Николай Танаев, экс-премьер-министр:
"Өнүгүп бараткан мамлекетти ким, кантип тизелетти?"
Николай Танаев бир мезгилде Кыргызстандын "Ошстрой" жана "Чуйпромстрой" курулуш трестеринде эмгектенип, мастерден баштап башкаруучуга чейин жетип, мамлекеттик "Кыргызкурулуш" (мурдагы КР курулуш министирлиги) компаниясын жетектеген, адистиги курулушчу. Кыргызстанда алгачкылардан болуп алтын өндүрүүчү "Макмал-алтын" комбинатын курган. Ошол кездеги Кыргызстандагы бардык курулуштарында активдүү эмгектенген. 1999-жылдары КР мамлекеттик Архитектура жана Курулуш комиссиясынын төрагасы, 2000-жылы КР биринчи вице премьер-министри, ал эми 2002-жылдан баштап өлкөнүн премьер-министри болуп иштеген. 2005-жылдагы төңкөрүштөн кийин Аскар Акаев менен сүйлөшүү үчүн түзүлгөн комиссияга мүчө болуп чакырылып, 2-апрелде А.Акаевди мөөнөтүнөн мурда президенттик тактыны тапшыртууга макул кылып сөзгө келтирген. Учурда Россиянын Санкт-Петербург шаарында 8 жылдан бери "Газпром" ишканасынын жетекчисинин орун басарынын кеңешчиси. Кыргызстанга өз үйүнө, өз жерине кайрылып келүүнү эңсейт. Николай Тимофеевич Кыргызстандын мамлекет болуп түптөлгөн алгачкы күнүнөн тартып, 2005-жылдагы чыныгы окуянын жашыруун сырлары менен бөлүшүп, кандай болгонун, кимдер эмне кылганын төкпөй-чачпай айтып берди.

Толгоосу оор жаңы мамлекет
- Кыйынчылык менен жарык дүйнөгө келген Кыргызстан аттуу жаш мамлекетти түзүүдө өлкөнүн тунгуч президенти Аскар Акаевдин эмгеги зор экенин эч ким тана албайт. Бирок мен сөзүмдү СССР аттуу мамлекеттин кыйрашынан баштагым келип турат. Ошол кездеги бийликти авантюристтик жол менен алууну көздөгөн төңкөрүшчүлөрдүн тобун колдобой, өз оюн биринчи ачык айтып чыккан Президент А.Акаев болгонун, ошол кездеги чечкиндүү чечими алкоого татырлык. А.Акаев өз позициясын так жана ачык түшүндүргөндөн кийин гана Москвада болуп өткөн окуяга мурдагы СССРдин жаңы түзүлгөн курамындагы Республикалардын жетекчилери өз ойлорун айтып чыгышкан. СССРдин кыйрашына, кайра куруунун акыркы жылдарында эл керектөөчү товарлардын дүкөндөрдүн текчесинен таптакыр жок болуп кетиши, жада калса күнүмдүк керектелүүчү тамак-аш, кийим-кечени сатып алууга да мүмкүнчүлүктүн жок болушу, ар бир республика өз жолун өзү тандап, өз киндигин өзү кескенге түрткү болду. Дал ошол мезгилде өлкөнүн экономикасы кыйрап баштаган. Ошол мезгилдеги СССРдин Жогорку Кеңешинин Улуттук кеңешинин төрагасы Рафик Нишановдун версиясы боюнча, "кулпунайдын" айынан кыргыздар менен өзбектер өз ара мамилелеринин такташуусунун натыйжасында талаш-тартыш келип чыгып, анын шарданы менен Ош окуясы болгон. Бирок, чынында андай эмес. Бул ошол учурдагы бир далай бири-бири менен байланышкан ири чоң окуялардын негизинде келип чыккан кан төгүү болгон. Маселен, бул кан төгүүгө кээ бир инсандар, анын ичинде өзбек улуттары иштетип жаткан жерди кыргыз улутундагыларга бөлүп берип койгон Үсөн Сыдыков чоң роль ойногон. Дал ошол окуяда Кыргыз ССРинин жетекчиси А.