Наделден "накаут" болбойбу?


Максим Бакиевдин кожоюндугу менен кезинде бапырап иштеп аткан Азия Универсал Банкы апрель революциясында тонолуп, кийин Убактылуу Өкмөттүн бийлиги астында улутташып кеткен эле. Каранкалгыр бу банктын акчасын УӨнүн чоңдорунун алы жеткендеринин баары эле талап алды го чиркин. Бул банктын Максимдин кезиндеги башчысы Михайил Надель деген неме Кыргыз өлкөсүн эми эл аралык сотко берип туру. Алыста туруп алып ормон опуза кылып аткан Надель 400 млн доллар доо сурады. Надель да жөн неме эмес, еврей тукумунан. Эл аралык сотко ойноп бербесе керек. Эгер утуп чыкса, өмгөктөгөн Бабановдун өкмөтү кантер экен? Бул туурасында депутат, каржы комитетинин төрагасы Акмат Келдибеков айтпаса, башкасы ойлонгон жок. Эскертип да, эсептеп да жатат. Азыртан алды-артты карап койбосоңор болбойт, кийин кеч болуп калат.


Артыков базар баасын айтып бакырды


Кечээ Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында, депутат Анвар Артыков базардагы ундардын баасы 200-300 сомго чейин көтөрүлүп кеткенин маалымдады. "Өкмөт ундун баасы көтөрүлбөйт деген кепилдик, убадасын берген. Азыр ал убада аткарылбай, күн сайын кымбаттап келе жатат. Баштапкы чыккан баасынан, үстүнө көп эсе коюп сатып атышат" деди. Андан тышкары төрага Асылбек Жээнбековдун ундун чын эле кымбаттап кеткенин такташ керек. Тактамайынча аны кымбаттады деп айтуу кыйын деген жообуна, Анвар Артыков "базарга барып өз көзүм менен көрүп атам, базарга түшпөсөңөр маалыматыңар жок да. Болбосо интернеттен карагыла" деди. Базар баасын Анвар акадан талашпай эле койгула. "Өзүбүздөн" эмеспи, өзгөгө караганда базарды "жүда-ям" жакшы билет болуш керек. Баса, Бабановго кулак кагыш, ундун эле эмес, цементтин да баасы эки эселеп кетти. Теледен өзүңдү эле мактаттыра бербей, кичине эл үчүн да иштеп койсоң боло, ыя Өмүке.


"Тазалык" ишканасы таза эмес экен


Бишкек мэриясынын алдындагы "Тазалык" ишканасынын таштанды ташыган унааларын, айдоочулук күбөлүгү жок, мас абалындагы айдоочулар айдайт экен эй. Анын кесепети биздин редакциянын унаасына тийди. Мындан бир топ мурда, ошондой тажрыйбасы жок, унаа айдоого уруксат күбөлүгү, дегеле тийиштүү документи жок унаасы биздин редакциянын унаасын сүзүп, авариялык абалга келтирген. "Тазалыктын" бөлүм башчысы Максат Сыдыбаев дегени баш болуп акелеп алдыбызга түшүп, оңдоп беребиз дегенинен, боорукерлик кылып убадасын аткараар деген үмүт менен күтө туралы дегенбиз. Көрсө шылуундар белем, шылтоо айтып убакыт өткөрүп ошол бойдон бизди "кидать" кылгысы бар. "Тазалык" ишканасынын деректири Рысбек Сарпашевдин тилпонуна коңгуроо кылсак, аны-муну айтып, акыркы кезде албай койгонго өттү. Гезиттен да кабарлап коелу дедик, эми дагы кача берсе сот аркылуу жакалашчудай болуп калдык... "Тазалыкты" тазалаганга киришпесек болбойт окшойт.


Сатыбалдиев 3 миллионду кайда жашырган


Кыңыр иш кырк жылда билинет дегендей Бакиевдин коргонуу жана коопсуздук жана укук тартиби боюнча кеңешчиси, экс-башпрокурор Элмурза Сатыбалдиевдин 2010-жылы 7-апрель күнү Ак үйдөн эки сумке акчаны алып чыккандыгы боюнча маалымат бар экендиги тууралуу ЖКнын жыйынында депутат Равшан Жээнбеков айтып чыкты. Депутаттын маалыматына караганда Ак үйдөн алып чыгарылган акчаны Элмурза мырза кайсы бир таанышы менен бир жерге жашырышкан. Жоопкерчилигин алган адамга кийинчерээк бөлүшүүгө убада кылат да кийин изин жашырып кеткен. Акыры нааразы болгон тарап ачыкка чыгарууга аргасыз болгон. Күбөнүн маалыматына караганда ал сумкеде 3 млн жакын акча болгондугу айтылган. Кызык, сумкедеги акчалары эле 3 миллионду чапчыса, банктардан сыртка которулуп кеткен каражаттардын эсебин алып болбосо керек. Бул маселе боюнча Р.Жээнбеков Сатыбалдиевди суракка алып чын төгүнүн тактоону тийешелүү органдардан өтүндү. Ме сага. Сатыбалдиев неге эле сайрандап жүрөт десе.


Карганбек Самаковдон саамалык!


