- Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары кайра шайланганына байланыштуу шаар мэри кайра шайлануусу керекпи?
- Шаар мэри Иса Өмүркуловдун иш аракетине кандай баа бересиз?
Анвар Артыков, ЖКнын депутаты:
- Мыйзам боюнча мэр 4 жылга белгиленген. Жергиликтүү кеңештердин мыйзамында депутаттар алмашканда мэр алмашат деген жок. Бирок, Бишкек шаарына шайлоо партиялык тизме менен болуп калгандыгына байланыштуу кичине түшүнүксүз жагдайлар бар. Көп добуш алып келген партия мэрди шайлашы керек дегендей.
- Шаар мэри абдан эле иштеп жатат дегенге кошула албайм. Ошону менен катар эле бир топ иштер жасалып жатканын шаар жашоочулары көрүп турабыз. Ош базары иретке келтирилди. 10-15 жыл эч иштер жасалбай калган күндөр деле болбодубу? Акырындап шаарыбыз оңолуп келе жатат.

Жолдош Орозов, "Асаба" партиясынын Ордо Кеңешинин төрагасы:
- Шаардык кеңештин депутаттары жаңыдан шайланышты. Негизинен КСДП партиясы утушка жетишти. Мындан ары шаардын абалы ушул партиянын кандай иштегенине жараша болот. Ал эми шаардын тегерегиндеги жаңы конуштардын абалы кандай экенин баарыбыз жакшы билебиз. Шаар мэри чын ниети менен иштегиси келсе шаардын четиндеги кайсы бир жаңы конушка барып жашап, иштеп көрсө болмок. Мэр И.Өмүркулов жакында эле маалымат каражаттарына берген маегинде 2014-жылга чейин азыркы кызматында иштээрин айтты. Демек, бул иш мурдатан эле сүйлөшүлүп, бычылып калган. Ошого жараша шайлоонун жыйынтыгы чыкты. "Ар Намыс" партиясынан шаар кеңешине талапкер болгон Ө.Суваналиев добуш берүүдө И.Өмүркулов тарабынан административдик ресурс колдонулганын айтып чыкты.
- Азыркы мэр жасаган ишти учурунда Нариман Түлеев деле шаарды башкарып турганда жасаган. Менимче мэр И. Өмүркулов кийинки мезгилде саясат менен эле алек болуп калды. Шаардын ал абалына көңүл бурганды унутту.

Асылбек Чолпонбаев, 7-апрель баатыры:
- Шаардык кеңешке болгон шайлоо кандай өткөнүнө баарыбыз күбө болбодукпу? Мурдагы эле шаардык кеңештин депутаттары КСДП партиясынан талапкер болуп кайра депутат болуп келишти. Алар буга чейин мэр И. Өмүркулов менен кандай иштесе эми деле ошондой иштеше беришет. Негизи көп добуш алып келген партия мэрди шайлашы керек. "Республика", "Замандаш-Современник", "Ата Мекен" партияларынын депутттары биригишип, мэрди кайра шайлап алышы зарыл.
- Иса Өмүркулов Акаевдин кадры. Кайсыл жер майлуу-сүттүү болсо ошол жерде иштеп келе жаткан адам. Убагында темир жолду башкарган. Темир жолдун абалын оңдогонун кулагыбыз чалбаптыр. Ошентсе да бу киши 7-апрелден кийин ишти жакшы эле иштеп баштагандай болгон. Акыркы күндөрү мэрдин иши абдан эле солгундап кетти. Бир жылдан бери шаардын борборунда кайсыл бир жолдун оңолгонун көргөн жокпус. Өмүркулов Ала-Тоо аянтында 7-апрелде курман болгондорду Ата-Бейитте жерге берип жатканда көзүнө жаш алып сүйлөгөнүн бүгүн унутуп калды.
Назаркул Жоошбаев




Алтынбек ИСМАИЛОВ, акын:
САЯСАТЧЫ МУРУНДАР
САЯСЫЙ ПАРОДИЯ
(Дүйшеевдин "мурундарын" жаңыртабыз)


"Жыртык көйнөк, жыртык шым этибизде,
Жыртык мурун жалпайган бетибизде".
Сагыз чыкпас өлкөдө жашап жаткан
Саясатчы мурундар эсибизде…

Акаевдин кашка баш, качкын мурду,
Акаева Майрамдын ачкыл мурду,
Ала-Тоого келалбай жетимсирейт
Айдар менен Берметтин баскын мурду.

Ал ортодо күнөөгө, канга баткан,
Ар бир кыргыз ашатып, каргап аткан,
Беларустун "сазынан" орун алды
Бакиевдин муруну жанга баткан!

