"Орустар кайра келет,


кантип таштап койсун деп күтүп жүргөм"


Бул ирет рубрикабыздын каарманы "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Абдимуталип Кочкорбаев. Абдимуталип ага Кара-Суу районунун Мады айылынын кулуну, 5 уул 1 кыздын атасы.

- Депутаттын эмгек жолу кайсы жумуштан башталган?
- Мектепти бүткөндөн кийин окууга өтпөй калып, бир жыл колхоздо иштөө менен баштадым. Оштогу пединституттун филология бөлүмүн бүтүрдүм. Бир жыл мектепте мугалим болуп иштеп, кийин комсомолдук кызматка өттүм. Бир жыл облустук комитетте референт болуп иштедим. Обком комсомолдун жолдомосу менен айылыма барып, комсомол комитетинде секретарь, профсоюз уюмунун төрагасы болуп иштеп жүрдүм. 2000-жылдан 2010-жылга чейин айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштедим. Өмүрүмдүн көбү шайлоо менен эле келе жатат.
- Пара берип көргөнсүзбү?
- Өкмөтүн кайсы бир ишин алдыга жылдыруу үчүн чиновник эмес, аткаруучу менен мамлекеттик каттоо же суу чарбасы боюнча мыйзамсыз мамилелерге барганбыз. Кызмат үчүн же башка нерсе үчүн пара берип көргөн эмесмин.
- Ата-энеңиз сизди кайсы кесиптин ээси болсо дечү эле?
- Менде тандоо болуп калган. Ош телеберүүсүнө дикторлукка сынак жарыяланып калды. Барып, үнүм жагып өтүп кеткем, ошол эле учурда комсомолдун облустук комитетине чакырып калышты. Ата-энем менен кеңешкенде атам: "Мен диктор дегенди түшүнбөйм, балам. Комсомол партия дегенди түшүнөм" деген. Атамдын айтуусу менен комитетке кеткем. Тагдыр бул жакка айдабаса балким, менден жакшы диктор чыкмак.
- Депутат болом деп кыялданчу белеңиз?
- Жок, мен чыгармачылык чөйрөгө көбүрөөк кызыкчумун. Азыр чамаласам талант деле жок экен. Бизде бир агай бар эле "филология бөлүмүнө киргендердин бардыгы 1-курста ыр жазат, 2-курста кара сөз жазат, 3-курска барганда публицистикага өтөсүңөр 4-курска барганда бардыгыңар сынчы болосуңар да ошо менен сынчы болуп чыгып кетесиңер. 30 студенттен 1 акын, же 1 жазуучу чыкпаса, жакшы мугалим болгонду гана чамалай бергиле" дечү.
- Саясат сиз үчүн эмне?
- Саясат адамдын өмүрүнүн ажырагыс бөлүгү. Окумуштуулар тарабынан далилденген аксиома бар да "эгерде сен саясат менен шугулданбасаң, сени менен саясат шугулданат" деген.
- Депутаттардын көбү ЖКга бизнесин коргоо үчүн келген дешет. Сиз да алардын катарындасызбы?
- Андайлар да бар, жаап жашырганда эмне. Бүгүнкү күндө биздин парламентте бизнесмендер көп, бирок ошол эле мезгилде бизнесмендерди бир жактуу кароодон алысмын. Бизнесин да, саясатты да мыкты өздөштүргөндөр бар. Өзүм айыл өкмөт болсом айыл өкмөттө бизнес деген кайдан болсун. Анын үстүнө бизнеске өзүмдүн шыгым деле жок. Союз тарагандан кийин бизнес кылалы деген сунуштар болгон. Көңүлдөнгөн эмесмин. Бирок, бизнесмендерди көрүп суктанам.
- Депутат болуунун жакшы жана жаман жактарын сездиңизби?
- Депутат болуу менин саясий карьерамдагы жеткен чегим болду окшойт. Мындан ары премьер-министр же президент болуш керек. Ага чамамды элестете албайм. Жаш курагым да 50дөн өткөн соң, көп эле чарпыла бериштин кажети жок. Антсе да депутат болгондо бир кудурет күчкө ээ болосуң деп ойлогом. Бүгүнкү биздин башкаруу системасындагы туура эмес нерселерденби депутаттын деле күчү-кудурети чакталуу экени көрүнүп турат. Ар бир эле инсан депутаттыкка жете бербейт, айрыкча айыл өкмөтүнөн депутаттыкка жетүү ар кимдин эле багына жазылган эмес. Кемчилиги башкаруу системасынын туура эмес түзүлүп калгандыгында деп ойлойм.
- Трибунага көп чыкпаган депутаттардын катарын толуктайсыз...
- Өзүм билген тема болсо ал жерден калбайм. Дагы бир жагы мен кеч келдим, депутат болгонума 8 ай гана болду. Балким, пресса менен начар иштеп атамбы, чагылдырылганы азыраак болуп атат.
- Эгерде саясатты театр десек, ал жакта өзүңүздү киммин деп айта аласыз?
