Академик, парапсихолог Лариса Асанбекова:
МухамМед пайгамбар "акыркы" же азыркы заман тууралуу

Бүгүнкү макаламды окурмандарыма чексиз ыраазычылык билдирүү менен баштагым келип турат. Мага телефон чалуулар Кыргызстандын бардык аймактарынан болот. Алардын жаш курактары, кесиптери да ар кыл. Жаш өспүрүмдөрдөн баштап кары адамдарга чейин телефон чалып, кызыккан суроолорун беришип жооп алышат. Көбүнчө ыраазычылык билдирүү үчүн кайрылышат. Андай кезде ушул илимди берген Кудайга чексиз ыраазы болуу менен бирге окурмандарым, элим үчүн жазып жаткан макалаларымдын пайдасы тийип жатканына кубанам. Акыркы күндөрү жер-жерлерден аянчылар чыгып жатышат. Алардын мага чалганы, аларга аян болуп келип жаткан маалыматтардын туура же туура эмес экенин билгиси келгендер. Көптөрү көп жылдан бери 5 маал намаз окугандар. Алар алган аяндарынан ислам дини баштагы акыйкаттыктан адашып, туура эмес жолго түшүп кеткенин билгенден кийин эмне кылаарын билишпей арсар калгандарын айтышты. Бирок, менин макалаларымдан Куран илим экенин, андагы сүрөөлөр күчтүү энергия берээрин, ал эми дин ар ким өз түшүнүгүнө жараша кабыл алгандыктан, 80ден ашык дин агымдары пайда болгонун, Кудайды тил менен эмес дил менен кабыл алыш керек экенин түшүнгөндөр ыраазычылыктарын айтып жатышат. Мен да баарыңыздарга ыраазычылык билдирүү менен өз жүрөгүңөрдү угуп, туура чечим кабыл алууга үйрөнгүлө демекчимин. Мухаммед пайгамбар да бир кезде дин туура эмес жолго кетээри тууралуу айткандарын мисал кылып жаздым. Курандын көп сүрөөлөрүндө "акыр замандын" белгилери жана ошол мезгил келгенде жерде, адамзатта кандай кыйынчылыктар же өзгөрүүлөр болоору жазылган. Андан тышкары ислам олуяларынын да алдын ала айтуулары бар. Мухаммед пайгамбар: "Бир убакыт келет. Ошол кезде Курандын тышкы көрүнүшүнөн башка ички баалуулуктары жоголуп, өздөрүн исламчы деп аташканы менен алгачкы ислам дининен эч нерсе калбай акыйкаттан адашкандар көбөйөт. Мечиттер көп салынып, эл ичине батпай калат. Куран китеп кооздолуп нускалары көп чыгат. Бирок, ал кезде алар алгачкы акыйкат жолунан адашып калган болушат. Диний лидерлер ар ким өзүнүкү туура дешип, ачуулуу болушат. Ошондуктан алар эл ичин иритип, ар кандай жол менен элди бөлүп-жарууга, согушууга алып барышат. Убактысы келгенде өздөрү жасаган жаман иштин кесепети өздөрүнө кайтат" деген экен. Андан тышкары "акыр замандын" белгилери бардык диний китептерде жазылып, дүйнө элинин көп олуя, алдын ала айтуучулары да айтып келишет.
Мисалы акыр заман келээрде:
1) Ар кайсы жерде жер титирөөлөр, суу ташкындары, табигый катаклизмалар көбөйүп,тез-тез боло баштайт (АКШ, Япония, Гаити ж.б).
2) Бир кездеги тамакка жетпеген кедейлер укмуштуудай байып, кабат-кабат үйлөрдү салат (азыр кимдер гана мындай үйлөрдү салган жок дейсиз).
3) Аракечтер менен баңгизат колдонуучулар толуп кетет.
