Таштанбек Токтомушев, "Кыргызстанды сактоо кыймылынын" координатору:
"Кытайлар келсе, Нарын дарыясы соолуп калышы мүмкүн"
- "Кыргызстанды сактоо кыймылы" жакында оппозициялык блок болуп түзүлдүңүздөр. Атыңыздар айтып тургандай Кыргызстанды эмнеден сактап, кимден коргоп калайын деп жатасыздар?
- Бул кыймылды бийликке нааразы болуп жүргөн саясий топтордун лидерлери түзгөнбүз. Атап айтканда белгилүү юристтер Акин Токталиев, Мукар Чолпонбаев баш болгон белдүү саясатчылар курамыбызда бар. Кытай-Кыргыз темир жолу, кен-байлыктардын мыйзамсыз сатылышы, 300 сомдон берилип жаткан лицензиялар токтотулсун деген талап менен бириккенбиз. Азыр мамлекетибизди ыдыраткысы келген сырткы күчтөр, ички саясий топтордон сактайлы дедик.
- Кытай-Кыргыз темир жолунун кандай зыянын көрүп жатасыздар?
- Иликтеп чыктык. Темир жол кеминде 12 жылда курулуп аягына чыгат. 350 миң кытай кызматкерлери келет. Бул биринчи коркунуч, 30 миллион уйгурду арасына сиңирип жок кылып салган кыжылдаган кытайга, 2 млн. Кыргыз заматта арасынан көрүнбөй, алардын арасына сиңип кетүү коркунучу турат. Жол салганда тоолорду жардырып, чаңынан мөңгүлөр ээрип, Нарын дарыясы жоголуп, соолуп калышы мүмкүн. Эгер андай болсо суу маселеси бизге эле эмес, Өзбекстанга, Казакстанга көйгөй жаратат. Бул жалпыбыздын коопсуздугубуз.
- Бул сырткы күчтөрдүн коркунучу экен. Ички бөлүп-жарган саясий топтор дедиңиз, алар кимдер, ачык айта аласызбы?
- Ооба, ачык эле айтып келгенбиз. Биз болуп өткөн саясий тирештин эки жагына тең тартпай, бир жагын колдогон жокпуз. 5 фракция улам алмашып, бийлик талашып саясий шоу кылып, алгылыктуу иш алып кете албай атышат. Парламентте бийлик талашуудан башка саясат менен алектенбеген депутаттар алар эл душманы.
- 120 депутаттын баары эл душманыбы?
- Албетте жалпысына сын айтуудан алысмын. Текебаевди элдин ынтымагын, ыркын бузган депутат экенине көзүбүз жетти. Себеп дегенде болуп өткөн интригалардын баарынын себепчиси. Өзүнүн жазган башмыйзамы өзүнө ок болуп тийип, бири-бирине баш ийбеген бийлик, жоопкерчилиги жок Өкмөт, баркы жок башкарууга туш болуп отуруп калдык. Өлкөдө хаос жаралды.
Азамат Жетишбаев