Асман плюс

 

Жылдыз Жолдошева, экс-депутат:
"Атанын жыты балага өтүп кетет…"
"Көңүл - гүлдөй назик, эч кимдин көңүлүн калтырбагыла", - деп апам дайыма бизге айтып келет. Бүгүн мен, өтө сыйлаган жакын адамыма жардам берем деп бир маселеде туура түшүндүрүп айталбагандыктанбы же ал мени түшүнбөдүбү, айтор бир-бирибиздин көңүлүбүздү оорутуп алдык. Мырза жигит катары ошол замат кечирим сурады, менин эмнегедир көңүлүм аябай ооруп турат, о.э. кечиримин кабыл ала албадым... Таарыныч, көңүл оорутуу, адамды капа кылуу, туура түшүнбөстүк сыяктуу көрүнүштөрдөн оолак болуп, бири-бирибизге аяр мамиле жасашыбыз абзел тура, ансыз да өмүр өтө кыска экен, аттиң...
Жалгыз бой эненин тагдыры... Күйөөсү жок, 7 баласы менен 35 жашында жесир калган. Эртеден кечке талаа жумушунда, себеби сабатсыз. Тапкан акчасы нанга араң жетет, ойлогону бир гана балдары, алардын курсагы, кийими, бирок өзгөчө көңүл бурганы - балдарына билим берүү. Бут кийимби же китеп алыш керекпи деп, аз тыйынын колуна кармап, бир күн ойлонот. Жаз эмеспи, буттары үшүбөйт, китеп алайын, билим алардын келечеги деп китеп алган экен. Ошентип, сабатсыз эне 7 баласына билим берип, келечегин камсыз кылган. 35 жаш аял үчүн өтө күлгүн мезгил, жаштыктын ырахатын көрө турган кайталангыс аял затынын жаштыгы, аттиң... Башка бир жигитке карап койбой, өмүрүн балдарына арнаган. Эненин эмгегин баалай алабызбы, баалай алсак, анда келгиле, күнүгө энелерибизге телефон чалып, сүйлөшүп турбайлыбы...
Атанын жыты... Аттиң, мен атанын жытына тойбой калгамын, 7 жашымда атам каза болуп калган. Атанын жыты, бул адамдын өзөгү, атанын жыты сенин эрктүү, кайраттуу, күчтүү болушуңа дем берген өзгөчө жыт. Эмнеге наристе башкача жыттанат, дүйнө жүзүндөгү бир да атырдын жыты тең келе албайт, себеби наристеге атанын жыты өтүп кетет. Мына ушуну билесиңерби, урматтуу аталар... Атасы бар бала бүтүн, өксүк эмес. Ошондуктан, урматтуу энелер, келгиле аталарды өзгөчө сыйлайлы, атанын жытынан балдарды ажыратпоо энелердин колунда, ал үчүн эркекти сүйүү аздык кылат, эркекти түшүнө билүү менен сыйлаш керек. Анда эмесе, келгиле урматтуу ата-энелер, ажырашып кетээрдин алдында дагы бир жолу терең, сабырдуулук менен атанын жыты жөнүндө ойлонуп көрбөйлүбү... Же мен туура эмес ой жүгүрттүмбү?




Шылуундар кыргыз паспортун Орусияда, Түркияда колдонуп жүрүшөт
Акыркы мезгилде коңшу өлкөлөрдө кыргыз паспортун жасалма жол менен алып жүргөн шылуундар көбөйгөнү коомчулукту тынчсыздандырууда. Муну тиешелүү органдар билет болду бекен? Бул боюнча Жогорку Кеңештин трибунасынан өкмөт мүчөлөрүнө депутат Алтынбек Жунус уулу кулак кагыш кылып коомчулукка жар салып, өкмөт тез арада чара көрүшүн айтты. Жасалма паспорт туурасында депутат мырза мына буларды айтып берди.

Алтынбек Жунус уулу, ЖКнын депутаты:
- Жасалма паспорттор туурасында маселе көтөрүп чыктыңыз. Мындай маалымат кайдан келди?
- Жакындан бери Орусияда жүргөн мигранттардан кайрылуу келип түштү. Алардын берген маалыматында Орусияда тажик, өзбек жарандарына караганда кыргыз жаранына жеңилдиктер бар. Ошону билген айрым шылуундар ал турсун кыргыз эли ким экенин, кандай аталыштагы шаарлары бар экенин билбегендер кыргыз паспортторун пачкалап көтөрүп жүрөт дешүүдө. Маалыматтарга ылайык, кыргыздын адикарт паспорттору Орусиянын айрым адам өтүүчү жертөлөлөрүндө жасалып жатканын маалымдашууда. Ал документ менен чек арадан өтө албайт. Бирок, жумушка орношкону пайдаланып жүрүшөрүн айтып беришти. Муну тез арада токтотпосок кийин кеч болуп калат.

Бул маектин артынан удаа айрым массалык маалымат каражаттарынан Түркиянын Стамбул шаарынан 98 кытайлык уйгурлар Кыргызстандын жасалма документтери менен кармалганы жарыяланды. Эгер дагы улана турган болсо, кыргыз паспортунун өмүрү коркунучта.
Жаз-Айым Айдекова




Ирандын "Фарс" (Fars news) агенттиги Кыргызстанда
Иран Ислам Республикасынын "Фарс" (Fars news) агенттиги менен түзүлгөн кызматташтык тууралуу келишимдин негизинде кыргызстандык аймактан келген журналисттер үчүн семинар-тренинг өткөрүлдү.
"Фарс" агенттигинин директорунун орун басары, бул маалымат каражатынын алдындагы журналистика университетинин деканынын орун басары, дүйнөлүк экономика боюнча эксперт-аналитик, доктор Жебраил Сейед Миркаримоллах лекция окуп, суроолорго жооп берди.
"Телевидение, радио жана башка маалымат каражаттарында маалымат-аналитикалык материалдарды даярдоо" деген темада тренер Ирандагы массалык маалымат каражаттарында маалымат даярдоонун ыкмалары менен өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди. Ошондой эле ал өз өлкөсүнүн саясый, экономикалык абалына токтолду. Кыргызстандык журналисттер Ирандагы басма сөз эркиндиги, тигил же бул ыкчам маалыматтан тартып, аналитикага чейинки журналистиканын жанрлары боюнча суроолорду беришип, жооп алышты.
Мындан тышкары, Ирандын экономикасына АКШ, Батыш мамлекеттери тарабынан киргизилген экономикалык санкциянын таасири бул өлкөнүн Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстан менен болгон карым-катнашы, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү саясый абал тууралуу пикир алышуу болду.
"Асман плюс"




Балдар үчүн майрамдык маанай
"1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата "Курманжан Датка" атындагы коомдук кайрымдуулук фонду жана "Санат" телерадиокомпаниясы тарабынан Бишкек шаарындагы Курманжан Датка энебиздин эстелегинин алдында 2016-жылдын 1-июнь күнү майрамдык иш чара өткөрүлөт. Программада республикабыздын атактуу эстрада ырчыларынын катышуусу менен концерт жана балдарга белектерди тартуулоо каралган.
Иш-чара 2016-жылдын 1-июнь күнү өткөрүлөт. Башталышы саат 12:00дө. Уюштуруу комитети:
0557 17-35-75 - Бактыгүл.






Яндекс.Метрика