Руслан Казакбаев, Жогорку Кеңештин депутаты:
"Саясат жүргүзүүнүн үлгүлүү мектебин түптөсөк…"
Жогорку Кеңештин трибунасында көтөргөн курч маселелери менен башкалардан өзгөчөлөнгөн депутаттардын арасында Руслан Казакбаев аттуу ысым бар. Руслан мырза тышкы саясатта жүрүп дипломатиялык иште такшалды. Эл кызматындагы эл өкүлү менен жакындан баарлашып, өткөн-кеткен окуяларды козгоп жана учурдагы саясий абал туурасында маектештик.

- Руслан мырза, өжөрлүк саясатчыга керекпи?
- Керек, жакшы мааниде. Анткени, өжөрлүк бул - мамлекеттик кызматкердин мээси, жоокердин кылычы, ойлоп табуучунун сыры, окумуштуунун сыйкырдуу сөзү деген таамай аныктама бар.

- Сиз үчүн тышкы саясат менен ички саясаттын айырмасы эмнеде?
- Тышкы саясат эл аралык сүйлөшүүлөр менен чектелип, теориялык негизде иш алып барат. Адатта, тышкы саясат ички саясаттын уландысындай сезилчү. Экөөнүн айырмасы чоң экендиги депутат болгондо терең билинди. Тышкы саясатта өлкөнүн премьер-министри же министри болобу, сүйлөшүүлөр жүргөн эки мамлекеттин ортосундагы айтылган сөздөрдүн баары так аткарылыш керек. Эгер аткарылбаса, артыңда турган бүтүндөй мамлекетиң ишеничтен кетет. Ошол себептен, айтылган сөз, берилген убаданы так, кынтыксыз аткарган тартипке көнгөм. Ал эми ички саясатта сөз берүү, убаданы аткарбай коюу бул - жөнөкөй, кадыресе көрүнүшкө айланган экен. Мени таң калтырганы ушул болду. Муну айтканыма тажрыйбалуу чоң саясатчылар таарынбай эле коюшсун. Аткара албай турган ишке убада берүүнүн өзү туура эмес. Мындай аткарылбаган убадаларга саясий оюн, саясат деген кооз көйнөктөрдү кийгизе берип, элдин, коомчулуктун ишениминен кеткенбиз.

- Кечириңиз, балким ички саясатта жаштык кылып жаткандырсыз?
- Балким. Бирок, мындай жаштык убадага жеңил мамиле кылуу, эртеңкиге тобокелчиликти билдирбейт. Биздеги маданияттуу саясий илим-билимдин тайыздыгы, жетишпегендигин ачык айтайын.

- Дипломат катары саясий билим азыркы учурда жетишпегенин айтып жатасыз. Кантип жөнгө салууга болот?
- Келгенден бери, Кыргызстандагы саясат жүргүзүүнүн салты катары саясий илимдер боюнча мектеп ачыш керек деген сунушумду киргизип жатам. Мисалы, ТИМдин алдындагы Дипломатикалык академиянын базасында ачса болот. Балким, муну партиялык мектеп дейбизби, айтор, эл өкүлдөрү саясат жүргүзүү мектебин уялбай эле өтсөк дейт элем… Бардыгы ар тараптан турмуштун мектебин өздөштүрүштү. Күмөнүм жок! Бирок, саясат аны жүргүзүүнүн маданияты деген көрөңгөдөн такыр алыспыз. Улуу муундан ала турган тажрыйба, сабактар жетиштүү. Ага деле умтулгубуз келбейт. Айласыздан Питер Лоуренстин, "бийликтин шатысы менен канчалык жогору көтөрүлгөн сайын, анын тепкичтери ошончолук тайгалак боло баштайт…" - деген сөзү эске түштү.
- Мүнөзүңүздөгү жеке сапаттардын саясатка таасири же кыйынчылыгы эмнеде?
- Түз жүрүп, түз айтып көнгөм. Убада берсем, аткарганча уктабайм, сарсанаа болом. Ар бир ай жаңырган сайын, көпчүлүк саясатчылар эски беткабын алып таштап, жаңысын кийип келет. Көрүп, билип, сезип турсаң да эч нерсе кыла албайсың. Азырынча, мен үчүн саясатта эң оор кыйынчылык ушунда.

