Ырыскелди Мырзабеков, ырчы:
Продюсер издейм
"Колдо бар алтындын, баркы жок" деп бекеринен айтылбаса керек. Мекенибизде көптөгөн таланттуу адамдарыбыз бир жолго түшө албай, жардам күтүп жүргөнү баарыбызга белгилүү. Таланттуу адамдарыбызды колдоп өстүрүү деген ойдон четте калып баратабызбы айтор, билбейм. Булбулдай үнү менен продюсер күтүп күн карап жүргөн Ырыскелди аттуу таланттуу жигитибиз менен сырдаштык.

- Кепти туулуп өскөн кичи мекениң, бир туугандарын туурасында баштасак?
- Токмок шаарында өскөм. Атам врач, апам мугалим, 4 бир туугандын кенжесимин. Учурда М. Күрөнкөев атындагы музыкалык окуу жайдын 3 курсунун студентимин.
- Ырчылык өнөрүң кимди тарткан?
- Ырчылык талантым атамды тартты десем болот. Себеби, атам кечелерге барганда, кээде үйдө жумуш жасап жатканда өзүнчө кыңылдап ырдап калчу.
- Буга чейин элдин астында чыгып ырдап жүрдүң беле?
- Мектепте окуп жүргөндө ар кандай конкрустарга катышып, ырдап жүрчүмүн. Келечек алдыда убак-сааты келгенде элден кем калбай элдин сүйүктүү ырчысы болом деген ниеттемин.
- Сенин ырчы болушуңа ата-энең каршы эмеспи?
- Ата-энем каршы эмес, тескерисинче алардын колдоосу өтө күчтүү?
- Продюсери жок жеке өзүмдүн күчүм менен ырдап чыгам деген ойдосуңбу?
- Продюсери жок жүргөн ырчыларды көрүп эле жүрөм, көп жерден бут тоскондор да болот. Ошон үчүн продюсер менен иштешкенге толук даярмын.
- Келишим түзүп алып кайра баш тарткан ырчыларыбыз арабызда жок эмес, сен да жылдыз болуп алгандан кийин баш тартпайсыңбы?
- Жеңил ойлуу адамдардын катарын толуктабайм. Себеби өзүм жаш болсом да алдыга койгон максатыма жетип келем. Эгер продюсер менен келишим түзө турган болсом, ошол келишимдин негизинде гана иш алып барам. Тагыраак айтканда, чектен чыкпайм.
- Сени ким каржылайт?
- Ата-энем демөөрчү болот деп ишенем.
- Көбүнчө кандай ырларга басым жасайсың?
- Бул же тигил деп айта албайм, кайсы ыр болбосун жакшы ырдаганга аракет кылам.
Классика жана илгерки ата-бабаларыбыздан калган ырларга көп басым жасайм.
Авина СМАНОВА




Ишеним телефону
Ректоруң ким студент?
Урматтуу студент, ректоруңдун ким экенин билесиңби? Жок дегенде аты-жөнүн, жүзүн дегендей. Ооба, айрым ректорлор студенттер менен тыгыз иштебегендигинин натыйжасында, ишмердүүлүгү эмес, ректорунун аты-жөнүн дагы дурустап билишпейт. Биз "Ректоруң ким студент?" деген рубриканын алдында жогорку окуу жайларга кайрылуу жасоодобуз. Максатыбыз студенттер менен ректорлордун ортосундагы байланышты бекемдөө. Кандай иштеп жатат, бийлигин ашыкча пайдаланган жокпу, эмнелерди жаап-жашырып жатат... айтор, ректоруңузду мактайсызбы, жактайсызбы же жектейсизби сиздин ишиңиз. Болгону маалымат так болсун. Баса, ректоруңузга каалаган суроо берсеңиз да болот. Биз жооп алып берүүгө даярбыз. Биз "ишеним телефону" кызматын ушинтип аткаралы деп чечтик. Демек, ректорлоруңуздар тууралуу уюлдук телефондон смс жиберсеңиз, электрондук почтага жазсаңыз болот. Эмесе, урматтуу студент, ректоруңуздун ийгилиги жана кемчилиги тууралуу маалыматты 0 777 84 01 52 номерине смс, 0 312 933 622 номерине чалып билдирүү, ал эми
asmanpress88@mail.ru же Sadyrbekova-91@mail.ru электрондук даректерине маалымат жибериңиз.


Бул жолку смс маекте кеп болчулар: Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык Академиясынын (КГМА) ректору Канат Kерезбеков , Кыргыз Мамлекеттик Курулуш, Транспорт жана Архитектура Университетинин (КМУСТА) ректору Акымбек Абдыкалыков , Кыргыз Мамлекеттик Дене-тарбия жана Спорт Академиясынын ректору Токтобек Иманалиев , И. Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университетинин (КМТУ) ректору Туратбек Дүйшеналиев , Кыргызстан Эл Аралык Университетинин (МУК) ректору Асылбек Айдаралиев , Бишкек Финансы-Экономикалык Академиясынын ректору Абдырахман Мавлянов .