эскере турган катачылыктар болушу керек. Эгерде кайра жаралып калсам, кайсыл катачылыктарымды таптакыр кайталамак эмесмин, ал эми кайсынысын кайра эле жасамакмын-аны так билем. Каталык десе эле сүйүүнү ойлойбуз, анткени көп кейүүлөр махабаттын азабынан жаралат. Ошол эле учурда турмуштук жана жумуштук каталыктар болот эмеспи. Мүмкүн жаштыгыңда бир дагы ката кетирбей, жипке тартып койгондой өмүр сүрүп келе жаткан инсандарыбыз бардыр, бирок мен антип так жооп бере алган адамды кезиктире элекмин.
- Орустар айтмакчы "каталык кетирген сайын тажрыйбалуу болосуң" демекчи, сиздин бул жашоодо жаш болсоңуз дагы көптү түшүнүп-билип калганыңыз байкалып турат?
- "Көрө-көрө көсөм болот" турбайсыңбы. Жалгыз олтуруп, кыялга батканда артка бир кылчайып, өткөн-кеткенге баа берип калам. Учурунда кыянатчылык кылып, далыма бычак сайып, же болбогон жаман сөздөрдү айткандарды түшүнбөй келсем, азыр бардыгын ойдон чыгарып, алардын бул кылыктары дагы турмушта кетирген катачылыктары, алар дагы кейип жатышат деп, өзүмдү сооротуп келем. Ошол эле учурда, өзүнө-өзү баа бере албай, бирөөгө сынтакканы менен ошол нерсе өзүндө бар экенин билбей шылдың болуп жүргөн "татаал тагдырлуу" адамдар бар. Мен аларды аяп кетем.
- Дегеле бош олтурган күндөрү кыялга чөмүлүүдөн сырткары эмне менен алек болосуз? Угуп олтурсам: жумушка баруу, балдарды багуу, чыгармачылык, билимди жогорулатуу аракеттериңиз бар экен.
- Көпчүлүк сыяктуу эле эс алганды жакшы көрөм. Былтыркы жылы отпуска албай иштөөгө туура келди. Мен бошобогон күнү балдарымды апам эс алдырып, сыртка чыгып кетет. Бошоп калсам, балдарымды чыгармачылыгым менен айкалыштырып эс алам. Учурда саясат таануу илимин өздөштүрүүнүн аракетин көрүп жаткандыктан, убактым таптакыр тар болуп жатат. Анан дагы алгачкы чыгармамды эл сынына койсомбу деген максатым бар.
- Канча жыл тыныгууда олтуруп, кайра эл алдына чыкканыңызга эки жылдан ашып калды, эфирге кайрылып келүүгө эмне себеп болду?
- Үйдө олтурган учурда дагы таптакыр убактым тар эле. Өзүң билесиң, жолдошум аттуу-баштуу адам болгондуктан келим-кетим, алака-катыш дагы көп эле. Анан калса балдар жаш, чарба чоң дегендей. Турмушка чыккан соң эфирден кетүүгө туура келген. Анткени түнкү саат ондордо жумуштан чыгып, үйгө барсаң, келген коногуң өзүнө-өзү тамак кылып, бата сурап күтүп калган болушат. Андайда өзүмдү ыңгайсыз сезип жүрдүм. Кээде жолдошум "жумушуңду сагындың, эфирге барып турбайсыңбы?" деп чын ниетинен айтып калуучу. Бирок, балдарды, үй-жайды бир ойлосом, чыгармачыл чөйрөнү билесиң, ар кандай кептерди шак эле жабыштыра койгонго шыктуу келишет. Андайда жолдошум экөөбүз түшүнбөстүккө кептелип калбайын деп, үй-бүлөнү сактоо максатын өйдө койгом. Анан эми балдар керээлдин кечке сабактары менен алек, ишти болсо бир нукка салып койсоң жүрө берет экен. Күткөн адамың жок болгон соң, жалгыз үйгө олтура бергиң келбейт. Ошентип чыгармачылыкка кайрылып келдим.
Ошол эле учурда үй-бүлөнү дагы, карьераны дагы бирдей алып кеткен аялзатына, ошол аялзатын түшүнгөн эр-азаматтарга баа берем.
