Сөз жамгыры эле төгүлгөн...
Кыргыз журналистикасынын атасы, чыгаан журналист, белгилүү коомдук ишмер, мыкты саясатчы, экс-депутат Мелис ЭШИМКАНОВ көзү түрүү болгондо 9-декабрда 50 жашка толмок. Аттиң... айла канча Жараткан пендесине тартуу кылган өмүрдү кайра кайтарып алат тура. Эшимканов курч сөздөрү менен акыйкаттык, чындык үчүн күрөшкөн инсан катары калың журттун эсинде түбөлүккө калды.Эскерүү кечеси Филармонияда болуп өттү. "Мелис Эшимканов" атындагы коомдук фонд уюштурган журналисттер арасында жүргүзүлгөн конкурстун жыйынтыгы чыгып, Алым Токтомушев 100 миң сомдун ээси болду. Ошондой эле көздүн жашын кылгырткан эскерүү сөздөр, аны менен бирге жүзүңө жылмаюу тартуулаган күлкүлүү окуялар жакын санаалаштары, кесиптештери, достору тарабынан биринен сала бири айтылып жатты.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ, акын:
- Советтер Союзу урап, кулаганына көпкө чейин ишене албай, акыры ишенип эми кантип жан багам, бала-чаканы кантип багам деп жүргөн учурум эле. Түндүктөн түшүп "Ленинчил жашты" тартып алган, "Түндүктөн түшкөн редактор" деген атка конгон иниң бар деп калышты. Ошентип Мелиске келдим. Дароо эле ишке алып иштеп калдым. Ал учурда 2000 сом деген айлык журналисттер үчүн Кыргызстандагы эң жогорку маяна эле. Себеби, кээ бир жерден 30 сом алып калган учурум болгон. Меке демократиянын эмне экенин баардыгыбызга таанытты. Гезитте коллаж деген нерсени биринчилерден болуп колдондук. Бирок, ошол коллаж биздин түбүбүзгө жетти. Себеби, Мадоннанын бала көтөргөн сүрөтүнө Мадоннаны Майрам Акаева, колундагы баласын А.Акаев кылып чыгарып жибердик. Ошентип 8 журналисттке кылмыш иши козголду. Кассадагы 500 миң акчабызды, гезит ташыган автобусубузду, таракандар ойноп жүргөн эски диваныбыздан өйдө тартып алды да өзүбүздү кууп чыкты. 30га жакын киши көчөдө калдык. Мекени эскерип жаткан соң көп окуялар эске келет экен. "Хайл Сайракан" деген рубрикабыз бар эле. Ошонун пайда болгондугу тууралуу айта кетейин. Адаттагыдай планёркада Мелис жаңы рубрика ачпайлыбы деп калды. Ат- Башыда чет тилинен жалаң немец тилинде окучубуз. Бир күнү немец тилинен жаш эже сабак берип калды, аты Сайракан эле. Силерге немецче саламдашканды үйрөтөм. Күнүгө сабакка келгенде мен "Гутен таг" десем, силер "Гутен морген" деп жооп бересиңер деди. Экинчи сабакта эже келип "Гутен таг, гутен таг" деп эле жылмаят. Биз баарыбыз бири-бирибизди карайбыз, башыбыздагы саламдашкан сөз учуп кеткен. Бир маалда артта отурган Жекшен тура калып "Хайл Сайракан" деди колун көтөрүп. Эжебиз каткырып күлүп эле калды. Биз кайдан билели, көрсө ал немецтердин киносундагы "Хайл Гитлер" дегенди көрүп ушундай экен деген тура. Ошентип, аталган рубрика ушундайча пайда болгон. Мына ушундай көп нерселерди Мелис тапчу эле. Журналистикадагы жаңы багытты, бирөөгө көз карандысыз жашаган кандай болоорун үйрөтүп кетти. Гезит аркылуу жөнөкөй адамды асманга алып чыккан баатыр эле.

Аликбек ЖЕКШЕНКУЛОВ, коомдук ишмер:
- Мелистин туулган күнү деп толкунданы, бакылдап тостор айтылып турат эле, тилекке каршы арабызда жок, тагдыр экен. Мелистин тагдыры мамлекетибизде болуп өткөн окуялар менен байланыштуу. Акыйкат, теңдик үчүн күрөшүп келди. Өмүрүнүн акырына чейин ар намыс, акыйкат, чындык үчүн күрөшүп келди. Азыр ар бир гезитти алып карасаң, окусаң Мелистин стили ойго келет. Кыргыз саясатында, кыргыз журналистикасында өзүнчө агымды жаратты. Оң жагы, сол жагы болду, өйдө болду, ылдый болду бирок, баардык жагынан өзүн көрсөтө алды.

