ТЕМИРБЕК ТОКТОГАЗИЕВ
Улуу Кыргыз Каганатынын 1170 жылдыгына карата

Атам Токтогазиев Шүкүрбек менен
апам Атыканова Берметтин
жаркын элестерине арнайм


АЙКӨЛ МАНАС -ТАРЫХИЙ ИНСАН

(Башы өткөн санда)

Согуш токтоткон турналар
Тоолуу Алтайдын Оңкудай районунун Эло айылында эки жылда бир ирет "Элоюндары" өтүп турат экен. Бул улуттук оюндар туурасында жергиликтүү телерадиостанция болгону он гана мүнөт убакыт берээрин бизге айткан улуттук "Көк бөрү" федерациясынын мүчөсү Артур атуу жигит, биздин делегациянын кийимдерине кызыгып, өзүнүн шайыдан жасалган улуттук көкбөрүчүнүн көйнөгү менен алмашуусун өтүндү эле, жигиттерибиздин бири алтайлык тууганыбыздын көңүлүн оорутпайын деп, үстүндөгү жүрүшүбүздүн эмблемасы түшүрүлгөн футболкасын чечип берди. Алтайлыктардын салты боюнча экөө бири биринин көйнөктөрүн кийишкенден кийин кол алышып, көкүрөк тийгизе кучакташып достошкондорун тургандардан жашырышкан жок.
Аңгыча Элолук жигиттер "Көк бөрүдө" биздин жигиттер мине турган жылкыларын айдап келүүгө кетишти. Бизди Акай Кине мырза Эло айылынын сыймыгы болгон мазар талаага ээрчитип жөнөдү. Кыркалекей тизилген байыркы көрүстөндөр бизди чыны менен эле таңдантты. Көрүстөндөрдүн үстүндө ар түрдүү стилде коюлган балбал таштардан башка эч кандай, биздегидей, күмбөз-мавзолейлер жок экен. Баарынан кызыгы, мына ушул мазар жайда бир эле мезгилде арийлердин, шумерлердин, сактардын, гунндардын, түрктөрдүн мүрзөлөрү катар-катар болуп жайгашканы болду.
Бул талаадагы ондогон мүрзөлөр окумуштуулар тарабынан казылып, ичинен чыккан сөөктөрдү Россиянын ар-кайсы музейлерине алып кетишкендиктерин Акай Кине айтып берип, бул жерге коюудагы ар бир цивилизациянын өзгөчөлүктөрү, айрымаларына токтолуп жатты. Бул өрөөндө жүз миңдеген маркумдардын сөөктөрү коюлуптур. Арийлер да, шумерлер да, сактар да, гунндар да, түрктөр да бир эле элдин ар кандай убактагы аталыштары. Ал эл - кыргыздар, деген тыянагын айтты Акай мырза. Тоолуу Алтайдын сыймыгы да, ыйыгы да болгон, биз турган өрөөндүн түндүгүрөөк тарабынан урчуюп учу көрүнгөн аска-зоо Үчсүмөр тоосу, муну дайыма үстүнөн кар кетпегендиктен орустар Белуха деп атап алышкан экен. Ушул Үчсүмөрдөн улам Шумер деген ат келип чыккан тура.
Биздин бет алдыбыздагы ачылып турган мүрзөлөрдүн биринен дүйнө элине орус окумуштуулары тарабынан кеңири таанытылган, төрт миң жыл мурда көмүлгөнүнө (муну радиологиялык изилдөөлөр тастыктаптыр) карабай ушу күнгө чейин анчейин бузулбай, терисиндеги татуировкасына чейин жакшы сакталган Үкөк ханышанын сөөгү казылып алыныптыр. Ханышанын сөөгү алынып кеткенден кийин бул чөлкөмдө жер титирөөлөр байма-бай кайталанып, дээрлик он эки жыл бою токтобогондуктан, биздин баарлашыбыз Акай Киненин тынбай жасаган аракетинен улам кайрадан Алтайга кайтарылып жаткан кези экен. Учурда Үкөк ханымдын сөөгү Новосибирск шаарындагы тарых музейинде турат. Акай мырзанын айткандарына караганда, атактуу ханышанын сөөгү коюлган жерине жакыныраак келгени жер титирөөнүн ыргагы да басаңдаган учур экен. Ал эми, Горно-Алтайск шарынын тарых музейинде Үкөк ханышанын сөөгүн жайгаштырууга атайын мавзолей курулуп жатыптыр. Мына ушундай, кызыктуу окуялардан айтып, бул өрөөндө жайгашкан пирамида сыяктуу бөлөк-бөлөк болуп, бири-бирине жалгашпаган, Египет пирамидаларын элестеткен дөңсөөлөрдө байыркы бабаларыбыз сыйынчу ыйык жайлар (светилищалар) катары пайдаланышыптыр.
Акай Киненин ата-бабалары жашап өткөн өрөөндөгү ар-бир ташы тууралуу кызыктуу да, уккулуктуу да окуяларды айтып берип атканына аябай ыраазы болуп, суктандым. Атаганат, Ала-Тообуз тууралуу биз да ушул Акайдай болуп саймедирегенге жетишсек, мекенибизге болгон бардык жараандарыбыздын сүйүүсүн ойготоор элек.
