"Бизде билим берүүгө бардык шарт каралган"
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окуу иштери боюнча биринчи проректору, психология илимдеринин кандидаты, доцент Тууганбай Коңурбаев:

- Биздин университетте жогорку квалификациядагы-60, бакалаврларды даярдоо багытында-17, магистрлерди даярдоо багытында-15, орто-кесиптик билим берүү багытында-19 адистиктер боюнча кадрларды даярдап, жалпы орто билим берүүчү-2 лицей иштейт. Университетте билим берүүнүн түрдүү моделдери колдонулат: бир тепкичтүү 4 жылдык - бакалавр даражасы, бир тепкичтүү 5 жылдык - дипломдуу адис, эки тепкичтүү 4+1 жыл - бакалавр жана адис, эки тепкичтүү 4+2 жыл - бакалавр жана магистр.

Окуу процесси юридикалык укукка ээ болгон 7 институтта (ЭМИ, ГББИ, ТСУББИ. ЭТИ, ЖИТИ, КЖККДИ, ЛИ) 1 колледжде, юридикалык укукка ээ болбогон 2 институтта (МТМИ, ПИ), 2 факультетте (ЧТЭМФ, ХБФ,) жана курамдарга баш ийген 2 лицейде уюштурулган. Адистерди даярдоо окутуунун түрлөрү (бюджеттик, акы төлөм аркылуу) жана формалары (күндүзгү, сырттан, кечки, аралыктан) боюнча ишке ашырылат.

Университетте жетиштүү деңгээлде материалдык-техникалык база бар: 404 компьютер INTERNETке туташтырылып, алардан студенттер бекер пайдалана алышат. 6 мультимедиалык класс, 10 ресурстук борбор, 30 окуу жана илимий лабораториялар, Медиа центри менен илимий китепкана иштейт. Ошондой эле университеттин профессордук-окутуучулар курамынын сапаттык көрсөткүчү да жогорку окуу жайдын талабына жооп берет. Бүгүнкү күндө илимдин 35 доктору, профессорлор, 142 кандидаты, доценттер үзүрлүү эмгектенишүүдө. Профессордук-окутуучулар курамынын сапаттык көрсөткүчү жана акыркы жылдагы ректораттын жүргүзүп жаткан иш аракетинин жыйынтыгы студенттердин окуудагы жетишкендиктерин камсыз кылды деп айтууга негиз бар. Ала турган болсок, 2011-12-окуу жылынын кышкы зачеттук-экзамендик сессиясынын жүрүшүнө жасалган анализ көрсөтүп тургандай, абсолюттук жетишүү 84,3%, ал эми сапаттык жетишүү 67,8 % түздү. Окутуунун сапатын көтөрүү багытында университет эл аралык долбоорлор менен активдүү иш алып барып, USAIDдин колдоосу менен "Сапаттуу билим берүү" долбоору биздин университеттин алкагында уюштурулууда

Мындан сырткары биздин университетке (педагогикалык кадрларды даярдаган алдыңкы окуу жай катары) окутуунун эки тепкичтүү системасына кирип жаткан мезгилде, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги тарабынан педагогикалык билим берүү багытындагы мамлекеттик стандартты иштеп чыгуу тапшырмасы берилген. Бул багытта да активдүү уюштуруу иштери жүрүп жатат. Ала турган болсок: Республикалык педагогикалык багыттагы окуу методикалык бирикменин мүчөлөрүн бир жумадан 2 жолу Ыссык-Көлдө мамлекеттик стандартты жазууга шарт түздүк (1-жолу ЖОЖ, 2-жолу Мектеп ), 2012-жылдын 9-февралында Республикалык илимий-практикалык конференция уюштурулду, негизгиси стандарт түзүүгө катышкан профессордук-окутуучулар курамына Фонд-Сорос аркылуу материалдык жардам көрсөтүүгө жетиштик. Негизинен университеттин акыркы жылдардагы жалпы динамикасы жаман эмес. Мен университеттин биринчи проректору-окуу иштери боюнча проректору катары окуу процессиндеги жетишкендиктерди камсыз кылуунун бир нече факторлорун бөлүп көрсөтүү туура деп ойлойм:

1. Университетте башкаруунун "адамкерчилик системасынын" киргизилиши. Мындай система башкаруудагы бир топ татаалдыктарды жаратуу менен жүрүп жаткандыгын белгилегим келет. Анткени карапайым адамдардан баштап, профессордук-окутуучулар курамына чейин бийликке, башкаруу чөйрөсүндө турган адамдарга болгон "ишенбөөчүлүк" жаралгандыгы жашыруун эмес. Мында элди күнөөлөөгө караганда, аталган чөйрөлөрдө иштеген жетекчилердин кыргыз менталитетин сактабай, элде калыптанган башкаруунун "адамкерчилик системасын" бузушуп келгендиктерин моюнга алуу туурадыр. Революциядан кийин толкуган жамаатты иш ыргагына бурууга кылымдап келе жаткан элибизде калыптанган "адамкерчилик" категориясы иштөөгө тийиш деген ректордун саясаты өз жемишин аз-аздап берип жатат

2. Студенттердин сабакка катышууларынын деңгээлин көтөрүү. Эки жылдан бери ректорат тарабынан студенттердин сабакка катышууларын көзөмөлдөө күчөтүлгөн. Чынында эле студенттердин сабакка катышууларын жолго салбай туруп, окутуунун сапаты жөнүндө сөз кылуу да мүмкүн эмес. Университеттеги курамдардын жетекчилеринен сырткары, проректорлор ар бир курамга куратор катары бекитилген, алар студенттердин катышууларын жана профессордук-окутуучулар курамынын сабакка болгон мамилелерин көзөмөлгө алып турушат.

