Нарбай аксакалдын уулу
Уйлары эгизден тууган касиеттүү жигит
Акыркы күндөрү мага телефон чалуулар бардык региондордон тез-тез боло баштады. Көптөрү азыркы эң актуалдуу теманын бири болгон акыр заман тууралуу. Дагы бирлери аян алып жаткандарын айтышып, туура-туура эмес экенин билгиси келгендер. Бир жолу Аксы районунун Райкомол айылынын тургуну телефон чалып, өзү, баласы аян алып жаткандарын айтып берди. Угуп турсам баарын өз түшүнүгү менен бирок туура айтып жатат. Анан Нарбай аксакал уулун мага жиберээрин айтты.


32деги жаш жигит менин кабинетиме кирип келгенде энергиясынан жылуулук келип турду. Аурасын аппарат менен көргөндөн кийин энергиясы жогорку деңгээлде жана сапаттуу экенин көрдүм. Башкача айтканда касиеттүү жигит десек болот. Ошентип, өзүн Майсалбек Бокоев деп тааныштырган жигит менен маек куруп, кызыккан суроолорума жооп алдым.
- Касиетиңдин бар экенин качан байкадың?
- Мен бала кезден эле башкача болсом керек. Жалгыз уктагандан коркуп, жанымдан эч кимди чыгарбай ата-энемди убара кылчумун. Себеби, уктаганда чачтары саксайган эки кичинекей кыз үстүмө секирип ойноп кыйнашчу. Туруп отуруп алсам арыраак барып оюндарын уланта беришчү. Ата-энем молдолорго, табыптарга, мазарларга алып барышчу. Бирок тигилер кетишчү эмес. Мектепти бүтүп, Таш-Көмүр шаарындагы дары чөп даярдоочу окуу жайга өтүп окуп калдым. Аябай ырчы болгум келчү. Бир күнү бир аксакал көрүнүп, ырдагың келсе ырда деп комуз берип кетти. Эртеси эле ырлар куюлушуп өзү эле келе баштады. Ырларга обон да жаралып, өзүм ырдап чыга баштадым.
- Чыгармачылыкка жол ачкан турбайбы?
- Ошентип өз айлымдын, районумдун атактуу ырчысы боло баштадым. Билбейм, эл ырларымды жакшы дешет. 700дөй ыр жазгам. Обондуу 25 ырды альбом кылып чыгаргам. Актёр болуп киного да тартылдым. Гүлнур Асанова менен "Күзгү жалбырактар", "Табышмактуу тагдыр" аттуу тасмаларга тартылдым. Режиссёру Темир Азем уулуна таандык. Гүлнур Асанова менин калемиме таандык ырларды аткарып жүрөт. Мен колдоочуларыма чексиз ыраазымын, алар эмне сурасам беришет. Бирок, аларды ар кайсыны сурап көп кыйнагым келбейт.
- Караңгыдан коркпой калдыңбы анан? Колдоочулар менен кантип сүйлөшөсүң?
- Мурда караңгыда ар нерселерди көрүп жүргөн болсом, кийин жарыкта деле көрө баштадым. Бирок бир кызыгы көргөн нерсемди сөз менен айтып бере албайм, жазуу түрүндө жазып айтам. Мисалы, таштагы жазууларды чечмелеп берүүмдү суранып келишкен. Ал таштагы тамгаларды билбейм, бирок эмне жазылганын жазып бердим.
- Сенин касиетиң парапсихология илиминде "автоматтык жазуу" деп аталат. Колуң өзү эле суроолорго жоопту жаза баштайт. Үй-бүлөдө дагы кимде мындай касиет бар?
- Атам дагы ушул жолго түшүп, ошол дүйнөгө абдан кызыгат. Карындашым да жазып аян алат. Биз жакта мазарлар аябай көп. Бир күнү ошол мазарлардын ар биринин өзүнчө мааниси бар экенин билдим. Мисалы, бала сурай турган мазардан байлык сураганга болбойт да. Мурда мазар деп эле жалпы сыйына берчүбүз. Анан ар бир мазардын маанисин мага кагазга жаздырды. Ал жазуулар атамда сакталуу. Бир жолу кайсы мазардан байлыкты кантип сураш керек экенин жаздырды. Жазуудагы айтылгандарды жасап сыйындык. Сиз ишенесизби, үч жолу уюбуз эгиз тууду! Кудайга шүгүр, тагдырыма ыраазымын. Бишкекте "Шуруңдан ай" деген ырыма клип тарттырып бүттүм. Буюрса жакында эфирге чыгат.

- Кайсы кесип менен иштеп атасың?

- Менин кесибим өтө көп. Бардык иш колуман келет. Чыгармачылыкка өтө кызыгам. Студия ачсамбы деген кыялым бар.
- Сен бардык эле суроого жооп ала аласыңбы? Мисалы азыр бардык адамзатты бир ой кыйнап, ошого жооп алгылары келет. Ал 21.12.2012-жыл.
- Сурооңузду кагазга жазыңыз, жазып көрөйүн ( Ушул күнү биздин элди эмне күтүп турат? Деген суроону жаздым.).
- Ал күнү адаттагыдай эле жашоо күтүп турат. Акыр заман ар бир адамдын өзүнө жараша болот. Сага эмес тээ ата-бабаңа кыямат салбайм деп сөз бергем. Менин айткан сөзүм эки болбойт. Кыргызыңда алдыгы жылуу адамдан эмес, ааламдан болот.
- Рахмат, ылайым айтканы келип, жаңы доорго аман-эсен, демейдеги күндүн бириндей билинбей өткөндү жалпыбызга буйрусун. Сага да бардык жакшылыктарды каалайбыз.
Маектешкен
Лариса Асанбекова