Айтолкун Сулайманова:

"Денеме темир жармашат"


Кызык окуя. Уккандар ишенбейт. Биз күбө болдук. Редакциябызга бир укмуштуудай күчкө ээ, магнит эже келди. Денесинде кадимкидей магнит бар. Темир жармашат. Андан тышкары алдын-ала көрөгөчтүгү да бар. Мындай касиетке ээ Айтолкун Сулайманова газетабызга Лариса Асанбековадан кеңеш суроо үчүн келиптир. Учурдан пайдалана биз да эжеге бир-эки суроо менен кайрылууга жетиштик.

- Кайсы жерден келдиңиз?
- Өзүм Ат-Башынын кызы болгонум менен Бишкекте жашаганыма көп жылдын жүзү болду. Өзүмдөгү өзгөчөлүктү билген соң, кимге барып кайрылсам деп ойлонуп жүрдүм. Анан силердин газетаңар аркылуу парапсихолог Лариса Асанбекованы билип, атайын келип отурам.
- Көзү ачыктык жайыңыз бар экен. Азыр көзү ачыкмын дегендер көп. Сиз качантан бери муну менен алектенесиз?
- Кичине кезимден бери эле бар. Кандайдыр бир түштөрдү көрчүмүн жана ошол түштөрүм көп өтпөй чындыкка айланчу. Чынында, кыргызда мындайды "аян" деп коёт эмеспи. Жанымдагы адамдардын ички оюн жана кандай оору менен жабыркарын сезип турам. Мисалы, Президенттердин кетерин жана кыргыз элинин башына түшкөн мүшкүл болорун жаңы элибиздин төбөлдөрү жаңыдан шайланганда эле билгем. Бирок, ушул жашка келгенче таптакыр маани бербей жүрдүм. Бирөөгө айтсам, алар мага ишенбечүдөй туюлчу. Кийинки учурларда ички дүйнөмдө бир чоң күч бардай сезиле баштады. Өзүнчө ичим ысып-күйө берет. Бирок, температурамды ченесем нормада эле болот. Таң калам. Жанымды коёрго жер таппайм. Бул өзгөчө сезимди кимге барып айтсам деп жүрүп анан Лариса Асанбековага келдим. Өзүңөр көрүп тургандай, өзгөчө таң калычтуу окуя болуп, өзүмдөгү кереметке эмне деп айтаарымды да билбейм. Адамдын денесине темир жабышат деп ким ойлоптур. Денеме темирдин чапталганы элди эмес, өзүмдү да таң калтырып жатат. Темир жабыштырып койгондон кийин эс ала түшөм.
- Биз мындайды жөн гана миф деп көп учурда ишене бербейбиз. Бирок, сиздеги кереметти өз көзүбүз менен көрүп ишенип турабыз. Негизи эле касиети бар адамдар маркумдардын арбактары менен жакындашат деп коёт эмеспи. Сизде ошондой сезим барбы?
- Менде алдын-ала билүү бала кезимден бери бар. Ал эми арбактар менен жакындашуу болуп келген жана азыр да болот. Күнүмдүк түшүмдө дайыма өтүп кеткен арбактар менен кезигип, алар менен кадимкидей сүйлөшөм. Бир жолку түшүмдө ыйык Меккеге да барып, кабаа ташын сылап көргөн элем. Ал эми ар бир Кыргызстандагы оош-кыйыш окуяларды да түштөгү аяндан билип, ички туюмумдагы чоң күчтөр аркылуу сезип турам.
- Арбак бар деген чынбы?
- Ооба. Чынында дух бар дегенге ишенем. "Арбак колдосун" деген сөз кыргызда айтылып келген, ал нерсе туура. Мени да кандайдыр бир күч колдоп тургансыйт.
- Мындай касиет кимден келди?
- Бул касиеттер атамда да, апамда да болгон экен. Ошолордон өттү.
- Бул күчтү карманып, тамыр кармап, эл көрөсүзбү?
- Азыр касиетим күчтүү дегендин баары тамырчы болуп кетпедиби. Мен андай кылайын деген ойдон алысмын. Болгону жакшы, таза энергиямды таза нерселерге жумшайын деп жатам.
Эгерде темир эжени көргүсү келгендер болсо, жолугушуу уюштурууга даярбыз.




Кундалини энергиясы ойгонгон


Бул көрүнүшкө таң калып, ушул феномендин сырын билүү үчүн Лариса эжеге суроо менен кайрылдык.
- Лариса эже, биз бул эженин денесине темир жармашарын өз көзүбүз менен көрүп таң калып турабыз. Сиз бул көрүнүштү кандай түшүндүрө аласыз? Эмне себептен бул эженин денеси ысып-күйүп турат жана темир жабышат?
- Айтолкундун касиети канчалык экенин атайын жолдор менен текшерип көрүп энергиясы күчтүү экенин көрдүм. Адамда ян, инь деген эки энергиянын түрү бар сыяктуу эле электр жана магнит энергиясы бар. Негизи эркектер электр, аялдар магнит энергиялуу болот. Биздин Жер планетабыздын магнит талаасы өзгөрүп жаткандыктан, Айтолкундун кундалини деп аталган энергиясы ойгонуп, магнит энергиясы күчтүү болуп кеткендиктен, темирлер жабыша баштаганын байкаган. Ал эми температурасы жок бирок, ичинен ысып- күйүп жатканы кундалини энергиясынын ян энергиясы аябай жогорулап кеткен.
- Бул ден соолугуна коркунуч жаратпайбы?
- Энергияны туура пайдаланганды үйрөнсө, көп нерсеге жетишип, ден соолугу да оңолот. Энергиясы ашы-ташып жаткандыктан, денесине металл жабыштырып койсо эс алып калганы денесиндеги ашык энергияны металлга өткөрүп жатат. Кундалини энергиясын жогору көтөрүш үчүн йогдор атайын көнүгүү жасашат. Бул энергияны адамдын төбөсүндө жайгашкан чакрага жеткире алгандар жаратмандык 7 касиетке ээ болуп, адамдын акылы жетпей турган нерселерди жасоого жетише алат. Мисалы, пайгамбарлар, аватарлардын кундалини энергиясы жогору болгон. Бул энергия куймулчактын түбүндө жайгашып, көпчүлүк адамдарда "уктап" жаткан абалда.


Жаз-Айым АЙДЕКОВА