Атаханов коңулда жатат, кызматкерлери атынып атат


Акыркы мезгилде укук коргоо мекемелеринде өзүн-өзү өлтүрүү күч алгандыгы табышмактуу болуп туру. Мындан бир аз мурда эле ИИМдеги подполковниктин өзүн-өзү өлтүрүү фактысынын изи сууй электе, 29-май күнү Улуттук Коопсуздук Кызматынын М.Т аттуу кызматкери өзүнүн үйүнүн жанында пистолет менен өзүнүн башына атып өлгөндүгү кабарланды. Түнкү саат бир жарымда тааныш кызы менен болгон нааразычылыктан улам ушундай жолго баргандыгын аталган мекеменин пресс кызматы маалымдаган. Кызык, ИИМдин кызматкерин байкабай өзүн-өзү атып алды дешти эле. Эми тааныш кызы менен уруша кетсе эле өзүн-өзү атып алганы таң калтырып туру. Андан соң 4- шаардык ооруканага жеткирилип, операция жасалганына карабай каза тапкан. Атылган курал Ленин райондук Ички Иштер Бөлүмү тарабынан М. Т.га уруксат берүүчү лицензиянын негизинде берилгендиги аныкталган. Бакиев заманында да күч орган кызматкерлери мынчалык кордук көрүшкөн эмес эле. Атамбаев бийлиги учурунда атынгандар көбөйдү. Эмне УКМК башчысы Атаханов "аттырып" коюп, өзү уктап атабы? Шалаакы жетекчи болсо ушундай үрөй учурган шалтай-малтай иштер көп болот. Акыркы кезде УКМКда ушундай мүшкүл иш көп болууда. Ордуңда отургандан уялган жоксуңбу, Шамил мырза?


Текебаев Россияга 1 млн. доллар карыз


Бу Текебаевдин айткан сөзү менен кылган иши дал келмек түгүл, Теңирден тескери кетет тура. Акаевди, Бакиевди катар түбүнө жетип, "келсем эле жыргатып ием" деп, айылдарга барып караңгы элге, "жегичтердин жегенин желим, ичкенин ириң" кылам деп кол сермеп сүйлөсө сабыры жоктор бышактап ыйлап, Өмүкебиздин өмүрүн кудайдан тилеп бата кылчу. Ошол Өмүкебиздин акыркы кезде былыгы бириндеп чыгып, партиялаштары жар сала баштады. 2010-жылга чейин "Бактылуу" Өкмөт бололекте шөлбүрөгөн шымынын чөнтөгүн аңтарып "пустой" деп көрсөтүп жүргөн эле. Парламенттин партиялар жарышында баягы байкуш болуп жүргөн Өмүкеңдин командасы тыйынды кыйын эле чачышты чиркин. Көрсө, Россия тараптан 1 млн. доллар карыз алып, энчисине "МегаКомду" алып беребиз деген убада кылышат. Шайлоодон кийинки шансы болбой калып, берген убадасын аткара албай калышат. Доочулар жакадан алганда, ошол кезде Россияга барып акча алып келген Дүйшөн Чотоновду Кореяга элчиликке качырып, учурда ар шылтоонун башын бир айтып качып атыр дейт. Буларың көрсө бийликке келе албай жатып кыргыздардын ырыскысын соодалашып жүргөн тура. Акырындап айтыла баштаганы бул, чыга элек канча чындык чыркырап турду экен. Ал эми Текебаевдин чыныгы жүзүн эми барактайт өңдөнүп калдык. Туш тараптан жетиштүү булактар чыгып, кулак кагып, көзгө сайып көрсөтөм дегендер чыга баштады. Адатынча калп деп кайпалактаса, тактап берчү кишини таап беребиз.


Бабановдун тышкы саясатта чабалдыгы билинди?...


Текебаевдин Баш мыйзамында тышкы саясатты кайсы бийлик бутагы аныктаары ачык жазылбаганы ЖКнын депутаттарынын башын катырмай болду. Негизгиси, тышкы саясаттын эки чылбыр, бир тизгини өкмөт башчысына берилгени да маалым. Бирок, Баш мыйзамдын мындай ыйгарымынан өкмөт башчы пайдаланмак түгүл, эмне кылаарын билбей да отурат. Бала Бабановдун бул жаатта чабал экенин байкаган президент Атамбаев тышкы саясатта эки чылбыр бир тизгинди колго алуу максатында атайын мыйзам кабыл алууга аргасыз болууда. Кечээ тышкы саясатты президентке ыйгаруу боюнча депутат Иманалиев баш болгон бир топ депутаттар мыйзам токушуп, парламенттин күн тартибине киргизишип бир топ талашып-тартышышты. Депутат Исмаил Исаков "мунун баары өкмөттүн чабалдыгынан болуп жатса керек. Балким, кийин тың өкмөт башчысы келсе тышкы саясатты жүргүзөттүр. Азыр бул мыйзам долбоорун кабыл алганыбыз баш мыйзамга каршы келип калат" дегенине болушпай, мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүп жиберишти.


