Ау-у, эл башчылары барсыңарбы?
Бишкек шаарында суу көрбөгөн, куурап калган, жетим бак-дарактар
Урматтуу эл башында, эл жүгүн көтөргөн, эл ишенген, эл үмүт кылган, Президент, өкмөт, парламент! Мамлекеттин борбору Бишкек шаарында бак-дарактар, көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштери кароосуз мышык ыйлагандай абалга жеткенин көрүп, билип, туруп башкасын айтпаганда, эшигин көрүп, төрүнө өт дейт, өзүңөр иштеген имаратыңардын тегерегинде бак дарактарга көңүл бөлүп, койсоңор чоң сооп алат элеңер. Өзүңөрдү сыйлабаган, кимди сыйлап жыргатасыңар, борбор шаардын бак-дарактарынын жалпы куурашы, мамлекет үчүн аброй алып келбейт. Элди, мамлекетти, сыйлабагандык, эл сиздерге ишенген, эми кимге ишенебиз.
Мурунку КМШ өлкөлөрүнүн арасында алдыңкы, кооз, көркөмдүү, жашыл Бишкек шаары азыр жок. Кыргызстанда жаратылышты коргоо, сактоо жана жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштери өтө начар, мамлекеттин, элдин көзөмөлүнөн жана психологиясынан ажырап калган. Бишкек шаарында бак-дарактарды коргоо, сактоо боюнча мамлекеттик деңгээлде иш алып барган мекеме же уюм жок. Мамлекеттик жаратылышты коргоочу катары токой агентиги жана жаңы негизделген экологиялык инспекция да Бишкек шаарында жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштерине, бак-дарактар жалпы куурап калса да, көзөмөл кылган укугунан ажырап калган, чындыгында Бишкек шаарын өнүктүрүү иш-аракеттерине кийлигишпөө, өзүн-өзү башкаруу деген шылтоо менен шаар бийлиги тарабынан тыюу салган. өзүн-өзү башкаруунун жыйынтыгы, шаарда өскөн бак-дарактардан кол жуудук, көзөмөл, жоопкерчилик жок. Бул иш-чарага 20 жылдык аралыкта президент, премьер-министр, депутаттар жана шаар мэрлери бир да кызыгып көңүл бөлгөн эмес. Бул 100% чындык. Бишкек шаарында бак-дарактар, жалпы 95% куурап калды дегенге толук негиз бар, жалбырактардын саргайып эрте түшүшү, курап калды деген белгини далилдейт. Жалбырактардын көк болуп турушу суу көргөн бактар, мурунку жылдары суук болуп жер тоңгон убакта, кышка жакын жалбырактар саргайчы. Эгемендүүлүк алган жылдардан кийин бак-дарактарды суугаруу иштери токтогон, бул чындык. Шаар бийлиги башын ооруткан эмес, бак-дарактар жалпы куурап калганга шарт түзүлгөн, жалбырактар көгөрүп турса эле кубанбашыбыз керек, бак-дарактардын ахвалы өтө оор абалда, реанимацияда, тамырлары өзөктөрү эчак эле куурап калган, өмүрү кыска, бак-шагы жок, токол куту кеткен жайдак шаар денгээлге келгенибиз чоң кырсык, трагедия. Бак-даракдар тирүү организм, курулуш материалга, отунга, качан кыркып кетет деп, ыйлап турган мезгили. Көзөмөлдүн, жоопкерчиликтин жоктугунан Бишкек шаарында өскөн бак-дарактардын чыныгы ээси жок, жетим кароосуз бак-дарактар десек туура болот, шаар бийлиги тарабынан такталган, эсеп-чоту, сапаты тирүү боюнча маалымат жок. Мамлекеттик экологиялык жоопкерчилиги жок, туруксуз абалдан пайдаланып мебель буюмдарын, курулуш материалын жана отун даярдап сатуу, кыркып жок кылууга жапырт киришүүдө. 20 жылдык аралыкта көп сандаган бак-дарактар кыркылып, жок болуп кетти. Эл көрүп турат, сугат ишине көңүл бөлбөгөндүктөн, суу жок куурап калышы же кыркылып кетиши мамлекет үчүн аброй алып келбейт. Мамлекеттин алсыздыгын, начардыгын көрсөтүп турат. Башка мамлекеттер үчүн чоң шылдың. Бишкек шаарына 20 жылдык аралыкта отургузулган көчөттөр жылда куурап калат же сапатсыз болуп натыйжа бербегендиктен көчөт өстүрүү иштерин токтотууга мараторий жарыялоо керек. Себеби, борбор шаар Бишкекке көчөт отургузуу боюнча иш-чарага мамлекет даяр эмес, алсыз, бир түп бак же Бишкек шаарында бир көчөсүн жакшыраак жашылдандырып, көрөктөндүрүүгө мамлекеттик деңгээлде жарабадык.
Ата-Бейитке 1 же 2 жыл мурун Алтай крайынан кедр (кадыр) дарагы алынып келген. 7 түп кедр дарагы отургузулган, кароо, багуу, көзөмөл болбогондуктан, 4 түбү куурап калган 3 түп кедр дарагы турат, багуу, болбосо булар куурап, жок болот. Ата-Бейитке 2012-жылкы отургузулган көк карагай (ель голубой) сапатсыз, азыркы талапка жооп бербейт. Илимий жактан баа берилип, жашылдандыруу жагын мамлекет колго алыш керек. Мындай көрүнүктүү иш-чараларды мамлекет эмес шабашниктер аткарып калган. Чоң уят иш.
