"Мен кыргызмын"
кино тасмасы Россияны кыдырат
Рустам Аташев, режиссер:
- Аты айтып тургандай "Мен кыргызмын" кино тасмасы патриоттуулукка чакыруу максатында улуттун улуулугун, тарыхын, байлыгын, каада-салтын, кыргыздын чыгыш өнөрү "кулатууну" даңазалаган фильм. Белгилей турган артыкчылыгы мекенибиздин жаратылыштын кооздугун чагылдырып, кыргыз дүйнөсүн ачып берели дедик. Тактап айтканда ар тараптан кыргыздардын бийиктигин көрсөтүп, духун көтөрүп, ар бир адам "мен кыргызмын!",- деп баардык жерде башын бийик көтөрүп сүйлөсө деген тилек. Тасмадагы кооз жерлерди көргөндөр, "мен ушундай кооз жерлерге кожоюн турбаймынбы, мен ошого ээлик кылам, менин мекеним кооз!" деген шыктануу пайда болуп, атуулдук аң-сезими козголсун дедик.
- Идеянын пайда болушунун да тарыхы болсо керек?
Рустам Аташев:
- Тарыхы эң жөнөкөй. Кээ бирөөлөр кыргыз болгонуна кейип, жер карап өкүнүп, өксүп жашайт экен. Жөнөкөй эле мисал, кечигип келсек "кыргызча келдик",- деп айтабыз. Машинеңдин бир тетиги сынып, зым менен байлап койсоң, "кыргызча кылып койдуңбу?"- деп өзүбүздү келекелеп кемсинтебиз. Ушул сөздөр менин кыжырыма тийип бүттү. Кыргыз өз кеменгерлигин, улуу улуттун урпактары экенин унутуп баратат. Улууну урматтап, кичүүнү сыйлоо деген жоголуп баратат. Улгайган адамдар баратканда жаштар аларды көзгө илбей, көчөдө туруп алып өбүшүшөт. Тамеки чегип турган кыздар көп. Биз кыргыздар качан ушундай элек. "Ээй, токтоткула, мен, сен, биз баарыбыз кыргызбыз!", -деген идеяны көтөрүп чыктык. Адашуу жолуна түшкөн кыргызга чырак болуп, багытын оң жолго бурат бекен деген тилек кылдык.

Камбар Пусуров,
"Мекендештер" конгрессинин мүчөсү:
- Рустам мырза айткандай, тасманы көргөндө биз дагы көп жакшы таасирлерди сезип, жаштарыбызга таасирин берет деген ишенимде алыстагы кыргыздарга да көрсөтүп келели деп Россияга 1 ай убакытка сапарга алып кетип атабыз. Себеби, алгачкы миграция толкуну 1992-95-жылдарда башталган. Ошол жылдары кеткен мигранттарыбыз учурда жарандуулукту алып, отурукташып калышты. Алардын балдары ошол жерден төрөлүп, чоңоюп, бой жетти. Кыргыз экенин билишкени менен, алыста тарбияланып кыргыз дүйнөсү аларга жат. Мына ошол урпактарга "Мен кыргызмын" кино тасмасы аркылуу Кыргызстанды, улуу тоолорду, улуу Манастын урпактары кандай экенин көрсөтөлү, алардын жүрөгүндөгү уюткуну ойготолу деп жатабыз. Ал жактагы диаспоралардын жалпысынын атынан жоопкерчиликти алып, бул жактан коштоп кетем. Иркутск шаарынын диаспорасынын жетекчиси Тынчтык Абдылдаев тосуп алып, 5 шаарга коюу тартибине көзөмөл кылып, жоопкер. Андан кийинки 9 шаардыкына өзүм коштоп жүрмөй болдум. Кино коюу убактысы 25-октябрга чейин уланат.
- Тасма жарыкка чыккандан тарта койгон максатыңыз орундалып атканын байкадыңызбы?
Рустам Аташев:
- Жакшы пикирлерди айтып жатышат. Жакшы таасирине биринчи күбө мына бул Россиядагы мекендештерибиздин сунушу болду. Экс-консул Турдалы Орозбаев тасманын атын укканда, "Мен кыргызмын" аталышы үчүн атайы көрүп чыкканын билдирди. Ал эми, Россияга кыдыртып көрсөтүп келүү да ал кишинин демилгеси болду. Андан башка Жаркын Сатыбеков, Матмырза Полотбеков деген патриот жигиттер чыгымыбызды көтөрүп, демөөрчүлүк кылышты.
- Кыргызстанда таланттуу кино жаратуучулардын саны өстү. Жаралган кино тасмалар көрармандарын, ордун тапты. Чет өлкөдө жүргөн кыргыздардын арасынан дагы кино жаратуучулар барбы?
Тынчтык Абдылдаев, "Мекендештер" конгрессинин президенти:
- Кино тартуу ар биринин эле колунан келе бербеген түйшүктүү чыгармачылык тура. Ага талант, экинчиден көп каражат сарпталат экен. Россиядагылар кыска метраждуу тасмаларды жаратканы менен, толук метраждуу фильм тартыша элек.
- Тартылган тасмалардын каражат чыгымын кайдан табасыздар?