- Бүгүнкү кымбаттоолор менен балдарды багуу кыйын эмеспи. Айрым дикторлорду, ошол эле учурда сизди жогорку айлык алган адис деп айтышат. Ошол чынбы?
- Кесиптештеримдин кимиси канча алаарына кызыкпаптырмын, аны сурамжылоо дагы уятыраак болуп калаар. Бүгүнкү күндүн талабы-ким канча иштесе-ошончо тиштейт дегендей, ар бир адис жасаган эмгегине жараша бааланат деп эсептейм. Ошондуктан менин тапкан эмгек акым- жеке өзүмдү канааттандырат. Ал эми балдарымдын өздөрүнүн ырыскысы бар.
- Ушунча түйшүк менен элге жагымдуу, өзгөчө багуудагы адам катары таасир калтырасыз. Анын сыры эмнеде?
- Эң негизгиси жалкоолукка алдырбаш керек. Көпчүлүк аялзаты "Болду турмушка чыктым, балалуу болдум" деп өздөрүн таштап коюшат. Өзүнө андай жеңил мамиле кылуу менен, өзүн сыйлаганды, жакшы көргөндү да унутуп коюушу мүмкүн. Биринчи кезекте эле жубайыңа, балдарыңа өзүңдүн жакшы сапатыңды көрсөтүп, аларга дайыма жагымдуу таасир калтырышың керек. Денени жаш алып жүрүү, бетти сактоо да өтө чоң чыгармачылык. Жумушубузга байланыштуу чачыбыз, беттерибиз көп жабыркайт. Бул үчүн өзүм аракеттенем жана адистердин кызматын пайдаланам. Анткени, күнүгө колдонулган кургатуучу, жасалгалоочу каражаттар чачты чындыгында чарчатат. Мен бул үчүн "Шварцков" фирмасынын зарыл каражаттарын колдонуу менен чачыма маска жасатып турам.
- Акыркы учурларда "Дикторлор пластикалык операция жасаттырышат, кимге жасатышты экен, биз да барсак болот эле" дешкен айымдар көбөйүп кетти. Сиз да ошол кызматтан пайдалангансызбы?
- (Күлүп) Мындай сөздөрдү көп укчу болдум. Башка кесиптештерим үчүн жооп берүү туура эмес. Өзүм жөнүндө айтсам, пластикалык хирургдун кызматын пайдалануунун мага зарылчылыгы болгон эмес, андан кудай сактасын. Бул кызматтын бары дагы жакшы. Анткени, ар кандай кырсыктардан улам же туубаса жарашыксыз дене бөлүктөрүн оңдоп алып, эл алдында жаркылдап жүрүүгө эмне үчүн болбосун. Эгерде менде бир кемчилик болсо,бул кызматка коркпой эле кайрылмакмын.
- Албетте, сиздин келечегиңиз али алдыда. Ошентсе дагы бүгүнкү күндөгү табылгаңыз менен жоготууңуз, сүйүнүчүңүз менен кайгыңыз эмнеде?
- Табылгам уул-кызым, сүйүнгөнүм- алардын сымбаттуу жана акылы толук төрөлгөнү. Эми тек гана ошол табылга менен сүйүнүчтү жаман жолго түшүрүп албай, болгон аракет менен "адам" кылуу. Татыктуу тарбия берүү. Ал эми жоготуу менен кайгым- арзышып жүрүп баш кошуп, сүйүүбүздүн далили катары уул-кызды жаратып, эстен кеткис бактылуу мүнөттөрдү тартуулап келген жолдошумдан эрте ажырагандыгым. Ал дагы болсо тагдырдын жазмышы экен. Белди бекем бууп, өзгөчө татаал күндөрдү жеңип, өзүмдү бекем кармап, алдыга сапар алдым. Ошол эле учурда жолдошумдун аброюн түшүрүп албайын деп абайлайм.
- Эгер режиссерлор кайрылып, кино тартам, баш каармандын ролун ойноп бер десе макул болот белеңиз?
- Биздин алып баруучу, дикторлордун кай бири ыр жагынан, кай бир бий жагынан таанылып, шыгыбызды, талантыбызды көрсөтүп жатабыз. Бирок, мен журналист болгондуктан журналисттик эле кесибимди аркалайм деп ойлойм. Анткени, актириса болуп, кинону чоң чеберчиликте аткаруу үчүн кошумча талант керек. Баш каармандын ролун аткарып, элдин купулуна толо албай калам го деген күмөн саноом бар.

