Асел Касымова, ырчы:
Таенемдин уча турган гӨЛӨШҮ бар
- Сиз төрөлгөн күн?
- 1985-жылдын 27-апрелинде Ош шаарындагы төрөт үйлөрдүн биринде 1 кг 700 гр салмакта 7 айлык болуп жарык дүйнөгө келгем. Ата-энемдин үчүнчү баласымын. Менден улуу эки агам жаңы төрөлгөндө эле чарчап калышкан экен.
- Бала кезиңизде кандай болчу экенсиз?
- Ата-энем "бала кезиңде абдан тың болчусуң" деп калышат. Тез басып, эрте эле тилим чыгып, кичинемде эле ырга, бийге жакын болуп, тилим келбесе да, чурулдап ырдап жүрө берет элең дешет. Атама аябай жакын болуп чоңойдум. Жумуштан келгенде эртеби-кечпи мойнуна минип алып, уйку бербей кыйначу экенмин. Апам "конокко барганда сени ээрчитип алсам, төшөктөрүнө отурбай, "кийиз кир экен, кирбейм" деп кирбей уят кылчусуң" дейт. Таенем атайын мага арнап тигип берген жуурканын абдан жакшы көрчүмүн. Бир күнү үйгө конок келгенде мен уктап калыптырмын. Эрте жатып алгангабы, түнү ойгонуп кетип, залга кирсем, конокко келген эжем жуурканымды жамынып жатып алыптыр. Ошондо таң атканча басылбай ыйлаганым эсимде. Таенем, чоң энем болуп айылчылаганыбызда эмне кылганыбызды ата-энеме төкпөй-чачпай айтып берчүмүн.
- Эсиңизде кандай кызыктуу окуялар бар?
- Эсте калган окуялар көп эле болгон. Мектепте окуп жүргөн кезде 2-3-кластта болсо керек. Класс жетекчибиз кечке эле "чае питьё" өткөргөндү жакшы көрчү. Окуучуларга дайым "палоо жасап келесиң" дей бергендиктен, апама келип айтсам "эжекең тажатты го, деги ал тоёбу?" деп жөн эле айтып койгон. Эртеси сабакка барганда мугалим "апаң эмне деди, тамак жасап берет бекен?" дегенде, "эжекең тажатты го, тоёт бекен деди" деп айтып салгам. Апам бир-эки күн өткөндөн кийин "чае питьёң качан эле?" деп сурап калды. Эжекеме сиздин сөзүңүздү айтып бергем десем, "и-ий, мени өлтүргөн турбайсыңбы" деп уялган.
- Тентектик кылсаңыз ата-энеңиз кантип жазалашчу?
- Шок деле болгон эмесмин. Бирок, жаңы мектепке барып баштаганда эле атам "2 же 3 алсаңар бир бөлмөгө камап, жакшы окумайынча суу менен нан эле берем" дечү. Ошол сөзүнөн аябай коркчумун. Апам "таенеңдин уча турган гөлөшү бар, тамда бекинип турат, чакырсам эле келип, бетиңерди ургулап баштайт" деп коркутат эле. Иним экөөбүз урушуп баштаганда же ыйлап атканда "галош чакырам" дегенде тып басылчубуз. 4-класска чейин таенемдин гөлөшүнө ишенип жүрдүк. Иним экөөбүздүн ортобуз бир жаш болгондуктан, бир класста окуп, бир партада отурчубуз.
- Чоңойгондо ким болом дечүсүз?
- Бала чагымда врач болом деп айтчумун. Бирок музыка уксам эле өзүмдү сахнада тургандай элестетип, ырдап күзгүнүн алдынан кетпейт элем. Жакшынакай кыздарды көрсөм "менин фигурам да ушундай болсо экен" деп тилечүмүн.
- Кандай учурда бала чагыңызга кайра кеткиңиз келет?
- Окуучу кезимде эле мектепти аяктап, чоңойгум келчү эмес. Мүмкүн болсо азыр деле арамдыкты билбеген, баёо сезимдерге бай, бактылуу балачагыма кетмекмин. Жаш балдардын ойноп жатканын көргөндө балалыгымды көп эстейм.
- Кичинеңиздеги сүрөттөрүңүздү көрүп кандай ойлорго чөмүлөсүз?
- Сүрөттөрүмдү көргөндө көбүнчө жылмаям. Эмнеден улам сүрөткө түшүп калганыбызды эстейм. Ар бир кийген кийимимдин жарашыгы, чачтарына чейин карап, кээде маскарлап күлөм. Кээде жанымда ким болсо ошол менен сүрөткө байланыштуу окуяларды эстеп сүйлөшүп калабыз.
- Майрамдарды кантип белгилечү элеңер?
- Атам милиция кызматкери болгондуктан, кичинекейибизде милициялардын майрамы болсо да, биздин майрамдай күтчүбүз. Себеби, атам парадга алып барып, андан ары өздөрү майрамдашканда бизди да кошо алып жүргөндө өзүнчө эле жашоо керемет болчу. Ата-энем сөзсүз паркка алып барып эл катары майрамдачубуз. Кийинчерээк бир аз чоңоюп калганда акча берип, кичүү ини-сиңдилеримди иним экөөбүзгө бөлүп беришчү. Эки-үчтөн болуп өзүбүз ойноп паркка кетип калчубуз.
- Жакшы көргөн оюнчугуңуз?
- Бала кезде жашы боюнча өзүм менен тең ак аюум бар эле, ошону абдан жакшы көрчүмүн. Оюнчукту Кудайга шүгүр эле ойнодук, айылга барган сайын куклаларымды таштап келчүмүн, келгенде ата-энем сөзсүз жаңысын алып коюшар эле. Атам көп командировкага барчу, иним экөөбүзгө оюнчуктардын эң жакшыларын алып келчү. Көпкө чейин сакталганы ошол ак аюу болду.
- Кичинеңизде кайсы сөздөрдү көп айтчусуз?
- София Ротарунун ырын ырдай берчү экенмин. "Луна, луна", "цветы, цветы" дегенге тилим келбей "сити, сити" деп бирок, башка сөздөрдү так эле айтчу экенмин. Ата-энемдин атынан айтып чакырчумун. Мектепте окуп баштагандан кийин "ата, апа" дей баштадым.
- Жаңы мектепке барганда кандай элеңиз?
- Жоош же тентек деле эмес болчумун. Бирок, эч кимден коркпойт элем. Мугалимдер мени ура алышпачу. "Сиздин акыңыз жок" деп туруп алчумун. Атам "мындай кылса туура, мындай кылса туура эмес, минтип айтышың керек" деп үйрөтчү.
Адинай МАРИПОВА





