Канатбек Исаев, "Республика" фракциясынын лидери:

"Байлыгым 10 миллион сомдун тегереги..."


(Башы 9-бетте)
- Сиз бийликке келгени агаңызды МАИ кызматына койгон экенсиз. Андан башка дагы канча адамды кызматка койдуңуз?
- Эч бир адамды кызматка коё албайм, менин андай укугум жок. Агам Бакиевдин учурунда эле министрдин орун басары болуп иштеген генерал болчу. Агам туура эмес кызматтан алынып, сотту уткан. Министрдин орун басарлык кызматына кайрадан кайтарылсын деген соттун чечими бар. Бирок ИИМ, Өкмөт ал соттун чечимин аткарган жок. Сиздер айтып жаткан МАИ кызматына агам көчөдөн барып отуруп калган жок. Ал буга чейин транспорт милициясын башкарып турган. Андыктан, өзүнө теңдүү эле кызматка барды. Эгер МАИ кызматына барам десе, былтыр эле бармак бирок, ал кезде мен каршы болгом, бул жолу да каршы болдум. Өкмөт башчы, президент менен макулдашылып, министр өзү суранып кызматка алып барган.
- Сизди Бабанов менен келишпей, жаштардан партия түзөт экен деп уктук элек. Жоопту өз оозуңуздан уксак?
- "Республика" партиясы ЖКдагы эң жаш фракциябыз. Бабанов менен эч кандай бөлүнбөй эле чогуу бир партияда иш алып барып атабыз.
- Коомчулукта 7% кредит алуу үчүн "Республика" партиясына мүчө болушуң керек экен деген сөз болуп атат...
- Бул сөз чындыкка коошпогон ушак кеп. 7% кредитти өкмөт Айыл Банк жана РСК Банк аркылуу берет. Ал жакта партия мүчөсү делип текшерилбейт. Талапка жооп берген адамдардын баары ала алышат. Тилекке каршы, 1 миллиард сом бардыгына жетпейт. Мына ошондон бул сөз тарап жатса керек.
- Жакында "Ата-Мекен" фракциясынын эки депутатын партиядан чыгарып салуусу көпчүлүктү таң калтырды. Бул көрүнүш сиздердин партияда кайталанбайбы?
- Кудай сактасын, бизде фракциянын ичинде ынтымак бар. Баарыбыз акылдашып, биргелешип чечим кабыл алабыз. Партиянын багыттарына каршы кете турган көз караштагы депутаттар жок.
- Пирматовдун кол тийбестигин бербей койдуңуздар эле. Муну менен партиянын биримдигин сактап калдыңыздарбы же коррупционерди сактап калдыңыздарбы?
- Депутат болобу, карапайым адам болобу жоопко тартыштан мурда күнөөсүн так аныкташ керек. Жакшы сөз бар "бир күнөөсүз адам кесилгиче, 100 күнөөлүү адам жоопко тартылбай сыртта жүрсүн" деген. Пирматовдун так күнөөсүн прокуратура аныктап бере албагандыктан, биз ушундай чечим кабыл алганбыз.
- Сизди спортту колдоп жүргөн адам катары жакшы билебиз. Бул жаатта кандай иш алып барып жатасыз?
- Бардык спортко көңүл буруп атабыз, анын ичинен улуттук оюндар, ат оюндарына өзгөчө мамиле кылабыз. Мен "Көк-бөрү" жана "Аргымак" федерацияларын башкарам. Мындан тышкары, 10 жылдан ашуун көк-бөрү боюнча "Тынай" деген команданы уюштуруп, каржылап жүрөм. Бул команда Кыргызстанда өткөн бир топ турнирлердин жеңүүчүсү. Бул жасап жаткан иштеримди бир гана спорт эмес, идеология катары да эсептейм. Негизгиси кыргыздын каада-салтын, бабалардан калган мурасты урпактарга сактап берсек деген максат.
- Жан дүйнөңүзгө спорт жакынбы же саясат жакынбы?
- Спорт менен саясатты салыштырып болбойт го. Менимче экөө тең керек. Биринчиден, спорт ден соолук үчүн керек. Эгер ден соолук болбосо, саясат менен башкасы кайдан болот.
- "Республика" партиясын байлар түзөт. Канча байлыгыңыз бар?
- Декларацияда жазып чыккам. Анда айрымдар "Республиканын" лидеринде "үйү жок экен" деп жазышыптыр. Юридикалык жактан үй мага эмес үй бүлөөмдүн башка мүчөсүнө катталган. Байлык жөнүндө кеп кылсак, мен үчүн чыныгы байлык бул: жубайым, балдарым, ата-энем жана туугандарым. Материалдык жакты чагылдырыш керек болуп жатса, кудайга шүгүр, байлыгым өзүбүзгө жетиштүү, чоң чарбам бар. Акчалай эсептей келсе ондогон миллион сомдордун тегереги болот го, так эсептеп көргөн эмесмин.
- Уурдап, жебей, кантип байыса болот?
- Маңдай тер, ак эмгек менен байыса болот. Мисалы, мен дыйкан чарбамды мектепте окуп жүргөн кезде эле түптөп баштагам. Бүгүнкү күндө ошол чарбам жакшы киреше алып келет. Мындайча айтканда, мамлекеттин чөнтөгүнө кол салбаганга мүмкүнчүлүк берет.
Мээрим Айталиева




