Кубатбек Боронов, ӨКМ министри:

"Ташиевдин ӨКМнын өнүгүшүнө салымы бар"


- Кубатбек Айылчиевич, кийинки жылдары жаратылыш кырсыктарынын көбөйүп жатканын себеби эмнеде?
- Жаратылыш кырсыктары ар жылы ар кайсы түрү менен өзгөчөлөнүүдө. Мисалы, өткөн 2011-жылы 24-январда Ош облусунун Чоң-Алай районунда, андан кийин Баткен облусунун Кадам-Жай районунда жер титирөөлөр болду. Ошол эле мезгилде Баткен облусунун Лейлек району менен Сүлүктү шаарында эбегейсиз көп көлөмдөгү сел жүргөн. Быйыл болсо аба ырайы жаанчыл болуп, сел жана суу ташкындары көп болуп жатат.
- Быйылкы кыш, жаз айлары Өзгөчө Кырдаалдар министрлиги үчүн кандай болду?
- Кыш оор болуп, кар көп жылдык нормага салыштырмалуу 2-3 эсеге көп жаады. Жаз айы да жаанчыл болуп, сел жүрүп, суу ташкындары болоорун алдын-ала айтып эле жатканбыз. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алдын-алуу иштерин тынымсыз жүргүзүп жатты. Биз жээктерди бекемдеп, селканаларды тазалап, сел өтүүчү сайларды куруп, дамбаларды салып үлгүргөн жерлерде адамдардын өмүрү сакталып, материалдык чыгымдардын көлөмү азайды. Албетте, кырсыктарга анча маани бербей, жогорудагы жетекчилердин буйруктары менен тапшырмаларына кайдыгер караган жетекчилер да болбой койгон жок. Учурда Премьер-министрдин тапшырмасы менен табигый кырсыктардын алдын-алууда кызмат ордуларында шалаакылык менен мамиле жасаган жетекчилер боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп, атайын анализ чыгарылып жатат. Андай жетекчилерге катуу чаралар көрүлөт деп ойлоймун. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчүн бул жыл чоң сыноо болду. Быйылкы жылдагы кетирилген кемчиликтер кийинки жылдары кетирилбеши керек деп катуу талаптарды коюп жатабыз. Мунун баары эле келип каржыга байланыштуу эмеспи.
- Аталган министрликтин бир жылдык бюджети канча?
- Министрликтин 2012-жылга бир жылдык бюджети 1млрд. 190 миллион 51500 сом. Бизге бөлүнгөн акчанын баары ушул. Эмгек акы, техникага, кырсыктардын алдын-алуу жана кесепеттерин жоюуга дегендей...
- Ошол бөлүнгөн каражат жетеби? Себеби, жаратылыш кырсыгы айттырбай келет эмеспи?
- Мамлекетибиздин бюджетинен алып караганда көп, кырсыктардын санына салыштырып караганда аз эле болуп калат.
- Республикабыз жылына жаратылыш кырсыгынан канча материалдык жана башка зыяндарды тартат?
- Биз үчүн адам өмүрүнөн кымбат нерсе жок, алгач жарандардын өмүрүн сактап калууга болгон күч аракетибизди жумшайбыз. Албетте, материалдык чыгымдарды болтурбоо да биздин милдетибизге кирет. Бирок, материалдык чыгымдарды эсептөөдө аныктоону талап кылган учурлар бар. Мисалы, бир көпүрөнү сел алып кетсе, аны кайра калыбына келтирүү үчүн мамлекеттен 10-15 миллион сом каражат кетиши мүмкүн. Ал эми көпүрөнүн баланстагы баасы 2 миң сом болуп калышы мүмкүн. Келтирилген чыгым катары ошол эки миң сом эсептеле берет. Жарандардын турак-жайлары боюнча да ошондой эсептелет. Маселен, бир жарандын турак-жайы кыйроо абалына келген болсо, мыйзам чегинде ага мамлекеттен 200 миң сом өлчөмүндө акчалай жардам турак-жайын кайра тикелөө үчүн берилет. Ал эми кыйраган турак-жайдын өздүк же базар баасы 2 млн. сом болуп калышы мүмкүн. Жогорудагыдай тартиптеги эсеп менен алганда өткөн 2011-жылы республиканын аймагында болуп өткөн табигый жана техногендик кырсыктардан келтирилген жалпы чыгым 939 млн. 912 миң 680 сомду түзгөн.
- Түштүктөгү сел каптоолор канча чыгым алып келди?
- Алгач жер тоң мезгилинде эриген карлар жерге сиңбегендигинен улам Нарындагы болгон суу ташкындары, андан кийинки Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы жана Талас облусундагы селдерден жана башка кырсыктардан келтирилген жалпы чыгым 550 млн. сомдон ашты.
- Өткөн жылдарда жер көчкүдөн улам Кара-Кулжа районунун Ой-Тал айылынын 250 үйүн башка аймакка көчүрүү керек деген чечим чыкты эле, эмнеге ишке ашпай келет? Же жер көчкү басып калганда гана көчүрүп баштайбызбы?