Масалиев жана анын тегерегиндегилер өздөрүнүн терс сапаттарын көрсөтүшкөн. Алар улуттар аралык кырчылдашууну токтотмок тургай, өздөрү коркконунан жашырынып калышкан. Ошол учурда Кыргызстандын түштүгүндө адамдарды өрттөгөн, зордуктаган, өлтүргөн, үрөй учурган окуялар болуп жаткан. Мындай акылсыз наадандыкты карап туруу жан чыдагыс эле. Мына дал ошол учурда саясий аренада көрүнүктүү инсандар пайда болуп, алардын ичинде ошол кездеги СССРдин Жогорку Кеңешинин Кыргыз ССРинин атынан шайланган депутаттар Аскар Акаев менен Ян Ефимович Фишер чыккан. Эки инсандын кандайдыр бир деңгээлде ойногон ролу улуттардын ортосундагы келишпестиктерди токтотту. Аскар Акаев өз кайрылуусунда эки эл бири-бирин өлтүрүүнү токтотуусун айтып, эл алдына коркпостон чыгып кайрылуу жасаган. Кыргызстандын элинин Акаевге болгон урматтоо дал ошол мезгилден башталган. Андан кийинки урматтоо Советтер Союзу кыйрагандан кийин биринчи Президентти шайлоо учурунда болду. Азыркыга чейин менин эсимде, Парламенттин отурумундагы микрофондун жанына өздөрүнүн президенттик программасын тааныштыруу үчүн отуздан ашык адам кезекте туруп, жыйылып калган. Бул кадимкидей шоу болгон! Аягында финалга Кыргызстандын БК Компартиясынын (1985-1991) биринчи катчысы Абсамат Масалиев менен Кыргыз ССРинин министрлер кеңешинин төрагасы Апас Жумагулов чыгып, бирок өз ара бир пикирге келип сүйлөшө албай койгондугунун натыйжасында экөө тең утулуп калышкан. Дал ошол кезде кыргыз элинин улуу жазуучусу Чынгыз Айтматов учурдагы окуянын жоопкерчилигин колго алып, тунгуч Президенттик кызматка Акаевдин талапкерлигин сунуштаган. Ал эми Парламент Акаевди шайлады.

Акаев кандай Республиканы өткөрүп алган?
-Ал мезгилде өлкөнүн абалы өтө эле начар болчу. Бул учур өнөр жай ишканалары иштебей, айыл чарбасы токтоп, өлкөнүн кампасында 5 миллион калкы бар Кыргызстан үчүн болгону 200 тонна ун болгон. Ал эми банктын эсебинде 20 миң долларга жетпеген каражат калган. Ошентип, толук кыйроого туш болгон. Жалпы Советтер Союзунун өнөр жайы үчүн иштеген завод, фабрикалардын баары бир эле учуда токтоп калганын, (Кыргызстан СССРдин башка республикалары менен өз ара экономикалык байланышта болушкан) жана анын натыйжасында жалпы эл массалык түрдө ишсиз калганын өзүңүздөр элестетип көрүңүздөрчү. Ал эми ошол убактагы валюта рубль өз позициясын жоготуп, туруктуу эмес эле. Мына дал ошол кезде Акаев бийликке келип, келечеги бүдөмүк өлкөнү өткөрүп алган. Тилекке каршы, азыркы учурда, СССР кыйрагандан кийин Кыргызстандын экономикалык абалы кандай болгонун негизинен эч ким түшүнбөй да, түшүнгүсү да келбей, ошол катаал мезгилди эстеп да коюшпайт. Кээде бир ишти тездик менен чечүүгө туура келген учурлар болгон. Республика тоолуу аймак болгону менен жер астындагы ар кандай жаратылыш кен байлыктары кимдир бирөөлөр аркылуу өздөштүрүлбөгөн, ишке кирген эмес, ошол учурда өлкөнүн өзүнүн жаратылыш байлыгы жок болчу. Ошондуктан кандай гана болбосун өлкөдөгү абалды