Өмүрбек Абдрахманов, Жогорку Кеңештин депутаты:
"Текебаев дагы бир
жолу тийишсе,
элдин көзүнчө
чекесине атам!"
"Ата-Мекенчи" эки Өмүрбек 5-сентябрда чатакташа кетип, ал тургай жакалашып, кол көтөрүшүп көпчүлүктүн көңүл борборунда болушту. Ошондон улам эркин депутат Өмүрбек Абдрахмановду кепке тарттык.

- Өмүрбек мырза, Текебаев экөөңүздөр кандайча жөөлөшө кеттиңиздер?
- Текебаевди түшүнсө болот. Нерви ордунда турбай, депрессия болуп, ушундай бир кыйналып жүрөт. Ал эмнеден экенин билбейм. Балким, иниси каза болгонунандыр, коомчулук морадёр деген ат коюп атпайбы, мүмкүн ошодондур. Же саясаттагы максатына жетпей калгандандыр. Кийинки кездери Текебаев жөнүндө көп интервью бердим, ошол дагы таасир бергендир. Ал эми окуяга келсек, мен Мурашев, Молдобаев деген эки депутат менен залда сүйлөшүп тургам. Текебаев менин жанымдан өтүп баратып "Бас, сени өлтүрөм, жоготом, парламенттен кетирем, мандатыңды тартып алам" деп капталга бир муштап кетти. А мен "Барбайм ал жакка, сен эми морадёрсуң да, тартсаң тартып алаарсың" десем, ошондон жаны чыгып кетип, кайра артка келип, мага жулкунганда депутаттар ажыратып калышты. Колдору калтырайт, өңү болсо купкуу болуп кеткен. Албетте, ар кандай жаман сөздөрдү айтып сөгүнүп атты, бирок аларды коомчулукка айтпай эле коёюн. "Өзүң ошондойсуң да, ошондуктан, оозуңдан өзүңө окшогон сөздөр чыгып атат" дедим. Ошентип, ал жансакчылары менен залдан чыгып кетти, а мен өзүмдүн ордума келип отуруп калдым. Бир убакта кайра келип мени жакадан алганга аракет кылды аны телевизордон көрдү\өр. Кээде эки киши жулкулдаша кетиши мүмкүн. Бирок кеп анда эмес, депутат деле киши да. Кеп Кыргызстанга президент болом деп жүргөн кишинин хулигандык жана маралдык ыплас жүрүш-турушунда болуп жатпайбы.
- "Текебаевдин саясаттагы максаттары ишке ашпаганына депрессия болуп жүрөт" деп эмнени айткыңыз келди?
- Текебаевдин илгертен бери "Кыргызстанга президент болом!" деген так максаты бар болчу. 20 жылдан бери элдерге жагымдуу сүйлөп, бал тили менен элди багып келди. А биз болсо "Ии, ушундай турбайбы" деп ишенип алчубуз. Кийин мен партиясына кирип, кошо жүрүп, айткандарынын баары жөн эле сөз экенин, элди алдаш үчүн айтылганын түшүндүм. Бул кишиде эч кандай демократиялык, либералдык көз караш жок экен. "Мен!" деген гана өзүмчүл адам тура. Текебаевдин 20 жылдан бери айткан "чындык үчүн, коррупция менен күрөшөм" деген сөздөрү менен жасаган иштери тескери болуп жатпайбы.
- "Текебаевге өз машинамды бердим" деп айтып жүрдүңүз эле...
- Эми ушу бергендерди айтпай эле коелучу.
- Айтып берсеңиз, анткени сизди жана Алиби гезитин сотко берип атпады беле?