Рустам Аташев:
- "Жан" киностудиясы 8 кино тартып, элге сунуштадык. Буга чейинки жети кинобуз өз каражатыбыз менен тартылган. "Мен кыргызмын" кино тасмасына Эмил Өмүракунов агабыз салым кошту. Чыгым башкалардан көп сарпталды. Себеби, Кыргызстандагы баардык кооз жерлерди чагылдырыш үчүн кайсы жактагы кооз жайлоолор, алыскы райондорго барууга туура келип, 2 жыл убагында бүтүрдүк. Операторубуз Рустам Сыдыков, кыздарыбыз Роза Азимбаева кыргыздын намысын сактаган роль жаратып аткандан кийин, талап да катуу болду. Айрым учурда муздак сууга түшкөнгө тура келди..
- Роза айтсаңыз муздак сууга түшкөндө ооруп калган жоксузбу?
Роза Азимбаева, актриса:
- Биз тоодо жүргөндө жамгыр жаап салып, калың кабаттанып кийинип жүргөнбүз. Cууга түшүп эмес, жеңил кийинип сыртка чыгууга даабай атканбыз. Бирок тасма тартуу ушундай суукка туш келип калгандыктан аткарууга туура келди. Эпизоддо качып, күчтөн тайып калган кыздын образын жаратышым керек эле. Муздак сууга түшүп, 2-3 дубль менен тарттык. Улам түшө берип шайым ооп, чын эле алсыз кызга айланып калдым. Тасмадагы эң оор ушул жеринде болду. Суукка кабылып ооруп да калдым.
- Насыйкат, органда иштеген кыздын образын жараткан турбайсыңбы. Милиция кызматкерлери орой жана катаал мүнөзгө ээ. Сулуу бийкечтин орой образды жаратуусу кыйынчылыкка турган жокпу?
Насыйкат Кабылдаева,
актриса:
- Оңой деп айтыштан алысмын. Бирок жеңил өздөштүрүп кеткенимди да айтсам болот. Себеби дегенде, мүнөзүм орой. Рустам байке бизге баарын көрсөтүп берип жатты.
- Мушташып, урушуп жатканда жаракат алган учурлар болдубу?
Насыйкат Кабылдаева:
- Көп эле жолу болот. Мен эмес, менден таяк жегендер көп. (күлүп)
Рустам Аташев:
- "Эгиз Тумар" деген кыргыздын боевик киносун тартканбыз, ошондо башкы ролдо мындайча айтканда мушташкан кыздын ролун жараткан кыздардан Насыйкат болду. Кастингде тандап алып, өзүнүн дагы шыгы бар экен, тасмага тартылууга чейин 4 ай машыктырдык. Кадрларды ийгиликтүү аткарды. Өзү айткандай мүнөзү "дерзкий" да, ошол себептен милиция кыздын ролун бердик.
Роза болсо, "Министирдин кызынын махабаты" киносунда роль жараткан. Негедир ушул кыздын маңдайына оор тагдырлуу каарман туш келет. Ал кинодо дагы терезеден кулап жерге жатып калыш керек эле, аны декабрда тартканбыз. Баарыбыз курткаларды кийип алып тартсак, Роза ич көйнөкчөн сыз жерге жаткан. Мунун баары эл үчүн, бир жакшы нерсени тартуулайлы деген тилек. Эми буюрса ушул эки кыз болуп Россияга барып алыстагы мекендештерибизге кино көрсөтүп келебиз.
- Кино тарбиялык маанисинен сырткары бизнес. Кыйынчылык менен тартып, даярдап койгондон кийин пираттар дискке чыгарып сатып жиберишет, ошолордон кантип сактанасыздар?
Рустам Аташев:
- Кыргызда "Кудай сактасын" деген жакшы сөз бар. Биздин мыйзамда укугубуз корголгон эмес. Бирөөнүн эмгеги деп ыйманы болсо аны кылбайт. "Сактанганга кордук жок" деп коюшат эмеспи, колдон келишинче сактанабыз.
- Россияга барганда кино тарта келели деген пландар болсо керек?
Рустам Аташев:
- Алыс жолдо 1 ай бою жүрө тургандан кийин көп ишти бүтүрө келебиз. Биринчиден, эл менен жолугушабыз, экинчиден алардын ой пикирин, сунуштарын угабыз. Анткени биздин кийинки проект чет жакта жүргөн мекендештерибиздин тагдыры жөнүндө, алардын жашоосун өз көзүбүз менен көрүп, жон терибиз менен сезип тасмага чагылдыралы деп турабыз. Биз кастинг жарыялаганда көбүнчөсү чет жакта болуп калышат. Убакыт болсо аларды да тартканга аракет кылабыз.
- Кыргыз диаспоралары кандай жеңилдиктерди берип атасыздар?
Камбар Пусуров:
- Россиядагы кинотеатрлардын арендасы бар, киши чогултуш керек ошол жагын биз уюштуруп беребиз. Былтыр Сибир федералдык округунда "Мекендештер" конгресси ачылган, конгресске мүчө болгон диаспоралар буюрса театрлардын арендасын мойнубузга алып, жол чыгым, тамак-аш, жатакана жагын көтөрүп беребиз.
Жылдыз
Мамбеталиева
Замир Жумабаев