Өтө кекчил, диктатор, сараң
Сатыбалдиев
Сан илиминин сыр түйүндөрүн чечүү менен сырдуу маалыматтарды жыйноого болорун улуу философ Пифагор белгилеп кеткен. Бул дүйнөдө эч ким идеалдуу эмес. Баардык зат сандан турат, ал сөз, ал толкун, ал нур бирок, аны эч ким сезбейт, байкабайт. Ал ритм, ал музыка бирок аны эч ким укпайт. Сан өзгөрбөйт, бирок кубулуштары чексиз. Кандай гана жашоонун формасы келбесин, ал конкреттүү сандын пайда болушун көрсөтөт. Эл башына келген адамдар ким болбосун биз аларды билүүгө тийишпиз.

Сатыбалдиев Жантөрө Жолдошевич

6.1.1956

2810167

Мүнөзү диктатор, бирөөгө акыл айтканды жакшы көрөт, кээде жинди-чалыш кыялы кармап калат. Өзүнүн идеясы же кызыкчылыгы үчүн миллиондорду чачып адам өмүрүнө да карабайт. Өзүнүн максаты үчүн эч нерсени карабай, токтобой кыйратуу жолу менен болсо да умтула берет. Алганда алкынга карабайт, бергенде өтө сараң. Өзүнүн баркын, баасын жогото баштаганда үй бүлөсүндө тиранга айланып кээде психикалык дабага чалдыгат. Өзүнүкүн бербейт, өтө кекчил, өч алууга уста. Конкреттүү түрдө баарын алдын ала пландайт, бирдеменин артынан түшсө эч кимди укпайт. Неберелерине абдан жакын. Биоэнергиясы азыраак болгондуктан аба-ырайынын өзгөрүшүнө өтө сезимтал. Эмоцияга алдырганда катуу стресске кабылат, психикалык жактан алдырып иймейи бар. Күзгүдөн көп каранган сылан корооз. Тазалыкка талабы катуу, үй бүлөдөгү түшүнбөстүктөр да ушунун айынан болот. Үй бүлөсүн катуу кармайт. Ден-соолугу менен мактана албайт, көбүнчө көк боору жабыркап анын айынан башы ооруп боор, ашказаны кошо жабыркайт. Ушулардын айынан уйку абалында шилекейи да агып калат. Кырдаалды туура баалайт. Байлыктын кулу, акча десең баарына барат, бирөөгө жамандык кылуудан тартпайт. Жогору темпераменттүү, өзүнө көпчүлүктүн көңүлүн тартууга шыктуу. Жоготкон кетирген нерселерине эч өкүнбөйт. Мындай адамдардын жубайлары, эбегейсиз биоэнергиянын (психикалык кубаттын) ээси болуш керек. Себеби, бул инсан аларды соруп, нервин жеп жашайт (вампир). Жубайынын биоэнергиясы аз болсо, алсырап же ооруп кыйналат. Канчалык көп иштесе, ошончолук үзүрүн көп көргөн адам, дайыма өзү үчүн иштейт. Ишине так, жоопкерчиликтүү милдеттерди мойнуна алып, иштөөгө жөндөмү бар. Акыл жумушунан алыстап, ичкиликке көп берилсе, же чөйрөсү бузулса, интелекти төмөндөп кетүү коркунучу бар. Лидерликке дайыма умтулган, бирөөнү ээрчибеген адам. Бирөөнүн сынын же катуу буйругун көтөрө албайт. Тамашаны түшүнөт. Өзү да тамашалаганга аракет кылат. Бой көтөргөн, эрки күчтүү, өзүнө ишенген инсан. Эгоист, өзүн өтө жакшы көрөт. Көп мактанып, асмандан түшпөйт. Элдин назарында жүрүп, адамда терең катылган сырларды изилдегенге кызыгат. Идеалист, ченемсиз өздүк амбицияларынын айынан көп жабыркайт. Тегерегиндегилерди толук кандуу түшүнүүгө жөндөмсүз. Мүнөзүн көзөмөлдөгөндү үйрөнүш керек. Акчанын артынан тынбай чуркаган сайын, ордуна ден-соолугун берээрин унутпасын. Себеби, бул адамда "энергия чёрного колдуна" деп аталган дьяволдун белгиси бар. Руханий өсүп, дин философия, мистиканы өздөштүрүүгө умтулуп, тегерегиңизге жазуучу, адабият тармагындагы адамдарды же журналисттерди топтоо сизге ыңгайлуу. Ошондой эле терс энергия топтогон, терс сапаттардан арылуу менен руханий жактан өсүү сиздин миссияңыз экенин унутпаңыз. Бийликти сүйүп, байлыкка дагы деле умтула берсеңиз, аягы жакшылык менен бүтпөйт.
Улан Аттокуров