Эгей аймагы


АФЬОН
Афьон, Анатолиянын батышындагы кесилишкен аймак болгондуктан, чыгышты батышка, түндүктү түштүккө бир-бири менен байланыштырып турат. Кышында суук жана кар көп жаайт. Жай айлары ысык жана кургак болгондуктан континенталдык климат байкалат. Жазында жана күзүндө жаан-чачын көп жаайт.
Афьон вилайетинин аты шаардын түштүгүндө орун алган чептен жана афьон өсүмдүгүнөн улам аталып калган. Б.з.ч. 7000-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин илдин аймагындагы жез доорунан, байыркы коло дооруна өтүү маданиятынан кийин хетт, фригия, Рим, Византия, Селчук, Осмон империясынын маданияттары өз мезгилин жашаган. Селчук түрктөрү 1071-жылы Анатолияны караткандан кийин Афьонкарахисар Түрк башкаруусуна караган. Ушул убактан баштап Афьонкарахисар, кезеги менен Селчук мамлекети Сахипогуллары хандыгы, Гирменяногуллары хандыгынын башкаруусунан кийин 1428-жылы Осмон империясынын карамагына карап калган. Бай тарыхка ээ болгон шаар маанилүү туристтик потенциалга ээ.

Айдын
Шаардын аты Афродисиас - афродизиак сөзүнөн келет. Бул грек мифологиясында сүйүү кудайы болгон Афродитадан келип чыккан. Чындыгында, Афродисиас сүйүү кудайы Афродите аталган бир канча шаарлардан жалгыз бирөөсү болуп, Кария аймагында Рим империясынын доорунда атактуу жана таанымал эстелик жасоо мектеби аркылуу искусствонун борбору болгон. Алгач Италия, Греция жана башка көптөгөн аймактардан Афродисиаска окшош эстелик таштарын кездештирүүгө болот.
Эстеликтер көбүн эсе жакын жайгашкан Бабадаг тоосунан (Салбакос) алынган ак, боз-көк мрамордон чегилип жасалган. Ар жылы конкурстар уюштурулуп, ага башка шаарлардан дагы скульпторлор келип катышып турган. Афродисиастагы эстеликтердин көздөрүндөгү ажайып элестер ушунчалык жандуу көрүнгөндүктөн алар азыр туруп кыймылдап же көзүн ирмеп жиберчүдөй таасир берет. Афродисиастын аты бир гана искусство аркылуу белгилүү болбостон, көрүнүктүү философтордун бири Ксенократ баштаган бир топ кадыр-барктуу окумуштуулары, жазуучулары жана философтору менен дагы өзүнө көңүл бурдурат.
24 метр бийиктиктеги театрдын казуу иштери учурунда Коло доорунда дагы бул аймакта отурукташуу болгондугу айгинеленген. Шаар б.з.ч. 5-кылымда негизделген жана Рим империясынын тушунда өзүнүн алтын доорун жашаган. Б.з.ч. 1-кылымда Марк Антоний Афродисиаска эгемендик берген. Биздин замандын 6-кылымында бутка табынуучулардын сүйүү кудайын адамдардын унутуусу үчүн шаардын аты Ставрополис болуп өзгөртүлгөн. Аягында Кариянын борбору болуп аты Кария деп аталды жана балким Селчуктар доорунда болсо Гейре деп аталып калгандыр. Кийин биздин замандын 13-кылымында болсо ташталып кеткен.