Жаңы баш мыйзам кабыл алынса президентти курултай шайлайбы?...


Баш мыйзамды 2020 -жылга чейин канчалык өзгөртпөйбүз деп тырышкан менен "бовой" калды сыяктуу. Улуу Улуттук Курултайчылар өздөрүнүн экинчи курултайында Баш мыйзамдын жаңы долбоорун даярдашканын маалымдашты. Ал турсун долбоорду китепче кылып чыгарышып, таркатып да жиберишти. Курултайды бийлик бутагы катары Баш мыйзамга киргизишпесе, курултай тууралуу мыйзамды кабыл алышпаса ЖКны таркатып жиберебиз дешкенге чейин барышууда. Алардын Баш мыйзамынын долбоорунун айырмачылыгы президент курултай тарабынан шайланышы керек экен. Курултайчылардын Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү идеясын улай эле ЖКнын жыйынында депутат К.Иманалиев Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча депутаттар жайкы эс алууга чыккыча Конституциялык кеңешме түзүү керектигин, Баш мыйзамга бир гана ЖКнын депутаттары өзгөртүүгө укуктуу экендигин, учурда көчөдө баскандын баары эле өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип, Баш мыйзамдын долбоорун жазып көтөрүп жүргөнүн айтып чыкты. Кыязы андай-мындай деген менен Баш мыйзамды өзгөртүүнүн шамалы 7 кабаттан башталып калган сыяктуу. Кызмат деген балээ эмеспи. Даамын татып калган киши кете албай калат эмеспи. Иши кылып жолун таап келген бийлик кандай учур, шарт болбосун жөн калбайт окшойт. Анан эл эмне дейт?... аны да көрө жатарбыз.




Кожобек Рысбаев, ЖК депутаты:

"Ниязалиева экөөбүздүн ортобузда эч нерсе жок..."


5 депутаттан турган топ Германияга иш сапары менен барып, жоосунсуз жоруктарды кылып келиптир деген маалымат келип түштү. Бизге жеткен маалыматка ылайык, алардын арасындагы депутат Кожобек Рысбаев ичкиликке кызып алып, түнү кесиптеши Дамира Ниязалиеванын тынчын алып, эшигин каккылап чыгыптыр деп баяндалат. Анын чоо-жайын териштирип, эл өкүлүнө байланышка чыгып, оозунан муну уктук...
- Жогорудагы катка кандай пикир айтасыз?
- Өткөн жылдын июнь айында мен, Камила Талиева, Дамира Ниязалиева, Талант Узакбаев ж.б. депутаттар Берлин шаарына барганбыз. Ал жерде ээн-эркин баса турган деле убакыт жок, протокол боюнча жүрдүк. Анан ал жерде арак иче албайсың, пиволору жакшы экен, аны ичип келбеген киши жок болсо керек. Ал эми сиздерге келген маалымат бирөөлөрдүн каралоосу, караандай калп. Бир жактуу бербей, эки тараптуу кылып бизден пикир алганыңыздарга рахмат.
- Ниязалиева менен мамилеңиз кандай эле?
- Ал менин жердешим, менден улуу. Экинчиден, кесиптеш катары сый мамиледебиз. Жанагы кат жазып, маалымат таратып аткандагыдай ортобузда эч нерсе жок.
- Дордой базарынын жанынан депутат Талант Узакбаев экөөңүздөр жаңы базар ачкан турбайсыздарбы?
- Ал мындай, биз базар ачпай эле ошол жактагы базардын ачылышына барып катышканбыз. Талант Узакбаев экөөбүздү ошол жактан көрүп калгандар бизди чогуу бизнес кылып, базар ачыптыр деп жиберишиптир.
- Чынында эле чогуу бизнес кылат экенсиздер го?
- Мен депутаттыкка чейин бизнес кылып жүргөмүн, учурда балама өткөрүп бердим. Ал эми Талант Узакбаев менен чогуу бизнесибиз жок.
Д.Орунбеков