Султан РАЕВ, Президенттин кеңешчиси:
- Бүгүн биз досубуз Мелистин 50 жылдык мааракесинде чогулуп отурабыз. Эң өкүнүчтүүсү арабызда жок. Аттиң... Мелис-бунтар, Мелис-авантюрист, Мелис-парадокс, Мелис- демократ! Чынын айтканда Мелис ушундай инсан эле. Ичиндеги өзүнүн карама-каршылыгы менен, өзүнүн дүйнөсү менен алпурушкан өзүнчө феномен эле. Кыргызстандагы демократия чөйрөсүнүн, сөз эркиндигинин башатында турду. Муну биз билишибиз керек, таанышыбыз керек. Өзүнүн ушундай бир тактикасы бар эле, бийликке жакындап келет дагы, бир жеринен эле бийликтин сол жагын байкап калса, бийликтен алыстайт да алдына от коёт. Ал чоң саясаттын кичинекей гиганты болгон. Достору Мелис деп канчалык сыйлап турса, кастары да ошондой сыйлап, таанышчу. Мелис эч качан өлбөйт, ал бизге чоң чындыктын мектебин калтырып кетти.

Кыялбек УРМАНБЕТОВ, акын:
Меке чал
Сакадай бою бир
карыш,
Сапырган ою миң
карыш.
Жакын достор Меке
чал деп койчу эле,
Ала дөө менен
арбашып,
Кара дөө менен
кармашып.
Алаңдаган суук көздөрүн ойчу эле,
Жалаңдаган курч сөздөрү сойчу эле.
Жүгөн катпас аргымактын азоосу,
Жүрөгүнүн өчпөс оттой алоосу.
Басма сөздү бийлик десек төртүнчү,
Баш бербеген Эшимканов ажосу.
Сөзү таамай көзөп өткөн ок эле,
Өзү шайыр, чаң ызгыткан шок эле.
Амалданган кекчилдиги болсо да,
Адамдарга кекчилдиги жок эле.
Сактанбады сагызгандай сак болуп,
Актанбады айрымдардай ак болуп.
Калкылдаган Кыргызстан күчү десек,
Калат Мелис күн бетинде так болуп.
"Асабадай" ак бороондо булактап,
"Агым" менен Ала-Тоону кулачтап.
Калемгерлер тапан болуп кеткени,
Калайыктын жүрөгүнөн кетпеди.
Таалим берип кызыл тилин курчуткан,
Тактан түшпөс Меке чалдын мектеби.
Алым ТОКТОМУШЕВ, журналист, "Мелис Эшимканов" атындагы сыйлыктын ээси:
- Чынын айтсам Мелис Эшимкановдун сыйлыгын алам деп ойлогон эмес элем. Анткени, Эшимканов атындагы фонд уюштуруп алышып, өзүнүн жакындарына, чогуу иштешкендерине бөлүп берип жатабы деген ой менен конкурска катышкан эмесмин. Ооруканада элем, чогуу иштешкендерим документтеримди, макалаларымды тапшырып коюшкан экен. Эшимкановдун сыйлыгын алганыма, алгачкылардан болуп алып жатканыма өзгөчө сыймыктанам. Адабиятчы болом деген мени журналист кылып жашатып келди эле, эми өлгөндөн кийин да лауреат кылып кетти. Мелистин ага-туугандарына, калыстар тобуна да ырахмат, баарыбызды арбагы колдоп жүрсүн.

Эсенбай НУРУШЕВ, калыстар тобунун төрагасы:
- Бул сыйлык биринчи жолу башталып отурат, өмүрү узун болсун. Ушул сыйлык канча жыл жашаса Мелис да ошончолук узакка жашайт. Мелистин сыйлыгын алсак деп конкурска өтө көп адамдар, аттуу-баштуу замадаштарыбыз да катышты. Арасынан тазалап, тактап олтуруп, эң көп бал алган катышуучуга ыйгардык. Конкурстун жыйынтыгында, биздин арабызда да таланттуу, калеми курч журналисттер бар экен деген бир жакшы ой пайда болду. Ары кетип, бери кетип отуруп сыйлыкты Алым Токтомушевго ыйгарууну чечтик.

Асель ЭШИМКАНОВА, жубайы:
-Ушул ыйык күндү биз менен тең бөлүшкөнүңөргө чоң рахмат. Мелистин ишин уланталы деген чоң максат менен фонд ачканбыз. Сиздердин жардамыңыздар менен мындан ары да фонддун иши уланып кетет деген ойдомун. Бир туугандарыма, ата-энеме жана сиздерге чоң рахмат. Баардыгыңыздар бар болуңуздар!
Гүлзат САДЫРБЕК кызы