ТЕМИРБЕК ТОКТОГАЗИЕВ
Улуу Кыргыз Каганатынын 1170 жылдыгына карата
Атам Токтогазиев Шүкүрбек менен
апам Атыканова Берметтин
жаркын элестерине арнайм

АЙКӨЛ МАНАС -ТАРЫХИЙ ИНСАН

АЛТАЙДАГЫ,
АЛА-ТООДОГУ,
БЕЙЖИНДЕГИ ИЗДЕР

(Уландысы өткөн санда)
Ошол мезгилде, Түрк каганаты талкаланганына карабай, жергиликтүү диндегилер хрестиандаштырууга каршы чыгышкан. Жергиликтүү элдер негизинен буддизмди, мусулманчылыкты, манихейликти жана бон диндерин тутунушкан. Тарыхий жазмалардан "Будда менен Лав зы таалими адамды ар кандай оорчулукка чыдоону үйрөтөт. Ал каруу менен катыгездикти жактабайт" деп Тонукөк буддизмдин пайдалуу жактарын белгилөө менен бирге аны карманууга каршы чыкса, ал эми түргөштөрдүн Сулуу ханы арабдардын Амбассиддер династиясынын акыркы жылдарында жана Омияд династиясынын башында халиф болуп турган ибн Хишамдын элчиси Кутайби ибн Муслимге* (724-743-жылдары) "Менин аскеримдин арасында чачтарачтар да, темир усталар да, бычмачы-тикмечилер да жок. Эгер алар мусулман болуп алышса, тамак-ашты кантип таап жешет?" - деп исламды көпкө чейин кабыл алган эмес. Ошондой эле, "Тарих ат Таварий"** ("Таварийдин тарыхы") деген арабий китепте Кутайби ибн Муслим түргөш каганы Су Лу менен 727-жылы жоолугуп, ага дин тууралуу түшүнүк бергени, Су Лу хан динди кабыл алганы, бирок диндин талаптарын көчүп-конуп жүргөндүктөн толук аткара албастыгы айтылат. Түргөш ханын түрктөрдүн
Гүлчор (эпостогу Алмамбет уулу Гүлчоро) аттуу тарыхта орду бар адамы өлтүргөнүн жазган. Мындан улам, көчмөн элдер исламды шаарда жашагандар үчүн ыңгайлуу дин экен деген түшүнүктө болушканы байкалат.
Чынында, ислам дини жайыла башатаган кезде, Манас бабабыз жашаган доордон жүз жыл мурда, араб бедуиндери деле ошондой кабылдашканын араб тарыхчылары жашырбай эле айтып-жазып жүрүшөт.
Бул эки динге салыштырмалуу, 732-жылы кытай императору Сюань- Цзун тарабынан куугунтукка алынган манихей дини уйгурлардын арасында тез эле тараган. Уйгур ханы Моянчурдун ички салгылаштарында тогуз уруу элинин башын бириктирүүсүндө орчундуу оорун ээлеген. Бийликке келген манихейлер башка диндегилерге карата катуу кысым көрсөтө баштагандыктан, уйгурлардын өз ич-ара келишпестиктери арбып, коңшулаш жашаган элдер менен болгон мамилелери да бузулган. Мына, ушул себептен улам, 840-847-жылдардагы кыргыздар менен болгон согушта Уйгур каганаты менен кошо манихейлик дин да жок болгон.
Кыргыздар Ысык-Көлдүн айланасында, Чүй дайрасынын боюнда жашашканы да айтылат. Бул автордо кыргыздар тогузгуздар жана карлуктар менен коңшулаш жашаганы айтылат да, ал эми, кыргыздардын башка коңшулары менен түзгөн мамилелери тууралуу таптакыр маалымат жок.
Кытайдын Тан-шу жазмаларында кыргыздарга 20 төөгө жүктөлгөн кездемелер араб өлкөлөрүнөн эки-үч жылда бир алынып келинери, ошондой эле ар-түркүн керектүү болгон буюм-тайымдарды соодагерлер уйгурларга таандык болгон Куча менен Бейтинден, Бешбалыктан дагы ташып келишээри айтылат. Демек, кыргыздар менен уйгурлардын ортосунда кандайдыр бир келишимдер болгондуктан мындай алакалар жүрүп турган. Гардизинин жазганына караганда, тогузгуздардын жеринен кыргыздардын Энесайдагы хан ордого чейин кербен 7 күндүк жол жүргөн. Көгмөн тоосунун түндүгү менен же Саян тоо кыркасы аркылуу жүрүп отуруп кыргыздар жашаган жерге жете барышкан. Гардизи "кыргыздар тогузогуздар менен чектешип жашап, чыгыш тарабы мухитке (океанга) чейинки аралыкта жашашкан,- деп
- ...Кыргыздардын жеринен соодагерлер негизинен аң терилерин, сайгак мүйүздөрүн, кайыңдын кабыгын, жыттуу мускус* майларын, түндүк тарапта болсо, морждордун азуу тиштерин ташып кетип турушкан... Кыргыздар өздөрүнүн падышасын хакан (каган) деп аташкан. Кыргыздар өздөрүнүн согушчандыгы менен башкалардан айрымаланышат. Ошол себептен алар кошуна өлкөлөр менен дайыма согуш абалында жашашат",- деп жазган (Гардизинин "Худуд аль аалам" чыгармасындагы - кыргыздардын Каркара ханы Минорскийдин которуусунда Семипалатинск шаарынын түштүк-чыгыш тарабынан 350 км аралыктагы Каракаралинск шаары жайгашкан жерде жашаганы деп чечмелеген. В.В.Бартольд. чыгармалар жыйнагы II том, 541-бет).
