Кыргызстанга мыйзамсыз кирген кримавторитет кармалды
УКМК Өзбекстандын жараны, Фергана обулусунун Алты-Арык районунун тургуну, Ош обулусунун кримлидери К. Досоновдун (Жеңго) кылмыш тобунун мүчөсү 1983-жылы төрөлгөн Садиров Кайратбек Кыргызстанга мыйзамсыз кирип келгени боюнча чара колдонууда. Ишти териштирүүдө К.Садиров 2011-жылы январь айында Араван РИИБиси тарабынан Араван районунун архитектура башкармалыгынын башчысынан коркутуп акча өндүрүү фактысы боюнча кармалганы аныкталды. Бул кылмыш иши боюнча К.Садиров Араван райондук соту тарабынан төрт жылга эркинен ажыратылган. Бирок эмнегедир эки ай аралыгында эле шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, эркиндикке чыккан. Көрсө К. Садиров ЖКнын "Ата-Журт" фракциясынын депутаты О. Бакировдун бир тууган иниси Атабек Бакиров менен тыгыз байланышта болуп, анын Араван району боюнча ар кандай тапшырмаларын, анын ичинде кылмышка байланыштуу иштерин так аткарып жүргөн кол баласы экен. Тактап айтканда, А. Бакиров жергиликтүү деңгээлдеги ар кандай тендерге катышууда К.Садировду атаандаштары үчүн психологиялык жана физикалык жактан коркутуп-үркүтүүчү катары колдонуп турган. Бул боюнча жергиликтүү ишкерлер укук коргоо органдарына кайрыла алган эмес. Жыйынтыгында миграция мыйзамдарынын бузулушун далилдеген текшерүүдөн кийин анын аймактагы таасир этүүсүн тыптыйпыл кылуу үчүн К. Садиров КРдин аймагынан чыгарылып, экинчи кирүүгө тыюу салынып, Ош шаардык сотунун чечими менен бул процесс материалдардын негизинде документтештирилди.


Ташбаевге ыргытылган укурук Бабановго тиеби?
ЖК тарайт, тарабайт деген сөздөр арбыган сайын айрым депутаттар аркасына чычала сайылгандай тим эле чыркырап, чыңырып чычалачу болду. Долу катындын үнү катуу чыгат эмеспи. Буга чейин айрым депутаттар мандатын тапшырат экен деген маалымат таркаганы эмеспи. Мындай маалыматка карата, "Республика" фракциясынын депутаты Акылбек Эшимов депутаттардын мандат тапшыруусуна негиз жок экенин айтып чыкты. Сыягы шаардык кеңештен аз добуш алып калдык дешип нааразы болуп жаткан "Республика" партиясы бийлик менен соодалашкан окшойт. Расмий эмес маалыматтарга караганда аталган партия лидерлери бир жаңсыл бололу, андан кийин оппозиция менен кызматташабыз дегендей ишарат кылып жаткандыктары белгилүү болууда. Министр Учкун Ташбаевдин камалышы да бийликтин Ө. Бабановго карата баштаган чабуулу катары карагандар да жок эмес. Ошол эле учурда бийлик бир колу менен "Республика" партиясын өзүнө тартып, коё тургула эсептешебиз деп көңүлүн алып жатканы да байкалууда.


Парламент 25-декабарда тарайбы?
ЖоКенин күнү батып бараткансыйт. Кечээ, Ак үй ичинде күбүр-шыбырга караганда кышында парламент тарап, жазында кайрадан шайлоо өтөт өңдөнүп калды. Республика менен "Ата-Журт" парламентти таратып, жазында "Бүтүн Кыргызстан" үчөө биригип аттанмакчы болуп атканын билермандар бизге шыбырады. "Атажуртчу" Мыктыбек Абдылдаев да 25-декабрда ЖК өзүн таркатуу чечимин кабыл алары тууралуу кептин учун кылтыйтты. Бу киши жөн эле ойду келди сөз айтчумес эле, демек бир чындык бар окшойт.