- Текебаев спикерликтен түшкөндөн кийин, ага Жогорку Кеңештен "Мерседес" үлгүсүндөгү машина бекитип беришкен. Аны түн ичинде көңүл ачып жүрүп, саат үчтө Правда көчөсүндөгү көпүрөнун астынан авария кылган. ЖКнын гаражы "төлөп берсин!"-деп Текебаевди сотко берген. Текебаев "Жардамчым айдап бараткан, төлөп беребиз" деп соттогу ишти жаптырып койгон. (Азыркыга чейин бир тыйын дагы төлөгөн жок). Ошондо "оппозициянын лидери жөө жүрбөсүн" деп Өскөн деген айдоочусун базарга ээрчитип барып, тандатып, 16 миң долларга "минип тур" деп "Мерседес" сатып бергем. Текебаев Фрунзе-Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде төрт кабаттан эки имарат куруп жүрдү эле. Бир күнү "аялым курулуш иштерине жөө барып жүрөт, жубайымды Бакиевдер уурдап кетпесе экен" деп каңырыгы түтөп калганда, мен фирмадагы кызматтык "Фольксфаген - Шаран" деген жашыл түстөгү машинаны "жок дегенде бир жыл минип турсун" деп аялына бергем. Аны аялы деле тана албаса керек. Мен бергендеримди колко кылган жокмун. Себеби, чын дилимден бергем да. Кийин "Абдрахманов жаман диванынан башка эч нерсе берген эмес" деп Текебаев айткандан кийин жогорудагы нерселерди санап коюуга туура келди. Канча офистерин толтуруп бергенимди, машинаны сатып бергенимди, ал гана эмес "Келвин Кляйн" фирмасынын костюмун сатып бергенимди өзү эң жакшы билет. Эми "Абдрахманов мага машина берген эмес, жалган маалыматтарды жазды " деп "Алиби" гезитин Текебаев сотко бериптир. Угуп алып, таңгалып эле отуруп калдым. Атайын адвокат жалдап, Кыргызстандагы бүт нотариустардын архивин изилдетсем, "Мерседести" Текебаев үчүн деп сатып алган документтер жана Текебаевдин классташ шоопуру +скөнгө нотариус аркалуу берген ишеним катым чыгып отурат. Текебаев "мен Камри минбейм, Мерседес минем" деп Жогорку Кеңештин бюджетинин эсебинен кийин ал машинаны саттыртып алып минип жүргөн. Азыр ал "Мерседес" дагы деле гаражда турат. Масалиевдин үй-бүлөсүн ташып атат.
- Документтерди таап койсоңуз Текебаев "Алиби" гезитинен утулуп калды да ээ?
- Жок, соту боло элек. Утулуп калабы, утуп алабы, белгисиз. Мүмкүн Текебаев утуп алаттыр. Анткени, соттордун баары коркуп, жалдырап келип атышпайбы. Мына, азыр эле мага эки-үчөө "мага добушуңузду берип койсоңуз" деп келип кетишти. Мен жалгыз депутатмын. А Текебаевдин аз да болсо 16 депутаты бар. Ошондуктан, Текебаев утуп алышы мүмкүн. Бирок, чындыкты эч убакта жашыра албайт.
- "Ата-Мекенден" чыгып кетишиңизге эң негизги себеп эмне болгон?
- Жалаң гана кызмат үчүн кооз сүйлөп, 20 жыл элди алдап келгенин түшүнгөндөн кийин, партиясынан кетип калгам. "Сен туура эмес кылып атасың, диктаторсуң" деп сындай баштадым. Бир жолу Сотторду шайлоо боюнча комиссия түзүлүп калды. Биздин фракцияга 4 кишини алып келишиптир. "Эртерээк айтпайсыңарбы, шашпай карап көрөлү" десем, "дароо эле добуш бергиле!" деп Текебаев кыйкырып чыкты. "Эмнеге талкуулабай туруп добуш беребиз? Алгач талкуулап, жумушун аткара алабы, ошону билбейлиби, арасындагы айрымдары милицияда иштегендер экен. Ошол сотторду тандай алабы?" десем, "Буларды биз тандадык" дейт. "Биз дегениң кимдер?" десем, "мен, Болот Шер, Дүйшөн Чотонов үчөөбүз тандадык" деди. "Анда эмесе, ошол үчөөң добуш бере бергиле!" деп, ошол жерден коомчулуктун көзүнчө чатакташа кеттик. "Мен силерди депутат кылгам, баары менин айтканымдай болот!" деп сайрай берчү. А мен дайым анын туура эмес кылып аткандарын бетке айтчумун. Мени партиядан, фракциядан чыгарганына ушул сыяктуу сындагандарым себеп. Ага эч таарыныч деле жок. Тескерисинче, ал партиядан чыгып кеткениме аябай сүйүнүп жүрөм.
- Өзүңүздү эле мактап, Текебаевди жектеп атасыз, айтсаңыз дегеле "Ата-Мекенге" эмнеге, кандайча кирип калгансыз?
