"Кетсинизм" мектепке жеткенде

Директор кетпесе окуучулар


өмүрүн кыябы?


Сокулук районуна караштуу Асыл-Баш айылындагы Б.Борбиев атындагы орто мектептин мугалими Сүйөркулов Темирбек, мектеп директору Ашырова Айдайхандын бир катар чектен ашкан иштерин айтып редакциянын эшигин каккылап аталган окуу жайдын 10-классынын окуучуларынын ата-энелери келди. Колунда окуучуларынын түшүнүк каттары бар, ал катта окуучулар Темирбек агайынын жосунсуз жоруктарын санап беришип, чара колдонулуп, мектептеп четтетилбесе кан тамырларын кесип, же өздөрүн өздөрү өлтүрүүгө даяр экендиктери айтылган. Окуучулардын мындай кадамдарга баруусуна түрткү болгон агайы окуучуларын ата-жотосуна чейин ашатып сөгүп, себепсиз акча чогултуп ал аз келгенсип өз үйүнүн иштерин кылдырат деп жазылган. Акырында чегинен ашкан мугалим менен директор кетсин деп ата-энелер, окуучулар Сокулук РИИБнө кайрылышкан. Ал жактан эч кандай жооп ала алышкан эмес. Айласы куруган ата-энелердин атынан Эсен Солтонкулов биздин редакцияга кайрылып, төмөндөгүлөрдү айтып берди.
Эсен Солтонкулов:
"Директор кетпесе балдарыбыз асынып алабыз дешүүдө"
- Уулуңуз мурун класс жетекчисинин туура эмес иштерин айтчу беле?
- Бул нерсе 2012-жылдын 27-апрелинен башталды. Темирбек Сүйөркулов баламды таш менен уруп атамдан, энемден эч нерсе калтырбай сөгүп-сагып үйгө чейин кууп келген. Башта мен түшүнбөй калып эмне болду десем, "балаңды тарбиялабайсыңбы?" деди.
- Уулуңуз эмне кылган экен?
- Мектептин жанына гүл отургузушуптур, ошол гүлдүн топурагын жумшарткыла деген экен. А балам бөйрөгү ооруйт, оор жумуш кылбаш керек. Балам гүлдүн түбүн жумшартып атса агайы келип "ушинтип кантип жумшартсын" деп сөгүп кириптир. Балам "анда жакшы иштегенге бериңиз" деп кетменди таштап басып кетиптир. Ошондо агайы баламды таш менен уруптур, аны классташтарынын баары көрүптүр. Дагы жакшы, таш тийбей калган, эгер таш тийгенде кандай болмок билбейм.
- Темирбек Сүйөркуловдун буга чейин мындай жоруктарын билчү эмес белеңиз?
- Буга чейин билчү эмеспиз. Балдар айтышчу эмес, бул чегине жеткен жери. Үйүнө алып барып бетон куйдуртуп иштерин жасатчу экен. Былтыр "Темирбек агай чакырып атат чөп жүктөшүп кой деди" дегенинен балама "мен сага үйдөн иш кылдырбай атсам, сен башка жакка барып жумуш кылам дегениң кандай" десем, "барайын" деп болбой койгонунан макул болгом. Азыркысы жеткен чеги болуп атат.
- РИИБнө кайрылган катыңыздар бар экен. Кандай жооп алдыңыздар эле?
- Ата-энелер кайрылганбыз, зам.районого чейин ата-энелер барышкан. Буга чейин мен кийлигишкен эмесмин. Себеби, өзүм Биримкулов атындагы орто мектепте мугалиммин. Ата-энелер канча барышты коётургула деп жымсалдашат. А Темирбек айылга келип больничныйга чыгып алыптыр. Кайра келип иштейт да.
- Мектеп директоруна айттыңыздарбы?
- Айттык экөө биригип алып (мектеп директору Ашырова Сүйөркуловдун аялы) "иштейбиз силер колуңардан келгенин кылып алгыла" дешти. Окуучулар чуу көтөрүп сабагына кирбей 27-апрелден бери окушкан жок.
- Башка мектепке которууну ойлогон жоксуздарбы?
- Башка жакка которгонда каякка алып барам. Негизи бул балам жакшы окуйт. Азыр бөйрөгүнөн дарыланып бейтапканада жатат. Жалаң ушундан тапты. Райондон, министрликтен алган грамоталары бар. Эгер балам мушташып жүргөн бала болсо өзүң таптың деп жөн коймокмун.
- Кандай талап коюп жатасыздар?
- Негизги талабыбыз директор да класс жетекчи да кетсин. Антмейин бул мектеп оңолбойт.
Мээрим Айталиева