"Футболго - Данк!- "Дордойго"!
Өткөн жумада Мамлекеттик тарых музейинде футбол боюнча 2014-жылкы сезондун чемпиону "Дордой" (Бишкек) командасын сыйлоо боюнча салтанаттуу азем болду. Ооба, Бишкектин "Дордой" командасы өткөн сезондо Кыргызстандын чемпионатын 9-жолу утуп алды. Андан тышкары "Дордой" былтыр Кыргызстандын суперкубогун, Кыргызстандын кубогун да жеңип, өзүнчө эле хет-трик жасады.
Чемпиондорду сыйлоо аземи быйыл атайын январь айына, оюнчулар кышкы эс алуудан келип, жаңы сезонго даярданууга чогулган маалга жылдырылган эле. Сыйлыктарды тапшыруу аземи "Дордой" ассоциациясы уюштуруп, салтанатты "Дордой" ассоциациянын президенти А. Салымбеков ачты. Өз сөзүндө Аскар Мааткабылович чемпиондорду, кыргыз футболунун ардагерлерин жана залда олтурган бардык меймандарды, күйөрмандарды жаңы 2015-жылы менен куттуктап, өткөн футболдук сезонго кыскача токтоло кетти.


Аскар Салымбеков:
"Жашасын футбол"
- 2014-жыл биринчи кезекте Бразилияда өткөн дүйнөлүк чемпионат менен эсте калды. Бардыгыбыз ал оюндарды телевидение аркылуу, өз көзүбүз менен көрүп, аябагандай чоң таасир алдык. Дүйнөлүк футбол абдан кызыктуу, жогорку деңгээлде өттү. Деги эле биз дүйнөдө футболдун кандай өнүгүп жаткандыгына күбө болдук. Дүйнөлүк ареналарда стадиондор элге толуп тургандыгы абдан кубандырат. Бизде да ошондой болсо экен деген тилегим бар. Бирок футболдун, жалпы спорттун өнүгүүсү өлкөнүн саясий, экономикалык өсүүсүнө жараша болот. Кыргызстандын жашоо-турмушу мындан да жакшы болуп, экономикасы өнүксө, футболубуз да өнүгөт. Ошон үчүн "Дордой" ассоциациясы да элибиздин дени-сак болуусун тилеп, спорт менен машыгып, футбол ойношсун деп республикабыздын бардык аймактарында спорт аянттарын куруп жатабыз. Айтсак, былтыркы 2014-жылы эле биздин ассоциация 44 футболдук аянтча куруп берди. Быйыл дагы 20га жакын спорт аянттары курулуп ишке киргизилет. Кудай буйруса жергебиздин ар кайсы бурчунда дагы 60ка жакын спорт аянтчалар элибиздин дени сак келечеги үчүн иштейт. Ал эми "Дордой" футболдук клубу тууралуу айтсам, былтыр биздин команда 9-жолу өлкө биринчилигин жеңип, бизди ФИФАнын президенти Й. Блаттер өзү куттуктады. Бул биз үчүн өтө кубанычтуу. Демек, ал "Дордой" клубун жакшы билет. Быйыл "Дордойду" алдыда чоң мелдештер күтүп турат. Эң негизгиси - АФК кубогу үчүн болгон мелдеш. Ага жакшы даярданыш үчүн командабыз 20-январда Түркияга машыгуу үчүн жөнөйт. Андыктан мен оюнчуларга жакшылап даярданып, ийгиликтерге жетишиңерди каалайм! Анда эмесе, "Жашасын Футбол! Футболго - Даңк!"- деп Аскар Мааткабылович сөзүн аяктады.

Өлкө чемпионатына көбүрөөк көңүл бурсак
Ооба, 2014-жылы "Дордой" футболдук клубу Кыргызстандын чемпиону гана болбостон, өлкөбүздүн Супер кубогун жана Кыргызстандын кубогун да утту. Анан да "Дордой" командасы былтыр өлкө чемпионатын тогузунчу жолу утту. Ал эми клуб болгону 1997-жылы эле түзүлгөн. Бул өзүнчө рекорд болуп эсептелет. Клубдун ийгилигинде жалпы "Дордой" клубунун жетекчилеринин, машыктыруучу, оюнчуларынан тышкары күйөрмандарынын да ролу чоң. Анткени, команданын күйөрмандары жылдан жылга көбөйүп, өздөрүнүн сүйүктүү командасын бардык жерде колдоп жүрүшөт. Мына ушундай клубдан башка командалар да үлгү алса болот. Бирок чындыгын айтыш керек, кыргыз футболу учурда Аскар Салымбековго окшогон бир эки эле адамдын күчү менен сакталып келет. Өлкөбүздүн чемпионатында былтыр сегиз команда ойноду, бирок чындап келсе төрт эле команда ойноп, калган төрт команда командалардын санын көбөйтүш үчүн эле кошулгандай сезилет. Ал эми быйыл азырынча 7 команданын лицензиясы бар экен. Кыргызстандын Футбол Федерациясы региондордо футболду өнүктүрүп, ички чемпионатыбызды уюштуруу, өткөрүү жагына көбүрөөк көңүл бурса деген оюмду айткым келет.