- Парламенттик шайлоонун алдында Равшан экөөбүзгө азыркы парламенттеги бир партиядан кишилер келип "бизге келгиле, Текебаевдин келечеги жок. Биздин партия менен шайлоого баргыла" дегенде Равшан экөөбүз тең болбой койгонбуз. Ошентип, Бакиевге каршы турабыз деп Текебаев менен бириктик, бирок келечегибиз баары бир ар башка болмок, анткени алар "социализм курабыз" дейт. А биз Равшан экөөбүз "Батыштагыдай либералдык өнүккөн, демократиялык мамлекет курабыз" деген тилектебиз.
- Текебаев "Ата-Мекенден" 18 депутат тең коалицияга кирдик" деген имиш. Ошондо Равшан Жээнбеков экөөңүздөр тең коалициядасыздарбы?
- Биз коалицияда эмеспиз. Текебаев 18 депутат дегенден сырткары "коалицияда 80 депутат бар" деп айтты. Өзүнчө топ болуп алгандарды кошуп, өздөрүн көбөйткүсү келип атат. Бул Конституцияга каршы келет. Анткени, Конституцияда "коалицияга фракция гана кирет" деп так жазылып турат. Бөлүнгөн депутаттарды кошуп алып Текебаев "саясий сойкулукту мыйзамдаштырабыз" деп атат. Бул мыйзамга да, моралга да туура келбей. А кишинин "моралы" кандай экенин кинодон көрүп жүрбөйлүбү...
- Өкмөттү шайлап атканда сиз дагы добуш бердиңизби?
- Ооба, колдоп бердим. Анткени, тандоо болгон жок. Баарыбыз каршы берсек өкмөтү жок калабызбы?! Ар бир фракциядан жана тыштан каалаган адамдар премьер-министрликке талапкерликке чыгып, алардын программаларын салыштырып анан добуш берсек демократиялуу болмок. Демократиянын эң негизи бул - атаандаштык. Атаандашуу болбосо, өсүп-өнүгүү болбойт. "Дүйнөдөгү эң мыкты автомобиль - "Запорожец" … эгер башка машинаны көрбөсө\" - деген украиндерде сөз бар. Башкаларын көрбөсөң "ушул сонун экен да" деп жүрө бересиң да.
- Президент, премьер-министр, спикер дагы бир фракциядан болгонуна кандай көз караштасыз? Бир тараптуу бийлик болуп кеткен жокпу?
- Ким кайсы фракциядан экендиги маанилүү эмес. Кеп, ошол жетекчинин иштегенинде. Мына, Сингапурду отуз жыл бою бир премьер-министр башкарды. Ар бир шайлоодо өзүнүн жасаган жакшы иштери үчүн кайрадан жеңип алчу. Аларда президенти премьер-министрдин ишине таптакыр кийлигишпейт. Менимче СДПК фракциясы тарабынан катачылык кетип аткансыйт. Анткени, Текебаевдин "биз баардык жүктү президентке беришибиз керек" деген планы бар. "Тышкы саясатты президент аныктайт" деп закон алып, образдуу айтканда, президентке бир костюм кийгизди. "Коррупция менен президент күрөшүш керек"- деп пальто кийгизди. "Премьер-министрди бир гана президент көрсөтүшү керек" деп дагы бир чапан жапты. "Спикер деле президенттен болуп кала берсин"- деп тон кийгизди. Ошентип, жүктүн баарын Текебаев президентке үйүп аткан кези. Текебаев жөнөкөй киши эмес. Ал бекеринен үйүп аткан жок. "Азыр болгон баардык жумуштун жаманаттысы президентке барсын" деп ошол жакты көздөй түртүп атат. Атамбаев аны билип, сезип атабы билбейт экемин , бирок үйүп атканы бул факт. Ошентип, Текебаев элдин көңүлүн "бийликтин баарын колго алды, эми өзү жооп берсин" деп президентке бурдуруунун аракетин көрүүдө. Эми бир нерсе болсо, "турмушубуз оңолбой атат" деп эл өкмөткө, парламентке асылбай, президентке асыла баштайт. Ошондо эмне болот? Текебаевдин күнү тууйт. Ошентип, акырындан Атамбаевди жек көрүндү кылып, Кулов экөө негизги ролду ойноп калышат. Булардын пландары так ушундай.
- Мурункусунда Келдибековду спикерликтен кеткенден кийин гана өкмөт шайланбады беле, азыр жаңы өкмөт шайланса деле спикер Асилбек Жээнбеков ордунан жылган жок го...
- Биз парламенттик мамлекет болгон соң, мыйзамдын кулу болушубуз зарыл. Конституцияда жазылгандарды аткарышыбыз кажет. Комитеттерди, спикерди кайрадан шайлашыбыз керек. Азыркы спикер ордунда калса дагы, легитимдүү болуш үчүн кайрадан шайланышы абзел.
