Электен өткөн эки мыйзам
"Жогорку Кеңешти жана Президентти шайлоо тууралуу" Шайлоо кодексинине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча бир катар мыйзам долбоорлору депутаттар тарабынан сунушталып жатат. Анын ичинде эң эле актуалдуу каралып жаткан депутат Данияр Тербишалиевдин "Преференциалдык добуш берүү" мыйзам долбоору жана депутат Өмүрбек Текебаев сунуштап жаткан "Регионалдык тизмек түзүү же конкреттүү аймактардан лидерлерди алып чыгуу" мыйзам долбоорлору болууда.

Курманбек Дыйканбаев, ЖКнын депутаты:
- Шайлоо кодекси иштеп жатпайбы. Ар бир шайлоо алдында эле улам жаңы ыкмаларды киргизип, мыйзамды өзгөртө берүү болбойт. Буга чейинки шайлоо процессиндеги айрым бузулган эрежелерди эске алып, биометрикалык базаны да топтоп жатышат. Муну туура көрдүм. Бүгүнкү күндө эң эле орчундуу маселе партиядагы талапкерлердин тизмеги болууда. Экинчи маселе, партиялардын көптүгү. Саясый өсүшү бар партиялардын көз караштары бир болгон болсо, аларды бириктирүү керек. 5 млн эл үчүн 150 партия бул өтө эле көптүк кылат. Аймактарда тамыры бар партиялар да шайлоого катышышса жакшы болмок. Өмүрбек Текебаевдин "Аймактык тизмек түзүү" мыйзам долбоору боюнча шайлоочулар менен да жолугушуп акылдашып көрсөк, "Акча берип, ошол региондун колунда бар байлары ээлеп алышат. Алар Акаевдин, Бакиевдин жана Атамбаевдин убагында жүргөн саясатчылар кайрадан келишет" деген пикирлерин айтышты. Эл шайлады деп эле татыксыз эл өкүлдөрү мыйзам жазуу бийлигине келип калышат деген коркунуч бар. Колдон келсе, аймактык элди бөлбөй, уруу-урууга жарбай эле койсок. Себеби, ар бир жаран өзүнүн жердешин, уулун, уруусунан чыккан талапкерди колдойт. Бул мыйзам жогорудагыдай бөлүп-жарууга алып келет. Мен жеке Данияр Тербишалиев­дин мыйзам долбоорун колдоп кетем. Себеби, эл билиши керек. Кимди шайлап, кимге ишенип жатканын. Бир партиянын аркасы менен парламентке келген эл өкүлү партиянын уставын, желегин сыйлабай, өзүмбилемдик кылып жаткан көрүнүштөрдү көрүп жатабыз. Эмки чакырылышта мындай көрүнүш болбой тургандай партиянын политкеңеши чара көрүшү керек. Тилекке каршы, көпчүлүк партиялардын политкеңештери иштебейт.