4) Эркектер майдаланып, аялдар эркектерди башкарып, бийликке келе башташат (эркектер "эрдикке" жарабай калганда Роза Отунбаева эжекебиз президент болбодубу). Калыгул олуя деле "Аял үндүү эркек чыгаар, эркек сымал аял чыгаар" деген экен.
5) Бийликке билимсиз адамдар келип баш-аламан башталат (бул деле бизде бар да).
6) Дүйнөдө эркектердин саны аялдардан аз болот (көп эле өлкөдө аялдар эркектерден көп).
7) Өзүн пайгамбарга теңеп жалган окуу тараткан "молдокелер" көбөйөт (80ге бөлүнгөн дин башчылары өзүнүкүн туура дейт да).
8) Ал кезде жалган жана кооз сүйлөгөн адамдарга эл ишенип, чындыкты айткан адамдарды "жалганчы" деп жазалайт. Кооз сүйлөгөн ораторлор жана популисттер көбөйөт (мындайлар бизде четтен чыгат).
9) Жаныбарлар адамча сүйлөй баштайт ( мындай мисалдар толтура).
10) Адамдар байлыктарын баласынан да артык көрө баштап, байлыгына Кудайга сыйынгандай сыйынып калышат (мындайлар да жок эмес).
11) Мусулман өлкөлөрү бири-бири менен согушуп, мусулман мусулманды өлтүрө баштайт (теледен көрүп жаткандырсыңар).
Доор алмашып, азыркы замандын акыры болоордо мына ушу сыяктуу белгилер байкала баштайт. Ошол кезде "Кудай сурнай тартып, баардык адамзатты суракка алат. Сурнайдын үнүнөн кулак тунуп, жүрөк жарылат. Өлгөн адамдар көрүнөн чыгып, "тирилишет". Тозоктун оту куйкалап, жаныңар кыйналган кезде эмнеге Кудайды укпадым экен деп өкүнөсүңөр. "Жер титиреп, ай ортосунан бөлүнүп эки ай пайда болот" деген сыяктуу сөздөрдү бала кезден угуп келе атабыз. Бирок, мунун да чындыгы бардай...
Планеталар парады. Нибиру
А
зыр баарыбыз өзгөчө өткөөл мезгилде жашап жатабыз. Бул бир доордун бүтүп экинчи доордун башталышы экенин баарыбыздын эле маалыматыбыз бар. Кээ бирөөлөр бул сөздөргө ишенбестик менен "Өткөөл мезгил деп эле атасыңар, деги качан өтүп бүтөбүз?" деген суроо узатышат. Чындыгында биздин Жер планетабыз менен Аалам убактысы ар башка. Ошондуктан өткөөл мезгил 1987-жылдан башталган. Өткөөл мезгил башталгандан бери Жер жүзүндө ар кандай фактыларга бай окуялар болуп келе жатат. Мисалы, Улуу держава аталган СССРдин кулашы, бардык жерде болуп жаткан баш-аламандык, диндердин көбөйүшү, өз ара бөлүнүшү, тиреши, адам затынын жан дүйнө баалуулуктарын жоготушу... айтор айта берсе мисал көп. Ооба, жогоруда айтылган бул белгилер турмушубузда болуп жатат. Ал эми экинчи бөлүктө айтылып жаткан белгилерден Кудай сактасын дейли. Бирок, анын да ойго салган жерлери бар.
Мисалы 21-декабрь, 2012-жыл тууралуу азыр тили чыккан баладан, тиши түшкөн аксакалдарга чейин сөз кылып жатышат десек аша чапкандык болбос.
Мунун илимий жообу бар. Мисалы 21-декабрь, 2012-жылы Планеталар парады болот. Буга чейин деле планеталар парады болуп келген. Бирок азыркы планеталар парадынын мурдагыдан айырмасы - Күн системасындагы эле планеталар тизилбестен, башка жылдыздар системасынын планеталары да бир сызыкка тизилишет. Мисалы, муну сааттын жебелери бир сызыкка келгенин элестеткиле. Ошентип аалам жаңы доорго өтүп, водолей эпохасы башталат.
