Кур күрөш


Кыргызстандын чемпионаты
Дем алыш күнү Кожомкул атындагы спорт сарайда кур күрөш боюнча өлкөбүздүн биринчилиги өттү. Ага баш-аягы 250 спортсмен катышып, балбандар классикалык жана эркин күрөштө күч сынашты.


Классикалык күрөш
62 кг.
1. Ажыбеков Ырысбек (КУУ)
2. Узенканов Жанчар (Талас)
3. Садыбеков Зыямидин (Талас) - Жакыпов Тилек (Талас)
68 кг.
1. Мадишов Дүйшөналы ("Динамо")
2. Бектемиров Медетбек (Ош)
3. Аманов Санжарбек - Турдиев Уранбек (Жалал-Абад)
75 кг.
1. Каналбеков (КУУ)
2. Сагынбек уулу (КУУ)
3. Акмадалы уулу (Ош)
4. Анарбек уулу ("Динамо")
82 кг.
1. Келсинбеков Кадыр (Ош)
2. Карабаев Мирбек (Кызыл-Кыя)
3. Табалдиев Руслан (Ж-А)- Асанов Жолдошбек (Динамо)
90 кг.
1. Назыров Орозбек (Ж-А)
2. Албарсов Тилек (Динамо)
3. Рахматбай уулу Данияр (С-1)
4. Манапбаев Урмат ("Динамо")
100 кг.
1. Аканов Чынгызбек (Ж-А)
2. Барпыбеков Канымет (КУУ)
3. Койлуев Имангазы (ИИМ) - Таалайбек уулу Нурсултан (КУУ)
100кг. жогору
1. Сүйүнбаев Эрнисбек (ФЛК)
2. Шекенов Абдимитал ("Динамо")
3. Эргешов Алмаз (Ж-А)

Эркин күрөш
62 кг.
1.Сыдыбеков Зыямидин (Талас)
2. Анаркалый уулу Дастан (СКИФ)
3. Жолдошев Артыкбай (Талас) - Рыскул уулу Нуржан (СДЮСШ)
68 кг.
1. Хабибуллоев Курманбек (Ж-А)
2. Боронбаев Мартбек (Талас)
3. Акылбеков Ильяз (Динамо) - Сейитбеков Табыш (Ж-А)
75 кг.
1. Жаныл уулу Азамат (КУУ)
2. Ботобеков Атабек (Арабаев)
3. Акмадалы уулу Кыдыралы (Ош) - Сексенбаев Мухтарбек (Ж-А)

82 кг.
1. Сапарбек уулу Дуулатбек (КУУ)
2. Исаков Ниязбек (СКИФ)
3. Арстанбай уулу Элеман (ИИМ) - Матмуратов Мирлан (Ж-А)
90 кг.
1. Куралов Тилек (Динамо)
2. Чилетов Кыялбек (Алыш)
3. Манапбаев Урмат (Динамо) - Эргашов Бекмырза (ИИМ)
100 кг.
1. Аканов Нурбек (Алыш)
1. Маткасымов Кубаныч (Ж-А)
3. Койлуев Ымангазы (ИИМ)
100 кг.жогору
1. Халматов Алмаз (ФЛК)
2. Акматов Сагындык (Талас)
3. Акунов Советбек (Ош) - Осмонов Нурали (Ош)
Кыздар
1. Алманбек кызы Нүргүл
2. Камчыбеков а Мээрим
3. Руслан кызы Бегимай - Алтынбек кызы Миңгүл