Чемпиондор сыйлык алышты
Кыргызстандын 2014-жылкы чемпиону - "Дордой" командасы КФФсы тарабынан даярдалган алтын медаль жана Кыргызстандын чемпиону, Кыргызстандын кубогу жана Супер кубогу менен сыйланды. Кыргыз Футбол Федерациясы 2014-жылкы чемпионатындагы эң мыкты бомбардирине да атайын байге берди. Ал сыйлыкка "Дордойдун" чабуулчусу Калимулла ээ болду. "Дордойдун" пакистандык легионери былтыркы сезондо атаандаштарынын дарбазасына - 18 гол киргизген. Сыйлыктарды тапшыруу аземде "Дордой" ассоциациясы да ар кайсы наминациялар боюнча жеке байгелерди да тапшырды.
"Мыкты дарбазачы" - В.Волков
"Мыкты коргоочу" - А.Байматов
"Мыкты жарым коргоочу" - И.Шамшиев
"Мыкты чабуулчу" - Калимула.





Улукбек Салымбеков:
"Легионерлер күчтүү болбосо, аларды алып эмне кереги бар"
"Дордой" футболдук клубу өлкөбүздө биринчилерден болуп алыскы өлкөлөрдөн легионерлерди алып келишкенин билебиз. Айтсак, "Дордой" клубунда биринчилерден болуп Африканын Гана, Нигерия мамлекеттеринен келишкен Девид Тетте, Мака Кума, Даниэль Тэго сыяктуу жаш оюнчулар келип, он жылга жакын убакыттан бери ойноп, ал эмес Кыргызстандын атуулдугун алып, курама командабыздын намысын коргоп жүрүшөт. Ал эмес 3-4 жыл мурда "Дордой" алыскы Бразилиядан да жаш оюнчуларды алып келгенин билесиздер, алардын бири Карлос Израэль азыр да "Дордойдун" алдыңкы оюнчуларынан болуп эсептелет. Былтыр "Дордойго" Пакистандан жана Сербиядан да оюнчуларды алып келип, ал оюнчулар учурда клубдун негизги чабуулчуларынан болушту. Деги эле легионерлердин келиши жалпы Кыргызстан үчүн жаңылык болуп, күйөрмандардын да кызыгуусун арттырып жатат. Ал эми быйыл клубдун жетекчилери күйөрмандарга кандай жаңылык тартуулайт болду экен?.. Ушул легионерлер тууралуу мен клубдун вице-президенти Улукбек Салымбеков менен ой бөлүштүм..
- Улукбек мырза, мына быйыл "Дордойду" эл аралык аренада Түркмөнстанда өтүүчү АФК кубогу үчүн болгон негизги мелдештердин бири күтүп турат. Ал эми алдыга чоң максаттарды койгон клуб сезон алдында күчтүү оюнчулар, легионерлер менен толукталат эмеспи. Быйыл силерде кандай өзгөрүүлөр бар?
- Албетте, жаңы сезондо командабыз жаш оюнчулар менен да тажрыйбалуу оюнчулар менен да толукталдык, легионерлерибиз да бар.
- Ал эми легионерлер өзүбүздүн оюнчулардан мыкты болуш керек да?..
- Албетте, андай болбосо биз аларды чакырып эмне кылабыз. Мына, былтыр Сербиядан, Пакистандан келген оюнчуларыбыз командабызда негизги ролду ойношту. Ал эми пакистандык Калимула 2014-жылкы сезондо 18 гол киргизип, чемпионатыбыздын эң мыкты бомбардири болуп, бүгүн эң мыкты чабуулчу деген наминацияны алып олтурат. Ал эми быйыл бизге Сербия курама командасынын оюнчусу келди.
- Сербиянын?!.
- ... Ооба, Сербия курама командасынын!..






