Мактанбай койсом, таластык болбой калбаймынбы…
- Салам Деля! Күйөрмандарыңды сагындырып, көптөн бери теле жаатында көрүнбөй кеткениңдин себеби эмнеде?
- Шоу-бизнестен бир аз алыстап, кошумча каражат табуу үчүн апамдын колдоосунда чакан бизнес менен алектенип атам. Ар дайым элдин көзүндө жүргөндөн кийин өзүңдү татыктуу алып жүрүп, модалуу кийинип, сапаттуу ыр жаздырышың керек дегендей. Ырчылык менен жашасаң болбойт да. Анткени, тапканың кайра чыгармачылыгыңа эле жумшалып, андан ашпайт деле.
- Ырчылык демекчи, сен теле алып баруучулукту таштап, ырчы болоюн деп чечтиңби?
- Акыркы кездерде теле алып баруучулар, ди-джейлер ырчы болуп кеткен модага айланып калды окшойт (күлүп). Бирок, мен мода үчүн эмес, чындыгында кичинемден эле ырчы болууну кыялданчумун. Жаштын тилегин берет дегендей, Кудай буюруп эң алгачкы "Сагындым" аттуу чыгармамды жаздырганга жетиштим. Бизнесимди бутуна тургузуп алсам, жаздан баштап, чыгармачылыкка баш-отум менен киришем деген ойдомун.
- Телени сагынгандырсың?
- Иштен кол бошобогондуктан, телени сагынганга убакыт деле жок. Бирок, кээде эфирди алып барып жүргөн күндөрүмдү эстеп коём. Бирок, кайра телеге кайрылып барбайм. "Эки тоонун чөбүн эңсеген эчки ачка калат" дегендей, бир жагына эле басым коёюн деп чечтим. Буюрса, мындан ары ырчы катары элиме кызмат кыла баштайм.
- Кол бошобой атат деп, жеке жашооңду унутуп койгон жоксуңбу?
- Жеке жашоо унутта калбайт да. Менин кайталангыс, жалгыз сүйгөнүм бар. Ал адам тууралуу кийинчерээк кенен маалымат берем.
- Жүрөгүңдүн ээси менен кандайча таанышып калдың эле?
- Жигитим менен бир отурушта таанышып калгам. Сүйүүсүн арнап, артымдан беш ай чуркап жүргөн. Ошол мезгилде мен ага абдан көнө түшүптүрмүн. "Сен сүйгөнгө эмес, сени сүйгөнгө тий" деп коюшат го, ыйласам мени менен чогуу ыйлайт, күлсөм чогуу күлөт. Кыскасы, мени аябай сүйөт.
- Сага кандай мырзалар жагат?
- Жылдыздуу, сөзүнө турган, бою өтө узун эмес, буту "кольцо" болгон жигиттер жагат (күлүп).
- Казан-аяк университетине качан тапшырасың?
- Кудай буюрган күнү. Азырынча так датасын айта албайм. Ал тууралуу жигитим биринчи ооз ачышы керек го дейм.
- Турмушка чыгууга даярсыңбы?
- Биз камыр тамактарга басым жасагандыктан, апам кичинемде эле камырды жука кылып жайганды, камыр тамактарды даамдуу кылып жасаганды үйрөткөн. Андыктан, келиндик кызмат кылгандан коркпойм. Ал эми турмуштун чоң жолуна аттанганга моралдык жактан деле даярмын.
- Шоу-бизнести ыплас дегендерин уксаң керек, андайда бизнесим менен эле алектенип, ырдабай эле коёюн деген ойго жетеленбейсиңби?
- Ооба, шоу дүйнөсүн абдан ыплас, кир дегенди көп эле угуп жүрөм. Орустарда "Сколько волка не кормишь, всё равно в лес смотрит" деген сөз бар го, анын сыңарындай, менин да жүрөгүм шоу-бизнестен алыстагысы келбейт.
- Жаш ырчы кыздардын артын болушунча ушак ээрчийт эмеспи, жигитиң кызганбайбы?
- Ал абдан кызганчаак. Бирок, мени чындап сүйсө түшүнөт болуш керек. Түшүнбөсө дагы көрө жатарбыз.
- Акыркы күндөрү эмнеге кейип жүрөсүң?
- Сүйүктүү адамым бир жылга аскерге кызмат өтөгөнү кетип атат. Атуулдук милдетин аткарып атканына кубанганым менен, бир жыл ал жок кантем деп кейип атам.
- Бир жыл күтөсүңбү анан?
- Кудай күч, чыдамдуулук берсе күтөм да...
- Адамды сыртынан карап мүнөздөмө берсе болобу?
- Жок, сырткы келбет алдамчы болот. Менин сүрөттөрүмдү көргөндөр кыска кийингенимден улам жеңил ойлуу кыз деп ойлошу мүмкүн. Бирок, жакындан таанышып, мени жакшы биле баштагандан кийин ал ойлорунан кайтышат. Жаш, мүчөлүү болсоң, эмне үчүн ал сулуулукту баса белгилеп сүрөткө түшкөнгө болбосун?! Баардык нерсенин убактысы болот эмеспи, жаш өткөн сайын албетте, узунураак, жаш курагыңа жараша кийинип каласың.
- Таттуу балачагың тууралуу айта кетсең?
- Айтылуу Талас жергесинин кызымын. Кичинемде аябай толук элем. Толуктугумдан пайдаланып, мектепте жиниме тийген кыздарды сабап салчумун. Таятам директор болгондуктан, эч ким эч нерсе дей алчу эмес. Азыр ошол күндөрдү ушунчалык сагынам. Эх, сиздердин сурооңуздарга жооп берип атып, бактылуу балачагыма бир барып келдим окшойт.
- Таластыктар мактанчаак болот деп коюшат го, андайда чычалабайсыңбы?
- Ар бир жердин ар кандай адамдары бар, көпчүлүк айткандыктан, бул нерсени күлүп эле кабыл алам. Өзүм тууралуу айтсам, аша чаап мактанып кетмей жайым жок. Бирок, анча-мынча мактанып коюшум мүмкүн. Мактанбай койсом таластык болбой калбаймынбы (күлүп).
- Кебиңди кандай үй-бүлөнүн кызы экениңди айтып жыйынтыктасаң?
- Алтындай болгон апакем Нурия иним Бекжан экөөбүздү канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай жалгыз багып өстүрдү. Апанын да, атанын да милдетин аткарып, темирдей катуу кармады. Учурда апакем жеке бизнес менен алектенет. Өзүнүн жолун улатып, мени дагы келечекте ийгиликтүү бизнес-леди кылгысы келет. Кудай буюрса, ишеничин актаганга аракет жасайм.
Адинай МАРИПОВА