Германия - Португалия - 1:0
Гол: Гомес (73)
Германия: Нойер, Лам, Боатенг, Бадштубер, Хуммельс, Хедира, Швайнштайгер, Озил (Кроос, 86), Мюллер (Л. Бендер, 90+2), Подольски, Гомес (Клозе, 80)
Португалия: Руй Патрисиу, Перейра, Пепе, Бруно Алвеш, Фабио Коэнтрау, Мигель Велозу, Моутиньо, Мейрелеш (Варела, 80), Роналду, Поштига (Оливейра, 71)
Чемпионаттын экинчи күнүндөгү экинчи оюн Львов-Аренадагы Германия - Португалия оюну болду. Бул оюнду бардыгы В группасындагы эң негизги үч оюндардын бири катары эсептешкен.
Оюн башталары менен немистер чабуулга чыгып коргоочу Боатенгдин капталга чыгарган тобун Марио Гомес башы менен сүзүп киргизүүгө аракет кылды. Бирок, дарбазачы Руй Патрисиу топту тосуп алды. Португалиянын дарбазачысы андан кийин жакшы ойноп Подольскиге мүмкүнчүлүк берген жок.
Португалия командасында алдыда Поштига аракет кылып жатты. Бирок, Германиянын дарбазачысы Мануэль Поштига да тажрыйбалуу дарбазачы эмеспи.
Оюнда немистер активдүүрөөк болуп жатышты. Бирок Португалия да оңой эмес. Командалар алмак-салмак чабуулга чыгып, Германия командасында Лукас Подольски активдүү оюн көрсөтүп жатты. Бирок, ал биринчи күндөгү россиялык Кержаков сыяктуу өнөктөрүнүн аракеттерин текке чыгарып жатты. Калган учурларда португалиялык коргоочулар жакшы ойноп, Коэнтрау, Пепе, Алвештер немецтердин жалгыз чабуулчусу Марио Гомести бекем кайтарып, ага жардамга келген Мюллер, Озилдерди өздөрүнүн дарбазасына жакын жолотпой жатышты. Айла жок германиялык Хедира Португалиянын дарбазасына топту алыстан тебүүгө аракет кылып бирок, андан пайда болгон жок.
Экинчи тайм дагы немистердин чабуулу менен башталып, бирок Лукаш Подольски дагы жаза кетирди. Өз кезегинде португалиялыктар Нани менен Коэнтраунун чабуулу кайрадан оюндун журүшүн теңеп, Криштиану Роналду активдүү ойной баштады. Германиянын тренери Йахим Лёв чабуулду дагы курчутуш үчүн жаңы оюнчуларды кошууга камынып жаткан учурда Марио Гомес командасын алдыга чыгарды. Демейде Гомеске гол киргизиш үчүн төрт-беш учур керек болот. Бул жолу Гомес биринчи эле учурдан пайдаланып, Мюллердин капталдан чыгарган тобун башы менен сүзүп эсепти ачты. Аны алмаштырганы жаткан Клозе кайрадан олтургучка олтуруп калды. Ошол эле замат Гомес экинчи голун киргизип жибере жаздады. Бирок, ал Мюллердин кайрадан капталган чыгарган тобун туура пайдалана алган жок.
Португалияда Роналду өзү да атаандаштарынын дарбазасына коркунуч туудуруп, өнөктөрүнө чабуул уюштуруп да жатты. Бирок, Коэнтрау да, кийин Нани да капитанынын аракетин аягына чыгара алышкан жок. Ошентип, бул оюнда Германия 1:0 эсебинде жеңишке жетишти.




Россиялык Мария Шарапова Ролан Гаррос турниринин жеңүүчүсү
М.Шарапова - С.Эррани - 6:3; 6:2
Финалдык оюнда М.Шарапова италиялык С.Эрранини эки сетте утуп, биринчи жолу Франциянын ачык чемпионатын жеңди. Ошону менен россиялык теннисчи кыз "Чоң шлемдин" бардык турнирин жеңгендердин катарына кошулду. Буга чейин Мария Уимблдона-2004, US Open-2006 жана Australian Open-2008 турнирлерин жеңген. Ал эми мындай ийгиликке жетишкен учурда ойноп жүргөн теннисчилерден бир гана Серена Уильямс бар. Ралон Гарросту жеңүү менен М.Шарапова дүйнөлүк рейтингде кайрадан биринчи орунга чыкты.