"Дордой" дагы алдыда
Ал эми ишемби күнү Токтогул атындагы улуттук филармонияда 2014-жылдын мыкты спортсмендерин аныктоо боюнча салтанаттуу азем өттү. Ал азем биринчи жолу "Топ.Kg" спорттук гезити тарабынан уюштурулуп, анда спорттун ар кайсы түрлөрү боюнча мыкты спортсмендер, мыкты клуб жана мыкты федерациялар аныкталды. Мурда жылдын мыкты спортсмендерин аныктоо спорт агенттиги тарабынан аныкталчу. Ал эми быйыл мыкты спортсмендерди атоого күйөрмандар да катышып, алардын добушу Sport.kg cайтында sms аркылуу, кийин атайын комиссиянын чечими менен аныкталды. Айтмакчы, быйылкы Sport Awards-2014- Жылдын мыкты спортсмендерин аныктоо аземинде спортсмендер, машыктыруучулар эреже боюнча автомобиль менен келип, кооз костюм, галстук тагынып, атайын төшөлгөн кызыл клемден өтүп жатышты. Айрымдары жанындагы жубайлары менен. Ал эми күйөрмандар өздөрүнүн сүйүктүү спортсмендерин атайын плакаттар менен тосуп алышты. Мыкты спортсмендер атайын баннердин алдында сүрөткө түшүп, автограф беришип, анан ардактуу жерден орун алышып... Голливуд бул жакта калат!
Ал эми мыкты спортсмендерди аныктоодо да Дордой" спорттук клубунун өкүлдөрү көпчүлүк байгелерге ээ болушту. Азем алдында "Дордой" спорттук клубунун жетекчиси Шаршен Касенов кудай буйруса биз бүгүн 5-алты номинациядан биринчиликти алабыз деди. Айткандай эле Алыш күрөшү боюнча "эң мыкты күрөшчү" номинациясында биринчи орунду "Дордой" клубунун атактуу балбаны Нурбек Аканов жеңип алды. Нурбек Аканов Кыргызстанда гана эмес, дүйнөгө атагы чыккан балбан. Ал мурдагы жылы Казанда өткөн Бүткүлдүйнөлүк Универсиаданын, Азиянын жана Дүйнөнүн чемпиону. Эң мыкты боксчу Азия чемпионатынын байге ээси Турат Осмонов да "Дордой" спорт клубунан. "Мыкты спортсмендерди" аныктоодо "Дордой" спорт клубунун ийгилигин футболчулар да улантып, былтыр "Абдыш-Атада" ойноп, быйыл "Дордойго" келген Жыргалбек уулу Кайрат - мыкты футболист болсо, клубдардын арасында"Дордой" футболдук клубу, андан тышкары спорт клубдардын арасында "Дордой" спорт клубу да биринчи орунга чыкты. Ошентип, "Жылдын мыктыларын" тандоодо да "Дордой" спорт клубу көпчүлүк наминацияны (5) утту.





Sport Awards-2014 - Жылдын мыктылары:
Өспүрүмдөр арасында мыкты футболист - Азамат Мелисбеков, "Алга",
Мыкты жаш спортсмен - Улан Касымбеков (Алыш),
"Алыш" күрөшү боюнча мыкты балбан - Нурбек Аканов ("Дордой"),
Кыргыз күрөшү боюнча мыкты балбан - Нурбек Кожобеков ("Беш-Сары")
Мыкты күрөшчү - Жанарбек Кенжеев ("ЦОП"),
Мыкты боксчу - Турат Осмонов ("Дордой")
Мыкты волейболчу - Мурат Исаков ("Ош - Бажы")
Мыкты кикбоксчу - Алексей Федосеев ("Гермес-Профи"),
Мыкты самбочу - Жаныбек Аматов (Жаны Гуч),
Мыкты футболчу - Кайрат Жыргалбек уулу ("Абдыш-Ата" -"Дордой"),
"Эрежесиз эр таймаштын мыктысы" - Кылычбек Саркарбаев,
Мыкты спортсмен айым - Айсулу Тыныбекова (аялдар күрөшү)
Мыкты федерация - Кыргызстандын Футбол Федерациясы
Мыкты клуб - "Дордой" футболдук клубу
Мыкты спорт клуб - "Дордой" жана "Мухаммед Умар",
Мыкты машыктыруучу - Адылкан Бекболотов (бокс)
Мыкты меценат - Сүйүн Өмүрзаков жана Эдиль Касенов.