- Сиз фракциядан чыгып кеткенден кийин "Абдрахмановду үй-бүлөсү да таштап кетиптир" деген сөз желдей тараган эле. Бой жашап атасызбы?
- Ал сөздү Текебаев "биз эле эмес, аны үй-бүлөсү дагы кууп ийиптир" деп чыгарган экен. Кийин журналисттер айтып беришпедиби. Ага көңүл деле бурган жокмун. Себеби, андай болушу тактакыр мүмкүн эмес да.
- Текебаев сизди "өлтүрөм!" деп ачык эле айтыптыр, чын эле өлтүрүп коёт деп коркпойсузбу? Себеби, өзүңүз айтмакчы азыр анын колунда бийлик бар дегендей...
- Бизнесте жүрүп, башымды тобокелге салып, Бакиев менен алышып келген адаммын. Анан ушул Текебаевден коркуп калмак белем?! Бул жолкусу мага экинчи жолу асылганы. Эгер дагы бир жолу өзү тийишип, мага муштум көтөрө турган болсо, мына менде регистрациясы бар тапанчам бар. Ошол залдан эле, депутаттардын көзүнчө чекесине атып таштайм! Анткени, эч бир адам кимдир бирөөгө кол көтөргөнгө акысы жок. Мен бул тапанчаны өзүмдү коргош үчүн алгам. Текебаев менин көзгө атаар мерген экенимди да билет. Далай жолу бөтөлкө атышканбыз.
- "Атып салам" дегениңизден элестетип алып коркуп кеттим...
- Текебаев ачык тийише албайт. Партиянын жигиттери деп бирөөлөрдү мага жиберип, жулмалатышы мүмкүн. Моралдык жактан туруксуз адам ага да барат.
- Эмнеге сиз жансакчысы, айдоочусу жок өзүңүз жүрөсүз?
- Текебаев дайым бир нече жансакчылары менен жүрөт. Анткени, анын корко турган жайы бар. Себеби анын эң чоң "кровный" душманы - Бакиевдер. Морадерстводон кийин алардын жини кайнап жатса керек. Ошондой эле "Апрелдин балдары" "биз кан жутуп отурсак, булар Бакиевдин үй-жайын басып алып жүрүшүптүр, Текебаевди өлтүрөбүз, бала-бакырасын кырабыз" деп кыжырданып атышат. Мына, Текебаев ошолордон корксо болот. А мен кимден коркмок элем? Бир дагы адамга жамандык кылган эмесмин. Текебаевден бийлик талашпадым, фракциянын лидерлигин сураган жокмун. Бирок, анын чыныгы жүзүн ачып бергендигим чын. Ошол себептен, чычалап, депрессия болуп жүрсө керек.
- Равшан Жээнбековдун сиздей эле саясий көз-карашы Текебаев менен келишпесе дагы, экөө коридордон өтүп баратып жолугуп калышса, бири-бири менен учурашып өтүшөт экен. А сиз Текебаев менен тактакыр учурашпайсызбы?
- Равшан башка жигит. Жаш, келечегин ойлойт. Премьер-министр болсом дейт. Балким, Текебаевдин добушу керек болуп калат деши ыктымал. Анын үстүнө Текебаевдер Равшанга компромат даярдап жүрүшөт. Ошондуктан, Равшан Текебаев менен сый мамиледе калууну каалайттыр. А мүмкүн Равшандын мүнөзү ошондойдур. А мен андай боло албайм. Чындыкты бетке айтам. Текебаевге окшогон кир, ыплас нерселерди жасаган адамга эч качан колумду берип, учурашпайм. Колумду бергим да келбейт. Калган депутаттар менен мамилем жакшы.
- "Кекчил болбой, эпчил бол" дейт го. Текебаев экөөңүздөр бири-бириңиздерди кечиришип, кайра тил табышып калышыңыздар мүмкүнбү?
- Мүмкүн эмес го. Бизди партиядан чыгараар күнү Текебаевге Равшанды жөнөткөм. Барып сүйлөшүп кел, "жакшы адамдар үй-бүлөө болсо да тынч ажырашат, биз да тынч "ажырашалы" дегем. Равшан барса "Мен силерди порошок кылам" - деп сүйлөшпөй коюптур, эми өзү порошок болуп калбаса эле болду.
Адинай МАРИПОВА