Асман пресс




Кечээгиси кашка, бүгүнкүсү башка
Мамбетжунус Абылов, саясый ишмер:
Эл провокаторлорду итти куугандай эле кууп чыгышты
- "Эл үнү" саясый-коомдук кыймылы 1-декабрда алгачкы жыйынын Спорт сарайында өткөрдү. Жыйында араздашуулар болуп кеткендиги тууралуу гана маалыматтар кетирилип жатат. Жыйын кандай өттү?
- Бийлик биздин жыйынды үзгүлтүккө учуратыш үчүн абийирсиз иш аракет жасаганына карабай жыйын өтө ийгиликтүү өттү. Бийлик биздин жыйынга отузга жакын провокаторду даярдашыптыр. Аларды кантип жыйынга киргиле, кантип сүйлөгүлө, кантип чыр баштагыла, кимге асылгыла деп даярдаганын жыйындын делегаттары бат эле түшүнө калышып, ал провокаторлорду итти куугандай эле кууп чыгышты. Бийликтин кошоматчылары, бул жыйында эмне каралды, эмне чечим кабыл алынды, бул кыймыл эмне максат менен түзүлдү деген суроолордун ордуна, биздин жыйынды араздын, чыр-чатактын жыйыны катары чагылдырып жатышат. Бул бүгүнкү бийлик, эски бийликтин таз кейпин кийип калганынын далили деп эсептесе болот.
- Сиз азыркы оппозициянын көч башын баштадыңызбы?
- Мен бул түзүлгөн жаңы саясый коомдук кыймылдын негизги демилгечилеринин биримин. Биз көч башчыны бүгүн эмес парламентти таратуу боюнча 10 миң Кыргызстандын жарандарынын колун чогултуп, парламентке тапшыргандан кийин, ар бирибиздин ушул демилгеге кошкон салымыбызды баалап туруп чечели деп чечим кабыл алдык.
- Бул жыйынга ЖК депутаттарынын катышпагандыгынын себеби эмнеде?
- Биринчи себеби, парламент тараса алардын көбү кайра депутат болуп шайланбайт. Экинчи себеби, парламенттик оппозициянын курамында коррупцияга батбаган, бийлик менен ачык күрөшүүгө кадам жасай турган инсандар аз.
- Азыркы бийлик деле мурдагы эки бийликтин катачылыгын жолдоп бир кишинин башкаруучулугуна бара жаткандыгы жашыруун болбой калды. Мунун себебин эмнеден көрөсүз?
- Себеби бирөө эле. Кыргызстанда бийлик жаш муундарга өтпөй, эски көз караштагы адамдардын колунда калып, алар бийликти элге кызмат кылыш үчүн эмес, мурдагыдай эле өздөрүнүн жана өз жакындарынын кызыкчылыгы үчүн пайдаланып жатышат. Алар Конституцияны одоно бузушуп, бийликти бир колго топтоп, кыргыз элине эски системаны таңуулап жатышат. Парламент буга бөгөт койбой, элдин үмүтүн суутканына байланыштуу коомдо ушундай бийлик элге керекпи деген суроо күчөп бара жатат.
- Бийликтин коррупцияга карата жүргүзүп жаткан иш аракетин колдойсузбу?
- Эгерде бийлик коррупцияга каршы күрөшсө, анда кызматтан кыянат пайдаланып, мыйзамды бузган адамдар сот жазасына тартылмак. Апрель окуясынан кийин улутташтырылган объектилер, мурдагыдай эле, кимдерге жана канчага сатылганы бүгүн жашыруун боюнча калууда. Депутат Садыр Жапаров "Кумтөр" алтын кен байлыгынан түшкөн пайданын үлүшү кыргыз эли үчүн аз болуп жатат, мындай келишимди жокко чыгарыш керек десе, бийлик ага башка күнөөлөрдү жаап, аны камап койду. Мародёрлорду сот эмес, милиция эле ак деп жарыялап салды. Ушунун баары бийликке шектенүүнү күчөтүп жатат. Буга окшогон мисалдар толуп жатат.
- Жогорку Кеңештин кризиске кабылгандыгы тууралуу коомчулукта пикир жаралып келет. Өлкөбүздүн жараны катары сиздин пикириңиз кандай?
- Парламенттеги кризистин тамыры партиялардын бутуна тура элегинде. Өткөн шайлоодо бийликтин, акчанын күчү менен парламентке келген партиялардын алган добушу элдин 37 эле пайызын түзөт. Оппозициялык кыймылдын түзүлгөнү да ушуга байланыштуу. Себеби бийликте турган партияларга элдин ишеними төмөндөп бара жатат. Эгер биз бул маселеге кайдыгер карасак, анда бүгүнкү эле парламентте турган партиялар кайтып эле аз добушу менен кайра бийликке келишет да, коомдо өзгөрүү, өнүгүү болбойт. Ошондуктан биз түзгөн кыймыл, кыргыз элим деп күйгөн патриот инсандарыбызга көмөк көрсөтөлү деген максатта түзүлдү.
- Ташиев, Жапаров, Мамытовдун камалышы боюнча пикириңиз кандай? Депутат С. Жапаров жакында ММКларга жарыялаган катында "Кумтөргө" байланышкан дүйнөлүк мафиянын айынан камакта жаткандыгын жарыялады. Мунун чындыгы канчалык?
- Бийлик бул депутаттарды, башка депутаттарды коркутуш үчүн, жалган күнөө коюп камап салды. Ошондуктан алардын ишин бийлик сотко да өткөрүп бере албай жатат. Сот башталаар замат акыйкат үчүн коомчулук катуу көтөрүлгөн турат. Бул сотко тиешелүү иш болгону үчүн, мен өз пикиримди азырынча минтип чектегим келип турат. Бул депутаттар коркунучтуу кылмышкерлерден эмес, ошондуктан булардын баарын үй камагына чыгарып туруп, сот ишин улантыш керек.
- Сиз Өзгөчө кырдаалдар министри болуп иштеп турганда азыркы Ак үйдүн темир короосу сиз жетектеген министрликтин эсебинен курулганбы?
- Ак үйдүн темир короосу Кыргыз Өкмөтүнүн чечими менен курулган. Себеби, өлкөбүздүн башына өзгөчө кырдаал түшсө, Кыргыз Өкмөтү, Кыргыз Парламенти ишин үзгүлтүксүз улай бере турган Ак үйдүн терең подвалдарында режимдик объектилер жайгашкан. Алар өзгөчө коргоого алына турган режимдик объектилердин ичине киргенине байланыштуу, Өзгөчө кырдаал министрлигинин Граждандык коргоо бөлүгүнүн көзөмөлү менен анын жабдыктары, курал-жарактары кайтарылып турушу керек. Ошол себептен, темир тосмо курулган. Ушундай эле темир тосмолор Россиянын, Казахстандын, Өзбекстандын Ак үйлөрүндө да турат.
Назаркул Жоошбаев