18 жашында дүйнөнү багындырган

Приянка Чопра


Блиц-анкета
Туулган күнү: 18.07.1982
Толук аты жөнү: Приянка Ашок Чопра
Туулган жери: Джамшедпур, Индия
Бою: 1.73
Хоббиси: Көркөм чыгармаларды окуу


Приянка Чопра 1982-жылы, 18-июлда Индиянын Джамшедпур шаарында аскер үй-бүлөдө төрөлгөн. Атасы Ашок, апасы Мадху Чопра аскер кызматкери болгондуктан бат-баттан жер которуп турушчу. Ладакхадан Кералага, андан кийин Мумбай, Джамшедпурда жашашкан. Прианканын өзүнөн 8 жашка кичүү жалгыз иниси бар. Прианка бала чагында астма оорусу менен жабыркаган. Лукноу шаарында 6-класска чейин окуп, андан соң Берлиндеги "Мариетти" атындагы колледжде 4-жыл окуп, мектепти Бостондо, КМШда аяктаган. Мектепти аяктаган соң, Бостондогу ЖОЖдордун биринде психолог-криминалист адистигин бүткөн. Приянка ырдап-бийлегенди жакшы көргөндүктөн, ыр-бий жаатында сабак алып, бош убактысында чыгарма жазып алектенчү. Приянка кичине кезинен актриса болууну кыялданчу. Бул кыялына жетүү максатында ар кандай сынактарга катыша баштайт. Жаш кыздын талантын, сулуулугун байкаган мугалими Приянкага сулуулар конкурсуна катышуусун сунуштайт. 2000-жылы Приянка конкурсуна катышып "Мисс Индия" наамын алып, ошол эле жылы 18 жашында "Дүйнө сулуусу" аталат. Бул сынактан кийин Приянканын атагы таш жарып чоң-чоң рекламалык компаниялардын жүзү болуп, акырындык менен кино талаасына аралаша баштаган. Алгачкы жолу 2002-жылы "Андаз" аттуу Филимде башкы ролду жаратып, 2003-жылы Болливудда актрисалык карьерасын баштайт. Приянка Болливуддун эң алдынкы актрисасы. Актрисалык карьерам үчүн бүт аракетимди жумшайм, "эгер сценарий мага жакса, кандай кино, кайсы тилде болбосун аткарууга даярмын" - деп айтат. Чындыгында Приянка актрисалык кесипти сулуулугу менен эмес , өжөрлүгү, талыкпаган эмгеги менен багындыра алган. Мисалы "мода туткунунда" кинодогу башкы ролду жаратуу үчүн бир айдын ичинде 10 килограммга арыктаган. Жеке жашоосуна кайрылсак Приянка жеке жашоосу жөнүндө жар салгысы келбейт, бирок коомчулука белгилүү болгондой жигити Хармен Баведже менен жакында эле кол үзүшкөн. Мунун себеби Приянка азырынча жеке жашоо жөнүндө кеп баштагысы келбейт, өзүнүн айтуусу боюнча жакынкы 10 жыл ичинде турмуш курууга даяр эмес. Приянка кайрымдуулук иштери менен алектенет. Жакында эле, Голливуддун аттуу-баштуу режиссёрлору Приянканын талантына, сулуулугуна баа беришип , чогу иштешүү боюнча сунуш киргизишет. Бирок Приянка мен азыр Болливуддагы миссияларымды аткара элекмин, балким кийинчерээк бул сунуштарга макул болоттурмун деп жооп узаткан.
Мээрим СУБАНБЕКОВА