Бекназаровдун калпы чыкты


Оозуна келгенди опулдатып, шилекейин чачыратканга чейин оолукма саясатчы Азимбек Бекназаров, 7-апрелден кийин 15 снайпер кармалды деп кызарбай туруп "балп" дедирген. Азыр калпы чыгып, кечээ ЖоКеде Аида Салянова Азикеңдин сөзүн жокко чыгарды. Азикең калп айтты беле же чынында 15 көзгө атарды кармады беле? Эми кызыктын баары ушул жерден чыкчудай болуп туру. Себеби, кармалгандарды чет элдиктер, камалып отурат дегенде, калган УӨ мүчөлөрү "ийи деп баш ийкеп, кубатташкан. Анда алар азыр кайда? Көзгө атарлардын изин таппай калсак, демек буларың өздөрү "жашылдардан" алып коё беришсе керек. Буларың ошол кезде жаатташып "жашыл" талашып атышпады беле. Депутаттар Саляновага "ошол кездеги көзгө атарларды кармадык деп айткандардын калпы чыкты, калп айткандыгы үчүн жоопко тартылбайбы?" - деген суроосуна, "айткан сөзү үчүн жоопко тартылбайт" деп жооп берди. Жогорку бийликтеги чиновник айтып, атса да боло берет турбайбы. Биз деле бир кезде Салянова Ысык-Көлдөгү пансионаттардын биринде Акмат Бакиев менен эс алып жүргөнүн, жакындыгы үчүн кечээ качырып ийгендигин айта берсек болот турбайбы... Кызык экен эй. Салянова ушинтип ойду-тоону айтып, "түлкүдөй" жойлоп элди, депутаттарды "солит" этип эптеп мурдагы шефи Бакиевди, кийинки шефи Отунбаеваны, азыркы шефи Атамбаевди суудан кургак чыгарганга далалат кылгандагысы го.


60 тыйындан чогулган 340 млн. сом кайда?


Кол телефондон 60 тыйын алам деп азапка баткан Бакиевдин баласы Максимчиктин аракетинен мамбюджетке 340 млн. сом түшүптүр. Аны Ташиев кечээ айтып чыкты. Саляновага аталган акчалардын дайыны кайда экенин такып сураса, ийин куушуруп туруп берди. Бакиев качканда, миллиарддарды бөлүшүп, "жашылбайларды" оп тартып Убактылуу Өкмөт деген келген. Ошолордон сураш керек!


Садыр Жапаров дубана болуп кетти дейби?


Айгай салган "Ата-Журтчу" Садыр Жапаров, "Кумтөрдү текшерүүгө сырттан эксперт керек. Аларың дагы бекер иштебейт экен, берерге айлык чогулталык" деп элге кайрылуу кылып жүгүрүп жүрөт. Кумтөрдү, байлыкты ташыган чет элдиктер. Анан аларды текшергичи дагы чет элдиктер. Элден айлык чогултчусу Садыкең. Бу кыргыздын өзүндөле акылы жетик эч ким жокпу ыя? Садыр Жапаров көкүрөк кагып, демигип көөп ЖоКе жыйынында "Кумтөрдү сыгып мамбюджетке миллиондорду агызып киргизем" деп оолукту эле, эми деми сууп, элден акча сурап атыр.


Камчыкени "кызгана" башташты…


Өлкө башчы, эсине келгенин сүйлөп иймейи бар Алмазбек Атамбаев ЖоКедеги беш фракция лидерин жана спикер Асылбек Жээнбековду кабыл алып, экономикалык-саясый маселелерди талкуулады. Ал эми оппозициячыл "Ата-Журт" партиясынын төбөлү Камчыбек Ташиев жолугушуу абдан жылуу маанайда өткөнүн, президенттин саясатын колдорун билдирди. Мына ошондон тартып аркы жээктеги санаалаштары Камчыкеден шек санап, бийликке өтө качпайбы деп кооптонуп атышыптыр. Айрыкча Бабановдун шеги бар. "Жел жүрбөсө…" демекчи, бийлик "абысындарынын" чоочулаганында жүйөө бар. Эсиңерде болсо, түштүктүн "түшпөс" ханы атыккан Ош мэри Мелисбек Мырзакматов кыш айларында президентке кирип, мындан ары радикал позициясын токтоторун, колдон келсе Ак үйгө көмөктөшөрүн убада кылганы маалымат каражаттарында кызуу талкуу жараткан эле. Айткандай эле Мелисбек Жоошбаевич оппозициядагы санаалаштарынан четтеп, 7-кабатка ыктагандай болгон. Божомол-дөдөмөлдөр туура чыкса, Камчыбек Кыдыршаевич дагы Мырзакматовдун жолоюна түшөбү? "Ата-Журттун" лидери кантсе да дасыккан саясатчы эмеспи, ашмалтайы чыгып бараткан азыркы бийлике, ойду-келдини сүйлөгөн президентке кошула бербесе керек. Атамбаевдин деле этек-жеңи жаман жеринен айрыларына аз эле калды го.


26 жаштагы кыз 7 наристелүү болду


Аксылык 26 жаштагы Нурзада Кожобекова жакында баатыр эне болду. 18 жашында турмушка чыгып, 19га жаңы толгондо эгиз уул-кыздуу болот. Кийинки жолу дагы жолдошуу экөө эгиз наристелүү болушат. Ушул эле дейсиңерби, бул эки жаш жакында үч эмдүү болушуп 7 наристенин ортосунда бала жытына мас болуп отурушкан маалы. Мындай кубанычтуу кабар, Өкмөткө жетип, Жалал-Абаддын губернаторуна баатыр ата-энеге үй берүү каты жолдонот. Бирок, Губернатордун ортодогу кат ташыгычыбы, айтор кызматкерлери аны катып жатып алышат. Жаш баатыр эненин баяны ЖК депутаты Алтынбек Сулаймановдун кулагына жетип, Алтыкең алтындай жигит эмеспи, өз чөнтөгүнөн үй салып берем деп атат. Эл өкүлүнүн демилгесин уккан жаш ата-эненин кубанычы койнуна батпай, тууган-урукка сүйүнчү айттырып ат чаптырып атат дейт. Жакында кыргыз күрөшүн уюштуруп, эл жыйып жакшы саамалык кылды. Өткөн жылы Уркуя Салиеванын 100 жылдыгын белгиледи, айтор эл деген жигит. Эл өкүлү ушундай болсо эй! Эл аралаш керек да, ЖоКеде креслосун кычыратып отуруп, популисттик "пок" сөз айта бербей...