ТЕМИРБЕК ТОКТОГАЗИЕВ
Улуу Кыргыз Каганатынын 1170 жылдыгына карата

Атам Токтогазиев Шүкүрбек менен
апам Атыканова Берметтин
жаркын элестерине арнайм


АЙКӨЛ МАНАС -ТАРЫХИЙ ИНСАН

АЛТАЙДАГЫ,
АЛА-ТООДОГУ,
БЕЙЖИНДЕГИ ИЗДЕР

(Уландысы өткөн санда)
- Эже, карасаңыз, колуна ымыркай бала кармаган падышага окшош экен -десем, эже:
- Темике, оң жагында бөйрөгүн таянып турган аялды көрдүңбү? - деп мага суроо узатты. Чын эле, өтө бир кайраттуу арыкчырай аял оң бөйрөгүн таянып тургандай көрүндү.
- Ай-иий, Темике, ылдыйыраак жагындагы байбиче менен абышканы карачы, кудум эле Бурул эне менен Бакай атанын өзү го, - деп Бүбүмариям эже сүрөттү манжасы менен сүртүп фотоаппаратты мага сунду. Кудум эже айтканды мен да көрдүм. Эже мага кайрылып: - Темике, Кудай буюруп, Алтайга жол бар экен. Айкөл атабыздын жаңы төрөлгөн кези турбайбы. Башындагы таажысы бар, кучагына атабызды кысып отурган адам Жакып ата экен. Аркасындагы бөйрөгүн таянган аял - бул Батмазуура энебиздин өзү. Акайың менен сүйлөш, мен дагы барып келейин, топтогу балдардан да алып алалы,- деди. Мен алдырай түштүм. Себеби, "аялдарга жол жок" деп Асыкбек күндө айта берип, жалаң гана эркектерден чоролорду топтоп аткан элек. Эми канттим? Эжеге бул түйшөлө түшкөнүмдү билдирбөөгө аракеттенип, "Макул эже, сиз барсаңыз абдан жакшы болоор эле" деп күбүрөндүм. Ички дүйнөмдө анчалык деле уйгу-туйгу болуп, бушайманданганымды сезбедим. Эч нерседен кам санабай, баары жайында боло тургандай сезим мени көшүлткөндөй абалда болдум.
Жылаңач Бугу тоосунун этегинде деңиз деңгээлинен 4050 метр бийиктикте биздин экспедициянын мүчөлөрү Каныбек*, Эрнест**, Акылбектерден*** интервью алганга да жетиштим. Капар**** улам бир жакка чуркап кетпесе дагы биртобу менен маектешип, ушул улуу сапарыбыздагы таасирлерин жаздырып койсом жакшы болмок. Капар деле жаратылыштын кооздугун камерага түшүрүп алайын деп ыңгайлуу жер издеп, далбастап жүрүптүр. Сапарыбыздын карып баратканы аны деле ыкчамдоого түртүп аткан тура.
Тамактанып алгандан кийин кайра жолго чыктык. Элүү километр аралыкты кантип басып өткөнүбүз билинбей, күүгүм кире ЗИЛ ге жете келдик. Андан ары айылга ушу ЗИЛ менен жетип Бишкекке сапар алдык.
Дем берип, күч-кубат берип, узун жолдо чарчатпай сапарыбыздын уланышына Жылаңач Бугу тоосунун түбүндө тартылган сүрөттөр менен эженин аларды чечмелеп бериши болду. "Эми Акайды кантип көндүрөм" деген суроо бир аз ойлонткону болбосо, "ал деле макул болот" деген ишеним менен шаарга жете келдик.
"Алтайга аялдарга
жол жок!" Барса болот!
Жылаңач Бугудан келген соң Дасмияга* барып, Акайга телефон чалдым. Акай Таластан үч аял Алтайга барып Манас тоосуна чыгарып келүүсүн өтүнгөнүн, аларды мерчемдүү жерге чейин алып барганын айтты. Демек, биздин жолубузду аял заты ачып берген турбайбы деп ойлогончо эле ал: "Асыкбекке айтпадым беле, эр кишилер келсин деп, силер аял кишилерди жиберипсиңер. Аталардын жолун эр кишилер өтүшү керек эле" деп толуп жаткан дооматтарды айтып кирди. Акайдын кебин бөлбөй, айткандарын сабырдуулук менен толук уктум да, ал бугун чыгарып алган соң жигиттерибиз жолго чыгууга даяр экендигин, ошондой эле, биз менен Бүбүмариям эже да бараарын айттым. Ал саамга унчукпай турду да, макулдугун берди. Ошентип, эженин өтүнүчү мен болжогондой оңой эле оорундалганы мени кубантпай койгон жок. Аңгыча штабга уюштуруучулар текши чогулдук. Аларга Жылаңач Бугу тууралуу маалымат берип, тартып келген сүрөттөрдү көрсөттүм.
- Алтайга аялдарга жол жок! Иштин баарын чаташтырганы калыпсың. Акай категорически каршы болот. Ал мага ачык эле айткан, "бир дагы аял болбосун" деп. Кыргыздын кырк уруусунан 40 жигитти гана алып келгиле деген. - деп Асыкбек кабатырлана сүйлөдү. Азыр эле Акай менен болгон телефон аркылуу сүйлөшкөнүмдү, макулдугун бергенин айттым. Акылаке да, Турусбек** да, Өкмөтбек*** да макул болушту. Биз бакылдашып отурганда Алтайга барып келдик, силерге маалымат берип коёлу дешип Канымжан**** эже баштаган беш-алты аял штабга киришти. Аларды ортого алып көргөн-баккандарын кунт коюп уктук. Нуриля***** деген келин Акай аларды Ак-Сазга чейин алып барганын, Таластан ала барган топурак менен таштарды Акай көрсөткөн жерге атайын ырымдап таштап келгендерин айтып, тарта келген сүрөттөрүн фотоаппаратынан көрсөттү. Алгач жоолукканда Акайдын ачууланып, "эр кишилериңер неге келбеди, аял кишилер келбесин деп айтпадым беле!" деп өктөм сүйлөп, анан жоошуп, "Макул эми, келбесеңер болот эле. Алпарса алпарып келейин" деп өзүнүн машинасы менен Ак-Сазга чейин бизди алпарып, "тээтиги Манас тоосу" деп көрсөттү. Кайтып келе жатышканда тобурчак жаап Акайдын машинасынын алдыңкы терезесине жаңгактай болгон мөндүр тийип жараңка салганын да жашырбай айтып берди. Эмнеси болсо да, ушул эжекелер озунушуп, Таластан Алтай жергесине жете барышып, Манас атабыздын киндик каны тамган жерди өз көздөрү менен көрүшүп, эженин жолун ачып беришкенине ичимден ыраазы болуп отурдум. Канткен күндө да, эртең мененки Акай Кине экөөбүздүн сүйлөшүүбүздөгү менин өтүнүчүмдүн орундалышына дал ушул келиндердин Алтайга - Манас атабыздын жарык дүйнөгө келген жерине барышканы чечүүчү роль ойногонунан күмөн санаган жокмун. Анын үстүнө булар да Манас ааламында чарк айланган парвана көпөлөктөрдөй - "Манас ордо" комплексинен болгондору да кубандырарлык эле. Демек, биз сыяктуу эле булардын деле көксөгөн максаттары - элибиздин тынчтыгы, түштүктөгү тополоңдун тез арада басылып, бейпил турмуш өкүм сүрүүсүн каалагандыгы, өздөрү алган аяндарына жараша, Алтайга барып, ата-бабалардын руху жергебизге тынчтык апкелишине тилек тилешип келген тура.
Кызык, айтып отурса, Акай Кинеге келген маалыматтар ушул Нуриля келинге да келиптир, кыргыздын кырк уруусунан 40 жигиттин Алтайга барып, андан чыгып аталар баскан жол менен Ала-Тоого келиши керектигинен бир нече ай мурда эле маалымат алып, ар кимге айтып, ынандыра албаган соң, эки курбусун көндүрүп Алтайга өзү аттаныптыр. Мына кыргыздын баатыр кызы. Азамат. Жигиттер алып келе турган Алтай жеринин топурагынан түйүп келип Манас атабыздын күмбөзүнүн жанына чачыптыр. Сөзүнүн аягында Акайдын өтүнүчүн айтты.
(Уландысы кийинки санда)