- (күлүп) Эпизоддо эле калып калам го. Мыйзам менен иштөөгө да тажрыйба керек экен. Башта эки айдай боло турган күн тартибин ала албай жүргөн күндөрүм болду. Темадан тышкары сүйлөөдөн, өз деңгээлинде сүйлөбөгөндөн корком. Себеби, бизде саясатчылар көп, элдин деңгээли да бийик.
- Кумарканаларды кайрадан иштесин деп чыктыңыз эле. Көптөр сизди казиночулардан акча алган деп айтышууда.
- Башка пикир болушу мүмкүн эмес эле. Эч убакта тыюу салгандан коом жакшырган эмес. Горбачев келип ичкиликке тыюу салды эле тескерисинче, жашыруун арак куюучу сектор пайда болуп, ал бүгүнкү күнгө чейин жабылбай келет. Казинону биз жаптык биринчиден, казиночулардын укугу бузулду себеби, алар лицензия алышкан. Кыргыздын тартыш бюджети 1 млрд. сомго зыян тартты. Ошону менен казино жабылган жок, тескерисинче, 2-3 эсе көбөйдү. Бүгүн жеке үйлөрдө казинолор иштеп атат. Анын пайдасын ошол жердин участкалык милиционери, прокурору, УККсы укук коргоо органдары көрүп атат. Эгерде мыйзамды кайрадан киргизип, мыйзам чегинде иштеткенибизде башкача болмок. Кыргызстанга нак акча түшмөк. Бул жерде кыргыз өкмөтү уткан жок, эмнеге өкмөт өз пикирин билдирген жок таң калып атам.
- Демек, акча алган эмессиз?
- Жок мен казиночулардын бирин да тааныбайм. Мага ишкерлер ассоциациясы аргумент-фактылар менен келип сунуштаган. Андан Кыргызстандын бюджети 1 миллиардга кошулуп атса, анын үстүнө жумушчу орундар түзүлүп атканынан улам киргизген элем. Бирок, ал мыйзамды кайрадан чакыртып алдым.
- Кредитке үйүн алдыргандар пикетке чыгып "депутаттар чыккыла" деп талап кылып жатышат. Сиз деле депутат катары реакция кылып чыкпайсызбы?
- Эгерде мага тийиштүү айыл чарбасы же агрардык маселе болгондо чыкмакмын. Булардын колунда келишим бар. Келишим аткарылыш керек. Бизде негизи кредиттик саясатты өзгөртүү керек. Эч качан банк ишкердин кызыкчылыгын көздөбөйт. Депутат эмес, спикер чыккан күндө да маселе чечилбейт. Биз кредиттик саясатты оңдошубуз керек.
- 25-май келе жатат. Бүтүрүүчү кезиңизди бир эскербейсизби?
- Бизден бир жыл мурун күчтүү окуучулар бүткөн эле. Бир мугалим ошол окуучуларга арнап "Балапандар" деген ыр жазган экен. Ошол агай келип айтты эле "эми бул ыр силерге туура келбей атат" деп. Бирок, бизден кийинкилерге "Балапандар" деген ырдын пародиясын жазса болмок. Ал учурда бүтүрүүчү дегенди бир баскычтан экинчи баскычка өтүү катары кабылдаганбыз. Негизи эле бүтүрүүчүнүн үмүтү асманда болот.
- 22 жашыңызда үйлөнсөңүз турмуштун кыйынчылыгын көп эле көрсөңүз керек?
- Биз коммунизмдин чайын ичип калганбыз, курсагым ачып калат деген ой жок эле. Кийинки мезгилге чейин кантип ушунча нерселерди куруп карматып туруп таштап кетет дечүмүн. 1995-жылга чейин орустар кайра келет, кантип таштап койсун деп күтүп жүргөм. Турмуштун кыйынчылыгынын запкысы - ата-энемдин жаш өткөнү, андан кийин эки бир тууганымдан ажырадым, ошол нерселерди оорчулук катары кабылдайм, башка нерселерди оорчулук катары кабылдабайм. Колхозчунун баласы болгондон кийин кийим жарашпай калып, башкалардын алдында жупуну жүргөн мезгилдерим болгон. Бүгүнкү күндө депутаттарга салыштырганда социалдык абалым алардан төмөн. Кыргызстанда 100 бай болсо, анда 10дон ашыгы парламентте, жөнөкөйү жок, алардын ичинде да жупуну экенибиз көрүнүп турат. Бирок, мен бул нерсени кемчилик катары эсептебейм.
Мээрим Айталиева






Асман пресс

24-апрель, 2012-жыл


Warning: include(../../footer.html): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/as/12/0524_11.htm on line 121

Warning: include(../../footer.html): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/as/12/0524_11.htm on line 121

Warning: include(): Failed opening '../../footer.html' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/as/12/0524_11.htm on line 121