А Максимдин муруну Лондон менен
Абдан ынак, жакын дейт чоңдор менен.
Ээн баш, канкор Жаныштын мурду болсо
Ээн-эркин сейилдейт чоң жол менен...

Айтор, бир топ мурун бар кармалбаган,
Абийир, намыс, эл-журттан арданбаган.
Дайыны жок негедир... Тирүү бекен
Даниярдын муруну дардаңдаган?!

Андан ары дептерди барактасак,
Азыркы "чоң мурундар" шаракташат.
Аскар менен Курманбек жолдо калып,
Алар элди чогулуп каракташат!

Карыз сурап ар кимден өңгүрөгөн,
Кийим кийсе, чоң келип шөлбүрөгөн,
Атамбаев Алмаздын мурду кантет,
Абдан борпоң, жүүнү бош, бөлбүрөгөн!

Дердеңдете көтөрүп көккө мурдун,
Дем алдырбайт айрымдар көпкө мурдун.
Бирок "көпкө" жеткирбей талкалашты
Бабановдун бизнесмен, өпкө мурдун!

Канча мурун жарылып, канап турду,
Канча мурун ырсайып карап турду,
Креслодон манчыркап кулаганда
Келдибеков мырзанын манап мурду.

Кайсыл мезгил болбосун аман жашап,
Кээ бир эпчил мурундар манаңдашат.
Жантөрөнүн мурунун көпчүлүк эл:
"Жемкор, кыйды, кыйтыр",- деп жамандашат.

Бу чоңдордун токтолбой шок муруну,
Бирин-бири чукулайт бок муруну.
Бабановду же өзүн жайлайт бир күн
Болот Шердин коргошун "ок" муруну!

Эх, мурундар, мушташып, атышууда,
Эх, мурундар, чет элге качышууда!
Байсаловдун муруну табышмактуу -
Билим алган тыңчыдай АКШда...

Көп мурундар кыйналып, келтек жешет,
Көбү оңой бийликке келсек дешет.
Ташиевдин мурунун талдоочулар:
"Төшү түктүү, чоң муштум, тентек",- дешет.

Кайсыл ажо келсе да эленбеген,
"Кой, козуга күбөлүк берем" деген,
Жапаровдун муруну укмуш тура,
Жеп-ичсе да бир жолу кебелбеген...

Ал кеп эмес... Андайлар бактылуу да,
Андан көптү жегендер аш кылууда.
Аксы жактан пикетке чыгабыз деп
Азимбектин муруну шаштырууда!
Элге-журтка көрсөтүп "кереметти",
Эх, бир кезде дүң кылган тегеректи,
Эмнегедир муруну Өмүкенин
Эңсей берет "кур менен керебетти"...

Түшпөс хандар муруну "сабак" болду,
Түлеевдин муруну камак болду.
Экс-ажо Розанын бучук мурду
Эки жылга жетпестен "талак" болду.

Сасык тумоо илдети туюлууда,
Саясатчы мурундар суюлууда.
Арстанбектин муруну: "Кыш болбойт", - деп
Айткан менен, баары бир куюлууда...

Ырас, күндө өзгөрүп кубулган бар,
Ырас, аты жаңыдан угулган бар.
Убагында дүңгүрөп, бирок бүгүн
Унутулуп бараткан мурундар бар.

Жунусовдун обончу, өрүк мурду
Жоголгонун көпчүлүк көрүп, туйду.
"Фронт" ачып майданда курман болгон
Феликстин "саясый өлүк" муйду...

Жетимиш жыл тырсыйып желиндеген,
Жерге түшсө мурундар желимдеген.
Масалиев Исхактын мурду дале
Мавзолейде жүрөт дейт Ленин менен.

Мотуевдин жулунган "оюн" мурду,
Маанай жокто күлкүгө тоюндурду.
Коогалаңда "керектен чыкты" баса,
Конгантиев дегендин чоюн мурду...

Мурундар бар курч тилдүү, чагылгандай,
Мурундар бар унчукпас, жарым жандай.
Мадумаров мырзанын кылыч мурду
Менменсинген ооруга кабылгандай...

Эмне дейбиз, негиз жок калп айтууга,
Эгемендик ай, жылды картайтууда.
Элин, жерин, энесин сатып ийчү
Эх, мурундар, мекенди жалпайтууда...

Мазасы жок мурундар мурунтуктайт,
Мурдум бүтүп, таптакыр бугум чыкпайт.
Кыйынчылык колкодон алган кезде,
Кыргыздардан эмнеге МУРУН чыкпайт?!