20 жылдык аралыкта сугат иштери, суу маселеси чечилбегендиктен 60-90 жыл мурун отургузулган сапаттуу бак-дарактардын жок болуп куурап калышы, жакынкы жылдары бак-дарактары жок, токол, жайдак шаар болуп калуу коркунуч күтүп турат. Бак-дарактар жашыл болуп турса эле кубанбашыбыз керек. Бак-дарактар суу жок болсо да сыртынан алган ным менен өмүрүн сактап турууга жөндөмдүү, бирок суу-ным такыр жок болсо сапатын жоготуп, билинбей ичтен куурап жок болот. Көп жылдык бактардын тамыры терең жактан орун алган. Суу ным жок болгондуктан бактардын тамыры эчак эле куурап калган, шамал болсо бак-дарактар тамыры менен оңкорулуп кулап калышы, тамырлардын начардыгы, сапаты жоктугу. Шаарда борбордук көчөлөрдө суу өткөн арыктардын көлөмү кичине, суу өтчү цемент арыктардын жыртыктары таш болуп, катып калган, кээ бир жерлерде атайын бак-дарактардын куурап калышы үчүн атайын цемент арыктардын жыртыктарын цементтеп бүтөп койгон көрүнүштөр бар. Шаарда жашыл массивдер орун алган жерде жана эс алуу парктардын ордуна имараттар жана обүектилер ээлеп жок болуп баратат. Буга жол бербешибиз керек. Көпчүлүк парктардын суу жок куурап, жок болу коркунучу күтүп турат. Жалбырактардын жашыл болбой, карарып турушу - бак-дарактардын жалпы оорушу, жок болушу. Муну айыктырыш үчүн союз убагындагы сугат иштерин ордуна коюш керек, буга көп эмгек, мээнет талап кылынат. Бак-дарактарды коргоо, сактоо укугу күчтүү болушу керек. Кааласак кыркып жок кылыш оңой. Көчөт өстүрүү көп жылдык эмгек, мээнетти талап кылат. Көнүмүш адатка айланган иш-чара, бак-дарактардын тегерегин муунтуп, цемент же асфальттап коебуз. Тамыр дем албаса же суу өтпөсө куурап калышына шарт түзүлөт.
Бишкек шаарында бак-дарактарды сугаруу боюнча 17 скважина бар, иштебейт. Ала-Арча, Аламүдүн суулары болгон убагында өзүнүн эрежесине ылайык жана кошумча ыкмаларды колдонуп, сууну пайдаланганга мүмкүнчүлүгүбүз жетпейт, бак-дарактар толук кандуу сугарылбайт. Эгерде климатта өзгөрүү болуп, күн ысык болсо, көп сандаган бактар тездик менен куурап жок болот. БЧК суусунун ылдый жагында бак-дарактар сакталып калышы мүмкүн, анткени суунун деңгээли өйдө, ным бар. Асанбай жана микрорайон тарап жакка улам жогорулаган сайын суунун деңгээли өтө терең. Суу, ным жок болгондуктан куурап жок болуп кетишине толук негиз бар. Өкмөт шашылыш түрдө Бишкек шаар мэринин алдында борбор шаарда өскөн бак-дарактарды сугаруу максатында өзүнчө сугат башкармалыгын түзүү азыркы мезгилдин талабына өтө зарыл. Бишкек шаарына көчөт отургузуу иштери боюнча проект, план жок, илимий жактан жана көчөт отургузуу эрежелер эске алынып, баа берилбейт. Түшүнүксүз, каалаган жерге плансыз, суу жок жерге да көчөт отургузулат, агротехникалык ыкмалар эске алынбайт. Бишкек шаарына жазда, күздө, кышта жылда отургузулган көчөттөрдүн жыйынтыгы инвентаризация жүрбөйт. Жазда отургузулган көчөткө күздө аман-эсен өсүп турган сапатын, жыйынтыгын, процентин чыгарып, көчөттүн саны эсептелип, ревизиялык обход болуп туруш керек. Бак-дарактарды көрктөндүрүү иш-чарасын шаар мэрине эле жүктөп коюш эмес. Борбор шаарга отурукташкан мекеме-ишкана, коомдук уюмдар жана шаар тургундары милдеттүү түрдө көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерине катышууга жана коргоо, сактоо иштерине жардам берип, жашыл шаар болушуна өз атуулдук милдет жана парзын түшүнүш керек. Жаратылышты коргоо, сактоо жалпы элдик жумуш. Бул иш-чаранын аткарылышы боюнча Бишкек шаар кеңеши жана Жогорку Кеңеш тарабынан өзгөчө мыйзам иштеп чыгыш керек. Жаратылышты көздүн карегиндей сактоо, коргоо жана бак-дарактарды көбөйтүү чоң илим жана маданият, элдин куту, күзгүсү, ырыскысы, ден-соолугу.
Айлана-чөйрөнү коргоо коомдук "Шербото" жаратылыш фондунун директору
Таштанбек Кожогулов