Акай Кине кезектеги бир таштын жанына кыргыз чоролорун чогултуп алып Уучу бала (кичи бала) баянын айтып жаткан кезде кайдан-жайдан пайда болгону белгисиз кош турна кыйкуулап учуп калды. Акайдын кызыктуу аңгемеснен баш буруп, баарыбыз үстүбүздө айланып учкан эки турнага көз чаптырдык. Турналар биздин үстүбүздөн үч мерте айланып туруп, капталыбызагы тоону аша жөнөштү.
Операторлорубуз да, чоролорубуз да турган жерлеринде фотоаппарат-камералары менен турналарды тартып атышкан. Кийинчирээк, автобуска келгенибизде белгилүү уста жана комузчу Намазбек Уралиев менен Элдияр Аблаев деген чоролордун камераларын көктөн дал биздин төбөбүзгө түшкөн алтын түспөл нурду тартып алышыптыр. Муну жакшылыкка жоорудук, үстүбүзгө Кут түшкөнүн боолголодук. Жигиттерибиздин ар биринде кандайдыр бир өзгөрүү пайда болгонун, болгондо да жакшы жагына өзгөргөнүн алардын сөздөрүнөн, бири-бирине карата тамаша-мамилелери да кыскарганынан, ар-бири кыргыз элинин алдында, мамлекетибиздин алдында жоопкерчиликтүү боло түшкөнү шыр эле байкалды.
Жолдо катар, Кыргызстанга кайтып келатканда Казакстандын борбор калаасы Астананы көрө кетели деген планыбыз бар болучу. Чоролорубуздун көпчүлүгү айылдардан келген карапайым жигиттер болгондуктан, өз райондорунан алыс деле барышпаган экен, коңшулаш казактардын маданияты, жашоо турмушу менен тааныштыра кетели дегенбиз. Бирок, чоролорубуз бир добуштан эч кайда токтолбостон Кыргызстанга, болгондо да Манас бабабыздын ордо калаасы болгон Талас жергесине буйдалбай баралы деген талап-сунуштарын кабыл алууга мажбур болдук. Ошентип, эки сутка бою тынбастан жол жүрүп отуруп Таласка жетип, Айкөл Манас бабабыздын атактуу Кароол дөбөсүнө апкелген кутубузду тапшырдык.
Автобуста келатканда, ар-бир чоронун ойлуу келаткандарын байкадым. Чынымды айтсам, мен өзүм да, түгөнбөгөн, чубалжыган ойлорго батып келдим. Үстүбүздөн үч айланган эки турнанын кылыгына таңданып да, элибиздин социалдык турмушу, мамлекетибиздин саясий абалы турукташаарына төлгө кылып, бир кудайдан жакшылыгын тилеп отурдум. Ушул турналар бекеринен айланган жок. Чынында эле, дүйнө элдеринин маданиятында, адабиятында турналарды жакшылыктын, бейкуттуктун жарчысы катары карайт эмеспи. Студент кезимде турналар тууралуу далай чыгармаларды окуганымды эстеп келаттым. Алардын ири алдында Чынгыз агабыздын "Эрте жаздагы турналар" повести эсиме түштү. Чыгарманын башкы каарманы Султанмураттын кыйкуулап каалгып учкан турналардын артынан чуркап баратканы көз алдыма тартылып, бир эле мезгилде белгилүү авар акыны, ХХ кылымдын классиктеринин бири Расул Гамзатовдун "Ак турналар" аттуу ырын Иосиф Кобзондун аткарганы кулагыма жаңырып атты. Баарынан кызыгы, биздин жигиттердин бири алтайлык боордошторубуздан алардын ырларын көчүрүп алууга үлгүргөн экен, ошол флешкасын автобустун магнетофонуна жалгаштарса андан да "Турналар" деген ырдын жаңырганы болду. Бул да өзүнчө, капысынан болбогондой сезилди мага. Турналар тууралуу ар түркүн ойлорумдун арасында эң эле кызыктуусу, ары турналардын согушту токтотуудагы оорду боюнча качандыр бир кезде окуган окуя да көз алдыма тартыла түштү.
Америка кошмо штаттарында атайын түзүлгөн "Турналарды сактоо коому" деген бар. Ошол коомдун жетекчиси Джорж Арчибальд деген адам Американын Вьетнамдагы согушунун катышуучусу экен. Ошол адамдын мындай бир айткандарын окудум эле: Америка согушту ачаарын ачып алып, кайра кантип чыгаарын билбей турган чагы экен. Бул согуш 30 жылда араң токтогон болучу. Америкалыктар Вьетнамдын элин оңой-олтоң эле баса калып жок кылабыз деп ойлошсо керек. Бирок, Вьетнамдын ошол кездеги патриот уул-кыздары атамекенинин эркиндиги үчүн кажыбастан салгылашышкан.

(Уландысы кийинки санда)