Атамбаев нан тиштептир
Оппозиция тарап биригип түзүшкөн "Эл үнү" саясый-коомдук кыймылынын таскагы катуу чыга тургансып калды. 10 миң адамдын колун топтоо менен ЖКны кетирүү демилгесин башташты. Жумушка бир күн келип, бир жума жоголуп кеткен депутаттардын барынан жогу дешти окшойт. Анан дагы бул кыймылдын астына бириккен саясый партиялардын жетекчилери, жеке саясатчылар алдыларына коюшкан максаттарына жетүү үчүн нан тиштеп, бири-бирине ант берчүдөй болуп атышат. Мындан идеяны Бекназаров көтөрүп атыр. Көрсө бул кыймылда 2005-жылдагы революцияга катышып азуу байлап калгандардын айтымына караганда, бир кезде качкын президент К. Бакиев да нан тиштеп, берген антын аткарбай коюп, нандын кусуру уруптур. Азыркы ажо да БЭКтин катарында жүргөндө нан тиштеген дешет. Алмаш Шаршенович ошол тиштеген нанды эсинен чыгара элек болду бекен десең?


"Итийолог" Капашович
Миш-миштерге караганда экс-журналист Каныбек Капашович, учурда АШАнын эң жакын "итийологу" болуп аткан чагы. АШАга ат тезегин кургатпай кирип, ушак-мушактарды шыбырап, анан АШАнын айтканын айылчы кемпирдей эле жайып чыгат экен. Жанагы Атамбаев алдактап кыргыз журналисттерин каарып сүйлөгөнүнө караганда, АШАга ушу Капашовичтер "каша" жасап берген го. Жакында кайсы бир жыйында Феликс Кулов, "кыргыз гезиттери ажого каршы жазып баштады, арты жаман болбогой эле",- дейт. Соксоюп тура калган Каныбек "кесиптешибиз" "азыркы гезиттердин көбүнүн тиражы саналуу, көбүнүн үстүнөн соттор иш козгогон",- деп бапылдайт. Жыйында отурган Каныбек Осмоналиев, Бөдөш Мамыровалар антип көз жаздымга калтырбаш керек, гезиттердин күчү бар деген сөздөрдү айтса, Какебиз кыргыз журналисттеринин колунан "пок" келбейт таризинде аны-муну айтыптыр. АША экөөңөрдүн көзүңөрдү май басып калса керек. Гезиттер элдин үнү, чындыктын көзү. Чындыктан танып, элден качсаңар, эртең калктан чыгып калышыңар алыс эмес!


Мотуев кыз зордуктады деп кармалды
Элдик патриоттук кыймылынын лидери Нурлан Мотуевдин кыз зордуктап камалганы тууралуу Бишкек ШИИБ басма сөз кызматы маалымдады. 4-декабрда Свердлов РИИБине 21 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну Н.Мотуевге карата чара көрүү тууралуу арыз менен кайрылган. Сурак учурунда белгилүү болгондой, кыз Н.Мотуев менен 10 күн мурун таанышып, телефон номурун берип, сүйлөшө башташкан. 4-декабрда Н.Мотуев аны Москва көчөсүндөгү үйүнө чакырып, үйлөнөм деп убада берген. Саат 16:00гө жакын Мотуев күч колдонуп, кыздын кийимин айрып, зордуктап салган. Андан кийин жабыркаган кыз качып кеткенге үлгүргөндүгү айтылат. Бул факт боюнча Кылмыш кодексинин 129-беренесинде (зордуктоо) көрсөтүлгөн кылмыш белгилерине ылайык кылмыш иши козголгон. Учурда соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүүдө. Азыркы убакта Н.Мотуев Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайында кармалып отурат. Бакиев заманында Нурлан мырза Ө. Текебаев тартылган видеону элге таркаткандардын бири эле. Тобоо деп отурабыз, бирөөгө ор казсаң кенен каз... деген ушубу деп. Нукең өзү намаз окуган неме эле мындай жолго барбас эле деп да турубуз.