турукташтырып, Кыргызстан деген кичинекей мамлекет бар экенин дүйнөгөгө таанытып туруп, инвестиция тартуу керек болчу. Кыргызстандын өзүнүн так позициясы жана адистери жок болгондуктан Акаев мамлекетти көз карандысыз мамлекет катары, дүйнөлүк коом тааныган жолго салып, бардык улуттарды жакындатуу саясатын жүргүзгөн. Анын убагында советтик мезгилдегидей жергиликтүү калкты экинчи сорттогу адам катары карабай, улутка болгон мамиле түп-тамырынан бери өзгөргөн. Ошол учурда Акаевдин каршылаштары өтө көп болгон. Баса, алар азыркы учурга чейин Кыргызстандын саясатын жүргүзүп келе жатышат. Ошого карабай жакынкы арада мамлекет аралык акча алмашууда рубль өз күчүн жоготоорун биринчилерден болуп сезип, улуттук валютаны киргизген. Акаевдин алысты көрө билген көсөмдүгү өз натыйжасын берди. Азыркы учурда деле Акаевдин саясатынын негизинде улуттук валюта башкаларга салыштырмалуу туруктуулугун жамандыр-жакшыдыр сактап турат десек болот. Бүгүнкү күндө көпчүлүк "Акаевди мамлекетти карызга батырды" деп күнөөлөп келе жатышат. Бирок, чындыгында тыштан келген 1млд. 600 млн. доллардын 800 миллиону Улуттук банктын резервинде сомдун стабилдүүлүгүн сактоого колдоо катары сакталып турат. Акаев КМШ өлкөлөрүнө салыштырмалуу биринчилерден болуп жер реформасын киргизген. Советтик республикалардын ичинен биринчилерден болуп дыйкан чарбачылыгын негиздеп, дыйкандар жер үлүштөргө ээ болушуп, азыр ал жерлер өзүмдүк жерге айланган. Убакыт өтүп Кыргыз Республикасы дан өндүрүүчү өлкөгө айланып, 2004-жылы тыштан ташылып келген данга муктаж болбой калган. Бир гана 260 миң тонна буудайдын катуу сорту бизде өстүрүлбөгөндүктөн, тыштан сатылып алынган. Кыскасын айтканда, 2004-жылы республиканын керектүү экономикалык потенциалга ээ болуп, эл аралык донорсуз өз каражаты менен жашоого мүмкүнчүлүк түзүлүп калган. Бир кездеги экономикасы талкаланган өлкөдөн, гүлдөгөн өлкөгө айланып калган. Ошол мезгилде жылдык ИДПнын өсүшү 7,0-7,5 % түзүп турган. Азыркы учурда Акаев мамлекетти талкалап, баардыгын уурдап кеткен деп айтып жүргөндөр же экономикада, же саясатта, же чыныгы жашоодо эч нерсени түшүнбөгөндөр. Жалпысынан алганда мамлекет 2002-жылы туруктуулукка жеткен.
Өлкөнүн тунгуч Президентинин аракети менен "Эл аралык Тоо Жылын" өткөрүп, ошону менен Кыргызстанды эл аралык аренага чыгарды. Башында көпчүлүк элге мындай кадамдын мааниси түшүнүксүз болгон. Иш жүзүнө келгенде Кыргызстандын аянтынын 93% тоо курчаган, 7% гана өрөөн жана көл. Эми элестетип көргүлөчү, 5 млн. калк ушундай шартта жашай алабы! Бүгүнкү күндө "Тоо Жылында" талкууланган тоолуктардын көйгөйлөрү ушул күнгө чейин көптөгөн мамлекеттерде уланып келе жатат. Ошентип, тоолор тоолуу мамлекеттерди, тоолук элдин көйгөйү менен эл аралык коомдун көңүлүн өзүнө бурду. Биринчи симпозиумда 2000ге жакын эл аралык өкүлдөр катышып, Кыргызстанды дүйнөлүк аренага таанытты. Буга чейин кичинекей тоолуу мамлекетти эч ким таанычу эмес жана Курдистан менен адаштыра
беришчү.

