Академик, парапсихолог Лариса Асанбекова:
Пайгамбар байырлаган куттуу мазар
(Башы өткөн санда)
Гезитибиздин өткөн сандарында "Ыдырыc пайгамбар" мазары тууралуу кыскача сөз кылганбыз. Чаткал өрөөнүндө жайгашкан бул мазарга Кыргызстандын эле эли эмес, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркия, Кытай, Япония, Австрия, Германиядан да өкүлдөр келип кетишкен дейт ушул мазардын мурдагы шайыгы Үсөн Оморов. Бул мазардын ыйыктыгы, касиети бул жерге келген адамдар кандай тилек менен келсе ошол тилектерине жеткизет. Мисалы 17 жыл бала көрбөгөн үй-бүлө, кичине күмбөздүн ичиндеги бешикке колдорун коюп тиленип келип балалуу болушкан. Мындай мисалдар толтура. Иш, ден соолук тилеп келгендердин иштери оңолуп, оорудан айыгып кеткендери канча. Мисалы Өзбекстандын Наманган шаарынан бир адам шишик оорусу менен келип, кадимкидей айыгып кеткен.
Бул мазарга келгенде пайгамбардын кайып болгон жеринен ниет кылып, кичине күмбөздүн ичиндеги бешикке барып, бала тилеп же балдарга бардык жакшылыктарды сурашат. "Супара таш" деп аталган жерден ырыскы, байлык тилешсе, "Дулдул таштан" иштерине оомат, кызмат тилешет.
Чаткал өрөөнүнүн абасы таза, табияты кооз, сууга бай, куттуу жер болгондуктан Ыдырыс пайгамбар ушул жерди тандап жашап калган деп ыйык китептерде айтылат. Бул пайгамбар Кудайдын бейиш багынан жылаңач келген Адам ата Обо энебизге кийим тигип кийгизген тикмечи, адамзатка калем карматып жазууну үйрөткөн, илим-билим, техниканы апкелип адамзатка цивилизация көрсөткөн алгачкы пайгамбар болуп саналат. Ошондуктан чын ыклас менен, ниет пейилди туура коюп тиленген адамдардын баардык тилектерин орундатат. Ал эми окумуштуулар бул жерди изилдеп көрүп, чындыгында эле табигый суулары, булактары ден соолукка жакшы таасир берээрин айтышкан.
Бир кездерде бул жерде аябай өнүккөн цивилизация жашап өткөндүгүн ар кандай суу түтүктөрдүн табылганы тастыктап турат. Ошондой эле мазардын кирпичтери серкенин ич майына жуурулуп жасалгандыктан ушул заманга чейин жеткен. Ал кирпичтерден фарфор идиштерден чыккандай шыңгыр дабыш чыгып, сапаттуу экени билинип турат. Мазардын бир жагында "Каапыр-Тоо" деп аталган тоодо алтын талашып кырылган болсо, экинчи тарабында "Аскер-Тоо" деп аталган тоодо ислам динин таратууга келген 12 миң сахабалардын сөөгү коюлган дешет. Эмнеси болсо да кышы татаал, жайы салкын, табияты кооз, суусу дары бул жер бир көрүп кеткен адамды өзүнө тартып кайра-кайра баргысын келтирип, өзгөчө жай мезгилинде зыяратчыларга толуп калат.
Бейиштин төрүндөй болгон бул мазардын күчтүү, касиеттүү энергиясы мени да магниттей өзүнө тартып, ушул жайга эки жолу барып келдим. Пайгамбарлар мекендеген касиеттүү жерибиздин баасын, баркын сезбей баалуулукту башка жактан издеп жүргөнүбүз өкүндүрөт. Үч дарыянын кошулган жеринде жайгашкан касиеттүү "Ыдырыс пайгамбар" мазары Космос менен Жердин энергиясы төгүлүп турган куттуу мазар экени чындык.
(Уландысы кийинки санда)