Чынайым Кутманалиева




Таанышуу кары-жашты ылгабайт

Урматтуу окурман, жалгыздыктан тажап, өмүрлүк жар же дос күткүңүз келсе, биз менен байланышыңыз. (0778)087179, (0551)342710 номерине sms жазып, жашыңызды, кай жерлик экениңизди, кандай адам менен таанышып, өмүр сүргүңүз же дос күткүңүз келгенин ачык, айкын жазып жөнөтүңүз. Сүйүктүү окурмандар биз ардайым сиздердин кызматыңыздардабыз.


Ата-энемдин айтканынан чыга албай алар айткан жигитке турмушка чыккам. Балалуу болсок дагы негедир отубуз күйүшкөн жок. Акыры бир канча жылдан кийин ажырашып тындык. Жашым отуздан өтүп калганына байланыштуу калган өмүрүмдү акыл казынасы кең, жеңилди жерден, оорду колдон алган мырза менен өмүр сүрсөм деп тилек кылып жатам.
Саадат 0778 71-85-43

Жашым 30да. Турмушка олуттуу көз карашта караган, түбөлүк жар болчу, төрт тарабы төп келген мырзалар менен таанышам. Жылдызыбыз келишип калса, турмуш куруу жагын да ойлонуп көрөм.
0778 78-31-26

Жалал -Абаддын 21 жаштагы айдай сулуу, кымча бел кызы чүйдүн, көлдүн намыска бек, туруктуу, чечкиндүү жигиттери менен таанышат.
Гуля 0773 77-51-52

Таластын 20 жаштагы татынакай, чырайлуу кызы өзүнө татыктуу жар издейт. Ажарлуу кыздар менен таанышкысы келгендер чамдагыла. Жеңил ойлуу жигиттер убара болбой эле койгула.
Маха 0700 51-90-15

Жашым 18де. Жумгалдын жылдыздуу, акылдуу кыздарынанмын. Бүгүн үйлөнүп, эртең эле ажырашкандарды көрүп корком. Мен сыйчыл, адамкерчиликтүү, түшүнүктүү, тамашакөй кыскасы, жигиттик намысы бар, кыргыздын патриот мырзалары менен танышам. Жигиттердин кай жерлик экенине анчалык деле маани бербейм.
Катя 0700 38-34-33

Жердигим оштук. 21 жаштамын. Учурда студенттик доорду сүрүп жатам. Жакын арада түгөйүмдү таап алсам деген тилегим бар. Коомду түйшүккө салган түштүк-түндүк ажырымын жокко чыгарсам деп түндүктүн улууну урматтап, кичүүгө ызаат көрсөткөн адамкерчиликтүү кыздары менен таанышкым келет. Пикирибиз келишип калса, үйлөнүүгө дайым даярмын.
Жаныбек 0772 86-04-49

Нарындын шумкарымын. Учурда жогорку окуу жайдын 4-курсунда билим алып жатам. Чүйдүн, көлдүн чырайлуу, жароокер, тамашакөй кыздары менен таанышып, достошкум келет. Кыздар чамдагыла. Силердин телефон чалышыңарды, смс жазышыңарды чыдамсыздык менен күтөм.
Самат 0773 71-04-03

Жайдары, турмуштун оорчулугун көтөрө билген, акча жок деп кулактын кужурун албаган жакшы кыздар менен таанышкым келет. Жылдызыбыз келишип калса, үйлөнүүнү да ойлонуп көрөм. Чоң сураныч маяк берип тажатпагылачы.
Шаке 0777 51-13-87

Ар нерсенин өз убагы менен болгону жакшы экен. Турмушка чыкпаган кыздарды көрүп корком. Окуу менен алек болуп жүрүп, 22 жашка да чыгып калдым. Өз учурунда теңимди таап, жолдошумдун жаркылдаган жары, балдарымдын күйүмдүү энеси, кайын эне кайын атамдын сүйкүмдүү келини болгум келет.
Венера 0773 47-44-26
Жашым 19да. Жылдыздуу, сыйчыл, адептүү, аялзатын аздектей билген, жигиттик сапаттарга ээ болгон туруктуу жигиттер менен таанышкым келет. Жеңил ойлуу жигиттер убара болбогула.
Алтынай 0777 45-44-53

Жашым 31де. Материалдык жактан камсызмын. Бул жактык же тигил жактык кыздар менен таанышам деп чектеп, жер тандабайм. Жүрөгүмдүн ачкычын тапкан ажарлуу, акылдуу, көтөрүмдүү кыздар болсо байланышкыла. Жүрөккө жүрөк от чачса үйлөнөөрүмө кепилдик берем.
Жылдызбек 0778 80-46-06

Жердигим көлдүк. Жалгыздыктан тажадым. Ай чырайлуу наздуу, жароокер, кылыктанып жарпыңды жаза билген кыздар менен таанышкым, үйбүлө кургум келет.
Азик 0707 79-95-55

Жердигим чүйлүк. Жашым 23тө. Турмуш куруп ажырашкам. Бир кызым бар. Кызыма камкор ата, мага күйүмдүү жар болчу чүйлүк, көлдүк жигиттер менен таанышкым келет.
Галия 0777 41-81-19

Турмушка чыксам, түгөйүмдү тапсам деп ак эткенден так эткен кыздар "срочно" байланышкылачы. Силердин телефон шыңгыратышыңырды чыдамсыздык менен күтөм.
Элдияр 0773 91-21-11