- Сиз аябай туура маселени көтөрүп жатасыз, бул жерде бир эле Кара-Кулжа районунун Ой-Тал айылы эмес, республика боюнча абал ошондой болуп турат. Биринчиден, жергиликтүү бийлик коопсуз жайга көчүп чыгууга муктаж болгон жарандарга жер тилкелерин ажыратып бере албаган учурлар бар. Экинчиден, аларга мамлекет тарабынан берилүүчү ссудалар өз учурунда берилбей калган учурлар бар. Үчүнчүдөн, жарандар кооптуу аймак болсо да ата конушун таштап кеткиси келбей, өмүрлөрүн тобокелге салып жашай беришет. Жарандарды коопсуз жайларга көчүрүп чыгаруу боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өзгөчө кырдаалдарды божомолдоо жана мониторинг департаменти атайын изилдөө иштерин жүргүзүшүп, эскертмелерди беришет. Андан аркы жумуш Кыргыз Өкмөтүнүн 2004-жылдын 23-мартындагы №289 Токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы Жарандык турак-жай курулуш департаменти (жабыркаган жарандарга узак мөөнөттүү ссуда берүү) менен жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына (коопсуз жайдан жер тилкелерин ажыратып берүү) милдеттендирилген. Бул багытта бирдиктүү аракеттер жүрүп жатат. Биз үчүн эң орчундуу маселе жарандарыбыз жер тилкелерин да, жеңилдетилген ссудаларын да алып туруп, коопсуз жайларга көчпөй койгондугу болууда.
- ӨКМнын куткаруу кызматкерлери тажрыйба жактан алсыз дейт, машыгуу даярдыктары болбойбу?
- Мен Сизге акыркы жакшы кабарларды айтып берейин, жарандык коргоо боюнча эл аралык келишимге ылайык Азия жана Африка өлкөлөрүнүн 8 мамлекетинин куткаруучулары Кыргызстанга келишип, биздин мамлекетте 10 күн окуп, машыгуудан өтүп кечээ (2012-жылдын 4-июнь күнү) кетишти. Мындай машыгуу мындан ары жыл сайын биздин мамлекетте кайталанып турмакчы. Ал эми биздин куткаруучулар КМШ мамлекеттеринин алкагында Казакстанга 10 күнгө куткаруучулар арасындагы мелдешке барышып, КМШ мамлекеттеринин арасында 3-орунду камсыз кылып кечээ (4-июнь) келишти. Аз гана балл менен Россиядан утулуп калышты. Мындай ийгиликке биздин куткаруучулар үчүнчү жылы катары менен жетишип отурушат. Мен Сизге бүгүнкү гана жаңылыктарды айттым. Мындай учурлар бизде аябай көп болот. Биздин куткаруучулар республикада кырсык көп болгондуктан, практика жүзүндө кырсыктарга катышып жүрүп бышып калышкан.
- Техникалык жактан күчтүү элесиздерби?
- Эң негизгиси, өздөрүнүн жумуштарын мыкты билип, жарандардын өмүрүн сактап калууга шайма-май турган куткаруучуларыбыз бар. "Чептен эрдин күчү бек" дечү беле, биз ошондой баатыр куткаруучуларыбыз менен сыймыктанабыз. Техникаларыбыз бар, буйруса ушул техникаларыбыз менен иштеп жатабыз, бирок жетиштүү деп айтканга болбойт. Биздин министрлик тынымсыз жаңыланып турууга тийиш.
- Мурдагы министр Камчы Ташиев, "ӨКМны мен бутуна тургузгамын. Менин убагымда көп техникалар келип, министрлик жакшы иштеп баштаган" деп айтып жүрөт. Азыр ал кездеги абал менен кандай салыштыра аласыз?
- Жогоруда айткандай эле биздин министрлик тынымсыз жаңыланып, күчтөнүп турушу керек. Анткени, жаратылыш алсыз куткаруучуларды аяп отурбайт. Дайыма биздин күчүбүздү сынап, текшерип турат. Андыктан, жаратылыш сыноосу башка ар кандай коркунучтардан оор экенин биз жакшы түшүнөбүз. Бизге чейин канча министр иштеп кеткен болсо, министрликтин өнүгүүсүнө ар биринин салымы бар. Камчыбек Кыдыршаевич менен биз да чогуу иштештик, албетте, ал кишинин да министрликтин өнүгүүсүндө салымы бар экендигин баары жакшы билет.
- Сиз келгени кандай өзгөрүү болду?
- Учурда куткаруучуларга чоң өзгөртүү киргизүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Дүйнөлүк практиканы эске алып, өрт-куткаруу кызматтарын түзүүнүн үстүндө катуу аракеттерди көрүүдөбүз. Буйруса, бул биздин мамлекет үчүн чоң жаңылык болоруна ишенемин. Азырынча анын майда-чүйдөсүн айтпай турайын.
Дайырбек Орунбеков