Карагылачы эй, Карганбек мырза катуу киришип 26-майда чоң марафон өткөргөнү турат. Мунун максаты жапон эли менен жакындашып, боор батырышуу экен. Жапондор жапан эл эмес, айрым канатташ туруп кабар алышпас "туугандарга" караганда кыргызды тууган туткан улут. Самаковдун мурдатан эле кыргызга күйүп, көп эмгек жумшаганын билебиз. Манас темасы көтөрүлгөндө жата калып колдойт. Аянттагы Манастын эстелиги дагы дал ушул мырзанын демилгеси болчу. Санап келсен салмактуу иштерин бир топко тизмектейсиң. Багыты, кылган ишине карап адашып "Ата-Мекенде" жүргөнүнө таң каласың. Шайлоо болобу, же бир иш-чарабы каржы жагына келгенде "келе-келе" дешип Карганбек мырзанын капталынан жүгүргөн "Ата-Мекенчилериң" мындай болгондо, тилдери жер шыпырганга чейин "поктоп" алышмайы бар. Партияга кирешелүү, элге берекелүү депутаттын караанынан "Ата-Мекенчилер" айлансаңар боло эй!


Карызын берип койгулачы!


Өрүк зарлуу Баткендин мурдагы губернатору Арзыбек Бурканов каржы каатчылыгын жон териси менен сезип атыр. Буга өндүрө албай жүргөн карыздары себепкер. Арзыбек мырза мындан үч-төрт жыл мурда кайсы бир депутат менен чогуу бизнес баштай коем деп банкротко учураптыр. Ал эми бизнеске деген каражатты толук бойдон экс-губернатор салган экен. Ошондон бери өнөктөшү карызын бербей качып жүрү. Ал эми Буркановду "кидать" эткен эрен учурда таасирдүү кызматтардын биринде отурат. Муну окуса уялганынан деле карызын кайтарып берер…




Жыланды жылан чакпайбы?
Касымбек Райымкул уулу, адвокат:

"Рысалиевдин офицери каза болсо, кабар алып, көңүл айткан жок"


Маркум МАИчи Айбек Эшбаевдин жубайы акыйкаттык издеп, сырдуу өлүм менен жерге берген жолдошунун чоо-жайын али күнө чейин билелек. ЖоКе депутаттарына кайрылса, алар түзүктөп жооп кайтарбай, президентке кат жолдоп, ийин куушуруп туруп беришти. Ал эми шаардык жана Башпрокуратура бул ишке кайдыгер карап келүүсүн улантууда. 5 ирет сот болуп, ар кандай шылтоолор менен сот иши жүрбөй, улам кийинкиге жылдырылды. "Коррупция менен күрөшүп атабыз" деген жасалма акция тээ жогору жактагы жоон топ "жолборстордон" эмес, катардагы кызматкерлерди садага чабуу менен жүрүп, анын кесепети бир үй-бүлөнүн түндүгүн түшүрүп, жубайы жесир, балдары жетим калды. Өлгөндүн үстүнө көмгөн болуп, акыйкат чечим чыккан жок...


- Айбек Эшбаевдин өлүмүнө себепкер ким ?
- Шаардык прокуратуранын прокурору Э.Чодобаев күнөөлүү.
- Эмне үчүн сот иши улам кийинкиге жылдырылып атат?
- Октябрь райондук сотунда болуп аткан соттук териштирүү биздин өтүнүч менен иш сотко ашкан. Эшбаев боюнча сотту токтотуп койсо, анда Эшбаев күнөөлүү болуп калмак. Кылмышка шектүү деп кармаганда, "менден акча- пара сураган" деп арыз жазган Смирнов деген адам ушул күнгө чейин жок болуп атат. Ошонун арызынын негизинде Эшбаевге иш козголгон болчу. Ал адамыбыздан эч дайын жок, сотко да келбейт. Тергөө жүргүзгөн шаардык прокуратуранын кызматкери Чодобаев дагы сот ишине келбей жүрөт.
- Сотто кайсы маселе каралат?
- Айбек Эшбаевдин күнөөсүү барбы же жокпу, ошол аныкталат. Мурдагы тергөө жүргүзгөн тарап күнөөсү бар дейт, биз күнөөсү жок деп атабыз, ошол такталат. Күнөөсүн аныктай албаса, сот күнөөсүз деп чечим чыгарат. Анда кылмышка шектүү деп кармагандар, кармоо убагында кандай мыйзам бузганына өтөбүз. Эшбаевге кармаганда мыйзам боюнча адвокат беришкен эмес. Өзүн-өзү коргоо укугунан ажыратып койгон. Улуттук коопсуздук кызматынын изоляторуна алып барып камашкан. Ал жакка шектүү адамды алып барып камаган мыйзамсыз көрүнүш.
- Демек, Чодобаев жоопко тартылышы керек?
- Сөзсүз жоопко тартылышы керек. Бул тууралуу Башпрокуратурага кайрылсак алар карабай атышат. Чодобаев Эшбаевдин укугун бузган, ушул күнгө чейин иш козголбой келет. Биз кайсы мамлекетте жашап актаныбызды да билбей калдык. Башпрокуратурага кайрылсак да, көз жаздымга калып атат. Себеби, Башпрокурордун орун басары Калдаров, Эшбаевдин укугу бузулуп атканда, Эшбаевди суракка алган шаардык прокуратуранын прокурору болчу. Ошол себептен, өзүнө дагы сөз тийип калбаш үчүн Башпрокуратурадан биздин арызды кайтарып жиберип атат. Салянованын өзүнө да кирип чыкканбыз. Жыйынтык чыкпады. Эшбаевдин үй-бүлөсү азыр өзү менен өзү калып калып, Прокуратура, депутаттар, ИИМден жардам жок. ИИМ министри Рысалиев өзүнүн офицери каза болуп атса, ушул убакка чейин бир кабар алып, көңүл айткан жок. МАИнин жетекчилиги да жардам бергенге жарабады. Эми 25-майда кезектеги соту болот.
Азамат Жетишбаев