Медицинага колдоо, коррупция менен баңгизатка бөгөт коюу
Өнөр жай өндүрүшү калыбына келип туруктуу боло баштаган кезде, биз бардык катмардагы калк үчүн үй куруу программасын ишке ашырып, медицина жаатында ден-соолукту сактоо боюнча реформа жүргүзө баштадык. Эсиңерде болсо керек, бир мезгил болгон, ооруканага жаткан адамдар өз үйүнөн шейшеп-төшөнчүсүн, дарысын өздөрү ала келишчү. Анан мындай көрүнүштөрдүн баары артта калган. Биз биринчилерден болуп биргелешкен инвестициялоо программасын киргизип, биринчилерден милдеттүү түрдө медициналык камсыздандыруу Фондун ачып, туберкулез оорусу менен күрөшүү Программасын киргизип, туберкулез оорусун бир топ азайтканга жетишкенбиз. Биз ошондой эле 1997-жылы Кыргызстанда СПИД оорусу катталбаганына карабастан, алдын алып СПИД оорусу менен күрөшүү программасын алгачкылардан болуп киргизгенбиз. Мунун баары Афганистандан Тажикстанга андан Кыргызстанга, андан ары Россияга ташыла башталган баңгизаттын кесепетинен, кайнатып тазаланбаган шприцтерди колдонгондон кийинчерээк СПИД оорусу каттала баштаган. Бул оору менен күрөшүүнүн артынан баңгизат менен күрөшүү Агентствосун түзүүгө түрткү болду. Андан кийин айыл-кыштактарды таза суу менен камсыз кылуу программасын ишке киргизип, бул иштердин аркасында жаңы суу түтүктөрү орнотулуп ишке киргизилген. Бул ишке элибиз кошо активдүү катышып, траншея казышып, түтүктөрдү орнотконго жардамдашып, өз эмгектерин кошумчалашкан. Биз 2002-жылы биринчилерден болуп жергиликтүү өзүн- өзү башкарууну киргиздик. Мен ал кезде премьер-министрлик кызматта болчумун, өзүмдүн кээ бир укуктарымды жергиликтүү айыл өкмөттөргө токтом менен өткөрүп бергем. Ушундан кийин жергиликтүү маселелерди өз алдынча чечүүгө укук алышып, оорураак маселе болсо облустук башкаруу органдары чечүүгө жардам берип калышты. Ошондой эле биз биринчилерден болуп, табигый кырсыктардан жапа чеккендерге жардам бергендерден болгонбуз. Эгерде Россия ошол убакта табигый кырсыктардан үй-жайсыз калып, жапа чекендерге 50 миң рубль жардам көрсөтсө, биз алардан үч эсе - 250 миң сомдон жардам көрсөтчүбүз. Ошол максатта биз уурулукка жана коррупцияга жол бербей, бардык ишти аткарган атайын Департамент түзгөнбүз. Биринчи гранттык траншты үйдүн пайдубалына, андан кийин дубалына ж.б болуп отуруп, үйлөрдүн курулуп бүткөнгө чейинкисине чейин бөлүштүрүлгөндүктөн бир дагы коррупциялык иштер катталган эмес. Айта кетчү сөз, өлкөнүн экономикасына байланышкан жана социалдык тармагын өнүктүрүү үчүн бул киргизилген жаңылыктардын баары Эл аралык Валюта Фонддун (МВФ) нааразычылыгын жаратты. Эл аралык Валюталык Фонд мамлекеттин гүлдөп өсүшүнө эч качан кызыкдар эмес экендиги анык. Алар үчүн мамлекет ар дайым тизелеп туруусун каалашат жана Кыргызстандын ар бир кадамына көз салып, тарп аңдыган кузгунга окшоп, мамлекетти бир карыш башка жакка жылдырбай кармап турат.