Каркара хандын аты Гардизиден тышкары Сайф ад-дин Аксыкентинин "Мажму атут-таворих" (Тарыхтардын жыйнагы) китебинде да кездешет. Бул тарыхий китепте Каркара хан Жакыпбектин атасы, демек, Манастын чоң атасы. Ал жашаган жер Каракара деп аталып калганы баяндалат. Бүгүнкү саясатчыларыбыздын тайыз ойлонгонунан улам кошуналарга сатылып кеткен Каркыра жайлоосу ушул Каракара хан атабыздын атынан аталганы анык.
Каркыра хан атабыздын малын жайкысын жайган жайлоосу, ал эми, Минорский чечмелеген Каракаралинск шаары кышкысын турган турагы десек болот.
Кыргыздар тууралуу X кылымда жазылган Абу Дулефдин маалыматын эстен чыгарууга болбойт. Бул саякатчы миссионер: "кыргыздар арпа, күрүч жана адал малдан төөдөн башка бардык малдын этин жешет, алардын сыйына турган атайын жайы (тоопканасы) жана өздөрүнүн жазуусу бар. Алар сабырдуулугу жана даанышмандыгы менен айрымаланышат; күйгөн шамды өчүрүшпөйт, өзү өчкөнүн күтүшөт. Алардын сыйынууда колдонгон атайын сөздөрү бар. Жыттуу мускусу (жыпары) бар. Бир жылда үч майрамды белгилешет. Туусу көк түстө. Түштүктү карап сыйынышат. Чолпон жылдызы менен Сатурн планетасын урматташат. Марс планетасын жаман нерселерди апкелет дешет. Жеринде жапайы жаныбарлар арбын. Түндөсү жарык берген таштары бар, ошондуктан алар чыракты сейрек колдонушат. Ал таштардан ар кандай буюмдарды алар гана жасашат. Алардын падышасы элинин жакшы жашашына кам көрөт, андыктан, эли анын сөзүнөн чыкпайт. Ал барда кырк жаштан улуулар гана отурушат" , - деп жазат.
Бирок, араб тарыхчылары жазган мускус - бул кыргыздар байыртадан колдонуп келген жыпар (гвоздика) болушу ыктымал. Жыты аңкыган жыпарды байыркы замандарда аталарыбыз кеңири пайдаланышкан. Андан атыр, жасашкан. Кайнатып дагы ичишкен.
Кыргыздардан алынып келинген мускустун (жыпардын) сапаты жакшы экендигин 891-жылы араб географы Ибн Хаукаль да белгилегендиги Н.Бичуриндин "Чыгармалар жыйнагында" (1-том, 446-бет) айтылат.
Он ок кагандыгы. Он ок боюнча дагы тарыхчылардын арасында бирдей пикир жок экени маалым. "Он ок будун" деп да айтылып келет. Айрым тарыхчылар он ок бул түргөштөрдүн хандыгы десе, айрымдар (В.Бартольд) он окту Кутлук Елтериш түзгөн деген пикирин калтырган. Кытай жазмасын ар кандай окугандыктан ушул чаташтык келип чыкса керек. Он ок будун Кутлуктун бийликке келгенине чейин эле түзүлгөн. Менимче, бул Култегин тарабынан, ал өлөөр алдында түзүлүшү мүмкүн. Чачылгандан калган кырк ууздун тукумдарын бириктирип, алардын журт башындагы уруу башчыларын ок карматып антташтырган. "Тирүү болсок бир дөбөдө, өлсөк бир чукурда бололу" деген кеп мына ошол антташуудан калса керек. Антка катышкан ар бир уруу башчыга кичи хан деген мансап ыйгарылып, алар бири-бири менен тең укукта экендиги, катылган душманга бир билектен сокку уруп, ырыс алды ынтымакта Өгуз кагандын убагындагыдай күчтүү каганат курууну максат кылышкан. Ар-бир ханга бирден ант огу тийген. Он хан он окту алып антташкандыктан Он ок кагандыгы деп аталган. Култегин шейит болгондон кийин, бир аз солгундаган кыргыз хандарынын башын Куту улук Эл Төрөсү кайрадан бириктирип, ата-бабалардын жерин баскынчы душмандардан бошотууга аттанган. Алтайдан чыгып, Орто Азияда, Тарим ойдуңунда, Какшаалда, Кызыл-Суу, Ак-Суу, Ак-Чий, Кулжа аймактарында жашаган элдерге азаттык берген. Кутлуктун - Манастын жүрүшүнө Кытай империясына ыктап кеткен, алардын түздөн-түз букаралыгында калган уйгурлар, түргөштөр, жангарлар, калмактар, моңгулдар дагы аралашкан.
(Уландысы кийинки санда)