*Каныбек - Каныбек Иманалиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, коомдук ишмер, журналист, жазуучу.
**Эрнест - Эрнест Абдыжапаров, кинорежиссер, "Кылым көчү" коомдук уюмунун негиздөөчүлөрүнүн бири.
***Акылбек - Акылбек Түмөнбаев, Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары. "Кылым көчү" коомдук уюмунун уюштуруучуларынын бири.
****Капар - Капар менин уулум. Кичинесинен видеокамерага шыктуу болгондуктан, оператор катары биз менен барган.

*Дасмия - Бишкек шаарынын Горкий жана Алма-Ата көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан эс алуу жайы. "Алтайдан Ала-Тоого - Манастын жолу менен" экспедициябыздын уюштуруу тобунун штабы мына ушул жайда болчу.
**Турусбек - Турусбек Мамашов, коомдук ишмер, ишкер, "Дасмия" эс алуу борборунун кожоюну. "Алтайдан Ала-Тоого - Манастын жолу менен" экспедициябыздын уюштуруучуларынын бири.
***Өкмөтбек - Өкмөтбек Алмакүчүков, коомдук ишмер, ишкер.
****Канымжан - Канымжан Темиралиева, Талас телерадиокомпаниясында көп жылдар бою эмгектенген тележурналист, пенсионер.
*****Нуриля - Нуриля Таластагы Улуттук "Манас ордо" комплексинин кызматкери, парапсихолог-маалыматчы.