Шаршен Касенов, "Дордой" элибиздин ден-соолугу үчүн иштейт"
Эми "Дордой" спорт клубунун быйылкы ийгиликтери тууралууу айтып жаткандан кийин албетте, ушул "Дордой" спорт клубунун президенти Шаршен Касенов тууралуу кыскача айта кетпесек болбойт. Ооба, бул клубдун спортсмендеринин ийгиликтеринде Шаршен Рахимовичтин ролу чоң. Шаршен Касенов эркин күрөш, самбо дзюдо боюнча СССР спортунун чебери, кичинесинен бери спорт менен машыгып, Союз учурунда көптөгөн мелдештердин жеңүүчүсү болуп, кийин машыктыруучулук кызматты аркалап, болочок спортсмендерге өзүнүн таалим, тарбиясын берип, көптөгөн спортсмендерди даярдап, эл аралык аренада жеңиштерге жеткирген. Республикабыздын эмгек сиңирген машыктыруучусу болду. Алты жыл Республикалык олимпиадалык резерв даярдоо мектеп-интернатынын директору болуп, ал жылдарда РУОРдо капиталдуу ремонт жасап, жаш спортчулардын жашоо-турмушун, материалдык-техникалык жагын ондоого чоң салым кошкон. 2002-2003-жылдары Мамлекеттик дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасынын орун басары болуп, спорттун өнүгүүсүнө жана спортсмендерди даярдоого жагына жооп берген. УОКтун вице-президенти, Студенттик спорттун президенти да болду. Ш. Касенов 2003-жылдан баштап "Дордой" ассоциациясынын вице-президенти жана "Дордой" спорт клубунун жетекчиси болуп эмгектенет.
- Шаршен Рахимович, өзүңүз жетектеген "Дордой" клубу тууралуу кыскача айта кетсеңиз.
- Мен "Дордой" ассоциациясына келгениме 11 жылдан ашты. Бул жакка Дене тарбия жана спорт мамлекеттик комитетинен Аскар Салымбековдун чакыруусу менен келгем. Ал эми Аскар Мааткабылович спортту сүйгөн, спортко жан дили менен күйгөн инсан.
- Ал эми Сиз жетектеген клубдун он жылдын ичиндеги ийгиликтери тууралуу айта кетсеңиз?
- Он жыл аралыкта "Дордой" спорт клубу жылдан жылга өнүгүп, күрөш боюнча дүйнөнүн, Азия жана Универсиадалардын чемпиондору чыкты. Ал эми "Дордой" футболдук клубу акыркы 11 жылдын ичинде 9 жолу өлкөнүн биринчилигин жеңип алды. Биз өзүбүздүн спортсмендерибиз үчүн колдон келген жардамыбызды кылып келетабыз. Мына спорт клубубуз жаңы ремонттон өтүп, күрөш, көркөм гимнастика, футболдук аянтчалар ишке киргизилди. Анан да "Дордой" ассоциациясы Кыргызстандын ар кайсы региондорунда келечек муундарыбыз үчүн 40тан ашык спорт аянтчаларды атайын килемчелер менен жардам бердик. Алардын жарымы учурда иштеп калды. Жеке спортсмендерибиз, спорттун ар кайсы түрлөрү боюнча эл аралык мелдештерде дүйнөнүн, Азиянын жана Универсиаданын чемпиондору болуп жатышат. Алардын арасында дүйнөгө таанымал балбандарыбыз Данияр Көбөнөв, Руслан Түмөнбаев, Калыбек Жолчубеков, Нурбек Аканов, Урмат Аматов, Докдурбек уулу Эламан, Магомед Мусаев, боксчулар Турат Осмонов, Болотбек уулу Эркинбек ж.б. Кышкы оюндардан хоккей оюну да жакшы өнүгүп жатат. Айтсак, "Дордой-Ала-Тоо" ар дайым байгелүү орундарды ээлеп келет. Кудай буйруса алдыда дагы чемпиондорубуз чыгарына ишенебиз. Анан дагы "Дордой" клубунда 25 машыктыруучу эмгектенип, алар миңге жакын жаш өспүрүмдөрду тарбиялап жатышат. Айтайын дегеним, эң негизгиси, "Дордой" элибиздин ден соолугу үчүн иштейт. Элибиз спорт менен машыгышсын демекчимин.

Табылды Асыгалиев
Ксения Толканёва