кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"




Көлбаев кимге керек?..
Учурда бийликтин бир бучкагын басып отурган "Ата Мекен" партиясынын эки жыл мурда ЖКга болгон шайлоо учурунда көтөрүп чыккан көзүр жараяны уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү болгону элдин эсинен кете элек. Ата мекенчилердин шарапаты мененби айтор, Убактылуу президент Роза Отунбаева да уюшкан кылмыштуулук менен күрөш баштаган. Андан кийин бир топ кыргыздын спортсмендери уюшкан кылмыштуулуктун мүчөсү катары шектелишип кармалып, камакка алынган. Мындай бийлик тарабынан башталган "бороон" көпкө созулбай Р. Отунбаева бийликтен кетер менен дымый түшкөн. Ошентсе да расмий бийлик мындай аракетин көпкө чейин көзүр катары беттерине кармап келишкен. Учурда уюшкан кылмыштуу топ катары шектелгендерге коюлган айып акталбай же болбосо күнөөлөрү такталбай айрым бирөөлөрү бошотулуп, айрымдары али күнчө камактын тузун татып отурууга аргасыз. Эгерде дагы эле болсо бийликтин, күч түзүмдөрүнүн уюшкан кылмышкерлер менен коюн колтук алышып келе жатканын эске алганда бул аракеттен майнап чыгары шектүү. Жакында эле жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоодо "Ата Мекен" партиясынын тизмесинде Кара-Көл шаардык кеңешине депутаттыкка аттанган талапкер тууралуу ИИМ тарабынан бирде уюшкан кылмыштуулуктун мүчөсү дешсе, бирде мүчөсү эмес дешип, кайсынысына токтолоорун билбей баштары маң болгондугу белгилүү. Андай көрсөтмөлөрдүн аркасында кайсы саясый күчтөр режиссёрлук кылып турганы эч кимге деле жашыруун болбосо керек. ИИМ тарабынан уюшкан кылмышкерлерге карата мындай мамиле болуп жаткандан кийин эмнени айтса болот? Тоталитардык бийлик акыры барып, коррупцияны өзү коргоого аргасыз болгон сыяктуу эле, бир кезде уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүп баштаган азыркы бийлик алар менен достошуп, биргелешип иш баштабайт деп ким айта алат? Мындай дегенибиздин да жөнү бар.
Бүгүнкү күнү кылмышкердин ана башы деп шектелген К. Көлбаевдин Дубайда качып жүргөн жеринен Кыргызстанга, УКМКга өз эрки менен келип бериши уу-дууну жаратып жаткан мезгил. Негизинен Дубайдагы Көлбаевдин, Анапияевдин ата мекенине келери мындан бир жыл мурда эле коомчулукта кеп болгон. Андан мурдараак алардын Дубай полициясы тарабынан кармалганы, Кыргызстанга алынып келери тууралуу бийлик тарабынан бир нече ирет айтылган. Тилекке каршы бийликтин колунан коко тыйын келбей, ошо боюнча пас болгон. К. Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү делген Касеновдун мындан мурдараак өз эрки менен Кыргызстанга келиши да Көлбаевдин келишине алдын ала даярдык болгону шектендирбей койбойт. Эми бир, эки айдан кийин Анапияев ата мекенине келсе таң калып кереги жок. Анан да күч кызматкерлери Касеновду кармап келдик деп төш каккылап, анан анын өзү келгендиги ачыкталгандан кийин уят болушкан. Мында да К. Көлбаевди кармалды дешип көкүрөк койгулап жатышты эле, Жогорку Соттун басма сөз кызматы өзү келгендигине байланыштуу бир айга кармалганын ачыктап ИИМ менен УКМКны уятка калтырды. Күч кызматкерлери тарабынан мындай жумшак мамиленин болуп жатканына караганда бийлик менен тил табышкандыгы тууралуу айтылып жаткан сөздөрдүн чындыгы бар экендиги туюлат.
АКШнын президентти Барак Обама тарабынан Камчы Көлбаевдин дүйнөлүк наркобарондордун катарына кошулганы жөн эле айтылып калбаса керек. Балким, күндөн күнгө эл ичинде аброюу кетип жаткан расмий бийлик үчүн К. Көлбаевдин "булчуңу" менен акчасы керек болуп жаткандыр? Аны так айтуу кыйын дечи. Уюшкан кылмыштуулук менен күрөш жүргүзүп келе жаткан мурдагы ИИМ жетекчиси З. Рысалиевдин кызматтан кетирилиши да Көлбаевдин ата мекенине келишине көрүлгөн камкордук катары коомчулукта көз караштар айтылууда. Мурдагы бийликтердин керектүү учурда кадрларды пайдаланчу мезгилде пайдаланып, андан соң ыргытып салышканы азыр да кайталанып жатат. З.Рысалиевдин кызматтан алынышына биринчилерден болуп талап тоноочулук ишинин бетин ачууга болгон аракети себеп болгону кимге жашыруун. Мындай тагдыр коррупция менен күрөш жүргүзүп келе жаткан баш прокурор А. Салянова айымды күтүп калышы күмөнсүз. Муну жакындан бери А. Салянованын кызматтан кетиши тууралуу маалыматтардын пайда боло баштагандыгы менен байланыштырууга болот.
А. ЧИЛ







Яндекс.Метрика