- "Республика-Ата Журт" партиясынын депутаттары Жогорку Кеңеште бөлүнүп жатыптыр деген кептер бар. Мурдагы Ө.Бабанов жетектеген "Республика" партиясы К.Ташиев жетектеп келген "Ата Журт" партиясынын мүчөсү болуп келген депутаттарды өз курамдарына кошпойт дегенге сиздин пикириңиз?
- Мындай ойго таптакыр кошулбайм. Кыргызда көч бара-бара оңолот эмеспи. Чындап келсе, эки партия эмес эки бир туугандын үй-бүлөсү бир короодо сиңишип жашаганга убакыт керек... А бул жерде эки лидер эки тараптан командаларын кошкондо штаб башкарып тургам. Ар бир адамдын жеке көз карашы сыяктуу эле эки партиянын эмес, эки лидердин эки башка саясий-экономикалык, руханий багыттарын ширетип, айкалышы зарыл. Баары бирдиктүү келишимдин негизинде чечилди. Өз нугунда кадыресе иш жүрүп жатат. Болгону, айрым маселелерди Жогорку Кеңеш добушка койгондо, айрым депутаттар жеке добушун фракцияга бербеген учурлар бар. Бул мыйзам ченемдүү, капачылык жок. Менимче, мындай көрүнүш бара-бара оңолот деген ойдомун.

- "Эки партия бөлүндү" деген сөздүн төркүнү жалган турбайбы?
- Эң туура айтасыз! Азыркы аталыштагы биздин партиянын бөлүнүшү мүмкүн эмес. Ал эми "Ата Журт" партиясы дале каттоодо болгон үчүн Оштогу жергиликтүү шаардык кеңештин шайлоолорунун алдында Камчыбек Кыдыршаевич келип Өмүрбек Токтогулович менен сүйлөшүп "Ата Журттун" мурунку командалары өзүнчө шайлоого баралы деген пикирин айтып, "Ата Журт" партиясынан барышты. Бирок, тилекке каршы жетиштүү добуштарды ала албай калышты.

- Сиз штаб башкарып турган учурда Камчыбек мырза күтүлбөгөн окуяга кабылып коомчулукту дүрбөттү. Өмүрбек Токтогуловичтин саясий оюну дегенине кошуласызбы?
- Эки партиянын кошулушу менен биз айрым саясий күчтөрдүн көралбастыгын жараттык. Саясатта мындай атаандашуу кездеше берет. Эки лидердин колтуктарына суу бүркүп ойногон сценарийдин авторлорун деле билип калаарыбызга шек жок. Саясатчылар бири-бирин, элди, командаларын, керек болсо президентти алдашса да, Кудайды алдай албайбыз! Учурунда штабдын жетекчиси катарында ким, кайсы жерде эмне менен алек болуп жүргөндүгүн, саатына чейин мен жакшы билем. Эки лидердин ортосунда чоң максаттар бар эле. Айрыкча регионалдык, трайбалисттик бөлүнүү маселесин токтотобуз деген асыл тилектери, максаттары бар келишимде колдору турат. Документтер менин сейфимде сакталуу. Эки лидердин бири-бирине кылган кыянатчылыгы туурасында сөз кылууга мүмкүн эмес. Муну мен так жана кесе айтам.

- "Ата Журт" партиясынын командасы менен келген талапкердин добуштарын Казакбаев алып койду дегенге кандай карайсыз?
- Бирөөнүкүн энчилеп алган табигатымда, тарбиямда, тажрыйбамда жок. Мен аркалаган билимим буга жол бербейт. Майда-чүйдө ич күйдүлүк чыкса керек. Шайлоодон кийин көп эле чачыбыз тик турчу окуяларга күбө болдук го… Айтканы менен жасаганы, жашаганы шайкеш келбегендер менен талашыш кыйынга турат. Мен партиянын технологиясы менен аныкталган округдан татыктуу добуш алып депутат болдум.
Жаз-Айым Айдекова