3. Модулдук-рейтингдик системанын толук кандуу иштеши. Бул биз ойлоп тапкан табылга эмес, бир топ жылдан бери эле колдонулуп келе жаткан окутуунун жакшы, ийкемдүү технологиясы. Кептин баары ошол технологиянын колдонулушунда жатат. Чынын айтуу керек, көп эле ЖОЖдо, анын ичинде биздин университетте да аталган технология формалдуу колдонулуп келген б.а. модул алынып, жыйынтык салттуу түрдө "сессиянын" негизинде чыгарылган. Биздин университетте "сессия" деген түшүнүк артта калып жаткандыгына эки жылдын жүзү болуп баратат. Бул жол аркылуу студенттердин аракети туура бааланууга жетишилип, студент менен окутуучу сессия учурунда эле жолугуп калганга бөгөт коюлууда. Ошол эле учурда модулдук-рейтингдик системанын бардык курстарга, ал эми компьютердик тест аркылуу студенттердин билим дэңгээлдерин баалоону окутуунун бардык формаларына колдонууну сунуш кылууга мезгил келип жетти.

4. Студенттердин өз алдынча иштөөлөрүнө көмөк көрсөтүү. Болон процессине өтүү алдында тургандыктан, студенттер үчүн электрондук окуулардын даярдалышына көңүл бурулуп, салтка айланган (жетишпеген студенттер менен иштөө, аларга жардамдашуу, кошумча сабактарды уюштуруу иштери) кафедра башчылары, курамдын жетекчилеринин милдеттерине кирген. Анткени биз Кыргызстандын кадрларын даярдап жатабыз (Кыргызстандагы айрым ЖОЖдор башка мамлекеттер үчүн кадр даярдап жаткандыктары жашыруун эмес). Бүгүнкү биз окуткан студенттер келечектеги мамлекетибиздин тагдырын чече турган адамдар боло тургандыгы көз жаздымда калбоого тийиш. Акыркы мезгилде солгундап бара жаткан жакшы салттарыбызды кайрадан жандандыруунун үстүндө иштеп жатабыз. Студенттик конференцияларды, предметтер боюнча олимпиадаларды, профессордук-окутуучулар курамынын күзөтүн уюштурууга жана окуу-методикалык кабинеттерди, лабораторияларды түзүүгө көңүл бурулган. Мындай иш чаралар формалдуу уюштурулуп келе жаткандыгын ким билбейт. Студенттер, магистранттар окутуучуларды издеп, жолугуша албай, кээде таппай жүргөндүктөрүн кездештирип эле жүрөбүз. Окуу процессинин жүрүшүндө, сессия учурунда да бир топ көйгөйлөр болуп жаткандыгын билдирген кат, кабарлар, кайрылуулар жок эмес. Аларды өз учурунда тиешелүү чараларды колдонуу менен чечип келе жатабыз.

5. Окутуунун сапатына мониторинг жасоо. Университетте окутуунун сапатына жылына 2 жолу мониторинг жасалып келе жатат. Ала турган болсок, кышкы сессиянын жыйынтыгынан кийин бул иш чарага 902 бүтүрүүчү-студенттер катышышып: окуу жайды эмне үчүн тандап алгандыгынан баштап, окуу процессинин уюштурулушу, 5 жыл аралыгында байкашкан оң, терс көрүнүштөр, өздөрү окуган предметтердин сапаты, жаңылыктар, баалуулуктар, маалыматтын көлөмү, окуу процессинин жүрүшүндө университеттин кайсы кызматтары менен байланышта болгондуктары, деги эле өздөрүнүн күткөндөрүнүн акталгандыгы жөнүндө маалыматтар такталып, университеттин Окумуштуулар Кеңешинин күн тартибине коюлуп, ишти андан ары ийгиликтүү уюштурууга жол таап бере алды.

6. Студенттердин социалдык абалын жакшыртуу аркылуу, алардын билим деңгээлин жогорулатуу. Акыркы 20 жылда студенттердин жашоо деңгээлинен, жатакананын абалынан Кыргыз Өкмөтү кабар алууну көз жаздымда калтырып келгендиги эч кимге жашыруун эмес. Азыркы учурда студенттер үчүн спорттук секциялардын иштери жөнгө салынууда, курамдарда маданий-массалык кружоктор уюштурулду, адабий чыгармачылык ийримдер ачылды, жатакананын шарты бир топ жакшыртылып, интернет коюлду, башкы корпуста Wi-Fi системасынан студенттер эркин пайдалана алышат. Мындай уюштуруу иштери студенттердин ар тараптуу өсүшүнө шарт түзүү менен бирге алардын билим деңгээлинин жогорулашына өбөлгө болору бышык.

Университеттеги иш кагаздарын автоматташтыруу. Өткөн окуу жылда биринчи курстардын кышкы сессиясын компьютердик тест аркылуу алуу иш мерчемине кирген. Ал өз натыйжасын берди, жыйынтыгында студенттер жаңы-жылды ата-энелери менен тозушту. Быйылкы жылы 2-курстардын "Кыргызстандын тарыхы" мамлекеттик экзаменин компьютер менен алуу практикасы колдонгону турат. Мындан сырткары университеттеги жалпы иш кагаздарын автоматташтыруу максатында өткөн жылдан баштап, AVN компаниясы менен келишим түзгөнбүз.