Тилек Найманбаев, опера ырчысы:

"Эстрадагылар акчанын артынан түшкөндөр"


- Кайсыл жердин кулунусуз?
- Жалал-Абад областына караштуу Көк-Жаңгак шаарында туулгам. 1989-жылы Т.Сатылганов атындагы №3 орто мектепке кирип, 1999-жылы аяктадым. Биздин шаарча негизинен көмүр кенине бай эмеспи. Андыктан, атам Дүйшө шахтада иштеп, атамдын жанында көп жүрүп, балалык чагым кызыктуу күндөр менен коштолуп өттү. Ошентип, мектепти аяктап Жалал-Абаддагы Б.Алыкулов атындагы маданият техникумунда 3 жыл билим алган соң, Ош шаарындагы Кыргыз Улуттук Консерваториясынын түштүк филиалында доцент Алишерова Зинаида эженин жетекчилиги астында вокал боюнча 5 жыл билим алдым. 2008-жылы борбордогу Улуттук Консерваториянын аспирантурасына тапшырдым. Учурда профессор, кыргыз эл артисти Талгар Жакшылыковдон билим алып жатам.
- Опера ырчысы болуу кыйын дешет, сиздин бул кесипти тандап алууңузга эмне түрткү болду?
- Албетте, опера жанры искусствонун бардык тармактарын камтыйт. Бул үчүн талыкпай эмгектенип жана билимиңди дайыма өркүндөтүп, изденип турушуң керек. Мектеп убагында опера ырчылары, Болот Миңжылкыев ырдаганда менде кандайдыр бир башкача сезим пайда болуп, алардын аткаруулары чыныгы, табигый экендиги байкалып турчу. Ошентип, күндөн-күнгө кызыгуум артып, алдыма чоң максатты койдум.
- Опера сиз үчүн...
- Опера мен үчүн чоң аалам, жашоо. Бул аалам таза, аруу. Андан болуп көрбөгөндөй эргүү, энергия алсың. Аткарып жаткан учурда бүткүл ой-сезимиң, акылың менен берилип, башкача сезимдерге курчалып, вокалдык чеберчилик менен ролду толук жеткирип берүү милдетиң болуп саналат.
- Операда үндөр бөлүнөт экен, сиздики кайсынысы?
- Операда эркектердин үнү бас, баритон, тенор болуп бөлүнөт. Менин үнүм тенор. Тенор-бул эркектердин бийик үнү.
- Эң алгачкы аткарган ролуңуз?
- Алгачкы аткарган ролум 2009-жылы "Түрксой" уюму тарабынан уюшулган У. Гаджыбековдун "Көроглу" операсында Эхсан-Паша аттуу каармандын ролун аткардым. Бул опера театрындагы тушоо кесүү ролум десем болот. Дагы бир таң калтырган нерсе биринчи жолу сахнага ырдап чыккан күнүм 09.09.09. датасына туш келди.
- Эстрада менен операны салмактап алып караганда, операга көңүл аз бурулуп келет. Бул эмнеликтен деп ойлойсуз?
- Ооба, эстрада менен операнын айырмасы асман менен жердей. Эстрада ырчыларынан саналуусунун гана деңгээли жогору, ал эми калгандары чыгармачылыктын артынан эмес акчанын артынан түшкөндөр. Операда болсо бүткүл өмүрүн, жашоосун операга арнаган чыныгы фонаттар иштейт. Бирок, айлык маяна аз, мамлекет тарабынан көңүл бөлүнбөйт. 30-40 жыл талыкпай иштеп, бирок наам албаган опера ырчыларыбыз бар.
- Алдыда дагы кандай максаттарыңыз бар?
- Алдыда көп максаттар бар. Опера театрда чоң ролдорду аткаруу менен бирге улуттук жана эстрада жаатындагы ырларды опера менен айкалыштыруу. Кудайым буюрса бул максаттарымды ишке ашырууга белсенип келем.


Гүлзат Садырбек кызы