"Миң кыялдын" бийчилери кайда


"Миң кыял" бийчилер тобунун таскагы катуу чыгып, кийинки кездери өтүп жаткан ар бир экинчи концертте чимириле бийлеп, көз жоосун алып жатканын тана албайбыз. Топ түзүлгөнүнө аз гана убакыт болгонуна карабастан, бийчилер жаңы бийлерди иштеп чыгып, оригиналдуу костьюмдарды тиктиришүүдө. Тал чыбыктай буралган кыздардын буту-бутуна тийбей чуркаганынын дагы бир себеби күрдөлдүү күздө боло турган концертке даярдыгы деп болжоп койдук. Кудай буюрса, бийчи кыздардын жеке концертине күз айларында күбө болуп калаарбыз.


Эльзар казак ырын аткарат


"Маржан" тобунун мукам үндүү кыздарынын бири Эльзар Өскөнбаева казактардын эл ыры "Агатайым" аттуу чыгарманы кыргызчалатып элге тартууласам деп турат. Кумурскадай тырышчак кызыбыз аталган ырга клип тарттырууну да пландап койгон. Клипти тартууну режиссер Назым Мендибаиров колго алып, буюрса жакын арада ыр менен бирге клипке да күбө болобуз. Мындан тышкары топтун кыздары унутта калган чыгармалардын үстүндө кызуу иштеп жатабыз дейт Эльзар айым.


Нарынбек орозо айында ыр белек кылат


"Төө ашуу менен Ала-Бел, айылдан салам ала кел" деп баарыбыздын айылыбызды көздөн учурган Нарынбек Калыбаев көрүнбөй кетти деп ойлобоңуз. Нарынбек мырза учурда жаңы ыр, клип тарттырып ордолуу Ош жергесинде жүрөт. Баарын алдын-ала кам көргөн жигит отуз күндүк орозо айына карата "Отуз күндүк орозодон жан дүйнөбүз тазарсын" деген ырга клип тарттырып убара. Буюрса, орозо айынын башталышы менен ыр менен клипке күбө болобуз. Мындан тышкары, күз айларында жеке концертимди берсем деген тилегим бар деп кошумчалады ырчы жигитибиз.


Данияр Японияга барат


"Аярым" деген жаңы ырына клип тарттырды. Клиптин сюжети комедия жанрында. Клиптин идеясын көтөрүп тарткан Эрнис Сыдыков аттуу агабыз. Аталган клип кийинки жумада чыгат. Мындан тышкары, жакын арада Данияр Нурлан Насип менен биргеликте Япон жергесине барсак деп билек түрүп жаткан учуру. Ал жакка Япон жергесиндеги кыргыздардын чакыруусу менен концерт коюп барабыз деп кубанычтуу жаңылыгы менен бөлүштү.


Шах кичи мекенин кыдырат


Шах деген өзгөчө аты менен шоу бизнеске жаңы кадам таштаган ырчы тойлордо кызмат кылып жүргөн болсо, эми өзүнүн кичи мекени Жалал-Абад шаарына концерт берүүгө белсенип жаткан учуру. Учурда жаңы ырдын үстүндө иштеп Астана жергесине барып клип тарттырам деген жакшы пландарын да жашырган жок. Эгерде клип чыкса, ырчыбыздын бул экинчи клиби болмокчу. Эмесе, Шахка ийгилик каалайбыз.


Барчын Аскарова