Асман пресс




Анвар Артыков, ЖКнын депутаты:
Коалицияда "КСДП менен "Ата Мекендин" үстөмдүгү өтүшүп кетти
- Анвар Артыкович, сиз коалицияны таркатуу боюнча демилгечилердин бирисиз. Коалицияны таркатуу боюнча аракеттер башталып жатты эле. Эмне болду?
- Белгисиз себептерден улам токтотулуп турат. Коалиция таркашы керек. Коалиция "Ырыс алды - ынтымак" деген атка жараша иштей алган жок. Менин мындай пикиримди көпчүлүк адамдар колдойт. Элдин парламенттин кылган жумушуна ичи жылыган жок. Негизги себептердин бири - жаңы өкмөт келгенден бери артка кетип жатабыз. Мурдагы өкмөттүн кылган иштеринин бардыгы дээрлик токтоп калды. Премьр-министр Ж. Сатыбалдиев жаңыдан шайланганда баардык ишти мойнуна алган. Мен баарын чечем деген. Эми болсо, бюджеттин тартыштыгын эле айтып отуруп алды. Сырткы эл аралык донор уюмдардан кошумча каражаттар каралган болчу. Негедир аларды алалбай жатышат. Менимче бул жылдын кемчиликтерин мурдагы өкмөттүн мойнуна илип коюушуп, келе турган финансылык жардамдарды кийинки жылга калтырып жатышат окшойт. Салыктын жаңы түрлөрүн көтөрүүгө аракеттерди көрүп жатышат. Электр энергиясынын баасы көтөрүлгөнү турат. Ачыгын айтканда көзгө көрүнөөрлүк иштер болбой жатат.
- Коалициядан чыгуу боюнча учурда депутаттардын кол топтогону тууралуу маалыматыңыз барбы?
- Биздин "Ар Намыс" коалициясында 25 депутат бар. Алардын көпчүлүгү кол коёбуз дешкен. Эми алар менен ар кандай сүйлөшүүлөр болуп жатат. Азыр менде канча депутаттын кол койгону тууралуу толук маалымат жок.
- Башында Ф. Кулов коалицияга нааразычылыгын билдирип чыккан эле. Акыркы учурда Ф. Куловдун көз карашы өзгөрүлө баштады.
- Ф. Кулов коалициядан чыгуу боюнча башында айткан. Эки күндөн бери жолуга элекмин. Ал киши менен деле бийлик тарабынан сүйлөшүүлөр болуп жатса керек. Куловдун коалициядан кетем деген арызы каралбай улам эле белгисиз себептер менен артка жылдырылып жатат. Биз да түшүнбөй жатабыз.
- Коалициялар ортосунда ынтымак болгон жок деп жатасыз. Мисал менен айта аласызбы?
- Кечээги жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоодо ынтымактын жоктугунун чекеси чыгып калды. Өкмөттүн курамында тажрыйбасы жок адамдар "Ата Мекен" тарабынан келип отурушат. Коалицияда негизинен КСДП жана "Ата Мекен" фракцияларынын үстөмдүгү ачык эле байкалып турат. Коалицияда "Ар Намыс" менен эч кимиси эсептешпей калды. Добуш берүүлөрдө баш иесиңер дегендей атайын бир команда келет.
- Акыркы мезгилде ЖКнын аброю да коомчулукта жакшы эмес. Коалиция таркаса анын аркасы менен Жогорку Кеңеш таркап кетпейби?
- Мурдагы өкмөт "Ата Мекен" фракциясынын демилгеси менен тараган. Буга чейин коалиция төрт жолу тарады. Коалиция бузулгандан эч нерсе өзгөрбөйт. Бул өкмөт кеткенден жашоо токтоп калбайт. Анын ордуна жаңысы келет.
- Оппозия тараптагылар биригишип, "Эл үнү" саясый-коомдук кыймылын түзүшүп, 10 миң кол жыйнап ЖКны кетиребиз деген демилгени башташты.
- Эл журтубуздун парламент начар иштеп жатат дегенге толук укугу бар. ЖКда ынтымак болбосо, эл биздин ишке нааразы болуп, кандайдыр жакшы иштердин жасалуусуна депутаттар тоскоол болуп жаткан болсо тарашы керек. Эми коомчулукта парламенттин ишине ыраазы болгон күчтөр деле жок эмес. ЖКны таратабыз дегендер мурдагы Жогорку Кеңешке болгон шайлоодо өтпөй калышкан партиялар жана алардын жеке лидерлери кайрадан бийликке келүүгө аракеттерди көрүп жатышат.
Назаркул Жоошбаев