Андан тышкары, байыркы шумерлердин айтуусунда Нибиру аттуу көзгө көрүнбөгөн планета Жерге жакындайт. Ал планета күндү 3657 жылда бир айланып чыгат экен. Ошол Нибирунун жерге жакындап келүү мөөнөтү 21-декабрь, 2012-жылга туш келет. НАСА бул планетанын бар экенин азыр жашырбайт жана ал планета кызыл түстө болгондуктан бизге экинчи Күн пайда болгондой көрүнөт дейт. Андан тышкары катуу Жер титирөө менен коштолуп, аба ырайы түшүнүксүз өзгөрөт. Ал эми Крайон аттуу Жогорку күч, ошол мезгил кандайча башталаарын жана эмне кылуу керек экенин мындай деп айтат.
o Өткөөл учур келээрден 3 жума мурун Асмандан түрлүү түстөгү жарыктар пайда болот (9 түс). Өткөөл мезгил бардык Жер шарында жер титирөө менен башталат.
o Өтүү түн ортосунда болот. Кээ бир жерлерде жер титирөө вулкандардын атылуусу менен коштолот. Бардык жерде энергия иштебей калгандыктан, байланыш үзүлөт.
o Самолёттор учпай жана электропоездер жүрбөй калат. Асмандан күл аралаш жамгыр жаап, жердин титиреши 60 саатка созулат. 90 саат өткөндөн кийин экинчи жолу жер титирейт. Температура кээ бир жерде 25 градус жогоруласа, кээ бир жерде 25 градуска төмөндөп, уюлдар алмашат. Адамдар дем алуу аркылуу көпчүлүгү жарык менен азыктанганга өтүшөт.
2035-жылы бейиш жерде болот
Чын эле ушундай убакыт башыбызга келип калса эмне кылуубуз керек? - деген суроого, сабырдуулук менен өзүңдүн ички сезимиңе кайрылып, Кудайга жалынып ибадат кылуу жана медитация кылуу керек дейт. Кандай кылуу керек экенин өткөн саныбызда жазгам. Медитацияны дагы бир жолу жазып коёюн. Түнкү саат 23:00дө шам жагып, өзүңөр билген сүрөө же башканы окуп, тилегиңерди айтып болгондон кийин Күндөн алтын түстүү шар төбөңөрдөн кирип ички органдарды алтын нурга толтурганын элестеткиле. Күндөн дагы бир чөң алтын шар бөлүнүп чыгып, үстүңөрдөн кийилгенин элестеткиле. Бул алтын шарды бала-чака, жакындарыңарга, элге, Кыргыз жерине жана Жер планетасына оюңар менен кийгизгиле. Алтын шардын мааниси чоң. Мисалы, Жерди топон суу каптаганда Нух пайгамбар кемеге түшүп аман калган деген сөз бар. Бул образдуу айтылган сөз. Эгерде ар ким энергиясынын сапатын пайгамбардын энергиясына жеткире алса (таза кармаса), анда Кудай жардамга келип сактап калат. Алтын шар Нух пайгамбардын кемесиндей сактап калчу энергия. Ошондуктан унутпай убакыт бөлүп жасап коюңуздар.

Э
ми бул өткөөл мезгил канчага чейин уланат? - деген суроого менин устаттарым, өткөөл мезгилдин туу чокусу 2012-жылдын декабрь айы экенин, андан ары дагы бир нече жыл (азырынча 2017-жыл) адамзат үчүн кыйынчылыктар болоорун, 2035-жылдан баштап Алтын доор толугу менен өз күчүнө кирип, бабаларыбыз айтып жүргөн "Кой үстүнө торгой жумурткалаган" жердеги бейиш жашоо башталаарын айтышат.

(Уландысы кийинки санда)