Мирлан Бакиров, ЖКнын депутаты:
- - - - -Өмүрбек Чиркешович сунуш­тап жаткан мыйзам долбоорун колдойм. Ага окшош эле мыйзам долбоорлорун бир катар депутаттар алып чыгып жатканбыз. Эмнеге колдоорум тууралуу токтолуп кетсем. Өзүңүздөр байкандай, 4 жылдан бери 5-чакырылыштын депутаттары иштеп жатышат. Жакшыбы, жаманбы буга эл баасын берет. Жергиликтүү шайлоочулар менен жолугушууга барганыбызда айрым бир чоң шаар, райондордон бир да эл өкүлү парламентте жок экендигин угуп келебиз. Эл өкүлү менен карапайым элдин карым-катнашы жок, элдин арыз-муңун түздөн-түз уккан эч ким жок экендигин эске алып, бул мыйзам долбоору сунушталып жатат. Тактап айт­канда, элден түшкөн суроо-талаптардын негизинде түзүлдү. Учурда бул мыйзам долбоору кабыл алынабы-жокпу, эртеңки шайлоодо конкреттүү добуш топтоо үчүн ар бир партия бардык региондордон салмагы бар, авторитеттүү жарандарды өзүнүн тизмегине кошот. Мындай болбой койбойт деп азыр эч ким кепилдик бере албайт. Ошол эле учурда ал региондун талапкери жогорку добуш алып бере алабы, жокпу ага да эч ким кепилдик бере албайт. Муну мыйзамдаштырып койсок, адилеттүү болмок. Себеби, талапкер алган добушуна жана мээнетине жараша мандатка ээ боло алат. Партиялык тизменин аягында болгон талапкерде да үмүт болмок. Ошол региондон көп кол топтоп депутат болсом, ошол аймактын көйгөйүн чечемин деген ишеним пайда болот. Бул шайлоочулардын шайлоого активдүү катышуусуна шарт түзөт. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 464 айыл өкмөтү жана бир топ райондук бирдиктер бар. Бөлүнө турган эл болсо, буга чейин деле район-шаарларга бөлүнүп кетишмек да. Бул мыйзамда деле Кыргызстан бирдиктүү округ деп эсептелинет. Шайлоо процесси аяктагандан кийин бардык добуштар бир куржунга топтолуп, жыйынтыгы чыгарылат. Шайлоочу 2010-жылдагыдай эле өзү каалаган бир партиясына гана добушун берет. Бирок, ар бир шайлоочу аймагынан ким талапкер болуп жатканын эске алат. Ал эми Данияр Тербишалиев сунуштап жаткан мыйзам долбоорун да туура деп айткым келет. Ал негизги мыйзамда да камтылган. Жакшы жери, шайлоонун эртесиндеги талаш-тартыш маселесинен алыстатып, партия ичиндеги коррупциялык схеманы жоет. Бирок, тааталдык жаратканы эсептөөдө бир топ маселе жаратат. Экинчиден, эң азы 30 партия ат салышкан күндө деле 3600 талапкер болуп, бюлльетенге батпайт. Ошондуктан учурда шайлоо процессине жаңы технологиянын жетишсиздигинен улам, бул мыйзам долбоорун эртелик кылат го деген ойдо элем. Балким канча бир убакыттан кийин туура келип калат.
Нурбек Алимбеков, ЖКнын депутаты:
Бул эки мыйзам долбоорун карап жатып, кемчиликтерин байкап жатабыз. Өмүрбек Чирешовичтин мыйзам долбооруна токтоло турган болсом, жеке гана региондорго басым жасалып, аймактарга бөлүп койгондой ой калтырып жатат. Бул жагынан коркунуч бар. Коомдук угуу­дан жана коомчулуктан оюнан кийин мен да күмөн санап калдым. Тактап айтканда, мындай жол менен партиялык түзүлүштү кайра бузуп алат экенбиз. Парламенттик мамлекет бул партиялык түзүлүштөн турат. Ошондуктан мурунку эле мыйзамдын айрым жерлерине өзгөртүүлөрдү киргизип койсок болот. Ал эми депутат Тербишалиев сунуштап жаткан "Преференциалдык добуш берүү" мыйзам долбоорун колдойт элем. Бул таза, адал иштеген эл өкүлүнүн келишине жол ачат. Региондорго бөлбөй эле, болгону тизмедеги татыктуу талапкерине эл добушун берсе, адилеттүү болмок. Шайлоо процессинде эки бюлльетен болуп, убакыт узарып кетиши мүмкүн. Бирок, эртеңки күнкү таза парламентти түзүп беришет. Бул мыйзамда партиянын политсовети да талапкердин жөнүн тактап дыкат иштемек. Менин жеке оюмда эмки чакырылышта 3 гана фракция болсо жакшы болмок дейт элем. 5 фракция баары бир көптүк кылып, көп маселеде бөлүнүүнү жана тополоңду алып келет экен. Эгер 3 партия өтө турган болсо, 2 фракция биригип өкмөттү мүмкүн 5 жылга түзөт беле. Ал эми бир фракция оппозицияда болсо жакшы өнүгүүдө болот элек.

Гүлкайыр Эшимова